Таласта кандай кеп болду?
Таластагы митингге уялбаган КТР "8-9 адам эле келди" деп айтыптыр. Ким калп айтса Кудай жазаласын дейли да митингге келгендердин сөздөрүнөн үзүндү сунуштайлы

Элүүбай ОТУНЧИЕВ
Кара-Буура району, жазуучу
Менин айтаар сөзүм мындай. Бакиев "биз бардык партиялар менен тең иштейбиз, оппозиция менен сүйлөшүүгө даярмын" деп айтып жатат.Эми өзүңөр эле карап көргүлөчү. Башка бардык партияларга иштөөгө өкүлчүлүк берсе, эмне үчүн "Ата Мекен" партиясына, БЭКке каршы иштер жүрүп жатат. Эмне үчүн бардык айыл өкмөттөрүндө "Ак жол" партиясынын штабдары түзүлүп,имараттар берилген. Эмне үчүн башка партияларга андай мүмкүнчүлүктөр берилбейт? Ушул да демократиябы? "Ак жол" партиясынан депутаттарды шайлап алып, эми өздөрү каалаган тартиптерди орнотуп жатат. Эсиңерде болсо, өткөн шайлоодо "Ата Мекен" партиясы 1-орунду алган, ушул Таластын ичинде. Башка жагына аралашкан жокмун, билбейм. Азыр биздин партиянын атынан бир дагы депутат жок. Демек ушунча элдин пикири парламентте болбой жатат.Ушул да демократиябы?
Мына эми президенттик шайлоонун күнүн жарыялап койду.Ушуга карата менин жеке сунушум: Өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы ушул күнгө чейин чыгалек, кайсы партия кайсы региондон канча добуш алды? Бул дагы деле жабык бойдон калып жатат. Экинчиден, анын ошол убактагы төрайымы Кабилова качып кетти. Ал каякта, эмне үчүн качып кетти? Бул да жабык бойдон калды. Ушулардын бардыгын президенттик шайлоонун алдында жарыяласын. Экинчи сунушум, шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, ар кандай бут тосууларды алып таштасын..Үчүнчү сунушум, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү бүт "Ак жолдун" кишилери болуп жатат. Ошондуктан эң биринчи участкалык шайлоо комиссияларынын курамын да өзгөртүш керек. Ушулар токтомоюнча акыйкат шайлоо болбойт.
Жакында президент элге кайрылуусунда 50 миң жумушчу орун даярдадык дейт. Ошол жумушчу орундар, Бакай-Атада, Таласта, Кара-Буурада барбы? ("Жок" деген үндөр.) Кризиске байланыштуу бүт дүйнөдө жумушчу орундар кыскарып жатса, бизде тескерисинче 50 миң орун пайда болду деп президент баш болуп туура эмес маалымат берип жатат, буга ким ишенет?

Жусуп БЕЙШЕНОВ
Талас шаары, ардагер

Илгертен айтылып келаткан сөз бар "күйүттүү аял кошокчу" - деп. Ичте бук болбосо, көйгөй болбосо минтип чогулуунун кажети деле жок болучу.Баары шайма шай болсо, эки колду чөнтөккө салып, эл эмне болсо ошо болсун деген шарт бардыгыңыздардын колуңуздардан келет. Менин капа болгонум-биз ушул чогулушубузду өткөрүү үчүн 100 квадрат метр жерге ээ боло албай калганыбыз.Буга азыркы бийлик күнөөлүү. Ушул жерде жабалактап турган кызыл шапкечендер-мобул кылкылдап тургандар силердин эле бир тууганыңар, атаңар, энеңер, эжеңер. Силер бөрк ал десе баш алып өтө аша чаап жатасыңар. Саясий куугунтук токтотулсун. Бүгүнкү катышкандарга эртең кайра эле куугунтук болбосун деп айтып жатам.

Темиркул ТОКТОНОЕВ
Талас шаары, жеке ишкер

Эки падыша башкарды, бирок система өзгөрбөдү.Түркмөндүн кызы чет элдикке турмушка чыкса 50 миң доллар мамлекетке төлөйт экен.Биз качан кыздарыбызды баалайбыз? Бизге жаңы падыша келип, системаны өзгөртсө мен байлыгымды, керек болсо жанымды курмандыкка чалам. Андай киши чыкпаса Америкага баш иебиз, орустарга баш иебиз. Бир жагынан өзбек, бир жагынан тажик, казак басат.18 жыл болду, али чечалбайбыз, ошондуктан системаны ооштуруш керек.

Таалай ИЗАТОВ
Талас шаары, жаштардын өкүлү

Свет жаңы өчө баштаганда мектепке бара элек кызым айтат бир күнү: -Ата, светти ким өчүрүп жатат?-деп. -Бийлик,- десем, - Бийлик бизди жаман көрөбү?-дейт.Мына, айланайын туугандар. Кичинекей кыз түшүнгөн нерсени биз кантип түшүнбөйбүз.Мен ошол кызымдын сөзү менен сүйлөйүнчү- бийлик өз элин жаман көрөт, ошон үчүн Жер-Үйдү Березовскийге саттыбы? Сатты! Ал болсо кайра казактарга сатты да кетип калды. Бийлик бизди жаман көргөнү үчүн Каркыраны казактарга саттыбы? Сатты! Бийлик бизди жаман кргөнү үчүн Маймактагы гравий карңерди казактарга саттыбы? Сатты! Токтогул ГЭСи Советтер Союзунун убагында эле иштечи. Ал убакта бир эле завод миң түтүн эл жаккан светти бир эле күндө коротуп койчу. Азыр андай заводдордун бири жок, бирок эл караңгыда отуруп калдык. Ошол убакта жеткен суу азыр эмне үчүн жетпейт? Демек сатылды. Өзбекстанда эмне үчүн сел тосуучу дамбалар көбөйдү? Ал жакта эч качан бизге окшоп өткүн өтүп, сел жүрбөйт. Алар сел жүрүп кетсе деген шылтоо менен көптөгөн дамбаларды, суу сактагычтарды куруп, жашыруун түрдө бизден сатып алган сууларын кышы менен топтоп чыгышат да, жаз, жай айларында суудан кем болбойт. Биз болсо кышы менен свети жок отурабыз. Кытайдын генераторлорун сатып алып, аларды байытып жатабыз. Мындан ары минтип жашай берүүгө болбойт, туугандар.Мен БЭКтин жетекчилеринин айткандарына баш ийем, мындан ары кандай аракет кылабыз-ошолор эмне десе ошого макул болушубуз керек.

