Ким болсо дагы ажобуз, болсо экен жакшы жашообуз
Эгемендүүлүктү алгандан бери кыргыз эли эки президентти баштан өткөрдү. Экөөнүн башкаруу формасы калыпка салгандай окшош. Таң калбай койсо деле болот, анткени А.Акаев ишкананын директору К.Бакиевди өзүнүн "калыбына" салып, бышырып бийликтин туу чокусуна алып келген. "Эжени көрүп сиңди өсөт" дейт кыргызда, "ажону көрүп ини өсөт" тура. Азыр мен президент болом деп "Чабал өрдөк эрте учат" дегендей, "жыртык батиңке кийгендерден" генералга чейин дүүлүгүп турат. "Тулпар ат артында чуркайт" - деп, кимдир-бирөө мыйыгынан күлүп, эбакта эле сценарийи түзүлүп, ал эмес парламенттик шайлоо менен "Генеральная репетициядан" өткөзүп, кимдин 60 пайыздан жогору добуш менен президент болоорун билип, ашыкпай отурат.

Бул оюндун сценарийин өрттөнүп өлгөн М.Садыркулов эки жыл мурун түзүп койгон. Анан парламенттик шайлоо деп "чоң репитициядан" өткөн. Свет жокто, Светлана Сыдыкова айым шайлоо өткөзүп, элге свет бергиси келип, президенттин туулган күнүнө жүз күн калганда президенттик шайлоого жашыл "свет" берди. Мурун түзүлгөн сценарий боюнча "балыктан" өтүп бака болуп "чардап" бараткан кол парламент 23-июлга президенттик шайлоону белгиледи. "Таппасаң сыйпалап кал", биринчи тур өткөндөн кийин соң бир жумадан соң биринчи августта Улуу Урматтуу Курманбек Салиевич 60 жашка толуп жатпайбы. Ага мөөнөтүнөн мурда президент болгондон өтөөрлүк кандай "подарке" бар? Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 1-августтун алдында чыгат, кожоюнга мындан өткөн сый барбы? Демек, накта сценарий түзүлгөн. Экинчиден, бийлик "Бир ок менен эки коенду атып" атпайбы. 2010-жылы октябрда мыйзам боюнча шайлоо өтсө, 2015-жылы октябрды "Улуу Урматтубуз" 65 жаштан өтүп, Конституция боюнча президенттикке коюуга мүмкүнчүлүгү болуп калмак. Эми бир жыл бери жылды эки мөөнөт шайланган 64 жаштагы президент үчүнчү мөөнөткө сөз жок барат, ошон үчүн бир жылды берди да, сценарий боюнча тогуз жылды алды. Ал эми биз болсо келжиреп, бул жолку президентти талашып атабыз. Бул жолку президент ким болоору бештен белгилүү. Ал Бакиев. Таза шайлоо түшүбүзгө кирсин, аза шайлоо болбосун, "маза" шайлоону күтсөк болот.

"Москваны алса, ала берсин, Россияны бербейбиз!"

Өмүрбек Текебаев
Кыргыз саясатынын күзгүсү Өмүрбек Чиркешович болуп кала берет. Текебаев бийлик түзгөн сценарийди билбей коймок беле, билет. Ал эмес бийликтин сценарийи дүйнөлүк державалардын ортосундагы тирешүүлөрдүн алдында шоона эшпей калаарын да билет. Кыргызстан Кошмо Штаттардын геосаясий кызыкчылыктары үчүн Борбордук Азия аймагында плацдарм боло турган бирден-бир демократиялуу мамлекет. Ал эми АКШ керек болсо килтейген Россиянын шайлоосуна кийлигишип туруп, коммунисттерден жеңилип бараткан Ельцинге таяныч болуп беришкен. Батыштын биздин мамлекетке абдан кызыкчылыгы бар, бирок жаңы президент болуп шайланган Барак Обама сценарий менен өтүп кете турган Бакиевге бут тосуп, кадыр-баркын кетирип келесоо болуптурбу. Эгерде Бакиевди кетирүү кызыкчылыгы болсо, ал президент болуп шайлангандан кийин деле "түстүү революция" аркылуу айдап ийсе болорун, тарых тастыктады. Ошондуктан, Батыштын кызыкчылыгы күчтүү оппозицияны сактап калуу, керек болгон учурда пайдалануу. Оппозицияга "гарант" болуп Текебаев турат, демек бийликти алмаштырган учурда бирден-бир талапкер.
Ал эми Россия сүткө оозун күйгүзүп алды. Украинада болгон шайлоодо Янукович Викторду гана колдоп, ал эми Ющенко Викторго каршы туруп. Ющенко жеңип кетип Россия далдырай түштү. Ошондуктан, эми ал бир колу менен Бакиевди башынан сыласа, экинчи колу менен Текебаевди башынан сылайт Кыргызстан жөн турбаган оңбогон өлкө, күтүлбөгөн окуялар болуп кетиши толук ыктымал.
Шайлоого келсек, тактикалык жактан Текебаевдин тагдыры чечилген шайлоого катышпаганы эле туура. Ал эми стратегиялык жактан бийлик кандай гана кыянаттык көрсөтпөсүн оппозициянын уюткусун сактап туруш керек. Михаил Кутузов Напалеон Москванын алдына келгенде: "Москваны алса ала берсин, биз Россияны бербейбиз. Москва үчүн талкалап алсак болбойт" - деп чегинип Москваны тыштап кетип, үч-төрт айдан кийин жеңилбес Напалеондун армиясынын таш-талканын чыгарган.
Ушул мезгилде Өмүрбек Чиркешовичти Кутузовго салыштырып койсо болот: "Мейли Бакиев бийлигине таянып, сценарий менен президентке шайлана берсин, оппозиция сакталып калса, элибиз колдосо, эсирген бийликти кууп чыгарабыз" - дегенсийт. Бул өтө ойлонулган.

