"Жаман иттин аты - ..."

...Же Ак үй "ясаулу" Масауловдун "долбоору" эмнени каңкуулайт?
"Агым" гезитинин өткөн аптадагы санына КР президентинин алдындагы секретариаттын кызматкери, демек, Ак үйдүн көзгө басар "саясий ашмачыларынын" бири Сергей Масауловдун "Кыргызстан эмнени тандайт?" аталган макаласы жарыяланды. Гезит редакциясы ал материалды www.bpc.kg сайтынан кыргызчалап бериптир. (А бизге кай жактан шамал соккону дайын болуп турат). "Чын сөздү туура айтуу" керек, Ак үйдүн "ясаулу" Масауловдун макаласында бүгүнкү Кыргызстан бет келген өтө олуттуу, кооптуу жагдайлар козголгон. Бирок, ал "козгоонун" максаты гана "мадемдүү".
"... Кийинки кездери өлкө абройу өзгөргөнүн моюнга алып коюш керек. Энергетикалык ири долбоор, Американын аскер базасын жабуу жөнүндөгү чечим, Ооганстан менен бүтүндөй Борбор Азия проблемаларын чечүүдө активдүү катышууга даяр экендиги - Кыргызстанды эсептешпей кое албай турган өлкөлөрдүн катарына алып чыкты" деген дымактуу маанай менен сөз улайт С.Масаулов. (Президент Курманбек Бакиев кечээ жакындагы Кыргызстан элдеринин курултайы аталган иш-чарада С.Масауловдун ушул маанидеги сөзүн кайталады деп эшиттик. Непадам, Камбар-Ата ГЭСи ишке кирип, америкалык база Өзбекстандан чыгарылгандай тездик менен чыгарылса, "Улуу урматтуу Курманбек Салиевичтин амири менен Кыргызстан дүйнөнү башкарган энергетикалык-аскердик державага айланды" деп кыйкыргандан деле тайбайт көрүнөбүз?..)
Ак үй "ашмачысынын" андан ары сөз улап, маани чубаганы бул: алдыдагы шайлоодо "өз кызыкчылыгын көздөгөн ар кандай топтор түрдүү долбоорлорду жазып, анан ал долбоорлорун ишке ашырганга умтулат. Ошондуктан, мындай долбоорлорго өтө кыраакы мамиле жасаш керек". Автор андай долбоорлордун жетөөнү атайын белгилеп, ар бирине өзүнчө аныктама, түшүндүрмө берет.
№1-долбоор "Бөтөн оюндардын талаасы" аталыптыр. Мында Кыргызстандын элинин укугун, кызыкчылыгын уруп ойнобогон үлкөн саясий оюнчулар өлкөбүздү оюн талаасына айлантуу максатын көздөйт экен. Бул долбоор ишке ашса, Кыргызстан сырттан башкарылып, "бийликке келген тактекелер бат-бат алмаштырылат".
№2-долбоор - "Чоң Борбор Азияда калыптанып калган мамилелердин системасын кайра бөлүштүрүү". Мында Кыргызстан согуш же башка максаттар үчүн пайдаланыла турган аймакка айланышы мүмкүн. Анын натыйжасында Борбор Азиядагы чегаралар өзгөрүп, жаңы мамлекеттер пайда болуп, а кыргыз мамлекети жексенделет.
№3-долбоор - "Үлкөн Казакстандын бир провинциясы". Бул долбоордун "Үлкөн Казакстан менен катта Өзбекстандын бир провинциясы" катары каралган бөлөк варианты да бар имиш. Аталыштан айгине болуп тургандай, бул долбоор ишке ашса, Казакстан банк капиталын, ар кандай бизнес долбоорлорун киргизип, үстөмдүк кылуу менен Кыргызстандын чегараларын өзгөртүп, аймактарын алмаштыра турган регионалдык держава болуп калат. Же болбосо, Өзбекстан аймактык экспанция жүргүзүп, Кыргызстандын сууларына көзөмөл кыла турган өз таасирин орнотушу мүмкүн.
№4-долбоор - "Дүйнөлүк халифаттын провинциясы". Бул "долбоордун" толук максат-маңызы аталышынан эле айгине болуп тургандыктан, токтолуп отурбайлы.
№5-долбоор - "КМШ, ШКУ (ШОС), ОДКБ, Россиянын чоң евразиялык ж.б. долбоорлорунун катышуучусу" деп белгилениптир. "Долбоор Кыргызстанды турган жеринен Россиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын ишке ашырып, таасирин күчөтүүчү аймакка айлантты. Кыргыз жетекчилиги көп жылдар бою тышкы жардамдардан жана жакшылык ээсинен көз каранды экендигин моюндап келгендиги үчүн өлкөбүз бул долбоордо жөн эле калкы бар аймак катары каралып келген" дейт С.Масаулов.
№6-долбоор - "Кыргызстанды экономикалык жылыштардын Борбордук Азиядагы терезесине айлантып, тышкы таасирдин орбитасына киргизүү. Кыргызстандын суу ресурстарын экспанциялоо, керек болсо, кайсы бир аймагын бөлүп алуу же аймакка көзөмөлдү киргизүү".
