presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Чубактын кунундай чубалган тергөө

АБАКТА КИШИ ӨЛТҮРГӨНДӨРДҮ ЭЛ АРАЛЫК УЮМ ЖАЗАЛАЙБЫ?
Ош шаарындагы №1-юридикалык кеңеш мекемесинин жактоочусу Таир Асанов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) адам укугу боюнча комитетине арыз жолдоду. Анда Оштогу тергөө абагында денесинен алган оор жараттан улам каза тапкан Асланбек Жумабаевдин ажалына тиешеси бар түрмө кызматкерлери же бир камерада кошо олтургандар Кыргызстандын соттору тарабынан таптакыр жазаланбагандыгына макул эместигин билдирип, окуяны калыс териштирип, адилет бүтүм чыгарып берүүнү өтүнгөн.

- Асланбек Жумабаев Кылмыш-жаза Кодексинин 246-беренеси боюнча баңги затын мыйзамсыз сактаган деп айыпталып, Ош шаарындагы тергөө абагына кармалган, - деп эскерет жактоочу Таир Асанов. - Тилекке каршы, 2007-жылдын 11-мартында саат 12.45 чамасында 35 жаштагы жигит денесинен алган жараттан улам жарык дүйнө менен кош айтышкан. Кийинчерээк соттук-медициналык экспертиза аныктагандай, Асланбек Жумабаевдин сол колу билегинен сынган. Башынын сол капталы талкаланып, мээсине кан тамган. Мындан тышкары маркумдун денесинен "Өлүмгө татыктуу" - деген жазуу да табылган. Мыйзамга ылайык фактынын негизинде дароо кылмыш иши козголуп, кечеңдетпестен териштирүү жүргүзүлүшү керек эле. Бирок, убагында мындай аракеттер болгон эмес. Абактын жетекчилиги жана башка тиешелүү органдар каргашалуу окуяга кош көңүл мамиле кылышкан.
Ал эми маркумдун бир тууган эжеси Замира Садыкова инисинин киши колдуу болгонунан күмөн санабайт.
- 2007-жылдын 10-мартында абакка кирип, жолуккамын, - дейт Замира Садыкова улутуна. - Инимдин саламатчылыгы абдан жакшы эле. Бирок, эмнегедир санаага батып турганын байкагам. Мен сурагыча, жолун таап, эртерээк бошотуубузду өтүнүп, бул жерде өлтүрүп коюшат деп чочулаганын билдирген. Бул туурасында абактын жетекчилигине жазган экен, көңүл бурбай коюшуптур.
Айтмакчы, тууган-уруктарынын даттануусунан улам Асланбек Жумабаевдин табышмактуу өлүмүнөн 59 күн өткөндөн кийин гана кылмыш иши козголуп, көп узабай кайра жабылган. Башкы прокуратура муну негизсиз деп таап, тергөөнү кайра жандандырган. Анткени менен адилет министрлигине караштуу жазаларды өтөө башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Замирбек Абдибайит маркумдун өлүмүнө шектүү киши аныкталып, кармала электигине байланыштуу 2008-жылдын 4-майында ишти териштирүүнү токтотуп таштаган. Ошентсе да, прокуратура кылмыш ишин дагы эки ирет жандандырып, кайра тергөөгө жөнөткөн.
- Тергөөчүлөр прокуратуранын кемчиликтерди четтетүү багытындагы көрсөтмөлөрүн аткарган эмес. Кылмыштын бетин ачуу максатында оперативдүү аракеттер жасалбаган, - деди кепке кошулган жазаларды өтөө мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурордун орун басары Рустам Альчиев.
- Абактын кызматкерлерине түшүнүк кат жаздыруу менен чектелишкен. Мындан тышкары Асланбек Жумабаев менен кошо бир бөлмөдө жаза өтөгөндөр башка жактарга которулган же сот залынан бошотулган - деп кутулушкан. Алардын жашаган жери аныкталбаган жана бирөө да сурак кылынбаган. Ошондой эле дарыгер Ж. Атасариевди табуу демилгеси көтөрүлбөгөн. Эң негизгиси: тергөөчүлөр окуя болгон жерде кароо жүргүзүшкөн эмес.
Адилет министрлигине караштуу жазаларды өтөө башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Замирбек Абдибайит прокуратуранын дооматтарына макул эместигин ачыктады. Анын пикиринде, убагында ар тараптуу иликтөөлөр жүргүзүлүп, бирок, кылмыштын учугу таптакыр табылган жок.
Ош шаарындагы тергөө абагынын кызматкери Эрмек Турдуев тергөөчү Замирбек Абдибайиттин кебин мындайча ырастады: - Мен 2007-жылдын 10-мартында нөөмөттө элем. Түн тынч өттү. Эртеси 11-камерада кармалып тургандардын бирөөсү жыгылып түшүптүр деп ички телефон аркылуу билдиришти. Барып Асланбек Жумабаев аттуу жигитти мекеменин медициналык бөлүмүнө жеткирттим. "Тез жардам" кызматкерлери анын башынан алган жараатын тазалап, колун таңып, ооруканага жеткирүүнү сунуш этишти. Үч кызматкерге конвой кошуп, Жумабаевди шаардык ооруканага жөнөттүк. Ал жактан башын жана колун таңдырып кайтканда, "эмне болду?" деп сурасам, "уйкусурап жатып керебеттен жерге жыгылып түштүм" - деп жооп узаткан. Ошондуктан, өзү жаткан камерага киргизип кеткенбиз.
Деген менен жактоочу Таир Асановдун баамында, каргашалуу 11-мартта абактын 11- камерасында А. Жумабаев менен чогуу кармалган Е. Заварин, К. Маматалиев, П. Палагин, Т. Имаралиев, А. Гафаров, Ж. Ахмедов, А. Моминов тергөөчүлөр тарабынан суракка алынган эмес. Демек, ошол күнү аталган бөлмөдө киши өлтүрүү болгондугу билинип турат. Буга кошумча тергөөчү Замирбек Абдибайит жогорудагы кишилердин айрымдарына жолугуп, түшүнүк кат жаздырганда, жаза өтөөчү Абдимомун Моминов көрсөтмө берүүдөн караманча баш тарткан. Ушунун өзү да бир топ суроолорду жараткансыйт.
Ошол себептүү маркумдун жактоочусу Таир Асанов айласы куруганда тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун шалаакылыгына даттанып, Асланбек Жумабаевдин өлүмүнө тийиштүү кызматкерлерди же кишилерди жазага тартууну өтүнүп Ош шаардык, облустук жана Жогорку сотторго чейин кайрылды. Тилекке каршы, алар сот органдары кылмыш куугунтугун жүргүзүүгө акысы жок деп, А. Таировдун арызын канаттандырышкан жок.
Жактоочу Таир Асанов мындай чечимдерге макул болгон жок. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) атайын комитетине арыз жолдоп, дүйнөлүк бул орган Кыргызстанды мүчө мамлекет катары адам укугу боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууга мажбурлай алат деп чоң үмүт артып турган чагы.
Ошол эле учурда Ош шаарындагы адам укугу боюнча Эдвокаси борбору да жарандык коом арасында бул өңүттө коңгуроо кагып жаткан кези.
- Асланбек Жумабаевдин кайгылуу өлүмү жалгыз факты эмес, - дейт Эдвокаси борборунун директору Жеңиш Төрөев кабатырланган тейде. - Үнү бизге жетпей дагы канча мекендешибиз абакта жабыр тартууда. Ошон үчүн жазасын өтөп жаткандарга карата абактын кызматкерлеринин мамилесин өзгөртүү максатында жогорудагы кылмыш ишин аягына жеткирүүнү көздөп жатабыз. Кокус мүдөөбүз жүзөгө ашып калса, мындай жаза адамдардын бейкүнөө өлүмүнө себеп болгондорго сабак болот го деген үмүттөбүз.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
журналист, Ош шаары