"Мен - бул мамлекет"
Курманбек Бакиев
Курманбек Салиевич үчүнчү мөөнөткө шайланып жаткан Аскар Акаевичти 2000-жылы кандай колдогонун билбейм, бирок Акаев президент болоор менен Бакиевди сценарий менен премьер-министрликке алып келди. Ал эмес мураскордукка даярдап жаткан. Арийне, баары бир мураскору болду.
Бакиевди эл зор үмүт менен өткөн шайлоодо президент кылып шайлаган. Көз ачып жумгуча төрт жыл өтүптүр, анын эки жылы "Бакиев кетсин" деген акциялар менен өттү. Акыркы эки жылы азыркы президенттик шайлоого түзүлгөн сценарийдин негизинде өтүп келатат.
Ал эми элибиздин жашоосу кандай? Туура, Акаевдин убагында деле элибиз кыйынчылыкты тарта баштаган. Ошонун натыйжасында кыжыры кайнаган калк Акаевди кетирди да. Же Бакиевдер бийликке келип тойсун деп кетирди беле? Же кыштын күнү тезек терип, элеттиктер электрсиз жашаш үчүн кетирди беле?
Кызык, Токтогул суу сактагычына таң калам. Томсуп-чалкып жаткан деңиз, не себептен соолуп баратат? Отуз-кырк жылдан бери бөксөрбөгөн Токтогулдун кереметтүү сырынын тамыры каякта? Кургакчылык жок болсо, кутурган "кур бакалардын" куу кекиртектерине жем болуп кетип аткан жокпу? Курманбек Салиевич мыкты өндүрүшчү, бул жагын танбайбыз. Бирок, элдин шоруна неге Акаевдин убагынан бери "балкып" жашап келаткан, баягы Балкыбеков, Давыдов, Ширшов деген энергетиканын "түшпөс хандарына" ишенимин артат?
"Манастан Чубак кем бекен?" - деп, Акаев он төрт жылда мамлекетти 2 миллиардга жетпеген карызга батырып кетсе, Бакиев он төрт секундага жетпей эле Россиядан 2 миллиард кредит алган жатат. Кредиттин арты карыз, Акаев деле жеңилдетилген кредит деп атып, мына эми бюджетибиздин тешиги чоңоюп жатат.
Албетте, Улуу Урматтуу Курманбек Салиевичти алтымыш жашка чыгышы менен куттуктайм жана президенттик шайлоодо алтымыш пайыз ала тургандыгы менен андан бетер куттуктайм! Франциянын королу Людовик XVII: "Мамлекет - бул мен" - деп төшүн какчу экен, бирок тагдыры кайгылуу бүткөн, Курманбек Салиевич экинчи мөөнөткө президент болууну 60 жылдык юбилейине "подарка" кылып алса да, элдин кыжырын, журттун кусурун каякка катат?

