presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Сасык" саясатка саякат
Курултай
Өткөн аптанын өзгөчө окуяларына Алламүдүн районуна караштуу Арашан айылында Бириккен Элдик Кыймыл өткөргөн үчүнчү Элдик Курултайды кошсок болот. 10 миңден ашуун адам катышкан бул Курултайды өкмөттүк басылмалар канчалык басмырлабасын, калыстык үчүн айтып коюшубуз керек, өтө жогорку деңгээлде өттү. Келген делегаттардын кейиштен чыккан керемет сөздөрү эч нерсе эмес, ажолукка талапкер болуп аттанган Алмазбек Атамбаевдин Ата Журт алдында ант бергени келечектен көптү үмүттөндүрүп койду. Улуттук Курултай БЭК сунуштаган эки талапкерди бир добуштан колдоп бергени коомчулукта анчалык деле ажиотаж жаратпаса, алдыдагы шайлоону көзөмөлдөй турган аксакалдардын комиссиясынын түзүлүшү бийлик үчүн бүдөмүк ойлорду жаратса, эл үчүн үмүттүн отун жандандырат. Курултайга Кыргыз Эл баатырлары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбеков, ж.б.у.с. калк кадырлаган, улут урматтаган аксакалдардын барып бергени эмес, Улуттук Курултайды ачып берип, аягында алакан жайып батасын берип кеткенин айтсак, анын кандай болгону тууралуу башка кептерди келтирбей койсок деле болот. Мына ушундай улуттун уюткусу болгон ардактуу аксакалдардан турган көзөмөлдөөчү комиссиянын алдыдагы шайлоого байкоо салышы учурдун гана эмес, улуттун талабы экенин айтканыбыз жөн. Анткени, босогодогу шайлоонун "ботко" оюндар менен коштолоорун жогорудагы аксакалдарыбыз эмес, акмактарыбыз деле баамдап турат. Андыктан, калкыбыз кастарлаган карыяларыбыздын калыстык сөзү бийликтин арам ойлоруна кадимкидей тоскоолдук жаратат. Жеке мага Курултайда айтылган курч сөздөр эмес, ардактуу акын жазуучулардын азыркы бийликтин адилетсиз саясатына кайдыгер карабагандыгы жакты. Ушул жагынан караганда, кыргыз оппозициясынын Улуттук Курултайы кургак болгон жок.

"Ак жол"
Азыркы бийликтин саясатынын жападан жалгыз жактоочусу болгон "Ак жол" партиясы ушул жумада өздөрүнүн курултайын чакырганы жатат. "Акжолчулардын" Курултайынын негизги максаты азыркы президентибиз Курманбек Салиевичти экинчи мөөнөткө көрсөтүү экени эч кимге жашыруун эмес. Бийликчил бул партиянын ичиндеги интригалар күндөн күнгө күчөп баратса да, бийликтегилер билмексенге салып жатышканы кызык. Акыркы эки ай аралыгында, "Ак жолдун" атаманы Медет Садыркулов күтүүсүздөн күлгө айланып кетсе, "Ак жол" партиясынын депутаты Санжар Кадыралиев үйлөнбөй жатып үзүлүп кетти. "Ак жол" партиясынын төрагасынын орун басары, экс-вице-премьер Элмира Ибраимова азыркы ажобуздун саясатын сындаганы үчүн "Ак жолдун" курамынан чыгарылды. Бир сааттын ичинде пайда болгон бул партиянын парламенттеги фракция депутаттарынын арасында азыркы бийликтин саясатына каршы чыга тургандар аз эмес экенин, Элмира Ибраимованын өткөн саныбызга чыккан маегинен байкасаңар болот. "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев бул партиянын ичинде биримдик башында эле болбогонун "Бишкек пресс клубга" берген маегинде кашкайта белгилеп кеткен. Азыркы "Ак жол" партиясынын көрөңгөсү же эл арасындагы аброю өтө төмөндөп кеткен десек, кайчы пикирлерди жаратпашы мүмкүн. Асыресе, аткаруу бийлигинин алсыз аракетине актанган, "адилетсиз" мыйзамдарына мактанган бул партиянын депутаттары ооз көптүрүп сүйлөгөнү менен, анын карапайым калк арасындагы мүчөлөрү эбак эле элден чыгып, биротоло "шүмшүк" көрүнүшүп калган. Айыл жериндеги акжолчулардын "авторитети" жалгыз үй бүлөсүндө гана болбосо, башка жерлерде "бармак басымдай" дагы жок экенине элибиз өзү күбө. Эки жылдык тарыхында эки миллиард тышкы карызыбызды төрт миллиардга жеткирген, төрт пансионатыбыз менен Каркыра жайлоосун казактарга кетирген, энергетикалык кризиске келтирген бул партияны элибиздин каргап жатканы, акырындап кудайга жетип жатса керек. "Зордоп ачкан гүлдүн жыты жок" же "мойнунан байлаган ит ууга жарабайт" демекчи, азыркы бийликтин акжолтой партиясы эртеңки шайлоодо эч нерсеге жарабасы айкын болсо керек. Айтор, "апыр-тапыр артта калган капыр" дегендей эле, булар дагы талапкерин такка сүрөгөнү эмес, сүйрөгөнү жатышат окшойт.

