presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мени да сотко бергиле. Анткени, мен - төңкөрүшчүмүн!
Белгилүү ишкер, саясатчы
Өмүрбек Абдрахмановго

АЧЫК КАТ
Өмүрбек мырза! 2006-жылдын декабрь айында сиздин мурдагы оппозиция өкүлдөрүн сотко бергениңизди уккан болчумун. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин анын жыйынтыгы тууралуу эч кандай маалымат алалбадым. Өмүрбек мырза! Ошол сотко берген арызыңызды кошуп, мени да сотко берүүңүздү суранам. Анткени, мен - төңкөрүшчүмүн!
Болгондо да бир областтын элин революцияга үндөп, 2005-жылдын 24-март күнү Баткен областтык администрациясын 5 миңдей адам менен барып, күч менен басып алганбыз. Бийликти күч менен басып алуу, баш мыйзамда кылмыш экенин жакшы билесиз. Мен, 2001-жылдан 2005-жылдын март айына чейин "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясын түзүп, жетектеп, иштеп келгем. 2004-жылдын октябрь айында КЭКтин областтык штабын түзүп, аны кошо жетектеп, элдин арасында "чоң бузукучулук" иштерди жүргүзгөнмүн. Акаевдин "Алга Кыргызстаны" менен бырчылдашып эле жатып калганмын. Жалалабаддагы, Оштогу жана Кадамжайдагы төңкөрүштөргө тобу менен адамдарды жөнөтүп, өзүм да катышып турганмын. Акырында Баткен областынын өзүндө 2005-жылдын 24-март күнү күндүзгү саат 9:00до 5 миң адамды топтоп, областтык администрацияны 11:00до басып алдык. Албетте, күч менен. Биз ойлоптурбуз революция жасадык деп, бирок, иш жүзүндө андай болбой калды го. Көрсө биз "чоң төңкөрүш" жасаптырбыз.
Ошондуктан, менин Сизге айтаарым сотторго "жакшылап" айтып, "жакшылап" "дайындап" жазып берсеңиз. Себеби, революция деген жөн жасалбайт да. Сөзсүз акча менен. Баткен областынын төңкөрүшчүлөрүнө деп канча акча жумшалгандыгын жана ал кайдан, ким бергендигин, эмнелерге жумшалгандыгын, баарын айтып көрсөтмө бергенге мен даярмын. Ал эле эмес, Жалалабад жана Ош областындагы төңкөрүштөрдү кимдер уютургандыгын, ал төңкөрүшчүлөрдү ким каржылап тургандыгынан бери "жүдаа" сонун кылып, тизмектеп айтып беремин.
Өмүрбек мырза! Менден башка мага кошуп төмөнкү адамдарды да сотко берсеңиз:
1. Азимбек Бекназаровду - Ошол каргыш тийген 24-март күнү эч ким менен кеңешпестен туруп, Ак үйдүн алдында 50 миңдей адам "Акаев кетсин" деп кыйкырып, мамлекеттин тагдыры чечилгени турса, бир кычыктагы ашканага кирип алып, манты сугунуп аткан бирөөнү эле колтугунан жетелеп барып президенттик креслого олтургузуп койгондугу үчүн.
2. Өмүрбек Текебаевди - Москвага чейин барып, Акаевдин колун койдуруп, парламентте депутаттардын добушуна салып жатып, мыйзамсыз бийликти мыйзамдаштырып бергени үчүн.
3. Дүйшөнкул Чотоновду - Ош областындагы төңкөрүштүн уюштуруучусу катары. Экинчи дагы бир статья менен Баяманды "төңкөрүштү каржылап бер" деп ынандыргандыгы үчүн.
4. Роза Отунбаеваны - Эки статья менен, борбор калаага түштүктөн революционерлерди алып келиш үчүн У.Сыдыковго өз колу менен 10 000 (он миң) АКШ долларын бергендиги үчүн жана төңкөрүштү уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн.
5. Баяман Эркинбаев - Үч статья менен, Жалалабад, Ош жана Баткен областтарынын төңкөрүшчүлөрүн каржылап тургандыгы үчүн. Ошондой эле 24-март күнү борбор каладагы төңкөрүшкө түштүк региондон 60 КАМАЗ адам жөнөткөндүгү жана аларды бүтүндөй каржылаганы үчүн.
Баяман Эркинбаевди кошумча дагы бир статья менен айыпташсын. Анткени, Акаевдик спецназдар элдик төңкөрүшчүлөрдү уруп, сабап, бийликти кайра Акаевчилер алып койгондо, Баяман өзүнүн 600 дөй балбан жигиттерин жыйнап барып, Акаевдик спецназдарды Жалалабаддан да, Оштон да кууп чыгышып, бийликти кайрадан элдик төңкөрүшчүлөргө алып бергендиги үчүн. Маркумдарды өлгөндөн кийин деле соттоп жатышпайбы. Баяманды үч статья менен айыпташсын. Сөзсүз жазалашсын. Себеби, маркумдун "күнөөсү" абдан чоң. Кечиримсиз.
Ал эми төңкөрүштүн үзүрүн кимдер көрүп, кимдер жыргап жатышат, ал жагын мага коюңуз. Колума комуз алып, төкмө акындардай төгүп, булбулдай сайрап берем. Көздөгөн максатыңызга жетиңиз. Ылайым тилегиңиз ишке ашсын! Өмүрүңүз узун болсун Өмүрбек мырза!
Бакир Имаров,
2005-жылдын 24-мартындагы Баткен областтык төңкөрүш башчысы





