presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эң ири өлчөмдөгү баңгизат кармалды
Жакында эле, 15-апрель күнү өлкөбүздүн баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын тарыхындагы буга чейин каттала элек эң ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттардын партиясы кармалды.

Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга психотроптук заттарды алып келүүчү канал жок кылынды, бул операциянын жүрүшүндө биздин республиканын тарыхындагы өтө ири өлчөмдөгү "МДМА"- б.а. "экстази" таблеткалары синтетикалык баңгизатынын партиясы колго түшүрүлдү.
15-апрелде ыкчам маалыматты ишке ашыруу убагында Бишкек шаарынын кафелеринин биринде Агенттиктин кызматкерлери тарабынан психотроптук заттарды сатууга шектүү деп Казакстан Республикасынын 3 жараны кармалган. Алар 24 жаштагы Жоботканов Р.А., 26 жаштагы Курданов С.В., жана 21 жаштагы Шиндов С.В. Кармалгандарды тинтүү убагында алардан 400 таблетка "МДМА" ("экстази") таап алынган. Маалыматтарга караганда кылмышкерлер өздөрүнүн коркунучтуу жүгүн Бишкектин дискоклубдарында, негизинен жаштарга сатып пайда көрүүнү көздөшкөн. Бир таблетканын баасы 30 АКШ долларынан ашыгыраак экенин эске алсак, гастролер-баңги сатуучулардын пайдасы 12 миң АКШ долларын түзмөк. Мына ошентип баңги сатуучулардын криминалдык бизнесине дагы бир чоң сокку урулду.
Азыркы убакта кармалгандарга карата тергөө иштери жүрүп жатат.
Маалымат үчүн: дүйнө боюнча адамдар "амфетамин катарындагы стимуляторлор" (САР) деп таанылган таблеткаларды порошокторду жутуп колдонушат.Эксперттердин айтуусунда бул стимуляторлордун жүгүртүүсү дүйнө боюнча 65 миллиард долларды түзөт.
Бул синтетикалык баңгизаттардын "жагымдуу жагы" алардын базардык жана каржылык жеткиликтүүлүгү, колдонуусунун жеңилдүүлүгү (сайынуунун, жыттоонун, чегүүнүн кереги жок).Бул препаратты колдонгон адам өзүн ишенимдүү, күчтүү сезип калат.
Бирок бардык нерсенин терс таасири да бар."Стимулянтка" көз каранды болуп калган адамдар паранойа менен кыйналышат, бөйрөктөрү иштебей калат, ичинен кан өтөт, психикалык жактан да ооруга чалдыгышы мүмкүн, мээнин функциясы бузулат же жүрөгү кармайт.Метамфетамин колдонгон адамдардын тиштери чирип бузулуп, терисинин алдында курт-кумурска жүргөндөй сезим пайда болуп , тырмана берүүдөн шумдуктуудай жаралар пайда болот.
Акыркы жылдары САР чыгаруу чоң бизнеске айланган. Уюшкан кылмыштуу топтор бул мыйзамга каршы сооданын: курамдык химиялык заттарды контрабанда кылуусунан баштап, баңгизаттардын өндүрүүсүү жана ташылуусу менен бүткөн этаптарын башында турушат.
Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги





