Шайлоочунун жолбун ойлору

Бакиевге эле жол ачкыла
(1-макала)
Ишти участкалык комиссия иритет
Азыркы бийлик президент Бакиевди дагы 5 жылга калтыруунун жол-жосундарын ыраматылык Медет Садыркуловдун сценарийинен да аша чапкан амалдуулук менен даярдап жатканы чындык.Бирок эл ичин күбүр-шыбыр аралап,"Ак үй ажолукка Адаханды даярдап жатыптыр" деген да кеп чыгып кетти. Ал ортодо "Германиядагы элчи Марат Бакиев тапталып жатыптыр" деген имиш пайда болду. "Кара мышыкпы, ак мышыкпы - бизге чычкан кармап берсе болду" деп Дэн-Сяопин айтмакчы, бийлик тараптан ажолукка кимиси "дайындалса" да коррупцияга баткан, горизанталдуу да, вертикалдуу да башкаруу системасы натыйжасын бербей калган бул өлкөдөгү абалды жаңы ажо түп тамырынан оңдой ала турганына шайлоочулардын ишеничи азыраак. Ажону "дайындалса" деп жазганыбыздын себеби, Кыргызстандагы шайлоону шайлоо деп аташка ооз барбай калды. Эл шайлоого келип, добушун өзү жактырган адамга берген күндө деле анын натыйжасы болгону болгондой таза чыгаарына эч ким ишенбей калган. Акаев доорунун аяк жагында иштеп баштаган мамлекеттик автоматташтырылган "Шайлоо" системасы (ГАС "Шайлоо") Бакиев доорунда бузулуп калды дегенге ким ишенет. Ушул сыяктуу миң түрлүү ойт бермелерден кийин президенттик шайлоо деле парламенттик шайлоодогу ыпластыктан эки-үч эсе булганч өтөөрүнө эл эмитен эле бөркүндөй ишенет. Бийликтин булагы эсептелген дал ошол ЭЛ алтымыш асый болгон "Ата Мекендин" жолун кантип тосуп, кечээ эле туулган кулун - "Ак жолду" кантип алдыга алып чыккан бийликтин ыпластыгын өз көздөрү менен көрүшпөдүбү. Ал эми участкалык жана Борбордук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болсо андай ыпластыктарды көрмөк тургай, кол кап кийбеген колдору менен жасашып, мамлекеттин тарыхына, элдин ар - намыс, абийиринин бетине өмүр бою кетпес так салышты. К.Кабилова, Ж.Акматов, Ж.Сариевге окшогон БШКнын айрым мүчөлөрү гана арам иштери үчүн Кудай алдында, балдар-кыздарынын, тууган-урук, жоро-жолдошторунун алдындагы абийир, ар-намыстан уялыштыбы - булганыч иштен баш тартышты. Комиссиялардын калган миңдеген мүчөлөрү дагы деле беттерин тултуйтушуп, жүрөгүнүн кыйналгандарын мээсинин күчү менен басып, "канча процент кыл десеңер биз даярбыз" дешип тилдерин маал-маал соймоңдотуп, эриндерин жаланып жүргөн чагы. "Тилдерин соймоңдотуп" дегенибиз, участкалык комиссияга мүчө болуп киргендер бир-эки ай ичиндеги ошол кошоматчылыгы үчүн айыл өкмөтүнөн, мэриялардан, райондук жана облакимчиликтерден тигил же бул бүтпөй жүргөн иштерин бүтүрүп алышат же кол коюлбай жүргөн документтерине кол койдуруп, ошого кудуңдап калышат. "Эриндерин жаланып" дегенибиз-участкалык комиссияга мүчө болгондорго маал-маал бийлик чай-чамек уюштуруп, бөтөгөлөрүн кызытып коет. Мындай "сый-урмат" райондук, областтык жана Борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен мүчөлөрүнө да көрсөтүлөт. Айрым "активисттер" менен "ака-үка" күтө койгондор ат алмаштырып, кресло жаңыртышат. Болгону ушул. Булар курсак үчүн иштеген комиссия мүчөлөрү.
