presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тигүү тармактарын жандандырсак...
Кыргызстандын тигүү тармагында салык төлөөнүн тартибинин өзгөрүшү жана дүйнөлүк кризистин таасиринде тышкы рынокто керектөөчүлөрдүн санынын төмөндөшү күтүүсүз оор сокку болуп калган. Салык төлөөнүн мурдагы тартибинин кайрадан калыбына келтирилиши тигүүчүлөрдүн продукцияларына болгон керектөөлөрдүн жогорулашына алып келет деген үмүттү жандандырды.

Өлкөбүздө 2009-жылдын алгачкы эки айында тигүү тармагы эң оор кырдаалга тушукту. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 25 пайызга төмөндөгөн десе, КРнын "Легпром" жеңил өнөр жай ишканаларынын Ассоциациясынын директору Сапарбек Асанов бул көрсөткүч 40 пайызга чейин түшкөнүн ачык белгилейт. Өткөн 2008-жылы январь-февраль айларында тигүү тармагы 5 миллиард сомдук (120 миллион доллар) продукция өндүрсө, бул жылы эки айда бар болгону 242 миллион сомдук товар чыгарылганын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарынын министринин орун басары Гүлбарчын Асанова да моюнга алды.
Тигүү тармагынын кыйроо абалына дуушар болушу - дүйнөлүк экономикалык кризиске байланыштуу, башкача айтканда, даяр продукциянын 90 пайызы экспортко чыгарылып, ал акчалай эсептегенде 110 миллион долларга барабар болуп отурат. Тигилген буюмдар өлкөбүздө экспортто алтындан кийин экинчи орунда экенин эске алсак, бийлик мунарасындагылардын кризис биздин өлкөгө таасирин тийгизбейт - деген куру кыйкырыгын турмуш төгүнгө чыгарып отурат.
Эгерде советтик доордо республикабыздын жеңил өнөр жайынын даяр продукциясы 30 миллион бирдикти түзсө, акыркы жылдарда өлкөбүздө бул көрсөткүч 2 эсеге өскөн. Ал эми бул даяр продукциялар мурдагы КМШдагы өлкөлөргө кеңири экспорттолорун эске алсак, кризистен кыйгап өтүү мүмкүн эмес экендиги ачык көрүнүүдө.
Жеңил өнөр жай ишканаларынын ичинен тигүүчүлүк тармак өзүнүн ордун тапты. Эгерде мурдагы союздун учурундагы ири ишканалардын 95 пайызы жабылса, акыркы 20 жылдын аралыгында чакан жана орто ишканалар алардын ордун басты. Тармак кайрадан түзүлүп, кичи цехтерден ири ишканаларга өтүүгө багыт алгандыгы ачык көрүнүүдө. Өлкөдө азыркы кезде 58 жоопкерчилиги чектелген чакан жана орто ишканалар иштеп, анда 700-800 тигүүчү эмгектенет. Ошону менен катар айрым майда тигүүчү цехтер да бар. Анда 3-4 же андан да көп жумушчу орундар түзүлүүдө. Натыйжада, ар бир ишкана орто эсеп менен 50-100 адамды жумуш менен камсыз кылууда. Андан тышкары жаңыдан иш баштаган ондогон цехтер түзүлүүдө.
Өндүрүш ишканалары дээрлик Чүй облусунда, Бишкек, Ош шаарларында жайгашкан. Инвестиция жергиликтүү болуп саналат. Каражат товар айлантууга гана багытталат. Чыгарылган товарлар сатылып, андан түшкөн акча каражаты өндүрүштү кеңейтүүгө инвестицияланат. Эгерде банк принципиалдуулукту көргөзүп, калктын кредитти алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, үстөгүн 25 пайыздан ашырбаса, дагы ондогон тигүү цехтери ачылары шексиз эле.
Тигүү цехтерине чет элдик бир да инвесторлор акча бөлгүсү келбейт. Бирок, ошого карабастан тигүүчүлөрдүн эмгек акылары айына 3,5 миңден 7-8 миң сомдун тегерегин түзөт. Тигүү цехине сырье өзүбүздөн чыкпагандыктан, анын 70 пайызынын көбү Кытайдан алынып келинет. Ошондой эле Турция, Корея, Бириккен Араб Эмираты да сырье менен жабдуучу булак болуп кала бермек. Ошону менен катар түрдүү жабдуулар да таможнялык чыгымдардан бошотулуп, жеңилчиликти алгандыктан бул тармактык ишканалардын өнүгүшүнө ыңгайлуу учуру экендиги талашсыз.