ЖКнын төрагасы А.ТАГАЕВге
Крнын Мамкатчысы Досбол НУР уулуна
Крнын Акыйкатчысы Т.АКУНга
"Ачык саясат" гезитинин башкы редакторунун
милдетин аткаруучу Р.МОМБЕКОВго
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу спикер!
Урматтуу Мамлекеттик катчы!
Урматтуу Акыйкатчы!
Урматтуу редактор!
Урматтуу калайык-калк!
Кыргыз элинин эртеңки
келечеги- жаш муундар үчүн күйгөн атуулдар!
Мен сыяктуу канчалаган энелерди азапка салып, жаштарды дейди кылып, баштарын айлантып, жаман иштерге, кумар оюндарына алагды кылып, алдап, бир ууч адамдарды байытуу үчүн жасалып жаткан иштерди ар бир эле адам башына кыйын иш түшмөйүн биле бербесе керек. Менин бул кайрылуум жалгыз эле бир эненин эмес, жүздөгөн мага окшогон ата-энелердин кайрылуусу, көз жашы деп ойлойм.
Менин Сиздерге-энелерге кайрылуумдун себеби- меникиндей тагдырга туш болгон энелер биригип, бийликте отурган төбөлдөргө биздин үнүбүздү жеткирип, акыйкаттык издеп көрөлүчү деген үмүт.
Эмесе сөзүм башынан болсун. Мен М.Осмонова-жалгыз бой энемин. Он бир туугандын эң улуусумун. 2 уулдун энесимин. Балдарым кичине кезинде эле жолдошум башка үй-бүлө күтүп кеткен. Ошол боюнча балдарга бир кайрылып, эч жардам кылган эмес. Балдарымды жалгыз өзүм эч нерседен кем кылбай чоңойттум. Балдарым да мектепти жакшы окушуп, бир эмес, эки жогорку билимге ээ болушту. Бир уулум студент кезинен эле окуусу менен бирге иштеп да, үй-бүлөнү жалгыз ошол балам багып калган. Балдарымдан көңүлүм тынып, эми мага жардам кыла башташканда ошол уулум азгырыкка чырмалып, бир жарым жылдан бери ойноочу автоматка кирип, ири суммадагы акча уттуруп жүрүптүр. Бул жөнүндө мен дагы, менин бир туугандарым дагы билишпейт. Уттурган акчасын болсо бир туугандарыма "иштеген жеримден карыз болуп калдым, бере тургула, бирок мамам билбесин" дептир. Адегенде улуу бир тууганым үйүн күрөөгө коюп, банктан 5 миң доллар алып берет. Аны убагында төлөп кутула албай калганда иним айласыздан үйүн сатып кредиттен кутулуп, үйсүз калат.
Улуу иним банкка кредит төлөй албай, кыйналып жүргөнүн көрүп кичүү иним жардам кылайын дейт да ал да үйүн күрөөгө коюп, 12 миң доллар кредит алат. Уулум болсо ал экөөнө тең баягы жооп-иштеген жеринен карыз болуп калып, ошондон кутула албай жаткандыгын айтат. Баары анын айтканына ишенип, "мына эми, өзү төлөп бере баштайт" деп жүрүшөт. Ал эми иним алган кредитин өзү төлөп жатыптыр. Уулум өзү да 160 миң сом кредит алат.
Оюндан бир утса, эки жолу утулуп, "мурунку карыздарымды жабам, мындан кийинкисинде утам" деген үмүт менен кайра эле кирип ойной берет. Анын ойноп жүргөнүнөн эч ким шек санабайт. Анткени андайды башыбыздан өткөрүп көргөн эмеспиз, түшүнүк да жок эле. Байлар, алардын балдары гана ойнойт деп укчубуз. Үйүбүздө жер сатып алалы деген 270 миң сом акча гана бар болучу.
Уулум акыры акчаларын уттура берип чегине жеткенде инилериме айтат, алар келип мага айтканына бир ай болду. Ошондон бери эмне кылаарымды билбей, кан басымым көтөрүлүп, эс-мас жүрөм. Экинчи мындайга барбайм дегенине ишенип, айлам жок баягы акыркы 270 миң сомду бергем.
Бир жума мурда кайра эле "уттурган акчаларымды утам"-деп оюнга кириптир да, 3 миң доллар уттуруп чыгат. Ал эми бир жарым жыл ичинде баш-аягы 70 миң доллар уттуруптур.
Туугандар менен кеңешип, казино, башка кумар оюндары ойнолуучу жайлар эмне иш кылаарын териштире баштадык. Көрсө элди, айрыкча жаштарды оюндун кумарына чырмап алыш үчүн башында бир аз алар уткудай программа түзүлөт экен. Анан акырындап программа казино ээлери уткудай кылып өзгөртүлө берет экен. Менин уулум сыяктуу көп балдар ата-энелерине да айтпай карызга батып, айрымдары бомжго айланып көчөдө калып, айрымдары аргасыздан чоң кылмышка барып түрмөгө түшсө, кээси тентип же криминал дүйнөгө, баңги сатууга аралашып кетип жатпайбы. Чет өлкөлөрдө мындай ойноочу автоматтардын программасы мамлекеттик органдар тарабынан текшерилип, такай көзөмөлдө турат экен. Бизде болсо аны эч ким текшербейт. Айрым казинолор, ойноочу автомат залдарынын кожоюну ал турмак депутаттар, алар калкалап жүргөн инсандар деп уктум.
"Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дегендей, мындан ары эмне кылаарымды билбей айлам түгөнгөндө акыркы үмүт, чоң ишенич менен мен сыяктуу ата-энелерди кеңешүүгө, балдарыбыздын эртеңки келечеги кандай болот деп кабатырланып биригүүгө чакырам. Казинолор, башка кумар оюндары бар мекеме, кеңселердин Кыргызстанда иштеп жатышы канчалык деңгээлде мыйзамдуу? Алардын ишине, программасына көзөмөл кылган мамлекеттик мекеме барбы, алар кайсылар? Кыргыз улутундагы жаштардын ушундай кумар оюндарына, түнкү эс алуучу жайларга кызыгуусуна шарт түзүп берүү менен мамлекетибиз улуттун медициналык эле эмес, социалдык генефондун талкалаганга шарт түзүп берип жаткан жокпу? Бул маселе Мамлекеттик катчыбызды, мыйзам чыгаруу ишинин башында турган Жогорку Кеңешти, адам укуктарын коргоп жаткан Акыйкатчыны ойлонтоор бекен? Келгиле энелер! Үнүбүздү бирдиктүү чыгаралы, биригели! Балдар-кыздарыбыздын келечеги мамлекет үчүн эмес, биринчи кезекте биз үчүн керек. Мамлекетибиздин өзөгүн түзүүчү жаштарыбыздын келечеги мамлекетке керек болбосо бизге керек. Ой-пикир айтып, биригели десеңер дарегим редакцияда.
М.ОСМОНОВА,
Бишкек ш.










??.??