Нарындан жазган салам кат…

"Депдир" - деп тилдеген жетекчи
Аруу жан дүйнө ыплас дүйнөдө жабыркагандай, жагдайга түшүнгүсү келбеген кыйкырчаак, урушчаак жетекчинин алдында чыгармачыл адамдын изденүүсү,өсүүсү токтойт эмеспи. Кечээ эле койдон жоош болгон бирөө бийликке келсе, короздой керкейип калат. Кызаргандын баарына көзү түшүп, талашкандын сазайын берет. Кемчилигин бетине айтсаң угуп коймок тургай "атасын өлтүргөн" душманындай көрөт. Бул бийлик дегендин ушундай анты бар окшобойбу?

Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында гезитибизге "Нарындан кат алып келдим эле",-деп бир эже келди. Иштин чоо-жайын түшүнгөн соң, арызын алып, керектүү маалыматтарды толук берүүсүн талап кылдык. Андан бир апта өтүп-өтпөй 1990-жылдары азыркы маданият министри Султан Раевдин "Күн кармаган бала" аттуу спектаклин 18 жашында катыра ойноп, "Нооруз" фестивалында биринчи орунга ээ болуп, миңдеген көрүүчүлөрдүн карегинде, жүрөгүндө калган Үсөнбаева Бурул эже келди. "Чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгат",- демекчи, көздөрүнө келе калган жаштын изинен "көкүрөгү дарттуунун - көзү жаштуу" деген сөздү айласыз эстедим. Ичке толгон бугуна муунуп, үнү каргылданган бул эже "кайсы жыландын куйругун басканы" боюнча кабардар кылалы.
Он беш жыл Нарын областтык академиялык музыкалык драм театрынын абасы менен дем алган тажрыйбалуу, таланттуу актриса Бурул Үсөнбаева турак-жай маселесинин айынан учурда жумушсуз калып отурат. Кайран коммунизм доорунда 1978-жылы Нарын шаарында С.Орозбак жана Шуллер көчөсүнүн кесилишинде 1920 чарчы метрге ШИИБүгө жана МАИге имарат курулган. 2004-жылы Нарын шаардык мэринин милдетин аткаруучу Сөлпиева №78 Б-буйругу менен Нарын театрына туруктуу пайдаланууга берет. Ал кездеги директор Алыбаев өзүнө менчикке чыгарат дагы, Аттокуров деген жеке ишкерге сатып жиберет. Муну билген театрдын кызматкерлери көтөрүлүп, Алыбаевди сотко беришет. Сот жерди имараттары менен кайра театрга кайтарып, Алыбаевдин менчигин жокко чыгаруу менен өзүн жоопко тартат. Министрликтен "иштеше ала турган адамыңарды тандагыла"-деп театрдын кызматкерлерине кайрылганда, Кыязовду директорлукка көрсөтүшөт. Кыязов театрдын үй-жайы жок кызматчылары Б.Үсөнбаева, Ж. Асаналиева, Б.Шапаковаларга туруктуу пайдаланууга берилген ошол барак тибиндеги үйдү жашоого берет. Беш балалуу үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энеге асмандан издегени жерден табылып, сүйүнүп эле кирип алышат.
