Ыйлаган соттор аз

Бет тырмалык
Онкологиялык операциядан чыкпай каламбы деген Баси Турдубекованын ичээр суусу бар экен - биринчи Кудай, анан врачтар аны эл катарына кошту. Бирок абалы мурдагыдай эмес - 2-топтогу майып. Өлбөгөн жанга жашоо керек экен:"Токтогулда өзүбүз салып жашаган тамды адилет соттор аркылуу кайтарып алсам, өз үйүмө кирип, калган өмүрдүн соңун ошол жерде өткөрсөмбү" деген үмүттө жүрөт. "Өмүрдүн соңу" дегидей, Баси карып калган деле адам эмес, пенсияга жаңы эле чыккан, орто курактан ооп бараткан келин. Небере, жээндердин чулдур тилине, кызыктуу кылыктарына кумарланып турган кези.

Убада сөздүн кадыры кетти
Токтогул шаарчасындагы мурунку Максимовка-59, азыркы Кушубаков көчөсүндөгү турак үйдүн ээлери, жубайлар Казыбеков Калыбек менен Турдубекова Баси ден соолуктарына, турмуш шартка байланыштуу 1998-ж. Бишкекке кетүүгө мажбур болушуп, декабрда айына 500 сом акы алуу менен Токтогул МАИсине башчы болуп келген Каримберди Таштановго убактылуу квартирага беришет. Үйдүн ачкычын Каримберди өзү алып, бир нече ай жалгыз жашайт. Иштин эң алгачкы ириген жери ушул болуптур -үйдү батирге эч кандай документсиз эле (келишим түзүү, тил кат берүү аркылуу эмес), ата-баба салтындагы ишенимге, убадага, макулдашууга таянып берип коюшкан. Пейил бузулаарын ким ойлоптур?
1999-жылы августта Баси Турдубекова республикалык онкологиялык ооруканада операцияга даярданып, каражаттан каржала баштаганда Токтогулдагы үйүнө-22-9-75 телефонуна чалса, трубканы МАИнин аялы Анарбү алып, "акча керек болуп жатса мен деле бералам" деп аркандын учун узун таштайт. Күйөөсүн шаштырганбы, айтор 32 миң сомду арыдан- бери таба коюшуп, Басинин бир тууган сиңдиси Гүлмирага беришет да, андан диктовать этип тил кат жаздырып алышат "эжемдин сатылган тамы үчүн 32 миң сом алдым" деген мааниде.Гүлмира "эже-жездем тамды сатабыз деп сөз кылышкан жок эле, тил катты бекер жаздым" деп чийки май жеген ойдо калат.
Ошондон кийин Каримберди Таштанов тамды өзүнө таандык кылып алуу боюнча чала бүткөн мурдагы документтерди жок кылып, жаңысын кайра түзүп чыгуу "операциясын" баштайт. (Ниеттери түз болсо Бишкекке бир келгенде Басиге жолугуп, "Жакшы болуп калдыңызбы" дешип каада-салтты сактап, анан "тамды сатып алуу боюнча документтерди бүтүрө берелиби?"-деп үйдүн документтерин эмне үчүн сурашкан жок?)

