presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Полковник Кырккелди Кыдырбаевге кол салынды
Ички иштер министрлигинин башкы штабынын жетекчиси Кыдырбаев Кырккелдинин өмүрүнө кол салуу аракети 22-апрель күнү милициянын полковниги өз үйүнө түшкү тамактанууга барган убакта болгон. ИИМдин айтымында, полковник өзү жашаган үйдүн экинчи кабатынан үчүнчү кабатына көтөрүлүп жаткан учурда, жогортон ылдый түшүп келе жаткан белгисиз адам анын бетине 2 литрдей химиялык кислотаны чачып жиберген.
Кылмышкердин артынан кубалаган Кырккелди мырза айдоочусун жардамга чакырганы менен ага жетпей калган. Бети, моюну күйүп калган милициянын полковниги оор абалда ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда ИИМ кызматкеринин бет терилери алмаштырылып жатканы менен, жалпы акыбалы оор бойдон кала берүүдө. Адаттагыдай "Адам өмүрүнө кол салуу аракети" боюнча кылмыш иши козголгону менен, кылмышка шектүү адам кылтакка илине элек. Буга чейин ИИМдин академиясын, башкы тергөө башкармалыгын жетектеген ИИМдин чоң чиновнигинин өмүрүнө кол салуу аракетинин артында кандай божомолдор бар? Кыдырбаев боюнча козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алган министр Молдомуса Ташполотовичтин айтымында, үч версия бар экен. Анын бири, "милиция кызматкеринин кесиптик ишмердиги" деп аталат. Бирок, билгендер ага болгон кол салуу аракетине анын өтө чуулгандуу өзгөчө иштерди тергегенин негиз келтиришет. Азыркы күндө абакта жаткан Ош облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Кушбак Тезекбаевдин тергөө ишин дал ушул полковник жетекчилик кылган дешет. Бирок, мен ИИМдин мындай версияларына кошула албайм. Менин жеке байкоомдо иш тап-такыр башка нукта жаткансыйт. Эмне үчүн ИИМ кызматкерлери дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоев менен депутат Жусупжан Жеенбековдун уулу Бахтыяр Амиржанов боюнча козголгон кылмыш иштеринин бетин ача албайт дагы, эки жума мурун өлтүрүлгөн депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тез убакта ачканга жетишти? Эмне үчүн журналист Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө болгон кол салуу аракети боюнча кылмыш ишин ачуу жагы кыйынчылыкка дуушар болот да, ИИМдин полковнигине болгон кол салуу аракетин аз гана убакта ачабыз деп жатышат? Алар айткандай ал иштерде саясат жок болсо, анда эмне үчүн ача албай жатышат? Баса, эсиңиздерге сала кетчү дагы бир жагдай, Кырккелди Кыдырбаев ИИМдин өздүк коопсуздук кызматын дагы жетектеген. ИИМ кызматкерлеринин "ичип-жегенин" ушул кызмат иликтейт. Балким, полковник ушул кызматта турганда бирөөлөрдүн куйругун басып алып жүрбөсүн? Былтыркы жылы атып өлтүрүлгөн ИИМдин баңги заттар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Анвар Алиевди башында аткан адамдар башка адамдар дегени менен, кийин ИИМдин үч кызматкери болуп чыкпадыбы? Же мен жалган айтамбы? Азыр ал иш боюнча айыпталган үч милиция кызматкерлеринин сот иштери жүрүп жатат. Кыргыздар айткандай "кыңыр иш кырк жылда билинет" дечи, бирок, Кырккелди мырза өзүнө болгон адам өлтүрүү аракетин мурда эле билсе керек. Азыркы тапта андайды ачык айтыш кыйын. ИИМге эми журналист Абдылдаевге болгон кол салуу аракети боюнча суроо узатсаң, "силер эмес, бизге деле кол салып жатышпайбы?"-деп, оңой эле кутулушса керек. Ал турган иш дечи. Азырынча Кырккелди Кыдырбаевге ачылган кылмыш ишин кандай өңүттө өнүгөөрүн байкап туралы.
"Ачык саясат" пресс

Темирди кемирбей тургула
"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин БЭК уюштурган Улуттук Курултайга барбай калышы ар кандай аңыз ушактарга учуроодо. Бийликчил басылмалар быякта эле калсын, айрым оппозициячыл гезиттер деле "урдуртуп" коюшту. Темир Сариевдин ал Курултайга барбай калышы 4-майга белгиленген "Ак шумкар" партиясынын кезектеги жыйынына байланыштуу болгон. Ал жыйында партия мүчөлөрү алдыдагы президенттик жарышта кимге сүрөөнчү болоорун аныктамакчы. Ошондой эле, бул жыйында өлкөдөгү акыркы кездеги кырдаал талкууга алынат. Ал ортодо айрымдар Темир мырзаны азыркы өкмөт башчысынын ордуна кудалап жиберишсе, кээ бирөөлөрү президенттик жарышка аттана турганын жарыялап салды. Бою жапыз, ою калыс, коррупциядан алыс Темир мырзаны партиялаштары президенттикке жолдойбу же БЭКтин талапкерин колдойбу, азырынча ашыкпай туралы. Төөдөй ушактарга төртүнчү майдан кийин күбө болосуңар.