"Күркүлдөр"
Ар бир бийликтин тушунда өзүнүн олигархтары болот эмеспи. Азыркы бийликтин тушундагы олигархтардын көпчүлүгү Акаев заманында түптөлгөн олигархтар болуп эсептелет. Байлыктын күчү менен бийликке кысым жасаган адамдарды Батышта ушундай ат менен тергешет. Коррупциянын көлөмү менен дүйнөдөгү мамлекеттер арасында төртүнчү орунга чыккан Кыргызстан, олигархтардын саны боюнча дагы артта болбосо керек. Тек гана, аларды изилдеген уюмдун жоктугу болуп жатат. Бирок, коррупция боюнча алдыга чыкканыбыздын өзү эле, олигархтардын көптүгүнөн кабар берет. Коррупциясы гүлдөгөн Кыргызстандагы олигархтардын көпчүлүгү "күн карама саясатчы" аталып кетишет. Анткени, алардын көпчүлүгү бийликтин ар кайсы бутактарына конуп алып, ошол бийликтин обонун созушат. Кыргыз олигархтарын көбүнесе "күркүлдөр" деп тергешет. Азыркы Акүйдө отургандардын көпчүлүгүнүн банктары болсо, парламентте отурган "күркүл" депутаттардын көпчүлүгүнүн күрөктөп акча чогулткан базарлары бар. "Күркүлдөргө" кандай бийлик келсе да, баарыбир. Анткени аларың бат эле "пропискага" отура коюшуп, мансап болбосо да мандат алганга жетишет. Азыркы бийлик "күркүлдөрдүн" күлүн көккө сапырды. Баш бербегендердин байлыгын "мыйзам" жолу менен тартып алды. Көпчүлүгүн "көмүскө донорлор" катары өздөрүнө каратып алды. Айтты, айтпады дебегиле, көрөсүңөр, аларды дагы далыдан таптап жүрүп, бир күнү ошол жерине сайчусун саят. Акыркы төрт жыл аралыгында Кыргызстандагы канча "күркүлдүн" күнү бүттү. Бир тобу чет өлкөлөргө чачылып кетти, бир тобу атылып кетти. Бекеринен кыргыздар айткан эмес, "пайда, пайда, башың калат сайда"-деп. "Күркүлдөр" бийликтин алмашканын каалашпайт, анткени, кайрадан чыгымдар болушун билишет. Ошондуктан алар утурумдагы бийликти сактап калганга аракет жасашат. Бирок, бул шумпайларың эртеңкисин ойлоп, экинчи жакка дагы жардам бергенге даяр турушат. Эки тоонун адырын эңсеген эчки эмне болгонун билсе да, эч нерседен баш тартышпайт. Акыркы кездеги саясий окуялар кыргыздын "күркүлдөрүн" чоочутуп, "үрккөн текедей" үңүрөйтүп койду. Акчасы асман тирегендер алаңдап калышты. "Кокус" деген жаман ойлор, кокосунда сайылып турат. Жанагы жомоктордо айтылат эмеспи, "оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң" деген сөздөр. Кудум ошондой ой басып турат. Кудайдан коркпогону менен, байлыктары башын оорутуп жатса керек. Күйүттө жүргөн күңдүн күнү бүткүдөй, күнөстө жүргөн "күркүлдөрдүн" дагы күнү бүтөт. Айтайын дегеним, азыркы байларыбыз калыстык тарапта болуп, карапайым калкыбыздын келечегине кедергисин тийгизбесе.

Молдова
Эсил кайран СССР убагында Молдова мамлекети менен Кыргызстандын ортосундагы окшоштуктар көп эле. Калкынын саны боюнча катарлаш турганыбызды мындай эле кой, башка жактарынан дагы окшоштуктарыбыз көп болчу. Молдова мамлекетиндеги акыркы саясий окуялар бизде кайталанышы мүмкүнбү? Мен ойлоп жатам, "толук мүмкүн"-деп. Алдыдагы президенттик шайлоолордун таза маанайда өтүшү түшкө кирбеген нерсе болгондуктан, ошондой окуялар Кыргызстанга көчүп келиши ыктымаал. Маселен, шайлоолор шайтан оюндар менен өткөрүлөт, эл көчөгө көтөрүлүп чыгат, бийлик провокация даярдап Бишкекти морадерлорго талатып салат, аларды "уюштурду" кыязында оппозиционерлерди камакка алат. Ушундай окуялар ордо шаарыбызда орун алышы мүмкүнбү? Мүмкүн. Молдовадагы окуяларга алардын оппозициясы дайын болбогондуктан бийликтегилери "провокация" жасап жиберишти окшойт. Акүйдү басып алган молдован жаштарын ээрчитип кете турган оппозиция лидерлери болбогонун, дүйнө коомчулугунун баары көрүп турушпадыбы? Алгач ал толкундоолордун артында Румын мамлекети тургандыгын айыптаган Молдованын расмий бийлиги, кийин добуштарды кайра саноого аргасыз макул болбодубу? Демек, Молдова бийлиги өздөрүнүн шайлоодогу колдонгон фальсификациясын жаап жашыруу үчүн атайын мародерлук уюштурган десек болчудай. Андыктан, алдыдагы президенттик жарыштан ар кандай күтүлбөгөн оюндар чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертип кеткенибиз оң.
Рыскелди МОМБЕКОВ









??.??