Пейилдин бузулушу
Алгач адамдын пейили бузулуп, калган иш-аракеттер ошол пейилдин буйругу менен башкарылат окшобойбу. Адамдын пейили бузулса оңолушу жеңилдир, ал эми замандын, коомдун пейили бузулса, анын оңолушу оор. Оңосо бир журт башы, анан соттор оңомок, бирок алар да "рынок заманы ушундай" дешип напси тизгинине ээ боло албай, "кызыл-кызыл кекиртек,кыйла жерге секиртет" болуп башка жолго түшүп алышпадыбы?..
Бишкекте онкологиялык операция башталса, Токтогулда бар тамды жок кылып, экинчисин "пайда кылуу" "операциясы" башталат. 32 миң сом "там акысы" Бишкекке берилгенден кийин МАИнин чоңу К. Таштанов "бардык фронт боюнча" чабуулга өтүп, алгач поселкалык өкмөттүн төрагасы Делегат Турдукожоевдин "пейилин оңдойт." Батирде турган К.Таштанов менен ал бет маңдай үйдө кошуна жашашчы.Кошуналар кирип-чыгып чай ичишип турушат да. Анын эмнеси жаман. Кыргыздын канында бар нерсени кантип жок кыла аласың...
10.08.1999-ж. поселкалык өкмөттүн төрагасы Д.Турдукожоев "Токтогул шаарчасынын Максимовка көчөсүнөн жеке менчик турак жай салуу үчүн К.Таштановго 0,07 сотых жер аянты бөлүнүп берилсин" деп №49 токтом токуп берет. "Жер бөлүнгөн Максимовка көчөсүндө там салууга бош жер 1974-жылы эле калбаптыр го, милийса кайсы жерге там салды?" деп атайы ат арытып барып, өкмөт башчысынын көздөрүн карап туруп сурасак - көзүн ала качат. Бул би-ир деңиз.
Эми экинчи мыйзам бузууну көрүп алыңыз. Поселкалык өкмөттүн ушул №49-токтомун юридикалык негиз кылып алып, ошондогу райондук архитектор Т.Осмонкулов 14.08.1999-жылы минтип АКТЫ түзөт: (керектүү жерин гана келтирейин)"...Токтогул поселкалык Советинин жер бөлүп берүү жөнүндөгү 10.08.1999-ж. №49-чечиминин негизинде архитектура бөлүмү иштеп чыккан курулуштун долбооруна ылайык жерди өлчөп бөлдүк жана турак үйдүн, чарба курулуштарынын негизги түзүлүштөрүн пландадык. Жер участогунун аянты 700 кв. метрди түзөт. Жер участогунун чектери жана курулуштун пландоолору жердин өзүндө белгиленди (жыгач казыктар менен) жана үй куруучу К. Таштановго өткөрүлүп берилди" деп. Анан ошол эле 14-август күнү типтүү келишим түзүлүп, үйдүн генпланы да чийилип, МАИнин начальнигине "падаркеге" берилет.
(Ой тукумуң өскүрлөр оо-оой? Үйдү пайдубалынан бери өзү курган ээси Казыбеков Калыбек тирүү турса, анын аялы Баси Турдубекова Бишкекте онкологиялык ооруканада операциядан кийин оор абалда жатса, булар "алардын үйүнүн үстүнө" жаңы казык кагып, үй куруп салганын көрдүңөрбү? Үйдүн баштапкы документтерин ким жоготту? Ал документтер боюнча Токтогул райондук аткаруу комитетинин 1974-ж.14-майдагы №193-чечимине ылайык ушул 1-микрорайондогу №2-кварталдын К.Маркс көчөсүнөн (ушул жерди эстеп койгула!) Казыбеков Калыбекке жалпы аянты 722 кв.метр болгон №147-участокту берүү жөнүндөгү чечими каякка жок болду? Азыркы архитектура, мамкаттоо, сот органдарында жок болсо ал чечим редакцияда бар.) Бул эки-и деңиз.
Ошентип МАИнин начальниги К.Таштанов 10-августтан 14-авгуска чейинки 5 күн ичинде бакыйган "үйлүү" болот да калат.
("Операция" кандай жүргөнүн көрдүңөрбү? Мындай көрүнүш, б.а.бар документтерди жок кылып бирөөнүн менчигин тартып алуу мурдагы Акаевдик жана азыркы Бакиевдик Кыргызстанда кадимки эле катардагы нерсе болуп калбадыбы.Гезитке канча жолу жазсаң да ал боюнча эч кандай чара көрүлбөйт, аны чымын чакканчалык сезишпейт. Сезишпейт десең былык-чылыктарды жазып жаткан журналисттерди бурч-бурчтан сабап,токмоктоп, ал турмак өлтүрүп атпайбы. Мыйзамдын үстөмдүгү өкүм сүргөн өлкөлөрдө тигил же бул мыйзам бузуу, ага кызматтагы адамдын тиешеси бар экендиги жөнүндө гезитке макала чыкты дегиче, анын келечектеги карьерасына запкы кетип, же отставкасы даяр дей берсеңиз болот. Бизде андай болушка он чакты төөнүн куйругу жерге тийчи убакыт керек. Бирок да жакшы үмүт менен "ошондой өлкө бололу"-деп жазып жатканыбыз да.)
"5 күндө бүткөн үй" МАИ началңниги үчүн ак жолтой, ырыс-кешиктүү үй болду. Парламенттик шайлоодо Таирбек Сарпашев депутат болуп, не деген салмактуу атаандаштарын көтөрүп чаап, бул үй штаб болбосо да "пыштаб" болгонун кошуналар айтып беришти, эл да билет.

Из жашыруу
Каримберди менен Анарбүнүн "жаңы салган" тамында бактылуу жашоосу көпкө созулбады. "Онкологиялык операциядан чыгабы-чыкпайбы" дешкен Баси 2003-жылдан баштап өз үйүн кайтарып алууга кирише баштайт. 2005-ж.мартта өлкөдө бийлик алмашып, богуна куурай сайдырбай чалкалап жүргөндөр жасаган былыктарынын алапайын таппай далбастай башташат. МАИ Каримберди, анын тың чыкма аялы Анарбүбү Кудайдан сестене баштадыбы же жаңыча шарттын жагдайы ошого такадыбы, айтор ал үйдөн көчүп кетишип, тамды Анархан Чоюбековага ишеним кат менен таштап кетишет. Анархан Чоюбекова экс-спикер Таирбек Сарпашевдин жеңеси Бакын Чоюбекова менен бир фамилияда болуп калганын караң? Пай-пай! . МАИ начальниги К.Таштанов жөн сыйырдын богу эмес экенин билдиңерби? Айыл өкмөт баш болуп, райархитектор төш болуп документти 5 күндө ага бүтүрүп бербегенде, катардагы мугалим Басиге бүтүрүп бермек беле? Мына, мыйзамды кимдер тебелеттирип, кимдер тебелеп жатканы. Ал убакта Т.Сарпашевдин боткосуна кимиңер куурай сая алчы элеңер?
А.Чоюбекова ага берилген ишеним кат менен 5.07.2007-ж. Токтогулда элдин баары тааныган Бактыбү Кожобердиевага тамды 250 миң сомго "сатат." Кошуналардын айтымында, ал айым "сатып алган" үйүнө бир күн да жашабаптыр. Же жашагысы келбедиби, балким андай үйлөрү аябай көппү, айтор ортодон 9 ай өтүп-өтпөй эле 14.04.2008-ж. азыркы үй ээлери-Кубанычбек Өмүрзаковго 600 миң сомго сатып жиберет. Бул ү-үч деңиз. МАИнин ушул үч түйүнүн соттор 4-5 жылдан бери чечалбай убара.