"Биздин Бзежинский" Масауловдун айтымында, "мындай долбоорлоор менен аларды аткаруучулардын саны мындан да арбышы мүмкүн". "... Жалпысынан Кыргызстандын алсырашын, дымагынын басайышын акыркысынан башка долбоорлордун баары самап турат".
"Долбоорлоп" толгонгон С.Масауловдун логикасын ээрчип бүтүмгө келсек, ток этери бул: эртең Курманбек Бакиев бийликтен кетип, анын ордуна башка бирөө отуруп калса, жогорудагы кооптуу долбоорлор иш жүзүнө ашып, Кыргызстан сырткы күчтөрдүн туткунунда калат. Кыргыз мамлекетин мындай "кыямат кайымдан" Бакиевдин "пайгамбарлыгы" гана сактап калышы мүмкүн...
Ал кандай пайгамбарлык дейсиңерби? Андай "керемет" жогоруда "акыркысы" делген, Ак үй "ашмачысынын" "аныктамасында" "Мунайдан кийинки дүйнөнүн Борбордук Азиядагы борбору" аталган №7-долбоор. "Биздин карманаар жападан жалгыз долбоорубуз - №7. Ал президенттин жакында жарыяланган өнүгүү курсунда турат. Президенттин курсу - Кыргызстанды күчтөнтө турган, биз каалаган келечекти, ага жетүүнүн жолдорун так жана даана көрсөткөн бирден бир долбоор" деп баа берет С.Масаулов.
Канткен менен, Ак үйдүн "саясий ашпозу" кыйытып жаткан "долбоорлор" асмандан алынган эмес. Реалдуу. Бул жагынан алганда анын айткандарына кошулабыз. Бирок, өлкө тагдыры үчүн опурталдуу андай долбоорлор "аткаруучуну" күтүп, алдыбызда турган жок. "Аткаруучулар" эбак табылып, четинен ишке аша баштаганы качан!? Кыргызстан дүйнөдөгү эң кембагал, эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарына кошулуп, коңшу Казакстан менен Өзбекстанды биякка кой, кечээ эле согуштан башы чыккан кичинекей Тажикстандын аймактык экспанциясына да туруштук бере албай жатпайбы?!
Арийне, С.Масауловго окшогондор кыргыз мамлекети үчүн чын дилден күйүп, санаага батканынан улам ошол кооптуу жагдайларды "эскертип" отурган жок. Тек, кыргыздарды "долбоор" кообу менен коркутуу аркылуу президенттик шайлоонун алдын алып, Бакиев бийлиги үчүн арык чаап жаткан кербези! Абай салсаңар, Ганси аскер-аба базасын колко кылып, Россиядан колдоо издеген, а курулушу те СССР учурунда башталган Камбар-Ата-2 ГЭСин бетке тутуп, өз букарасына "тил эмизгиси" келген Ак үй планы ачыкка чыгып турбайбы?!
Эгер С.Масаулов чындап эле мамлекеттик кызыкчылык көздөп макала жазган болсо, өзү кыйыткан "долбоорлор" кайдан пайда болду, адегенде ошого токтолмок. Кандай кесепеттин айынан Кыргызстан азыркыдай айласыз акыбалга кириптер болду? Мына ушундай суроолордун тегерегинде ой калчап, жооп издемек.
"Ала кушту атынан чакырсак", кыргыз мамлекетинин кейиштүү акыбалга кептелишине биринчи кезекте Курманбек Бакиев башында турган бийлик күнөөлүү экендиги азыр өзүнчө ойлонуп, талдоо жүргүзө билген ар бир кыргызстандыкка дайын. Албетте, бу мурунку бийликти - Аскар Акаевдин үй-бүлөсүн, көшөкөр жан-жөкөрлөрүн актоо эмес. "Алга, Кыргызстан" деп алдамчы ураан чакырган мына ошол бийлик Кыргызстанды аңга түртүп кеткен. А азыркы бийлик ошол аңды ансайын тереңдетип, өлкөнү туңгуюкка кептеп отурат. Мамлекет башкаруучуларыбыз Кыргызстанга мамлекет катары карабай, "бизнес долбоору" катары мамиле кылгандыктан, Масауловдун айткандары реалдуулукка айланып, реализацияланып жатат. "Казакстан чегараны өзгөртөт", "Өзбекстан аймактык экспанция жасайт" деп "коркуп" жатпайбы Масаулов. Кыргызстандын тарыхый жери - Каркыраны, Көлдөгү пансионаттарды Казакстанга ким "белек" кылды? Азыркы кыргыз бийлигинде мамлекеттик көз караш, мамлекеттик кызыкчылык деген касиет жоктугунан улам, "өзгөртөт" эмес, чындап чегараны өзгөртүп, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү коңшуларыбыз Кыргызстанды туш тарабынан кысып
келатпайбы?!

(Уландысы 4-бетте)