presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Дүйнө байларынын рейтинги
(Башталышы өткөн санда)
Өткөн саныбызда дүйнө байларынын эң алдыңкылары жөнүндө жазсак, бүгүн өзүбүздүн түбөлүк коңшу мамлекеттерибиздин бай жана ошону менен бирге өз өлкөлөрүндө өтө таасирдүү адамдары жөнүндө азыноолок кеп кылабыз.

Казак боордоштодун алдыңкы жети бай адамы
Өткөн жылдары казактардын "Форбс" журналына кирген төрт бай адамы болсо, учурда бул тизмеге үч адам кошулду. Учурда В. Ким 5,5 млрд. доллар байлыгы менен алардын көч башында турат. П. Шодиев, А. Машкеевич. А. Ибрагимов бул үч адамдын байлыктары бирдей (1,9 млрд доллар) экен. 4,2 млрд. байлыгы менен жубайлар Тимур жана Динара Кулибаевдер дүйнө байларынын тизмелерине жаңыдан кошулушту. Бул экөөнүн артынан Н. Суханбердин мырза (1,5 млрд доллар) келатат. Айтмакчы Динара Кулубаева Казакстан президенти Н. Назарбаевдин экинчи кызы. Динара айымдын жеке өзүнүн байлыгы 2,1 миллиард доолар деп эсептелип жүрөт. Бирок, ал айым жөнүндөгү так маалыматты казак эли да билишпейт. Буга анын коомчулукка ачык чыкпагандыгы себеп болгондой. Журналисттерге интерьвю берүү жана сүрөткө түшүү ал үчүн жат көрүнүш. Күйөөсү Тимур Кулибаев Казакстан өлкөсүнүн башкы нефтичиси болуп эсептелет. Ошону менен бирге бул жубайлар Казакстанда (80- жылдык тарыхы бар) чоңдугу боюнча үчүнчү орундагы Halyk банкынын акцияларына ээлик кылышат. Динара айымга Казакстандагы атактуу "Мирас" окуу жайы да тиешелүү. Аталган окуу жай студенттерге казак, орус, англис тилдери менен билим берет. Бул окуу жайда жалаң "күркүлдөр" гана окуганга мүмкүнчүлүгү бар. Казак коомчулугунда Динара айымдын такыр саясатка аралашпагандыгы айтылат. Бирок, ал айым кайрымдуулук иш чаралары менен көп алектенгени жана ар кандай иш чараларга чоң демөөрчүү болуп келгендиги менен коомго кеңири белгилүү.

Өзбек акалардын эң бай адамдары кимдер?
Бул коңшу мамлекетибиздин эң эле бай адамы Салимбай ( Салимбайбача) Абдувалиев. Бул адам байлыгын ачыкка чыгаргысы келбегендигинен уламбы, айтор, ал ушу кезге чейин "Форбс" журналына жарыялаган бай адамдардын тизмесине кире элек. "Эгер ал адам журналдын тизмесине кирсе, тизмедеги орточо бай адамдардын катарынан орун алат"- деген пикирлер байма-бай айтылып келатат. "Пахтокор" футбол клубунун кожоюну, ири бзнесмен Батыр Рахимов С. Абдувалиевден кийинки бай адам. Ал эми президент Каримов Ислам аканын кызы Гүлнара Каримова азырынча үчүнчү орунда турат "имиш". Окурмандарга Өзбекстанда кадыры калың бул айым жөнүндө кыскача маалымат бере кетели.
Гүлнара айымдын жашоосу атасыныкына окшоп, тыгыз саясат менен (ал өзү саясат таануу илиминин доктору) байланыштуу. Учурда ал Өзбекстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы бир катар Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү. Ошол эле учурда Өзбекстан тышкы иштер министринин (маданият жана гуманитардык иштер боюнча) орун басары. Гүлнара айым бул иштерден башка дагы (өз демилгеси менен түзгөн) "Өзбекстандын маданият жана искусство форуму" фондунун жетекчиси. Бул фонд эл аралык ЮНЕСКО уюму менен тыгыз кызматташып иш алпарат. Аталган бул фонддун Москвада, Пекинде, Токиодо, жана Парижде расмий өкүлчүлүктөрү иштейт. Бул фонд төрт жыл ичинде миңге жакын ар кандай долбоорлорду (Өзбекстанда жана чет өлкөлөрдө) иш жүзүнө ашырган.