КР Президенти Урматтуу Бакиев Курманбек Салиевичке,
"Ачык саясат" гезитинин редакциясына
Микроавтобус айдоочулардын атынан

Кайрылуу
Урматтуу Курманбек Салиевич сизди Кыргыз Республикасынын Президенти, Конституциянын гаранты, Кыргыз элинин башчысы катары сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө:
Биз көпчүлүк бус айдоочулар бизнес-планга маршрутубузду, тапкан акчабызды бир айлык суммасын көрсөтүп банктардан үйлөрүбүздү күрөөгө коюп, акча алып, бус сатып алып, бала-чакабызды багып, убагында кредитти төлөп, иштеп жатканбыз. Кээ бирибиз ипотечный кредит узак мөөнөткө (3 жылдан 7 жылга) чейин там сатып алыш үчүн акча алганбыз. Эми минтип 3-4 айдан бери, кытайдын автобустарын жүргүзгөндөн баштап кыйналып кредиттерди төлөй албай астыбыз соттошуп үйсүз калып жатабыз. Себеби, линияларыбызды мэрия буугандан бууп салышты. Иштеп жаткандарыбыздын линияларына автобустарын жүргүзүп коюшту. Анысы аз келгенсип, патенттердин баасын 500 сомго көтөрүп коюп эми гана 300 сомго төмөндөтүп койду, бул да шайлоо бүткөнчө деп жатышат. Эгерде, автобус келээрин билген өкмөт жетекчилери эмне үчүн айдоочуларга кредит беришкен? Элдерин жумуш менен камсыз кылып бага турган өкмөтүбүз кайра үйлүүлөрүн үйсүз кылып, белчеден карызга батырып, "бычагы жок" союшаарын билишкен жок беле?
Урматтуу Курманбек Салиевич, биз сизди президенттикке чын-жүрөгүбүздөн ишенип көрсөтпөдүк беле!
Биз өзүбүз бустарды алып келип бир да сом өкмөттөн сурабай иш ордубузду толуктап, убагында миллиондогон акчаны казынага төлөп турганбыз. Көптөгөн жумушсуздардын ордун жумуш менен камсыз кылып келгенбиз. Жок дегенде үч үй-бүлөнүн. Кытайдын автобустарын отуз эки миң доллардан алып келген акчаларга жолдорду оңдоого, башка толгон-токой муктаждыктарга жумшаса болот болчу. Бирок, бул жерде башка бир адамдын болгондо да өтө таасирдүү күчтөрдүн кызыкчылыгы жеңип кетти окшойт. Мисалга ортодон чоң көлөмдө үстөк жемей. Кытайдын бир жылдык автобустары эмитен эле бузулуп 50-60 линияга чыкпай жатыптыр. Аларды оңдош үчүн кытайлык мастерлерди чакырып, үй-жай берип бардык шарттарын түзүп маяналарын доллар менен төлөшөт экен деп угуп жатабыз. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабаса керек? Кытайлардын мастерлери күйөө-бала болуп кала бериши да ажеп эмес да. Ошентип, биз он жылда Бишкекти "общий дом" эмес эле "китайский дом" кылып албасак болду. Эми болоору болгон соң сизден сураныч, алган кредиттерибизди болбоду дегенде бир жылга же дагы башкача жолдор аркылуу убактылуу токтото турсаңыз эң жакшы болмок. Болбосо биз жумушсуз, үйсүз ай-талаада калган турабыз. Сизди терең урматтап айдоочулардын атынан. Дүйшөнбек Маматов




