"Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch)
Кыргызстан: 2008-жылдын окуялары (Бүткүл дүйнөлүк доклад)
Бүгүнкү күнү өлкөдө саясий көз караштын ар түрдүүлүгүн жана аткаруу бийлигине коомдук көзөмөл жүргүзүүнүн маанилүү факторлорунан болгон негизги эркиндиктерин кысымга алуу күчөөдө. 2008-жылы чогулуштарды өткөрүү эркиндиги менен дин эркиндигин ооздуктоо багытында мыйзамдар кабыл алынды же аларга өзгөртүүлөр киргизилди. Өкмөт тарабынан кыйноолордун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча кабыл алган милдеттемелери аткарылбайт. Журналисттер менен өкмөттүк эмес уюмдардын активисттерин кысымга алуу чектен чыгууда.

2007-жылдагы Конституция боюнча Кыргызстан өзүн демократиялуу өлкө катары жар салууда. Мамлекет ичинде жүрүп жаткан процесстерге абай салган эл аралык уюмдардын бул багытта бизге берген баасы кандай?
Дүйнө жүзүндө эң абройлуу, калыс эсептелген "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) аттуу адам укугун коргоочу эл аралык уюм 2009-жылдын март айында шайлоолор, жарандык коом, чогулуш, басма сөз эркиндиги, кыйноолор ж.б. маселелер боюнча бүткүл дүйнөлүк отчетун жарыялап, Кыргызстанга өзгөчө көңүл буруп өткөн. Бул деген демократия жаатына келгенде Кыргызстан көп нерселереден артта калган дегенди түшүндүрөт.
Бүткүл дүйнөлүк бул докладга "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков да киргизилип, анын кылмыш куугунтугуна алынышы эл аралык тынчсызданууну жаратууда.
Бүгүнкү саныбызга докладдын кыскартылып которулган вариантын берүүнү туура көрдүк.

Шайлоолор
ОБСЭ "колдон жулдурган мүмкүнчүлүк"-деп атаган 2007-жылдын, декабрындагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы боюнча президенттик "Ак Жол" партиясы басымдуу абалдын ээси болду. 2008-жылдын сентябрында алдыдагы жергилктүү кеңештерге болуучу шайлоолордун тегерегинде абал оордошуп, президенттин уулу мени коркутту деген БШК төрайымы өлкөдөн качып чыгууга мажбур болгон. Жергиликтүү ӨЭУ өкүлдөрү шайлоо жүргүзүлгөн 5-октябрь күнү байкоочулар менен шайлоочуларга басым көрсөтүлгөнүн жарыя кылышты.

ММКлар эркиндиги
"Медиа өкүлчүлүк институту" өкмөттүк эмес уюмунун билдиргенине караганда ушул маалыматтарды даярдоо учуруна карата кыргыз журналисттери жана массалык маалымат каражаттарына карата кеминде эле жети кылмыш жана отуздан ашык абийирин жана ар-намысын коргоо боюнча жарандык иштер ачылган.
Президенттин бир тууган инисинин уулуна чагым жасашкан деген күнөө менен сот жообуна тартылган оппозициялык "Де-факто" жана "Алиби" гезиттеринин башкы редакторлорунун куугунтукка алынышы өзгөчө тынчсызданууну пайда кылууда. Июнь айында алар бир миллион сомдон айыпка жыгылышып (28,5 миң доллар), акырында төлөбөгөндүгү үчүн-деп, кылмыш жообуна тратылышкан. Натыйжада, "Алибинин" редактору Бабырбек Жээнбеков сентябрдын башында эки сутка "камакка" алынып, "Де-фактонун" редактору Чолпон Орозобекова өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.
2007-жылдын октябрында киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун кылмыш иши 2008-жылдын октябрь айында убактылуу токтотулуп, кайрадан жандандырылган. Өлтүрүүгө тиешеси бар деген шектүү адамдардын аттары аликүнчө айтыла элек. Июнь айында ММКлар жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президентке мамлекеттик телерадионун директорун өзү каалагандай дайындоого мүмкүнчүлүк берип, аны коомдук берүүлөрдүн борборуна айлантабыз деген мурдагы пландарды түп-тамырынан жок кылууга алып келди.

Жарандык коом
Өкмөттүк эмес уюмдар иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону менен, бийлик тарабынан аларды кысымга алуу күн санап күчөөдө. "Жарандар коррупцияга каршы", "Кылым шамы", "Лабрис", "Тынчтык - маданият шооласы", Норвегиялык Хельсинки комитети сыяктуу жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын офистерин милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүлөр жана тинтүүлөр жүргүзүлгөн. Мисалы: 8-апрель күнү милициянын үч кызматкери "Лабрис" өкмөттүк эмес уюму уюштурган аялдар жашырынуучу жайга күч менен кирип келишип, ордерлери жок туруп ӨЭУмдун документтерин текшеришип, камайбыз деген коркутуунун негизинде имараттын ичиндеги адамдардын бардыгынан документтерин көрсөтүүнү талап кылышкан. Текшерүүнүн аягына чейин алар бир дагы расмий күнөө тага алышкан эмес.
2008-жылдын 1-февралында Ошто уурдады деген шектүү айып менен адвокат жана укук коргоочу Саидкамил Ахмедов бир жылга шарттуу соттолду. Ал Казакстанда качкын наамына ээ болгон, 2007-жылы Өзбекстанга туугандарын көргөнү келип, өзбек бийликтери аны күч колдонуу менен Кыргызстанга өткөрүп берген. Бул эки өлкөдө ал жалпысынан беш ай бою камакта отурган.
2008-жылдын 12-октябрында белгисиз себептер менен Норвегиялык Хельсинки комитетинин өкүлү Ивар Дейлге өлкөгө кирүүгө уруксат берилген эмес. Андан бир ай мурда эле сот органдары тарабынан ал Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзгөн жана визалык анкетасында "жалган маалыматтарды" көрсөткөндүгү тууралуу бийлик өкүлдөрүнүн айыптоолорун жалганга чыгарган чечим кабыл алынган болчу.
2007-жылдын декабрь айында 13 жаш активисттер менен укук коргоочулар Бишкекте чакан тынч пикет уюштурушкандыгы үчүн камакка алынышып, эки сутка бою жылытылбаган камерада арс чычкандар менен чогуу отуруп чыгышкан.

