Ак ийилет, бирок сынбайт

"Баламды өлтүрүп коюшу мүмкүн!"
Негедир Кыргызстанда сот, прокуратура жана ИИМде акыркы убакта мыйзамдын чегинен чыккан, акылга сыйбаган, адамдын жүрөгүнө бычак болуп сайылган, дене бойду титиреткен окуялар көп кездешүүдө. Эки адамдын бири сотко, милиция кызматкерлерине нааразы болуп, каргап жаткандарына күбө болосуң. Күнөөсүз камакта жаткандардын саны күн санап өсүүдөбү же чын эле алар күнөөлүүбү? Айтор ак жерден күйдүм, милициянын опер кызматкерлери сабап, кылбаган күнөөнү мойнума алдырды деген арыз- муңдар арбын айтылып келет. Же бизде чын эле укук коргоо органдары Кудайдан коркпой калганбы? Аликбек Жекшенкуловду түрк жараны Четин Сервет атып өлтүрүлгөн тапанча аныкы экен деген шылтоо менен камакка алышса, азыркы тапта Талас областында Абдыкадыров Ильяс аттуу жигит он төрт айдан бери ошол эле түрк жараны Четин Серветти атып өлтүргөн деген айып менен камакта отурат. Ата-энесинин айткандарына таянсак, буга чейин ал жигитти Кудайбергеновду, Сурабалдиевди мен аттым-деп мойнуңа ал дешкен экен. Кызыгы, Сурабалдиевди аткан-деп Эркин Мамбеталиев өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилбеди беле. Ал жигитти да маркум Рыспек Акматбаевдин адамы дешкен. Таң калыштуусу- өлкөдөгү бардык адам өлтүрүүлөрдү Рыспек Акматбаевдин адамдары кылган-деп күнөөлөй берсе болобу? Эгер андай болсо деги эле, Акматбаевдин адамдары түгөнчүдөй эмес го. Же Рыспек Акматбаев тиги дүйнөгө жатып алып, жигиттерине буйрук берип жатабы? Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жакшы иштер жасалып жатат дегени менен милициянын опер кызматкерлеринин тартибине таптакыр көңүл бурбагандай. Эгер ушул боюнча жакшы чара көрүлсө, башкаларга да чоң сабак болор эле. Ильяс Абдыкадыровдун ата-энесинин "Баламдын тагдыры Карачайлар ассоциациясынын лидери Исмаил Кочкаровдун тагдырындай болуп калбаса экен" дешип, коркуп тынчсыздангандары да туура. Алар айткандай, баласынын тагдырынын астында бөгөт болуп ким турат? Бул ишке ким кызыкдар? Мына бул суроолор жалпы коомчулукту кызыктырат. Абдыкадыровдун соту 7-апрелде болот дешсе, аны Талас областтык соту шашылыш түрдө 1-апрелге кайсы негизде жылдырган? Ал баланы азыркы тапта камакта жаткан Аликбек Жекшенкуловго байланыштырып жатышкандыктан, Таласта жүргүзүлгөн сот процессине Качкын Булатов, Акин Токталиев, Сагынбек Момбековдор катышып келишкен. Мына ошол боюнча укук коргоочу Качкын Булатовго байланышып, маектештик.

Качкын Булатов, укук коргоочу:
- 1-апрелде шашылыш түрдө өтүлө турган сот процесси эмнеге токтоп калды?
- Аликбек Жекшенкуловго жалган айыптарды коюп жаткандарына байланыштуу азыр биз анын укугун коргоого аракет кылып жатабыз. Абдыкадыров Ильяс деген жигиттин камакта отурганына бир жыл төрт ай болуптур. Четин Сервет аттуу түрк жаранын өлтүргөн деген айыпты күч менен мойнуна алдырып жатышат дегенди угуп, ошонун чындыгын билүү максатында Таласка сапар алганбыз. Сот процессине катышып, болгон ишти камакта жаткан баланын өз оозунан билели дедик. Сот 7-апрелде болмок экен. Бирок кандайдыр бир шашылыш буйруктун негизиндеби же башка себептер мененби белгисиз 1-апрелге жылдырып, прокуратура Бишкекке этап кылууну көздөгөн. Себеби, азыркы тапта Ильяс Абдыкадыровду Аликбек Жекшенкуловдун ишине байланыштырып, Рыспек Акматбаевдин адамы дешип, Азиз Батукаевдин адамдары аркылуу көзүн тазалатып, карачайлар лидери Исмаил Кочкаровдун тагдырындай кылууга аракет жасашууда.