Бирок алардын арасында шайлоо Кодексинин мыйзамдары одоно бузулуп жатканына нааразы болуп, бирок ачык каршы чыгалбагандары да бар. Алар да бир бечаралар-же жүрөгүнүн каалоосуна баш ийе албайт, же акылынын жетеги менен жүрөлбайт. Жүрөк менен мээси карама-каршы иштеп, ичтен бушайман жегендердин инфаркт болуу мүмкүнчүлүгү көп дешчү эле, сактангылачы?

Оппозиция жөн эле койсо
Президенттик шайлоого оппозициянын лидери катышпай эле, Кыргызстанды дагы 5 жыл азыркы бийликтин таламайына берсе. Буга көптөгөн себептер бар.
Эң башкы эле себеп-оппозиция, ириде анын көч башында жүргөн "Ата Мекен" партиясы парламенттик шайлоодо ээ болгон добуштарын кайтарып алалбаган чечкинсиздиги шайлоочулардын аларга ишеничин кайт кылып койбоду беле. Ошондон кийин эл ичинде, бюджеттик мекемелерде, акимчиликтерде иштегендер арасында "мына, бийлик каалаганын жасап кое алат, демократияңды уруп ойнобойт" деген түшүнүк калыптанып, бийлик алдында жасакерленген коен жүрөктүүлөр, кошоматчылар, эки жүздүүлөр козу карындай көбөйүп кетти. Орто, чакан ишкерликтен курсагы кампайып келаткандар "бийлигиңе да, оппозицияңа да ишенбейм, баары бийликке жеткенче эл үчүн деп кыйкырышат да, бийликке жеткенде элди унутат" деген көз карашты тутунуп калышкан. Айыл жериндеги тыңып алган дыйкандар, фермерлер, майда сооданын жолун өздөштүрүп алгандар да ушундай көз карашта.
Оппозиция президенттик шайлоого катышпай эле койсо дегенге экинчи себеп-алар ээ болгон добуштарын кантип уттурбоо, тарттырып жибербөө механизмдерин так иштеп чыкпагандыгы, аны ишке ашыра албагандыгы. Азыркы убакта оппозиция жеңишке жетишүүнүн финансылык-уюштуруу иштери, жеңишке ээ болгондон кийин бийликти бөлүштүрүү иштерине негизги көңүл буруп жаткан чагы. А бирок жеңишке ээ болооруна шайлоочулар эмес, өздөрү да арсар ишенишет. (Жеңишке жетишүү-жетишпөөнүн оош-кыйыштары жөнүндө өзүнчө кеп кылабыз.) Шайлоочулардын азыркыдай илең-салаң маанайын карап туруп, участкалык комиссиялардын курамдары бийлик каалагандай түзүлүп калгандыгын эске алып, шайлоодо оппозиция ат чабым артыкчылык менен утат деш - абсурд. Ошондуктан БЭКтин ичинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө, добуш берүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жер-жерлерде шайлоочуларга ачык жарыя кылууга жетишүү боюнча атайын топтор түзүлүп, адистер даярдалып, ал турмак өзүнчө команда иштесе жарашмак. Бул боюнча "Ата Мекендин" мүчөсү, экс вице-спикер Эркин Алымбековдун идеялары андан ары конкреттештирүүнү талап кылып, иш жүзүндө колдонсо болчудай. Ушундай команда түзүлсө, лидердин ким болгонуна карабай жогорку багыттар боюнча эмитен иш алып баруусу, алар боюнча аракеттенүү пландары болушу талапка ылайык эле. Бирок оппозиция шайлоочулар арасында азырынча андай иш жүргүзө элек.
