Бабырбектин соту башталат
Алыскы Америкадан жүрөгүнө операция жасатып келген башкы редакторубуз Бабырбек Жээнбековдун соту бүгүн Биринчи май райондук сотунда башталат. Эсиңиздерге сала кетсек, коррупция боюнча агенттикти жетектеген Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун арызынын негизинде Бабырбек Субановичке кылмыш иши козголуп, ал ооруканада жаткан мезгилде тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан. Башкы редакторубуз Америкага барып келгиче тергөө иштери аяктап сотко өткөрүлүп кетиптир. Мына сага?! Биздин укук коргоо органдарынын мындай рекорддук аралыктагы ишмердүүлүгүн Гиннестин китебине жазсак болчудай болуп турат. Ошол "шылуундук" беренеси менен козголуп, алеки заматта сотко өткөрүлгөн "кылмыш иши" бат эле каралганы жатканы кызык. Бабырбек мырзага козголгон кылмыш иши эки жыл мурун Башкы прокуратура тарабынан токтотулганын эске алсак, анда, ал иштин кайрадан жандандырылышына анын "Ачык саясат" гезити себеп болуп жаткандыгы көрүнүп турат. Ошондуктан, "сен гезитиңди жаппасаң, биз сени жаап коёбуз" кыязында саясий соодалашууну баштаганы турушса керек.

"Ата мекен", СДПК партиялары бириккени жатат
Кыргызстандагы абройлуу эки партиянын мындай кадамга барганы жатканына, алдыдагы ажолук ат салышуу оюндары себеп болуп жатса керек. Ушундай убакта биригүүнү эп көргөн эки партиянын лидерлери, учурдун талабын туура баамдаганы байкалып турат. Өткөн парламенттик шайлоолордо бийликтин "Ак жолун" алдыга салып айдап алган бул партиялар бириксе, алдыдагы президенттик шайлоолордо арбын добуш алаары бышык. Андыктан, эки партиянын биригүү маселеси эл тарабынан чоң колдоого алынаарын азыртан айтып койгонубуз оң. Бекеринен казак туугандар айтышпаса керек, "бирлик болмай тирлик болмайт" деп. Демек, мурунку президенттик шайлоодо эки адам тандем менен чыккан болсо, бул шайлоодо эки партия тандем менен чыгат десек болчудай. Түндуктүк Алмазбек Атамбаев жетектеген СДПК партиясы өткөн парламенттик шайлоодо түштүктөн арбын добуш топтогон болсо, түштүктүк Өмүрбек Текебаев жетектеген "Ата мекен" партиясы түндүктөн арбын добуш алганын элибиз эсинен чыгара элек. Так что, оппозицияда түндүк-түштүк маселеси жок. Ал башка жакта болушу мүмкүн.

Камчыбек күнөөсүн мойнуна алды
16-апрелдеги Аксы жергесиндеги жер көчкүдөн 16-адам набыт болгонун өткөн саныбызда жазган элек. Кырсык болгон жерге БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров барып, кырсык болгон үй бүлөлөргө өз атынан 3 миң сомдон, БЭКтин атынан 30 миң сомдон акчалай жардам берип, бийликтин кырсыктын алдын ала албай калганына катуу сындап кайткан эле. Өзгөчө кырдаалдар министрибиз Камчыбек Ташиевдин уяты бар экен, "16-апрелде болгон жер көчкү алып келген кесепеттерге биздин да күнөөбүз бар. Министр катары мен моралдык күнөөмдү мойнума алып жатам. Бүгүн-эртең ал маселе боюнча чечим кабыл алабыз. Себеби ошол үч үйгө биз тараптан эч кандай эскертүү берилген эмес экен. Мунун баарын териштирип бүттүк. Эгерде эскертүү берилгенде ошол адамдар тирүү калат беле? Же болбосо жаан жааганда коркуп, башка жакка барып турат беле деген ойлор болуп жатат. Аларды эскертүү жана ошол багытта иштөө биздин министрликтин мониторинг департаментинин иши эле да"-деп, "Азаттык" үналгысы аркылуу күнөөсүн мойнуна алыптыр. Министрлерибиз Кайыповдой каяша айтып каргангыча, Камчыбектей калыстыгын айтса жакшы болбойт беле






Алмазбек Атамбаев ажолукка аттанды
Көптөн күткөн күн да келди. Оппозициялык Бириккен Элдик Кыймыл акыры өз талапкерин тактады. БЭКтин курамына кирген баардык саясатчылар Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин жактады. Ошентип, алдыдагы ажолук ат салышуу саясий оюндарына БЭКтен бирдиктүү талапкер катары Алмазбек Шаршеновичтин көрсөтүлүшү, көшөгө артындагы көмүскө сырлардын түйүнүн ачты. БЭКтин мындай чечими 15-апрелде кабыл алынган болсо, расмий түрдө 20-апрелде атайын уюштурулган маалымат жыйынында жалпыга жарыяланды.