Чогулуу эркиндиги
2008-жылдын июль айында Конституциялык сот массалык иш-аракеттерди өткөрүүгө уруксат алуу тартиби Баш мыйзамга карама-каршы келерин тастыктаган чечим кабыл алды. Иш жүзүндө Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдагы борбор шаарда митингдерди жана демонстрацияларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамсыз токтому жокко чыгарылган эле. Бирок, 6-август күнү президент Курманбек Бакиев 2002-жылдагы "Жарандардын тынч, куралсыз, эркин чогулуп митинг жана демонстацияларды өткөрүү укугу тууралуу" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип койду. Бул өзгөртүүлөр негизинен уруксат берүү тартибин жолго коюп, нааразычылык акцияларын каалаган убакта өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып отурат: жаңы редакция боюнча аны уюштуруучулар 12 күн мурда пландаштырылган кандай гана иш-чара болбосун, анын катышуучуларынын санына карабастан жергиликтүү бийликке билдирүү жөнөтүүгө милдеттендирилет, бийлик болсо өзүнүн "макул экендигин жүйөөлөп" берүүгө да милдеттүү эмес, б.а. областардын губернаторлоруна массалык иш-чараларды пландаштырууга каалагандай кийлигишүүгө ашыкча укук беришип отурат.

Кыйноолор
2008-жылдын 18-апрелинде Кыргызстан БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын факультативдик протоколуна кол койгон. Мындай аракетти кош колдоп кубаттого гана болот, бирок Кыргызстанда кыйноолор менен кармалгандарга карата зордук-зомбулук мамилелер күнү бүгүн кеңири уланууда. 2008-жылдын 9 айынын ичинде "Эркиндик күнү" укук коргоо тармагы тарабынан прокуратура тарабынан, прокуратура органдарына кыйноолор жана чектен чыккан аракеттер тууралуу 40тай арыз өткөрүлгөн. Алар боюнча ондогон текшерүүлөр жүргүзүлүп, калгандарын прокуратура органдарын негизсиз деп тапкан же жөн эле жоопсуз калтырып койгон. 2008-жылы сот органдарына бул багытта бир дагы иш түшкөн эмес.
2008-жылдын март айында кыйноолор боюнча бир кылмыш иши ачылган (милиция кызматкерлери бир адам менен төрт өспүрүмгө карата чектен чыккан иш-аракеттерди колдонду деген айып менен). Жабырлануучулар 29-февралдан 3-марттын аралыгында Бишкектен камакка алынып, уурулукту моюнга алдыруу максатында аеосуз кыйнап, уруп -сабашты деп милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазышкан. Ушул обзорду даярдоо учурунда тергөө алдында бир гана милиция кызматкери калып, ага бир өспүрүмгө карата ыйгарым укугун ашыра пайдаланган деген айып тагылган.

Эл аралык негизги оюнчулар
2008-жылдын июль айында Европа биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуу кеңешинин 10-заседаниясы болуп өттү. Анын жыйынтыктоочу билдирүүсүндө ЕСтин Борбордук Азия багытындагы стратегиясында өсүүлөрдүн бар экендиги белгиленип, ошол эле убакта "айрыкча ММКлар эркиндиги менен чогулуу эркиндиги жаатындагы" акыркы окуялар жөнүндө өкүнүү менен баса белгиленип айтылган. Октябрдын ичинде адам укугу боюнча жыл сайын өтүүчү раунддардын биринчи сүйлөшүүсү болуп, анын жыйынтыгында "ЕС Кыргызстан менен ар тараптуу, кеңири кызматташууга аракет кылат" - деген билдирүү жарыяланган. Тилекке каршы, адам укугу жаатында кандайдыр бир конкреттүү, максаттуу иш чаралар аныкталган эмес.
Март айында АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосунда сот системасы менен коррупцияга каршы күрөштү реформалоо багытында "Миң жылдыктардын чакырыгы" программасынын алкагында 16 миллион доллар бөлүү жөнүндө эки жылдык келишимге кол коюлган. Бирок, жергиликтүү укук коргоо уюмдары Америка тараптан "кыргыз өкмөтү бул иштерди аткарууга чечкиндүү даяр экендигин далилдемейинче" келишимге кол коюуга шашпай туруусун ынтызарлык менен суранууда.