Айсулуунун айтымында кыргыздар азайган
"Замандаш" ассоциациясынын координатору Айсулуу Алымбек кызы "Азаттык" үналгысына маек бериптир. Ал маектеги Айсулуунун айткандарына ишенсек, акыркы 10 жыл аралыгында 500 миң кыргызстандыктар Орусиянын атуулдугун алыптыр. Мындайча айтканда, Кыргызстандын калкы акыркы 10 жылда жарым миллионго азайган. Орусиянын атуулдугун алгандардын 20 пайызы же 100 миңи башка улуттардан болсо, 80 пайыз таза кыргыздар болгон. Эмне үчүн биздин кыргыздар башка өлкөнүн атуулдугун алып жатат деген суроого Айсулуу Алымбек кызы, "Биринчиден, эки жактан келишим түзүлүп Орусиянын жарандыгын алганга кыргыздарга жеңил, 3 айдын ичинде эле алса болот. Негизинен Орусия да ушундай талап коюп атпайбы, башка жарандарга жумуш орун азыраак берип, өзүлөрүнүн жарандарына жумуш берүү боюнча жеңилдиктер түзүлгөн. Ошол себептен биздикилер Орусия жарандыгын алып атышат"-деп жооп берген. Азыркы тапта дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарында 700дөн 800 миңге чейин кыргыздар отурукташып калыптыр. Биздин миграция боюнча комитетибиз бул жөнүндө эч нерсе айта алышпай отурганы кызык. Телефон чалсаң эле орусча жооп беришип, министрин менчиктеп алгансып жашырып турушат.

Сыдыковдун кеңсесине кимдер кирген?
15-апрелде депутат Санжар Кадыралиевди атып кеткен түнү президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыковдун иш кеңсесине белгисиз бирөөлөр кирип, компьютерлерин талкалап кеткенин уктук эле. Ошондон бери орун алган окуя боюнча ооз ачкан киши болгон жок. Айрым саясатчылардын айтымында, бул иш атайын уюштурулган чагым имиш. Санжар Кадыралиевдин өлүмүн Садыркуловчлур тарапка буруш үчүн атайын адаштыруу негизинде жасалган дешет. Эмне болгонун эч ким билбейт дечи. Бирок, эмнеликтен Үсөн аканын кеңсесин тандап алышкандары табышмак болууда. Үч бийликтин үзөңгүсүндө жүргөн Үсөн акабыз түштүк жергесин кыдырып жүрүп, байкабай Бакиевди жамандап алган дешет. Балким ошол жоругуна бийлик тараптан жооп болгон чыгар? Ордунан кетсе да, ордо саясатынан кете албаган аксакал акыркы кездерде оппозицияны жандап калганы жашыруун болбосо керек. Үкасына үмүт арткан Үсан ака ушу тапта аябай капа болгону менен, баласынын кызматынан кыйналып ачыкка чыга албай жатыптыр. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат" дегениң ушул эмес беле?

Петровкада чатак чыкты
26-апрель күнү Москва районунун Петровка айылында жашашкан курд улутундагы адамдар менен жергиликтүү кыргыздардын ортосунда чоң кагылышуу болуп өткөн. "24 kg" маалымат агенттигинин айтымында, Абдулла аттуу курд улутундагы адам жергиликтүү төрт жаштагы орус кызды зордуктап койгон. Тестиер кыздын чоң энеси милицияга арыз менен кайрылган.
Эмнегедир биздин милиция кызматкерлери ал кыздын зордукталганын аныктай албай коюшкан. Бирок, экспертиза тестиер кыздын жугуштуу венерикалык ооруга чалдыкканын таап чыккан. 19-апрель күнү азап чеккен ал кыздын арызданган чоң энеси асынып өлүп калган. Жергиликтүү элдин айтымында, чоң апасынын асынып өлүп калышына ушул жагдайлар себеп болгон. Мындай наадандыкка нааразы болгон айыл эли түп көтөрүлүп чыгып, курд улутундагы адамдардын айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Ортодон чоң кагылышуу болуп, үйлөр, машиналар өрттөлгөн. Курд улутундагы бир адам коргонуу иретинде мылтыктан ок атып, үч адамды жараланткан. Так эмес маалыматтарга таянсак, кагылышууга эки тараптан бир миңге чукул адам катышкан. Алардын арасында бычак жеген адамдар да болгон. Чатакка чара көрүү үчүн ИИМдин орун басары Талант Исаев менен Чүйдүн губернатору Болоткан Кумаровдор барышкан. Араздашкан эки улуттун ортосундагы чатакты алгач барган милиция кызматкерлери баса алышкан эмес. ИИМ министри Молдомуса Конгантиев милициянын атайын күчтөрү менен баргандан кийин гана абал бир аз жөнгө салынган. "Массалык башааламандыкты уюштурду"-деген берене менен кылмыш иши козголуп, 50гө чукул адам камакка алынган. 27-апрель күнү жергиликтүү элдер кайрадан нааразычылыкка чыгып, кармалып кеткендердин бошотулуусун талап кылышкан. Окуя орун алган жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жабык эшик алдындагы жыйыны өтүп, элди тынчтандырууга аракет жасашкан. Бирок, жыйылган эл ага макул болбой, кармалгандарды бошотууну, Абдулла аттуу курдду жазалоону талап кылышкан. Издөө жарыяланган Абдулланы айылдагы бир үйдүн жер төлөсүндө бекинип жаткан жеринен табышкан. Аны жашынууга жардам берген адам укук коргоо органында иштей турганы маалым болду. ИИМ министринин айтымында, жергиликтүү элдин мындай мыйзамсыз кадамдарга барышына белгилүү укук коргоочу Сапар Аргынбаевдин чакырыгы себеп болгон. Демек, Сапар Аргынбаевге "массалык башаламандыкты уюштурду" беренеси менен кылмыш иши ачыла турганын азыртан баамдасак болот. Петровкадагы улуттар арасындагы чыккан чатакты жеринен иликтөө үчүн редакциянын кызматкерлери жөнөп кетишти. Бул боюнча кененирээк материалды эмки сандарыбыздан окусаңар болот.









??.??