Аталган маалымат жыйынына Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Бакыт Бешимов, Иса Өмүркулов, Эркин Булекбаев, Эмил Каптагаев, Мукар Чолпонбаев жана Алмазбек Атамбаев өзү катышты. Журналисттердин ар кандай өңүттөгү суроолоруна жооп берген Алмазбек Шаршенович, "биричиден мага президенттик такты эмес, кыйынчылыкка учураган Кыргызстандын келечеги керек" деп сөз баштап, өзүнүн талапкерлиги оңой эле жерден чыкпагандыгын, ортодо оор сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи. "Негизинен мен президентикке барууну каалагандардын арасында эмес болчумун. Чындыгында мен Өмүрбек Текебаев менен Бакыт Бешимовдун талапкерлигин сунуш кылгам. Бирок, оппозиция ушундай чечимге келгенден кийин, мен алардын чечимин аткарууга аргасыздан макул болдум",-деди кыргыз оппозициясынын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев. Туура. Алмазбек Шаршеновичтин талапкерлиги жөн эле жерден чыгып калбагандыгы мурунтан эле белгилүү болгон. Оппозиция лидерлери бир айга чукул убакыттын ичинде бир нече жолку сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ордо бийлигин оодарып түшкөнгө даярмын дегендер аз болгону менен, ортодо сөздөр көп болгонун көп эле жолу эшиттик. Аны Өмүрбек Чиркешович, "биз бүгүн кечиримсиз маалымат жыйынын өткөрүп жатабыз. Президенттик шайлоого берилген төрт ай убактыттын бир айын биз талапкерибизди тактаганга кетирип койдук" кыязында келтирип, талапкерди тактоо жагы оңойго турбагандыгын белгилеп кетти.
Алмазбек Шаршеновичтин ажолукка аттанышы тууралуу ар кандай пикирлер жаралышы мүмкүн. Бирок, биз бир нерсени эстен койгонубуз оң. Азыркы тапта ажону кулатам дегенди мындай эле кой, ажонун саясатына сын айткандардын баарысын "сындырып" жатпайбы? Ушундай учурда улуу элдин оор жүгүн аркалаш ар кимдин эле колунан келе бербесе керек? Бул биричиден. Экинчиден, ажолукка ат салышуу үчүн оңой эмес акча каражаты талап кылынат. Карапайым элди "караңгы" жашоосунан арылтуу үчүн, каражатын аябаган адамды кайдан тапмак элек? Алмазбек мырза эртеңки шайлоодо утулуп калса(тфү-тфү), анын короткон каражатын ким кайтарып бермек эле? Тоодой байлыгын тобокел ишке жумшаганы турганынын өзү баатырдык эмеспи? Үчүнчүдөн, анын мындай кадамы Акүй бийлиги тарабынан куугунтукка алынаары айдан ачык. Демек, президентик шайлоого чейин да, андан кийин да, Атамбаевдин жана анын жакындарын коопсуздугу кооптуу бойдон калат десек болот. Алмазбектин, "мага президенттик такты эмес, эртеңки Кыргызстандын келечеги керек" деген сөзүнөн, өзүнүн жеке кызыкчылыгынан карапайым калктын кызыкчылыгын жогору коюп турганын баамдасак болот. Ары айтабызбы, бери айтабызбы, "кул да жейм дейт куйрукту, кудайым берет буйрукту" демекчи, айтор, азырынча Алмазбек талапкер катары тандалды. Эртеңкиси эмне болоорун бир кудайдын өзү билет.