- Айыпталуучунун жактоочусу жок сот процесси кандайча жүргүзүлдү?
- Талас областтык прокуратуранын прокурору Т. Акышев "мыйзамга ылайык жактоочу келбей калса биз өзүбүздүн дежурный жактоочуларыбызды катыштырып сот процессин өткөрө берсек болот"-деди. Акыйкатчынын Талас областындагы өкүлү Арзыкан Момунтаева Бишкектен биздин келгенибизди айтып, биз менен чогуу барган жактоочу Акин Токталиевди Абдыкадыровдун жактоочусу болуп беришин суранды. Акин Токталиев "Айыпталуучунун жактоочусу Малиев сот 7-апрелде болмок. Кандайча 1-апрелге жылганына мен таң калып жатам. Эгер шашылыш түрдө өтө турган болсо, мен ден соолугума байланыштуу катыша албайм. Менин ордума силер барып айыпталуучунун укугун коргоп бергиле деп суранган. Ошондуктан биз үчөөбүз Абдыкадыровдун укугун коргойбуз" дегенде, айласы кеткен судья М.Кенжешев сот процессин кайрадан 7-апрелде болот деген чечимин чыгарды. Ошол жерден айыпталуучу Ильяс Абдыкадыров чыдабай кетип "сотту мыйзам чегинде жүргүзсөңөр боло, качанкыга чейин адамдын тагдыры менен ойнойсуңар, кыргызчалабай эле мыйзам чегинде алып барышыңарды суранам" десе, судья оозун бастырып, "сен сүйлө дегенде сүйлөгүн, ага чейин оозуңду басып отур"- деп, кагып жатты.
- Сиздин оюңузча айыпталуучу Ильяс Абдыкадыров чын эле түрк жараны Четин Серветтин өлүмүнө тиешеси бар деп- ойлойсузбу?
- Сот процессине жүз элүүдөй адам келди. Абдыкадыровдун атасы "Азаттык" радиосуна сүйлөп жатып көзүнөн жаш чыгып, "Баламдын тагдыры оор болду. Жөн жеринен бир жылдан ашык камакта жатат. Соттон акталат, бирок кайра эле темир тордон чыгаары менен оперлер жаңы ачылган жагдай менен дешип, колуна кишен салып кайра камайт. Эмнеси экенин да билбейм"-деп көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлаганын көрүп абдан жүрөгүм ооруду. Мен укук коргоочу катары ойлогонум- кимдир бирөөлөр өздөрүнүн бийлигин сактап калуу үчүн атайын заказ менен адамдын келечегин ойлобостон, мыйзамсыз иштерди жасап жатышат. Адам болгондон кийин эки нерседен- мыйзамдан жана Алла Тааланын астында коркушубуз керек го дейм. Биздин соттор Кудайдан коркпостон, өз креслосунан айрылып калбоо үчүн атайын буйруктарды аткарып калганына абдан өкүнөм. Эгер Ильяс Абдыкадыров чын эле кылмышкер болсо, анын таламын талашып 150 адам келбейт го деп ойлойм.
- Эми 7-апрелде боло турган сотто туура чечим чыгарылат деп ойлойсузбу?
- Бул жерде Жекшенкуловго байланыштуу кылып атайын буйрук менен болуп жатканы байкалууда. Булар адамды өлтүргөндөн дагы кайра тартышпайт. Бул баланы түрк жараны Четин Серветтин өлүмүнө байланыштыра алышпаса дагы, башка ишке байланыштырышы мүмкүн. Себеби, Абдыкадыровдун колуна тапанча кармата коюшуп бир кылмыш ишине байланыштырабыз деген аракеттери ишке ашпай калыптыр.
- Анда Жекшенкуловдун ишин бул балага байланыштыра албайт деп ойлойсузбу?