Бийликти дагы 5 жыл талашпай эле койгула дегенге дагы бир себеп-саясий партиялардын кайсынысынын эл ичиндеги колдоочулары арбын экендиги алардын жүргүзгөн аракеттеринен билинмек, ал жылдар аралыгында партиялардын жекече (тил табыша алышса - бирдиктүү) капчыгы калыңдап, уюшумдуулугу бекемделип, жиктелүүсү азайып, бүтүндүгү чыңдалат беле? Чыныгы оппозициячыл партиялар, инсандар иргелип, жалгандары же бийликке кире качып, же өзүнөн өзү четтемек. Экинчи бир жагдай-бийлик ичинде өз ара тирешип жаткан топтор дагы 5 жыл ичинде бири-бирин алсыратканга чейин кырчылдашып, өз ара тил табышуу мүмкүнчүлүгү өтө чектелип, кимисинин жүзү кандай экени мезгил алдында ачыкка чыкмак. Минтип жаткан себебибиз-Акаев доорунда бийлик жана оппозиция деген эки гана жээк бар эле. Акаев тарабындагыларда ич ара атаандашкан топтор болгону менен алар казы-карта жеген той-топурларда, маараке-фуршеттерде, анан саунага түшүп, бильярд ойноп,пиво ичип, баштары тийишкенде гана бири-бирин күбүр-шыбыр жамандабаса, башка учурларда бир атанын балдарындай сапка тизилип тура калышып, ынтымактуулуктун түрүн көрсөтүшчү. Атаандаштарын атып өлтүрүү деген кримчөйрөдө гана болбосо, саясий элитанын арасында дээрлик жок эле.
Дарыянын аркы жээгиндеги оппозициянын курамында да "ЭрК", кийин андан бөлүнүп чыккан "Ата Мекен" партиясы гана дарыяга боюн таштап, берки өйүздөгү бийликти алып жыгылабыз деп чабак уруп жүрүшчү. Азыр болсо дарыянын эки тарабында тең биринен экинчиси кыйынбыз деген топтор менен партиялар чыкты. Баары эле Кыргызстанды башкарып, гүлдөтөбүз дешет. Оозунда тиши бары деле, тиши жок кызыл ээктери деле ышкырыгы менен таш жаргысы келет. Ырас, тиши бүтүндөрүнөн ышкырык чыгып жатат. Ал эми тиши жок кызыл ээктүүлөрдүн ышкырыгынан шуулдаган эле шамал чыгып жатпайбы, кысталактыкы десе.
...Ыраматылык апам Күлүмкан таалим-тарбия жана турмуш-тиричилик жаатында тартипти талап кылган адам эле. Агам Өмүрзак төш болуп, анын аялы Токтоян, иниси мен жана агамдын 11 баласынын алгачкы беш баласы апабыздын ошондой эрежесине баш ийип жашадык. Үй-бүлөдөгү андай эрежелердин бири-жаш балдарды дайыма түштө уктатуу жана эски нан желип бүтмөйүнчө жаңы нан желчи эмес. Ушул тартипти үй-бүлөдө 7- бала болуп 1973-жылы төрөлгөн Замир инибиз бузду.Түшкү уйкуда ал уктабай, чоң апасы келатса көзүн жуум калып алдап койчу. Жаңы нан бышырылып жатканда апамдын алаксый калган учурун илгиртпей пайдаланып, оттон алынып, суутууга коюлган жылуу нандан бир үзүмдү үзө качууга жетишчи. Карып бараткан апам артынан кууп жетпей калар эле. Бир-эки жылдан кийин апам нан бышырууну да, бала уктатууну да жеңемдин өзүнө берди. Ушул сыңары азыркы коомдо да мыйзамдарды ачакей-жумакей кылган амалдуулар, мамлекеттин казынасын колуна тийген жеринен жула качкан шылуундар көбөйдү. Бийлик өлкө ичиндеги жаатташкан топторду ооздуктоого алы келбей баратат. Мамлекеттин ички тартиби бошоңдоду. Ошондуктан азыркы бийлик нан бышырып, элди тоюндурууну апама окшоп өткөрүп эле берсе болот эле, бирок...
Бул эми катардагы бир шайлоочунун жолбун ойлору.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ





(Башталышы 6-бетте)
Сөз кудурети
Келишкен жигит-кыздар оппозицияда бир топ жүргөндөн кийин баягы жүзүндөгү нурун жоготуп, адамды өзүнө тартпай, кебетелери кетип калууда. Бир таанышым айтат: оппозицияда жүргөн бир-эки адам сүйлөгөндө, кичинекей кызым анын кебетесинен, сүйлөгөнүнөн жүрөгү түшүп ыйлайт дейт. Оппозицияны жаман көрөт экен деп ойлобоңуз, окурман, алардын айткандары ар дайым көңүлүмө туура келет, Мелис мырза (Эшимканов) айткандай, мен да өзүмө өзүм оппозиция адаммын.
