Бабырбек Жээнбеков,
"Ачык Саясат" гезитинин башкы редактору:
"Мен Кыргызстанга сөзсүз кайтып келем"
"Ачык Саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Нью-Йорк шаарындагы ооруканада жүрөгүн дарылатып чыкты. Буга чейин белгилүү болгондой Жээнбековго каршы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан "шылуунчулук" деген берене боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Океандын ар жагына дарыланууга кеткенден кийин Жээнбеков Кыргызстанга келеби же АКШда баш паанек сурап калабы деген жоромолдор коомчулукта көп айтылууда. Ушул суроолорго жооп алуу үчүн "Азаттык" Бабырбек Жээнбеков менен маек курду.

- Бабырбек мырза, жаңы эле ооруканадан чыктым-деп жатасыз. Азыр өзүнүздү кандай сезип жатасыз?
- Нью-Йорк шаарындагы ооруканадан чыкканыма мына бүгүн эки күн болду. Бул жердеги медицинанын деңгээлине абдан ыраазымын, ушунчалык операцияны тездик менен жогорку деңгээлде жасап беришти. Кудай буйруса ден соолугум жакшы болуп калды. Кыргызстандагы айрым массалык маалымат каражаттары Жээнбеков операцияны шылтоолоп Америкага качып кетти, эми экинчи келбейт деген маалыматты айтып жаткан экен. Эми муну ошол журналисттердин абийир-уятына коелу. Бирок мен Кыргызстандан качкан жокмун, бир аз жакшы болгондон кийин Кыргызстанга барам, билетимди да дайындап койгом.
- Кыргызстанда сиз кириптер болгон кылмыш иши турат, иш тергелип, сот жараяны болуш керек. Сот адилет карайт деп ойлойсузбу? Деги эле Сиз жеке коопсуздугуңуз үчүн коркпойсузбу?
- Кыргызстандын сот системасында адилет сот системсы барбы, жокпу деген, албетте, ойлонто турган маселе да. Бирок менин абалымдагы киши сот адилеттиги жок деп эч убакта айткысы келбейт. Анткени кандай болгон күндө да, адам эртеңки күндөн кандайдыр бир жакшылык болсо экен деп үмүттөнөт. Ошондуктан мен дагы эртең сот процесси боло турган болсо, албетте, соттордон акыйкаттыкты күтөм.
Экинчиден азыркы тергөө органдары мага таккан айыпты мойнума алган жокмун. Анткени бул иш 2007-жылы бир козголгон болчу. Республиканын Башкы прокуратурасы бул боюнча тергөө жүргүзүп, жарандык тартипте чечилүүчү маселе экен деген негизде ишти кыскарткан. Түшүнүктүү себептер менен бул иш кайрадан козголуп жатат. Мен дагы эле, эгер сот акыйкат жүрө турган болсо, мыйзамдын талаптары аткарыла турган болсо, анда бул кыскартыла турган иш деп ойлойм.
Мен көптөн бери эле кайталап айтып келатам - бул биринчи кезекте Жээнбековдорду майтарууга, сындырууга болгон бийликтин аракети. Анткени менин уулум Равшан Жээнбеков дагы эки жылдан бери өз элин, өз жерин көрүүгө зар болуп, алыскы Америка жергесинде жүрүүгө аргасыз болууда.
Ага дагы болбогон шылтоолор менен кылмыш ишин козгоп, Интерпол аркылуу издөө жарыялап, сот камакка алынсын деген чечимин чыгарып койгон. Эми бул эмне үчүн мындай болуп жатканы сокур адамга да көрүнүп турган нерсе. Мен "Ачык саясат", ага чейин "Алиби" гезитин ачып, иштетип баштадым. Ошондон бери бул Жээнбековдор тынчыбайт экен деген ойдо Равшанга эч нерсе кыла алышпагандан кийин, Кыргызстанда жүргөн атасына бир чара көрсөк булар тынчып калабы деген максат менен ушундай иштерге барып жатышат. Бул эми белгилүү нерсе.
- Сиз тергөө, жараяны менен таанышып жаткан учурда жүрөгүңүз ооруп, ооруканага жатып калдыныз. Керт башыңыздын кыйналганына кайыл болуп, Кыргызстанга барып соттон акталып чыгам деп ишенип турасызбы?