Турдукан ШАБДАНОВА
Манас району, жеке ишкер

Таластагы, бүтүндөй Кыргызстандагы абалды баарыңар айттыңар, мен дурус эч нерсе кошумчалай албайм, баары туура.Мындай жол менен кете берсек мамлекетибиздин келечеги жок.Кыргыздын тың чыкма жигиттерин каматам, соттотом дей берсе, элдин баарын баш көтөрбөс кылып алабы? Мен Равшан Жээнбековдун артынан куугунтукту токтотсун,Кыргызстанга кайтып келүүсүнө президент кепилдик берсин деп талап кылам.Бүгүн кабыл ала турган чечимиңерге ушул талабымды кошуп койгула.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




Эшектер эмне суу ичпейби?
Бир митаам кыз айтат дейт: "Сеникине барганда ичели да жыргайлы, меникине келгенде обон созо ырдайлы"- деп, анын сыңарындай бүгүнкү бийликтин көздөгөн жолу "алалы да жулалы" болуп калды. Акылман элим: "Аксактын сабырына кара" - дечү эле, бул бийлик туш тарабынан капшыра "алалы" деп баштады.

Чү дегенде эле илим-билим министри Ишенгүл менен Досбол Нур уулунун жолдогону боюнча мектептерди "само финансирование" деп баштап араң турган директорлор колуна түкүрүп, балдарды кошумча бир саат үчүн 15 сомдон деп баштап алып, азыр арабөк калгандай болду. Жокчулукка баткан кедей эли кайсы акчасын берсин. "Орус оюна келгенин кылат" болуп министрлик деле оюна келгенин баштабай мугалимдерге төлөөр тыңыраак каражатын талап кылбайбы? Натыйжада мектептерде мугалим жетишпейт. Жаш мугалимдердин мектепке келейин деген ою да жок, Бул жакшылыктын жышааны эмес. Натыйжада окуучулардын билим сапаты көпчүлүк мектептерде өтө төмөн.
Кийинки жылдары окуучулардын билимин тестирлөө менен сынайт. Бул тил адабият сабагына болбогон эле нерсе. Окуучунун ой жүгүртүүсү ушинтип чектелеби, сөз байлык кайда калат? Ошол сыноолордун деле чындык менен өтөрүнө ишенбейм.
Коррупция жогорудагыдай билим берүү жаатында гана эмес, жашообуздун бардык тармактарында жөргөмүштүн желесиндей жайылып, өркүндөп-өсүүдө.
Алсак, Мамлекеттик каттоо мекемелеринде олчойгон төлөм акылары жазылып, элдин канын соргон коррупциялык иштер ачыктан ачык эле жасалууда. Кымбат акча төлөгөнүбүзгө кайыл болуп ишибиздин бүткөнүнө сүйүнөбүз. Олчойто расчетторун жазып, илип коюшкан.
Баарынан таң калыштуусу сууң түгөнгүрдүкү суу экен. Суу ушунча акча болорун ким билиптир? Тоокко 0,5 литр экен. Эшек менен итти унутуп калыпсыңар дээр элем аларга?Уйга, жылкыга 70 л суткасына. Анын чоң кичинеси бөлүнбөйт экен. Торпокко, кулунга деле ошол. Койго 10 л суткасына. Ушундай суусаган малды көргөн эмесмин. Казы-карта жеген өздөрүнө салыштырганбы, баарын эле бегомот кылып коюшуптур. Аны төмөнкү расчеттон караңыз:
Ушундай кысым менен акча алса, кимдин эле кошумча чарба кармагысы келсин? Огородго болсо 1 сотыхына айына 500 сомдон. Жайында короого эмес ичкенге чыкпай калган сууга ушундай салык салынабы? Бул жөн эле ансыз да начар тирилик кылган элин басмырлоо болуп жүрбөсүн!
Жада калса мал базарда сатылса да, сатылбаса да жандык малга чоң кичинесине карабай 25 сом, бодо малга 40 сом менен киребиз. Мындайда малды жеринен дарылап, кыйратып жатышкансып ветеринарлар сагалайт. Бечара өз малын алып сатарларга, кызыл кулактарга арзан сатып, же сата албаганы кечке чылада туруп кыйналат. Ошол алган акыларынан сарптап, суусун, чыласын агызып койсо гана?
Тамак-аш азыктары болсо кымбаттагандын үстүндө. Мал арзан болгону менен эт кымбат. Жада калса малдын дарысы да, адамдын дарысы да кымбаттап калды.
Деги мамлекеттеги мыйзамдын берсем деген жеңилдиктери болобу деги? Кана биздин эл үчүн көргөн камкордугубуз, кылган көзөмөлүбүз? Бирдеме болсо эле "айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" кыласыңар.

М.Абдырахманов
Ардагер мугалим,
Кара-Балта шаары