- Албетте бул саясий буйрук болгондуктан Жекшенкуловго байланыштырууга болгон аракеттерин жасашат. Таптакыр болбой калса, башка баланы таап деле ойлогон ойлоруна жетиши мүмкүн. Буга чейин Жекшенкуловду каралаган канча иштер болду. Биринчиси, "Агым" гезитине кыз зордуктады деп чыкты. Анда ошол айтылган кыздын энеси келип, чатак чыгарып, "жөн эле жакшынакай үйдө жүргөн кызымды эмне кылып маскаралап жатасыңар"-деп, "Агымды" сотко берип утуп алышкан. Ошондо дагы Жекшенкуловдун абийири бар экен "Агымдан" бир тыйын алган жок. Андан кийин күйөө баласын каралашты. Аягында өзүн Тышкы иштер министри болуп турганда эшиктерди уурдады деген айып коюшту. Көрсө ал эшиктер азыркыга чейин уурдалбастан кампада сакталып туруптур. Коюлган айыптардан эч кандай далил табышкан жок. Эми иниси караланып, Балыкчы шаарында камакта. Бул эмне деген шумдук? Азыркы тапта Ильяс Абдыкадыровду Аликбек Жекшенкулов тапанчасын берип, түрк жаранын өлтүрткөн деп жатышат. Буга ким ишенет?

Үмүт деген үзүлбөйт эмеспи. Кандай болгон күндө да адам укугун коргоо үчүн иштеп жаткан соттордон дагы да болсо туура, калыс чечим чыгараарынан үмүт үзбөй туралы. Бул иш боюнча журналисттик иликтөөбүздү баштап, коомчулукка билдирип турабыз.
Назгүл Мамытова



Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акунга,
"Ачык саясат" гезитинин редакциясына
Талас областынын Бакай-Ата районунун тургуну
Канымбүбү Абдыкадыровадан

Кайрылуу
Менин силерге кайрылуумдун себеби, балам Абдыкадыров Ильяс Эсенбекович 2008-жылдын 28-январынан бери камакта. Январь айынан июнь айына чейин Бишкекте ИВСте кармалды. Ортодо бир жолу сот болуп, сот эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат менен чыгарган. Бирок, ГУУРдун оперлери ошол эле замат колуна кишен салып кайра ГУУРга алып кетип, ошол боюнча бир нече жолу сот болсо дагы СИЗОдон чыгарышкан жок. Түркиянын жараны Четин Сервет Талас шаарында атылган, ошондуктан сот Талас шаарында болуш керек деген шылтоо менен Таласка которушту (мурда бул жөнүндө билишкен эмеспи?). Бул убакыттын ичинде ГУУРдун оперлери баламды ар кандай ыкмалар менен кыйнашып, Серветти өлтүргөндүгүн мойнуна алдырууга аракет кылышкан. Сервет өлтүрүлгөндө балам менен Бишкекте чогуу болгон күбөлөрдү дагы сабашып, "Биз менен болгон эмес"-деп айтасыңар деп мажбурлашкан. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү соттук делодо тиркелүү. Күбөлөрдү сабамак түгүл кысым көрсөтүү башка өлкөлөрдө жок экенин мен жакшы билем. А булар болсо окугандарын окуудан чыгарабыз, айрымдарын "соучастник" катары камайбыз деп коркутушкан.
Булардын демилгечиси ГУУРдун опери Айтбаев Калык деген жигит болгон. Биз муну Талас шаарынын соттук тергөөсүндө билдик. Баламды камагандагы тартылган видео тасма делодо тиркелүү. Бирок, опер Айтбаевдин көрсөтмөлөрү тасмадагы тартылган көрсөтмөлөргө караманча каршы. Баламдын жанында болгон күбөнү опер Айтбаев качып кеткен деп айткан. Тартылган тасмада болсо, ал адам оперлер менен кошо жүрүп, аягында иномарка машинага түшүп кеткендиги ачык көрүнүп турат. Опер кызматкери Айтбаев жактоочунун атайын тактоо үчүн берген суроосуна дагы баламдын жанындагы күбөнү "качып кеткен, кууп жетпей калдык"-деп жооп берген. (Ал убакта Айтбаев видео тасманын бар экенин билбестен атайлап жалган көрсөтмө берген). Сот буга эч маани берген жок.
Жыйынтыгында балама "укрывательство" деген айып коюп, эки жылга эркинен ажыратышты.