Көзүр ача, көзүңдү ач!
Алмаз Атамбаев
Биз кыргыздар ар нерсени өз учурунда баамдабай калабыз. Кыргызстанда мартта революция болсо, ушул апрелде Молдовада да бизди кайталады. Ак үй, Көк үйүн басып алып, талап-тоноду эле, Воронин Москваны көздөй безип кетпей, бейбаштарды тез эле тизгиндеп, тартипке салып келатат. "Аттиң" деп бармагын тиштеп, Акаевдин ичи өтүп атат болуш керек, аны угуп алып. Ошол мартта Жалал-Абаддан төрт жүздөй адам Бишкекке жөнөтүлгөн. Атамбаев болбогондо көчүккө тээп кубалап чыкмак, же камерага тыгып салмак. Алмаз Шаршенович Чүй менен Бишкекти бутунан тургузуп Акүйгө алып келди. Камерада жаткан Кулов кимди алып келди? Бийлик дегенде жантыгынан жата калуучу Феликең түрмөдөн чыга элек жатып бийлик талаш баштады. Алмаз Шаршенович албан-албан эмгек сиңирсе дагы мансапкорлорго жол ачып берди. Бир жылдан соң баш көтөрүп бараткан оппозицияга кан-тамыр болуп, министрди таштап, "Реформа үчүн" кыймылын жандандырды. Бул кыймылдын күчүн ушундан билиңиз, күзүндө бийлик кирерге тешик таппай калды. Анан "Конституциялык оюндар" башталды. Аягы, баягы Кулов жыгылып фронт түзө баштады. Эл эки ажырымга бөлүнүп турду. Бийлик кайрадан тешик издей баштады. Ошондо Атамбаев тешик болуп берди. Премьер-министр болуп туруп: "Козелдор эткомбинатка баштап бараткан койлор" тууралуу айтты эле. Көрсө, ошол мезгилде "козелдор" жетинчи этажда кожоюн менен коньяк ичип отурганын билген экен да.
Азыркы шайлоодо Атамбаев түндүктүн картасын алып чыгат. Учурунда Акаев шайлоодо Усубалиевге басым жасоочу. Эми Бакиев алдыга Үсөн Сыдыковду кое берди. Үсөн Сыдыков Бакиев үчүн түштүктү көтөрөт. Арийне, миллионго чукул шайлоочулар эмгек мигранттары катары сыртта жүрүшөт. Анын көпчүлүк бөлүгү түштүктүктөр. таза шайлоо болсо, таразанын ташы түндүккө оойт. Акаевдин премьер-министри Бакиевдин убагында түндүктө деле кадыры бар болчу, экс-премьер-министр Атамбаевдин түштүктө деле колдогон электораты бар. Көзүр туз Бакиевдин колунда, лекин көзүр туз менен деле утулуп калгандар бар.

"Баардык өлкөнүн аялдары, бириккиле!"
Роза Отунбаева
Дамира Өмүркулова деген айым президенттикке талапкер болгону атыптыр, аны күйөөсү эле тааныбаса башка ким тааныйт? Ойго Отунбаева эже түштү, эмне үчүн талапкердигин көрсөтпөйт деп. Бакиев "хвосторун" жое албай институтта окуп жүргөндө эле Роза Исаковна дипломат катары дүйнөгө тааныла баштаган Союз мезгилинде дипломат болуш үчүн азыркыдай тааныш, акча эмес билим, зээн, тил зарыл болчу. Бакиев кичинекей районго аким кезинде, Отунбаева эркин, эгемендүү мамлекеттин тышкы иштер министри болчу. Эски Союз, азыркы КМШ да саясий деңгээли бийик үч аял болсо, үчөөнүн бири Роза Исаковна. Грузияда Нино Бурджанадзе Саакашвилини мурдунан жетелеп бийликке алып келсе, Украинада Юлия Тимошенко Ющенкону мурдунан жетелеп бийликке алып барып, "мышык-чыкан" ойнотуп атат. Отунбаева Бакиевди, чынын айтыш керек, мурдунан жетелегенин көргөнүбүз жок, бирок, 2005-жылдын 24-март күнү Роза эже Курманбек Салиевичти колунан бекем кармап алып, Ак үйдүн алдындагы митингди көздөй жетелеп келатканын өз көзүм менен көргөм. Ошол мезгилде ызы-чууда Отунбаеванын кадыр-баркы менен Кыргызстан тышкы саясатын жөндөп кете алды. Айтматовдун көзү өткөн соң, дүйнөдө Отунбаевадай кадыры өткөн инсан жок кыргызда. Мейли, эркектер миң чычалайлы, чындык ушундай. Роза Исаковна он эркектин арасында талапкердигин койсо, урматтуу аля "жолдоштор, сиздерди жөн эле чачы узун, акылы кыска" - деп басынтып атышат. Ошондуктан, шайлоодо күйөөңөрдүн тилин албай "акылыбыз узун эле" деп, Отунбаеваны шайлап койсоңор, эркектер утулганынан чычалап жатып калсын.
Бирок да КСДПдан Атамбаевге жол берген Отунбаева президенттикке талапкердигин койбойт да. Болбосо ааламга атагы бар эжебиз, эне... Кайсы эне өз баласын ач калтырат? Айбан да болсо өз баласын эч ач калтырбайт. Өзү ачтан өлсө да, эне тапканын балдарына берет. Эне киши президент болуп калса, эч качан эли ачка калбайт! Ошондуктан, "Баардык өлкөнүн аялдары, бириккиле" да Отунбаеваны президенттикке талапкер катары көтөргүлө.
Азизбек Эсенбаев
(Уландысы бар)