Чудинов "чу" койгону жатабы?
Азыркы өкмөт башчыбыз Игорь Чудиновдун ээлеген кызматынан кетээрин айрым массалык маалымат каржаттары ачык эле жаза баштады. Бишкектин чок ортосунан(Манас-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) орун алган атактуу "Адмирал" рестораны анын үй бүлөөсүнө таандык экенин мойнуна алып, азыркы тапта анын ордуна жаңы курулуш иштери башталып жатканын баяндаганы менен, кыргыз тилин үйрөнүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын ачык айтыптыр. Өкмөт башына келген Игорь Витальевич, "жакын арада кыргыз тилинде кыйналбай сүйлөп калам" деген эле. Андан бери он беш ай артта калса да, Игорь "братыбыз" кыргызча кың деп койбоду. Такталбаган маалыматтарга таянсак, ажобуз жаңы шайлоонун алдында түндүктүн бир жигитин премьер кылып, тандемдеш катары алып чыкканы жатыптыр. Ал адам, Нарындын губернатору Өмүрбек Субаналиев же Акылбек Жапаров болушу мүмкүн дешүүдө. Кыргыздар "ашууда ат алмаштырбайт" дегени менен, ажобуз төрт жылда төрт өкмөт башчысын алмаштырып жиберди. Чуу салган Чудиновдун өкмөтү президенттик шайлоодон кийин алмашаары белгилүү болгону менен, өзү алмашаары ачыкка чыгып калыптыр.

Табылды айткан табышмак
"Атактуу "Ак жол" партиясынын" саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев оппозициянын ажого жолдогон талаптарын негизсиз катары баалаптыр. "Азаттык" үналгысына берген маегинде Табылды мырза, "Бул маселе боюнча айтаарым, биз бекиткен БШКнын мүчөлөрү ар кайсы партиялардан, өкмөттүк эмес уюмдардан келген. Ал жагы толук аткарылган. Мыйзамда БШК кандай куралышы так жазылган. Ал иш мыйзамга ылайык толук аткарылган деп ойлоймун. Анан кийин эле, сөзсүз эле мен оппозиционермин, анан сөзсүз эле мен киришим керек деген доомат туура эмес болуш керек", деп билдириптир. Азыркы БШКнын курамындагылардын арасынан оппозициячыл "Ата мекен", "Ак шумкар", "Асаба", "Жашылдар", "Улуу биримдик", СДПК партияларынын өкүлдөрүн көрүүгө болбойт. Табылды мырза мындан башка кайсы партиялардын өкүлүн айтып жатат? Табышмак кылбай эле, ачыгын айтса болмок. "Мыйзамда БШКнын куралышы так жазылган"-дейт. Ал мыйзамды кимдер жазып чыккан жана кимдер кабыл алган? Эми бул депутатыбыз ажобуз оппозициянын талаптарына жооп бергенден кийин айтып жатат. Кокус ажобуз башкача жооп берсе кандай кылмак? Эми эр болсоңор Табылды мырзанын табышмагын таап алгыла.

Унаа табылды, учкашкан табыла элек
Өткөн жумада депутат Санжар Кадыралиевди аткан адам түшүп качкан автоунаа кармалды. Кылмышкер түшүп качып кеткен "Нисан-Сефиро" маркасындагы мамлекеттик номери В 98 - 21 автоунаасы жеке айдоочу Перфильевге таандык экени такталган. Азыркы күндө ИИМ кызматкерлери айдоочуну суракка алып жатышыптыр. Бул унаанын ээси атайын кылмышкерди күтүп турганбы же жөн эле өтүп баратып токтоп калганбы, айтор, иликтенип жаткан имиш. Унааны узатпай кармашканы менен, унаага учкашкан кылмышкерди кармаша элек. Ал ортодо,Кадыралиевдин каза болушу тууралуу каңшар кептер тарап кетти. Көпчүлүгү кандуу Кара-Суу шаарындагы базарга байланыштырса, дагы бирөөлөр Садыркуловдун өлүмүнө байланыштырууда. Боз топурактын алдында калган боз улан депутаттын өлүмү тууралуу божомол кептердин чыгышына, укук коргоо органдарынын убакытты созуп жатканы себеп болууда. Санжардын өлүмүн "акжолчулар" саясатка аралаштырбагыла дегени менен, өздөрү саясат жасап жатышат. Анын депутат болуп отурганынын өзү саясат эмеспи? Дегеле, "акжолчуларды" түшүнүп болбойт.

"Ачык саясат" пресс