- Бул жерде бир кызыктуу жагдай болду. Тергөө кандайча болгону тууралуу көп жерде айткан жок элем, эми "Азаттыктын" угарман-окурмандарына айта кетейин. Мени 10-март күнү тез жардам машинасы менен Республикалык кардиология борборуна алып келишти. Ошол учурда биз кардиологиялык борборго жете электе Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Жээнбековду алып келишет экен деп борбордун оозунда бизди күтүп турушкан экен. Мен буларды, албетте, билбейм. Бирок, кийин ошол жерде чогуу болгон адамдар айтып беришти.
- Алардын максаты эмне болгон?
- Алар "Жээнбековду ооруканага алып келген жок, ал алдап тергөөгө келбей жатат, эгер ошол чын болсо аны алып барып камайбыз" деген максат менен келишкен. Бирок, мени алып келип реанимация бөлүмүнө жаткырышты. Ошондон баштап мен 15 күн кардиология борборунда жаттым. Тергөөчүлөр ал жерде да мени жөн койбой, кудайдын куттуу күнү да келип-кетип турушту.
Дарыгерлер сурак кылууга, башка тергөө амалдарын жүргүзүүгө уруксаат бербей койгон экен, бирок ошого карабастан алар кадимки жумушуна келгендей болуп келип, мени көрүп кетип жатышты. Мыйзам боюнча мындай кылууга алардын акысы жок эле, кийин дарыгерлер дагы айтышты.
Адам ооруканада жаткандан кийин, андан калса жүрөгү ооруган кишиге тынчтык керек болчу. Булар болсо тескерисинче, моралдык-психологиялык жактан басым жасап, мунун духун өлтүрөбүз деген максатта күндө ооруканага келип, мага көрүнүп жатышканынын өзү мага оор тийип жатты да. Аябай оор тийет экен. Албетте, эми бул коркуу сезими эмес, бирок адамда кандайдыр бир деңгээлде өзүн-өзү сактоо сезими болуш керек.
Менин коргоочум "мына Жээнбеков азыр ооруканада жатат, ушул мезгилде ишти убактылуу токтото тургула" деп өтүнүч келтирди. Бул мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок, алар мыйзамды аткаруудан баш тартып тергөөнү токтотпой коюшту. Акырында мен ооруканадан чыккан күнү булар тергөөнү бүтүп, иштин материалдары менен тааныштырып, анан алар ишти сотко өткөрүшүптүр.
- Анан айтсаныз, Америка Кошмо Штаттарына кантип келдиниз, же дарыланып келүүгө уруксаат бериштиби?
- Тергөө бүткөндөн кийин мыйзамга ылайык мен эч жакка чыкпоо тууралуу тергөөчүгө тил кат бердим. Бирок, менде Бишкекте операция жасатууга мүмкүнчүлүк жок, экинчиден ишеним да жок экенин тергөөчүгө айтып, башка жакка барып операция жасатуу керек болуп жатат десем, ал түшүндү.
Тергөөчүгө рахмат, ал киши "Болуптур, сиз барып келиңиз. Ага чейин мен кагаздарды тиркеп, тигинтип-минтип, ишти сотко, прокурорго өткөрөм. Ошентип 15-20 күндө иш сотко барып калат, ага чейин сиз келип калыныз" деди. Мен ал кишиге эч жакка качпайм, мен келип берем деп убада бердим. Ошондой бири-бирибизге убада берип, ишеним менен мен ушул Нью-Йорк шаарына келип отурам.
- Ушул сөздөрдүн артында ата - бала Жээнбековдордун Кыргызстандан чыгып кетишине мүмкүнчүлүк берилди деп
ойлобойсузбу?
- Жок. Мен тергөө учурунда дагы айткам. Биздин тилектеш, оппозицияда жүргөн санаалаш достор, жолдоштор дагы "балаңа жакшылык кылбаган бул бийлик сага жакшылык кылмак беле, андан көрө мүмкүнчүлүк болсо кетип кал"- деген сөздөр бир топ эле болду. Бирок, мен ошондо эле бүгүнкү күндө менин балам аргасыздан чет мамлекетте жүрүп атса, анан ага барып мен да кошулуп, экөөбүз тең жүрүп алсак, анда биз элдин бетин кантип карайбыз. Анда Жээнбеков деген атыбызды өчүрүп, башка ат менен бул жакта жашап калышыбыз керек. Кандай болгон күндө дагы, мен Кыргызстандан качпайм. "Сөзсүз кайтып келем" деген сөз менен келгем. Ошондуктан Кыргызстанга кайтып барам.