Түркмөнстандын "жалгыз" алдыңкы бай адамы
Бул коңшу мамлекетибизде биздин өлкөдөй эле байлыгы миллиарддаган доллар менен эсептелген миллиардерлер алигиче чыга элек. Бирок, "Форбс" журналына кирген миллионерлери арбын. Түркмөнстандын бай адамдардын алдында көп жылдар бою маркум Сапармурат Ниязов болуп келсе, анын көзү өткөндөн кийин Пайызгелди Мередов 100 млн доллар байлыгы менен алдыга чыкты.
Тажикстандын байы, президенттин кайниси
Тажиктердин эң бай адамы президент Э. Рахмановдун бир тууган кайниси, бир нече банктардын "мыкчыгери" Хасан Садуллаев. Бирок, бул адамдын байлыгы канча экендиги ачыкка чыга элек. Тек гана ал адамды "тажиктердин мультимиллиардери" деп коюшат. Садуллаевдин эжеси Азизамох - президент Эмомали Рахмондун жубайы. Бизнесмен өз байлыгын 1990-жылдын акырынан тарта көбөйтө баштаган. Тажикстандагы (пахта заводдор, бир нече фабрика, тамак-аш технологиялары боюнча компаниялар) баардыгы 15тей ишкана анын менчиги.

Кыргызстан жакыр мамлекет бирок, бай адамдары оголе көп
Биздин мамлекет дүйнө жүзүнө жаш жана жакыр, коррупциянын сормо сазына кокосунан баткан мамлекет катары жакшы таанымалдыгы ачуу чындык. Бирок, ал чындыктын ичинде "ичегиңе туз сепкен" дагы бир чыркыраган чындык жашап, ал чындык өз көлөмүн жана таасирин күчөтүп келетканы баарыбызга маалым. Себеби, жакыр мамлекеттин ичинде ити чөп жеген, "байлык жыйноонун үстүндө" ири ийгиликке жетишишкен "ардактуу адамдарыбыз" ого эле көп. Көп болгону абдан эле жакшы, (эгер алардын пайдасы коомчулук үчүн бир аз болсо да тийип турса) көз тийбесин дейли. "Форбус" журналынын тизмесине кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар байларыбыз көбөйүп келатканын, айтпасак да белгилүү. Бирок, биздин ошол байларыбыз эмнегедир элеңдешип байлыгын жаап-жашыруу менен алек. Кыскасы , ал байларыбыз ачыкка чыккандан көрө көлөкөдөгү көрүнбөгөн байлардан болгулары келишет жана көптөрү болуп да жүрүшөт. Бул жашыруун, алар үчүн жактырылбаган теманы жазып жаткандан кийин, (калыстык үчүн, чындык үчүн) бир нерсени ачык айтып коюшум парз деп эсептейм. Себеби, биздин чоң байлардын 70,80 пайызы мамлекеттин эсебинен, (мамлекеттик кирешелүү тармактарды, ишканаларды опоңой менчиктештирип ж.б. у.с. ) мамлекетке келген ири кредиттерден "чотур сындырышып" байышканын унутпоого "милдетүү түрдө" тийишпиз. Бирок, бул боюнча бир жактуу карап коюу да болбойт. Себеби, андай чириген байлардын арасында "таман акы, маңдай терин" төгүп байышкан бай адамдардан да уучубуз кур эмес. Айтор, бай жашаган адамдардын байлыгы жалпыга кызык экени талашсыз. "Форбус" журналына кирүүгө (миллиардерлердин эмес, миллионерлердин) мүмкүнчүлүгү бар байларыбыздын биринчи катарына Ташкул Керексизовду, Жеңишбек Назаралиевди, Алмаз Атамбаевди, Темир Сариевди, Бегалы Наргозуевди, Данияр Үсөновду, Аскар Акаевди, Максим Бакиевди, Өмүрбек Бабановду Кубатбек Байболовду, Болот Шерниязовду, Урмат Барктабасовду, Камчыбек Жолдошбаевди, Нариман Түлеевди, Н. Танаевди кошсок болот.
Айбек ШАМШЫКЕЕВ









??.??