Жергиликтүү соттор калысыраак
Жакындары Басини сотко ишенбе дешет. Ал "Жок, антпегиле. Мен өмүр бою тарбиячы, мугалим болуп иштеп, балдарды андай болгула деп тарбиялаган эмесмин" дейт. Адилеттик болот деп үмүт этип, сот аркылуу тамын кайтарып алуунун аракетин көрүп, акыркы үмүтү үзүлө жаздап, соттордон да көңүлү кайт боло баштаганда, бизге келиптир. Ажалдын оозунан бери кайткан адам тирүүлүктүн, жашоонун кадырын башкаларга караганда алда канча барктап, адам жашоосу адал болсо деп калат окшобойбу.
БАСИнин үйү кантип МАИнин үйү болгонун көрдүңөр. Ушул маселени жергиликтүү,б.а. 1-инстанциядагы соттор адилет чечкенине үй ээси ыраазы. Мына, алардын чыгарган чечим, токтомдору:
29.03.2004-ж. Жалал-Абад облсотунун жарандык иштер боюнча коллегиясы. Төрагалык кылуучу- Б.К.Кубанычбеков. Коллегия ЧЕЧИМ КЫЛАТ:Токтогул поселкалык өкмөтүнүн 10.08.1999-ж. Максимовка көчөсүнөн К.Таштановго турак жай салуу үчүн 0,07 сотых жер аянты бөлүнүп берилсин деген №49-чечими жараксыз деп табылсын.
Бул талаш үй боюнча чыгарылган райархитектуранын 14.08.1999-ж. типтүү келишими, нотариустун 11.01.1999-ж. күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
25.08.2005-ж. Токтогул райсотунун өкүмү.Төрагалык кылуучу - судңя Б.Бактыгулов. Сот ӨКҮМ КЫЛАТ: Токтогул рай архитектурасынын инженери Болотбек Жапаров КР КЖКнын 315, 316-ст.2-бөл. менен күнөөлүү деп табылсын. (Архитектор Т.Осмонкулов эмес, инженер Б.Жапаров күнөөлүү болгон себеби-К.Таштановго архитектуранын "жасалма" типтүү келишимин, "жалган" үйдүн генпланын инженер чийип берген.)
26.08.2005. Токтогул райсотунун чечими. Төрагалык кылуучу - судңя Б.Бактыгулов. Сот ЧЕЧИМ КЫЛАТ: Таштанов Каримберди жана Токочова Анарбү үй-бүлөсү менен Токтогул шаарчасындагы Максимовка көчөсү, №59 үйдөн башка турак жай берилбестен чыгарылсын.
Ушинтип Баси Турдубекова өз үйүмө кайра ээлик кылып калам го деп ЧЫНДЫКка жакындап, сотторго ыраазы боло баштаганда К. Таштанов "жаңы жагдайды" таба салат. Анысы -"Б.Турдубекова талашып жаткан үй Кушубаков көчөсүндөгү мен андан батирге алган үй эмес, К.Маркс көчөсү-59 дарегиндеги үй, 1974-жылдагы архитектуранын келишиминде ошентип жазылып турбайбы" деген бет тырмалык. ("ГАИлер көчө боюндагы зым карагайларга да тийише алат" десе ишенчи эмес элем.) Ушул "жаңы жагдай" областтык жана Жогорку Соттогу судьялардын да башын ушул убакка чейин айлантып келүүдө. Алар поселоктогу Б. Турдубекованын үйү башка көчөдө, ал эми мурдагы К.Маркс, азыркы Т.Шабданов көчөчү-59 дарегиндеги үй Токтогул рай акиминин мурдагы биринчи орун басары Т.Сагынбаевдин үйү экендигин айрымалай албай жатышат. Соттор жансыз кагаздарга, анча-мынча акчага, анан сот процессинде жанын жеп калп айтып жаткан капчыктууларга көбүрөөк ишенет десе ишенбейсиңер.
(Уландаысы кийинки санда)
Машакбай РАХМАНКУЛОВ,
Бишкек - Токтогул - Бишкек