Нике жана никесиздик
Акыркы мезгилдерде мезгилдүү басма сөз беттеринде никесиз бойго бүтүү жөнүндө талаш-тартыштар көбүрөөк боло баштады. Андагы пикирлердин бир жагы жигиттерди күнөөлөсө, кээ бирлери кыздарды күнөөлөптүр. Менин оюмча: күнөө эркекте да, кызда да. Бирок, эки жак тең күнөөлүү дейин десең, азыркы мезгил, айлана-чөйрөдөгү таалим-тарбия да өз таасирин тийгизүүдө.
Андан калса, жаштар деле ата-энелер айтканын кылбай турган заманга тушугуп турабыз. Себеби: демократия десе эле адам эмнени кааласа ошону жасаш керек деген тескери түшүнүккө ооп кеттик. Балдарыбыз бешиктен түшүп тили чыгып, акыл-эс пайда болгондон баштап карыган чал-кемпирлерге дейре кыргызга жат, батыштын атайлап жөнөткөн кинолорун көрүп, "адам ушундай жашайт экен" деген мазмунду мээбизге сиңирип жатабыз. Туура жолго тарбиялай турган аксакалдарыбыз да жокко эсе. Илгери жаңыдан телевизорлор чыкканда өбүшкөндөрдү көргөндө уялганыбыздан жер карачубуз же телевизорду өчүрүп койчубуз. Ошол убактарда артистерибиз колдоруна комуз алып "андай чертпей мындай черт" деп ырдашчу. Анын сыңарындай, азыр болсо ар күнү телевизордо энеден туумай жыңалач болуп алышып "андай кыл, мындай кыл, чалкаңдан жатпай, тоңкоюп тур" деген заманда жаштар эмес, карыган чал-кемпирлер бузулуп кетип жатат.
Мектеп жашындагы өспүрүмдөр секс жагынан чоң кишилерди окутуп коюучу заманга туш болуп отурабыз. Кээ бир кыргыздар эле бала-чакалары келин-кесектери менен эле секс кинолорду көрүп отура беришет экен. Эмне деген идеология, эмне деген тарбия, эмне деген заманга кирип кеттик?
Илгери "сен дагы сүйдүң Айнашты, мен дагы сүйдүм Айнашты, экөөбүз аз болгонсуп үчүнчүсү жармашты" демекчи, батыш дагы бир 14-февраль Валентин күнү деген идеологияны жөнөттү эле, кыргызың деген рахматын айтып тосуп алып, №1 маданият майрамы кылып кошуп салды.
Кыргыздын кулк мүнөзүнө, өзүбүздүн маданиятыбызга жараша турган, ата-бабалардан калган салтыбызды, ыйманыбызды сактап калуучу идеологияны киргизип, кыргыз элин мите курттай соруп, жок кыла баштаган башкалардын үрп-адаттарынан кутултууну биринчи орунга коюшубуз зарыл.
Эми нике тууралуу сөз кыла турган болсок. Биз, адамдар айбан-малдан айрымабыз ыйман, уят, сый-сыпайычылык деген аруу сапапттарга эгедербиз. Никени туу тутууга, ыйман менен уяттуу жүрүм-турумдун бардыгын сактоого биз милдеттүүбүз. Адамдык сапат жагынан да, шарият жагынан да никелик ырым-жырымын кылмайын, аял затынын жанына жатмак түгүл, алардын колунан кармоого уруксат жок (бул тартиптин баркын орто жашка барганда гана билебиз).
Сифилис, СПИД сыяктуу тири укмуш оорулардын баары да дал ошол секс демократиясы өнүккөн континеттерден таралган. Башаламан кошулуу-эч качан жакшылыкка алып келбейт!
Шарият жолу менен никелешип үйлөнгөндөрдүн сүйүүсү да, кадыры да бийик болот. Себеби, кыздар абийири менен келишет, сүйүүсү көрүнгөн жерде чачылбай, бир гана күйөөсүнө арналат. Үй-бүлө таза болот, төрөлүп, чоңоюп жаткан балдар таза булактын суусундай тарбия алышат. Бири-бирине ишенүү жана үй ичинде береке туруктуу болот.
Мезгилде, көп эле жаштарга, качан турмуш күтөсүңөр деп сураса, 23-28 жашка чыкканда турмуш күтөбүз дегендер оголо көп. Буларың махабат жолун гана көздөшүп, кеч турмуш күтүүнү ойлошот. Ошондуктан, балдар 20дан, кыздар 18ден ашпай жылдыздары келишип калса, никелешип үйлөнгөнгө не жетсин. Ниеттери жакшы болсо, бала-чака, чыгармачылык, ата-энени сыйлоо, уят, урмат дегендердин кадырына жетип, жашоону чыныгы махабат менен өткөрүшөт. Мына ошондо гана арам демократиясы токтолот.

Караш Насер









??.??