Чыгарылган товарларды сатуу жана өткөрүү да мурда эле жолго коюлган. Биздин товарлар "Кыргызстанда жасалган" жарнагы менен Казакстан, Россияга жөнөтүлөт. Демек, керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына көз каранды экенибизди танууга мүмкүн эмес.
Азыркы күндө ички рынокту ээлөө үчүн өлкөбүздө өндүрүлүп жаткан товарлардын 5-10 пайызы эле жетиштүү болмок. Тилекке каршы, тынымсыз агып кирип келе жаткан чет өлкөлөрдүн "импорттук" буюмдары негизги тоскоолдук болуп саналат. Батыштын кымбат баадагы кийимдери, же түрктөрдүкү бизде өтүмдүү, эң болбосо Кытайдын импорт товарлары базарларда жүгүртүлөт. Ошол эле учурда сапаты жана жарашыктуулугу жагынан кем калбаган өзүбүздүн тигүү цехтеринен чыккан кийимдерге калкыбыз кайдыгер мамиле жасаарын жашырбоо керек.
Дүйнөлүк-экономикалык кризистин шартында Казакстандын, Россиянын кыргыз компаниялары тарабынан чыгарылган продукцияларга болгон суроо-талаптары кескин төмөндөдү. Натыйжада, 2008-жылы экспорттун көлөмү 2007-жылга салыштырганда 20 пайызга төмөндөгөн. Үч жыл Кыргызстан ири суммадагы заказдарды кабыл алып келсе, азыр заказдардын агымы токтоп калганы далилдөөнү талап кылбай калган.
Сатып өткөрүү жана кризистен чыгуу маселеси курч мүнөзгө ээ болуп, тигүүчүлөр тунгуюкка камалып, андан кандай жол менен чыгуу керектиги зор мааниге ээ болгон. Ушул кыйын кырдаалда өкмөт жергиликтүү өндүрүшчүлөргө көмөк көргөзүүнүн ордуна, жаңы салык мыйзамы менен чакан жана орто ишканалардын эки далысынын ортосуна канжар урду. Буга чыдабаган көптөгөн тигүү цехтери "көмүскөдөгү экономикалык ыкмага" өттү, же болбосо ишин толук токтотту. Ондогон үй-бүлө жумушсуз калды. Эң негизгиси, ишмерлердин бийликке болгон ишеними өчтү.
Өткөн жылдын аягында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү маселесин көшөгө кылып, бийлик бул оюндун эрежесин кескин өзгөрттү. Үч жылдан бери кыргыз тигүүчүлөрү патенттик система менен иштеп жаткан. Мунун бир кыйла артыкчылыгы бар эле. Биринчиден, ишкерлер салык төлөөдө жумушчу орунга карата эсептөөлөр жүргүзүлгөн, патент алуу менен ишкерлер өздөрүн коопсуз сезишкен.
Бүтүндөй бир ишканалардын легалдашуусу патент менен байланышып, көмүскөдөгү экономикага белгилүү деңгээлде бөгөт коюлушуна салым кошкон. Чакан жана орто ишканалардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Коррупциянын бул тармакта өнүгүшүнө бөгөт коюлган. Тилекке каршы, жаңы салык ишкерлердин ишинде буттагы кишенге айланаарын бийлик эске алган жок. Натыйжада, өндүрүштүн көлөмүнө жараша салык төлөөгө бардык ишканалардын кубаты келмек эмес. 2008-жылдын декабрындагы патенттин мындай өзгөрүүгө дуушар болушу менен кырдаал кандайча өнүгөөрүн байкоого алган көптөгөн бизнесмендер цехтерин жаап салышты. Кыргыздар айткандай, бийлик "чылпагын алам деп, көзүн чукуп" алгандай эле болуп калды. Салыктан көп каражат алабыз деген бийлик салыкты чогултууда, патенттик мезгилдеги төлөмдөрдүн деңгээлине жеткире албай калды. Жергиликтүү инвесторлордун көбү капиталын сыртка чыгарып кетүүгө камылга көрүп калышты.
Дагы бир коркунучтуу жагы, өздөрүнүн мүлкүн барымтага коюп, өндүрүштү кеңейтүүгө кредит алгандар сызга отуруп калуу коркунучуна дуушар болушкан эле. Натыйжада, көптөгөн ишкерлер бийлик бутактарына ачыктан ачык нааразылык билдиришип, акырында эки ай өткөндөн кийин статус - кво алынган болчу.
Тигүүчүлүк кесиптин туу чокусуна жетүүнүн негизи пахта талаасы менен короо-короо койлор экени талашсыз. Демек, айыл чарбасында бул максат ишке ашырылса гана натуралдык сырьелор менен чыгарылган товарлар эл аралык стандартта кабыл алынмак. Буларды ишке ашырууга азыртан аракет кылбаса, кийин кеч болуп калары талашсыз.