- Рахмат, Бабырбек мырза! Тезирээк сакайып кетиңиз.
Гүлайым Ашакеева, "Азаттык"




  Бийликтин ишин ...искейин

Калп айтканды качан токтотобуз?
Бүт Кыргызстан сыяктуу эле Таластагы 27-марттагы жалпы элдик нааразылык да бийликтин тоскоолдуктарына карабастан болуп өттү. Ошол тоскоолдуктардын айрымдарын гезитибиздин 31.03.09.күнкү санына куш тилиндей кабар менен элге маалымдасак, ага чычалаган Таластын бийлиги 6 барактан турган этектей жооп жөнөтүптүр. Жөнөткөн жообу 19-кылымдагы Чеховдун Ванясы "Айылдагы атама" деп жазган каттын эле азыркы замандагы үлгүсү: кимге,качан, ким жөнөткөнүнөн ныпым түшүнүк жок. "Ачык саясат"-ушиякта эмей, каяктасың" деп көздү жуумп ырдаган ыраматылык Алымкул Токтогулга жолуккандагыдай эле "төккөн экен". Экинчиден, өздөрүн актап жөнөткөн жоопто кайра өздөрүнүн артын өздөрү ачканын билген бирөө жарым жок окшойт-болбосо эл алдында дагы бир жолу калпыбыз чыкпасын дешпейби. Эмесе өжөр факты менен сүйлөйлү.
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын Талас шаардык уюмунун координатору М.А.Шералиевдин 17.03.09. күнү Талас шаарынын мэри Э.Турсункуловго жазган Кайрылуусу: "2009-жылдын 27-мартында саат 11-де Кыргызстан боюнча нааразычылык митинг өткөрүлөт. Ошондуктан Талас шаарына нааразылык митинг өткөрүүгө уруксат берүүңүздү суранабыз".Бул арызды мэр шаар сотуна жиберет.
Талас шаардык сотунун ГД-96/0915 номерлүү иш боюнча 20.03.09. күнү чыгарган чечими: "Доогер Талас ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын жоопкер "Ата Мекен" социалисттик партиясынын 27.03.09-ж. саат 11:00дө Талас шаарында нааразылык митинг өткөрүүсүнө тыюу салуу жөнүндөгү доо арызы канааттандырылсын". (Чечимдин сабатсыз жазылгандыгына көңүл буруп койгула: мэр "митинг өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө" деп соттон мурун эле тыюу салган доо арыз берген имиш)
Эми обладминистрациядан келген этектей жооптон үзүндү: "25-мартта БЭКтин Талас облусу боюнча координатору К.Курманалиева Талас ш. мэри Э.Турсункуловго билдирүү жасап, 27-мартта митингди А.Огонбаев ат.музыкалык мектебинде же "Кырк чоро" кинотеатрына өткөрүүгө уруксат сураган. Талас шаарынын мэри бул өтүнүчтү орундатып, митингди "Кырк чоро" кинотеатрында өткөрүүгө уруксат берген." Кимисине ишенели?? Митинг өтпөсүн деп чечим чыгарган Талас шаар сотуна ишенелиби же "мэр уруксат берген" деген облакимчиликтин жообуна ишенелиби? Таласта уруксатты кааласа сот, кааласа мэр бере береби? Бийликтегилер кубулма, эки сүйлөйт десе ишенбейсиңер.
Гезит ушундай бут тосууларды гана жазган.
Ал эми митинг болсо "Ата Мекендин" штабында, КТРдан дагы калп айтып, 8-9 киши эле катышып эмес,эл батпай, көчөгө чейин чыгып, транспорттун жүрүүсүнө кооптонуу келтирген шартта, бирок ызы-чуусу, тополоңу жок эле өткөн.
Бийлик минтип калп айта берсе элдин чыдамын чыңалтып бүтөт го.

К.Маткабылов