Ушундан улам, урматтуу окурман, ар бир адам жакшы ой ойлоп, жакшы сөз сүйлөш керек экен го. Ой - ичтен сүйлөнгөн сөз. Жаман ой жаман сөз менен барабар, керек болсо андан да коркунучтуу. Анткени сөздүн башаты - ойдо. Сөздү айтаарда этият болосуң, ал эми ойду каалагандай ойлой берүүгө болот.
Кыргыз ошон үчүн "ниетиңди оңдо" дейт го?.. Же болбосо "ою жаман оңолбойт" деп бекер айтпаса керек.
Кийинки кезде Кыргызстанда жалаң гана жаман сөздөрдүн сүйлөнө баштаганы кейитпей койбойт. Саясий серепчилер да "Кыргызстан экиге бөлүнүшү мүмкүн, эгемендигин жоготуп коюшу мүмкүн, деги эле мамлекет катары жок болуп кетиши мүмкүн" деген жоромолдорду айта башташты. Бул тууралуу ойлонгон адам жок, жалаң эле бийлик үчүн болгон күрөш. "Кетсинден" башка сөз сүйлөбөй калдык. Бийликти, анын жасап жатканын актайын деген оюм жок. Жасалып жаткан жаман иштердин бүтүндөй жоопкерчилиги бийликте. Бирок, "кетсинден" эмне таптык. Акаев качып кетти, ага көбүбүз сүйүнүп жүрөбүз. Кубанбай, ыйлаш керек. Кыргыз падышасы качып кеткен эл катары шерменде болдук, тарыхта калдык.
Эмне үчүн жакшы болсун, жакшылык келсин дебейбиз? "Кетсин!" менен жамандыкча кетирген жерге жыргаткан падыша келбейт болуш керек.

Сүйлөгөн сөзү күмүш болсо, турган турпаты алтын
Кулакка кандай жагымдуу угулат. Керек болсо алтын кылып сүйлөсөк болбойбу. Бирок, күмүш, алтын кылып сүйлөмөк турсун, кийинки кезде сөздү жакшы түшүнө бербей, кепти ата-бабаларыбыздай барктай албай бара жатабыз.
Буга эки мисал келтирейин.
"Алдыңарды бала бассын, артыңарды мал бассын!" деген батаны туура эмес, "мал алдыда болот, бала арттан ээрчийт" деп оңдоп кирдик. Ушунун өзү сөздүн кереметин, касиетин, маанисин анча түшүнө албай калганыбыздын белгиси. Илгеркилер бул батаны берип жатканда малын алдына салып айдап, анын чаңында эшек минип бараткан, артында балдары ээрчип келе жаткан адамды элестеткен эмес. "Алдыңарды бала бассын" дегени "кан-жаныңдан пайда болгон тукумуңду дайыма биринчи, алдыга кой, мал, байлык артта болсун, урук-тукумуңдан жогору алдыга койбо" дегенди билдирген. Мында сөз дүйнөсүндө, кеп кыял-чабытында ата-бабаларыбыз ойчу (ойчул, акылман) болсо, биз алардын жанында "мал айдаган" койчу болуп жатпайбызбы.
Ушундайча ой жүгүрткөндүн айынан "Кеп келгенде айтылбаса, кептин атасы өлөт" деген макалды да жерип, тактап айтканда, түшүнбөй, көп колдонбой калдык. Азыр бул макалды айтсаң, "кептин да атасы болмок беле" дешери анык. Анын ордуна "Учуру келгенде айтылбай калган сөз жатында өлүп калган баладай" дегенди колдоно баштадык. Бул жогорудагыдай, эшекти минип, алдыга малды салып айдап, чаңында бара жаткандай бизге түшүнүктүү, элестүү болуп жатпайбы.
"Кеч боло электе этегиңди жап" дегендей, али да кеч эмес, окурман. Сөздүн маани-маңызын терең аңдап, аны кадырлай билели, кастарлайлы, барктап-баалайлы, урматтайлы. Анткени ал - Кудай!
Урматтоо менен,
Токтомаметов Алмазбек Даткабекович