Албетте, Кыргызстанда азыркы күндө жогорку сапаттагы, арзан баадагы натуралдык товарларды чыгарууга, аларды мурдагы КМШ өлкөлөрүнө гана эмес, дүйнөлүк рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүгү зор. Муну ишке ашырууга чыныгы каалоо гана керек.
Өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу үчүн сырткы рынокко товар чыгаруу жана туруктуу орунга ээ болуу, экспортко кетүүчү товардын жогорку сапатта болушуна жетишүү керектигин, буга бийлик өзү жоопкерчилигин алуусу керек.
Кептин ачыгы, Кыргызстанда тигилген кийим-кечектердин түрлөрү жарашыктуулугу, түрдүү фасондуулугу, сапаттуу жасалышы менен өзгөчөлөнгөндүгү менен өтүмдүү. Ушундан улам, Борбордук Орусия, Сибирь аймактары жана Казакстан кыргыз товарларын сатып өткөрүүчү рыногуна айланган. Бирок, бул менен чектелип калууга болбойт. Ыраакы Чыгыш, Магадан аркылуу Аляскага, натуралдык сырьелорду пайдалануу менен дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен соода жүргүзүүнү, импортту азайтып, экспорттогу товарларды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктү пайдалануу зарыл. Демек, тигүү тармактарын жандандырып гана тим болбостон, текстилди өнүктүрүү жана аны эл аралык стандартка көтөрүү жолун таап чыгуу маанилүү!
Эртабылды Аттокуров




Соттун чечими аткарылабы?..
"Алы жетпеген акыретчил" - деген элибизде кеп бар. Мындай наалуу бекеринен чыкпаса керек. Бир нерседен жабыр тартып, нааразы кылган тарап болсо, күнөөсүн моюнга албай койгон учурлар да көп кездешет. Калыстык кылар жер издегендер бийлик бутактарына кайрылган менен маселе чечилбей, алар "түйүндү" ого бетер "чиелентишет". Калыстык издеп таппагандар арыз-муңун айтууга келишип, "акыркы үмүтүбүз силер" - деп биздин редакцияга кайрылышат...

Бийликке акаарат келтирсең, же аны сындасаң, укук бузгандыгың үчүн жазага кириптер болосуң. Эң кур дегенде эскертүү аласың. Анткени, алар мыйзамдын үстүнөн тебелеп жүрүшөт. Колуңда бийлигиң жок, же жакыр жашасаң, жабыр тартканыңды өздөрү чыгарган мыйзамдын чегинде далилденсе да чындыкка жетишиң күмөн. Анткени, сенин үстүңөн бийлик чыгарган мыйзам тебелеп турат да, бийлик сенин далилдериң башка "бирөөнүн укугун" тебелегендигин "аныктап" коет. А сенин мыйзамдуу укугуң корголбой, кордолсо да сотуңдун чечими аткарылбай нечен жыл сандаласың. Мына ушундай тагдырга Кара-Буура районундагы Аманбаев атындагы айылдын жашоочусу Бешли оглы Махмуд да дуушар болуп отурат.
Окуя болгон мезгилге, анын башкы каарманына назар салып көрөлү. 1998-жылдын 29-июлунда Динара Акулова жетектеген "Динара" фирмасына таандык ТАРЗ - 3270 маркасындагы, 832 ВС мамлекеттик номерлүү автобустун айдоочусу А.Сартбаевдин күнөөсү менен автожол кырсыгы болуп өтөт. Автобустун айдоочусу Сартбаев жолдо жүрүү эрежесин одоно бузуп, карама-каршы багыттагы тилкеге чыгат. Натыйжада, автобус Бешли оглы Махмудга тиешелүү ВАЗ - 2106 менен кагышат да, жеңил автомашинанын жүргүнчүсү Медерова оор дене жаракатын алса, автоунаа кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн болбогон абалга келет.
1998-жылдын 17-августунда Кара-Буура ИИМинин ага тергөөчүсү Н.Сатыбалдиев тарабынан КР Кылмыш-жаза Кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 7-98-190 сандуу кылмыш иши козголот. Айыптоо автобустун айдоочусу А.Сартбаевге угузулат. 1999-жылдын 5-январында иш сотко өткөрүлөт, сот процесси 28-апрелде болуп өтөт да, соттолуучуга карата КРнын 1999-жылдын 14-январындагы "Мунапыс берүү жөнүндөгү" мыйзамын пайдаланып, А.Сартбаев жазык жоопкерлигинен бошотулат. Ошентип, иш жарандык тартипте чечилүүсү каралат.
(Уландысы 15-бетте)








??.??