Прокурордун апелляциясы менен иш Талас областтык сотунда каралды. Областтык сотто "поджог" деген айып менен эки жыл алты айга кести. "Поджогду" болсо ошол эле опер кызматкерлери жок дегенде "ушуну мойнуңа алсаң айып пул төлөп кутуласың, эгер андай кылбасаң биз сага башка берененин негизинде күнөө коюп, түрмөгө кестирип жиберебиз" деген коркутуулары менен кагазга кол койдуруп алышкан. "Следственный эксперементтин" убагындагы мыйзамды одоно бузгандыктары тартылган тасмада даана көрсөтүлгөн. Кылмыш иши болгон жерге чейин баратканда опер Айтбаев баламдын жанында отуруп, жолду көрсөтүп барган. Машинадан түшкөндөн кийин тергөөчү Кадыр Сарыбаев баламдын астына түшүп алып жол көрсөткөн. Андан кийин бир үйдүн жанына келгенде "Видео камеранын батарейкасы түгөндү. Силер камераны өчүргүлө короого кирүүгө мүмкүнчүлүк жок" деген. Бирок, жактоочу ага айтпастан тартууну уланта берген. Айтбаев менен Сарыбаев ал үйгө кирип кетип 20-30 мүнөттөн кийин үйдөгү адамдар менен эшикке чыгышкан. "Поджогдун" таржымалы ушул.
Ишти кайра Жогорку сотко жөнөтүшкөн. Жогорку сот болсо 1-инстанцияга кайра жөнөттү. Шаардык сот 11-мартта "күбөлөр толук эмес" деген шылтоо менен 16-мартка которуп, канча жолу сот болгонуна карабастан Аликбек Жекшенкулов менен байланышын текшеребиз деген шылтоо менен белгисиз мөөнөткө жылдырылган. 29-март күнү кечинде сот 30-мартка белгиленди деп угуп, эртең менен эрте шаардык сотко барсам иш областтык сотто каралат дешти. Эмне себептен экенин дагы түшүнгөн жокмун. Мыйзам аткарылбай кайда калган?
Областтык сот жактоочунун ооруп калганына байланыштуу 7-апрелге жылдырылды. Ошончо элдин көзүнчө прокурор А.Нарматов жактоочулардын макулдугу менен болгондой болду эле. Кайра эле кечинде 1-апрелде болот деп жатышат дегенин уктук. Жактоочусуз сот процесси жүрбөйт да.
Четин Серветти өлтүргөн адам Алма-Атадан колго түшүп, 23 жылга кесилгендигин газетадан окудум.
Областтык соттун мындай баш аламан жасаган иштерине караганда менин баламды эптеп шашылыш түрдө Бишкекке алып кетүүгө аракеттенип жатышат. Менин коркуп жатканымдын себеби, бул иштин аркасында ким турат? Баламды Бишкекке алып барып, ГУУРдун оперлерине салып берип, балам карачайлардын лидери Исмаил Кочкаровдун тагдырына туш келерине көзүм жетип турат. Себеби, коюлган күнөөлөр аныкталган жок. Балам он төрт айдан бери камакта отурат. Бул убакыт тергөө амалдарын толук изилдеп аягына чыгууга жетишерлик эмеспи? Жыйынтыгына ким жооп берет? Эмне, биздин Кыргызстанда адамды камап коюп анан ага күнөө издейби? Мен баламдын ишин (800дөн ашык барак) 3 том көчүрмөдөн өткөрүп алгам.
Урматтуу Турсунбек Акун мырза! Эгерде сиз жардам бере албасаңыз, эл аралыкпы же кандай уюмдарга кайрылышым керек? Жок дегенде кеңешиңизди берип койсоңуз. Сизге билдирип коюшум керек.Балам 2006-жылы жанындагы тапанчасы менен Суталиновго "покушение" жасаган деген айып менен кармалган. Суталинов телевидениеден айыпты жокко чыгарса дагы Кудайбергеновду, Сурабалдиевди мойнуңа аласың дешип, 5 ай уруп -согуп, кабыргаларын, мурдун сындырып, (ал боюнча судмедэкспертизанын аныктамалары бар) мойнуна кое албай акырында 15 айга кесип (1күндү үч күнгө эсептеп) сот залынан бошоткон. Убагында бул маселе боюнча сизге да кайрылганмын.
Мыйзамды коргоо үчүн иштеген адамдар мыйзамга жогорудагыдай мамиле кылышса, анда Кыргызстанга мыйзамдын кереги барбы?
"Ачык саясат" гезитинен суранарым- менин кайрылуумду гезит бетине берип, бул тууралуу кененирээк коомчулукка билдирип коюуңуздарды суранам жана ушул маселе боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп коюуңуздарды өтүнөм.
Канымбүбү АБДЫКАДЫРОВА,
Талас областынын, Бакай-Ата районунун тургуну