ИИМдин министри генерал М.Конгантиевге

Ачык кат
2009-жылдын 3-апрелинде "Айгай" газетасынан "Кылым Жолу" уюмунун "Кто враг?" (Ким душман?) аттуу макаласын окуп, биз ИИМдин ветерандары, милициянын полковниги Дегембаев Таалайдын "Эл менен болсоңор душмансыңар" - деп, Сиз башкарган катардагы милициялардын баарын эл душмандарынын арасына кошуп коюп, өзүнүн көз карашына чекит койгону, бизди таң калтырат.
Эстеп койсок, илгерки тоталитардык система учурунда дагы милициялар элдик милиция аталып, элдин бейпилдигин сактаган, укугун коргогон структура болгон. Т.Дегенбаевдин жеке саясаты боюнча, бир сүйлөм аркылуу милиция менен эл бири-бирине душман болуп калганы бизде чоң нааразычылыкты туудурат.
Болбосо Т.Дегенбаев баш мыйзамга өзгөртүү киргизсин дагы, милициянын табийгатын өз каалоосундай кылып буруп алсын. Себеп дегенде, Т.Дегенбаевдин "саясаты" боюнча Сизди дагы элге душман кылып жатат.
Т.Дегенбаевдин мындай сокур сөздөрүнөн кийин, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башкаруу кызматын ээлөөгө моралдык укугу жок.
Биздин кайрылуубуздун себеби, Т.Дегенбаевдин ушул калпыс жүргүзгөн жоруктарын тескеп, элдин жана катардагы милициялардан, ветерандардан кечирим сурасын. Эгерде биздин талап орундалбаса, сотко кайрылууну туура табабыз.

Кол койгондор:
ИИМ ветерандарынын атынан
Алымкулов Н.
Кайназаров С.
Медеркулов Б.
Орозалиев Б.
Мусамамбетов У.
Стамбеков С.
Абилдаев К.
Камчыбеков М.

Баардыгы болуп 73 адам кол койгон.









??.??