А.Кыязовдун театрдагы чыгармачыл топко кылган мамилелери жакшы болгону менен ишти алып кете албагандыктан жумуштан түшүрүлүп, ордуна Жакшылыков келет. Мына ошондон баштап жетекчинин ызгаарын көрүү, адамды басынтып тилдөө деген эмне экендигин билишет. Эң алгачкылардан болуп адамдын кемчилигин бетке айткандар жетекчинин каарына калып отурат. Маселенин биротоло чиелениши мындан башталат. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти сот аркылуу Нарын шаардык мэринин милдетин аткаруучу Сөлпиеванын №78 б-буйругун жокко чыгаруу менен, театрга туруктуу пайдаланууга берген 1920 чарчы метр жерди түздөн-түз муниципалга караштуу деген буйрук чыгартат. Ал эми башка үй-жайы жок барак тибиндеги үйдө жашоочулар Б. Үсөнбаевага жана башкаларга Нарын шаарынан акысыз менчик участок чийдирип берип, жашап жаткан үйүн бузуп, курулуш материалдарын алууну, жетпегенин колдон келишинче камсыз кылышаарын айтышат. Ал эми бул жерди аукционго коюп, кайра эле Аттокуровго сатышат. Аттокуров Нарын шаарынын "Берекет" базарынын тегерегиндеги көчөгө чейин чыгып кеткен соодагерлерди санитардык талаптарга жооп берген базар менен камсыз кылууну жана маркет курууну көздөп, ал жердеги жашоочуларга "үйдү бузаарда айтып койгула, жумушчуларды алып келем. Кирпич, жыгачтарыңарды участогуңарга чейин жеткиргенге унаа берейин, эртерээк аракет кылгыла"-деп эскертет. Нарын муниципалы, жеке ишкер Үсөнбаеваларды түшүнүп, колдон келген жардамын аябай, көмөк кылып жатса, театрдын директору Жакшылыков "ал жер театрдын балансында"-деп, өз кызматчыларынан ал үйдү талашууга өтөт. 2009-жылдын январында узун-туурасы 5 000-4 250см болгон склады үч үй-бүлө бузуп башташат. Андан узундугу 5 метр болгон 7 даана брус, 16 даана стропила, 20 даана рейканы үч үй-бүлө бөлүп алып, өздөрүнө ыңгайлуу жерге ташып коюшат. Ошол күнү кечки саат 16:30 дарда театрдан "комиссия" келип, жыгачтарды таппай, "мунун баары Үсөнбаеванын колунан келет"-деген кыязда Жакшылыков Нарын ШИИБүнө арыз менен "ууруну кармап берүү" боюнча кайрылат. Корчоңдоп келген "коноктор" тиешелүү документтерди көргөн соң "уурулук фактысы аныкталбагандыгы" тууралуу аныктама жазып берет. Бирок, "тың чыкма" Бурул эжеге тишин кайраган Жакшылыков №425 буйрукту жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз менен кайрылып, "сазайын берүүнү" көздөйт. Бурул Үсөнбаева редакцияга арызы менен кайрылгандан кийинки сот отурумунда Нарын шаардык муниципалы барак тибиндеги үй бир гана Үсөнбаевага, Асаналиевага, Шапаковага тиешелүү экендигин, ал эми театрдын аны негизсиз талашууга укугу жоктугун далилдеп берди.
Жетекчи болбосоң кое кал! Кол алдындагы кызматчыларынын абалын түшүнүп, аларга тийиштүү жардам көрсөтмөк турсун, кайра колундагы нанды "жулуп алайын"-деген иш-аракетинен кийин, кыйналган элибиздин саны ушундай жетекчилердин "кызматынан" көбөйүп жатканын ким танат?
Жогоруда бир гана үй талашуу болсо, ал эми чыгармачылыгына бут тосуу, жумуштан негизсиз алуу деген да имиштер боюнча сөз козгойлу. Нарын театрынын 70-жылдык мааракесине карата чыгаан режиссер, маркум Алмаз Сарлыкбеков азыркы маданият министри Султан Раевдин "Күн кармаган баласын" кайра сахнага чыгарууну көздөп, Нарынга келет. Себеби, башта белгилегендей, 18 жашында кан дүргүтүп, жүрөктү жарган ролду жараткан Бурул Үсөнбаевага ишенген. Спектаклдин премьерасына Султан Раев баш болгон аттуу-баштуу адамдар барып, аябай таасирленип келишкендигин айта кетпесек болбос. Себеби, 13 жаштагы майып баланын ролун кырктын кырына келген аялзаты аткарып, спектакл өз мүдөөсүнө жеткен. Алмаз Сарлыкбеков Бурул эжеге албан ыраазычылыгын билдирген. Мына, ушунун баарына күбө болуп туруп, жетекчиге актрисанын андан аркы өсүшүнө кам көрмөк түгүл, аны каршылашын көргөндөй эрегишүүсүнө бетке айткан мүнөзү жакпай калса керек. Үй талашууга чейин деле ич ара келишпестик боло калса "Депдир" - деп тилдеген театр жетекчисинин "маданияттуулугуна" таң бересиң. "Депдир" - бул "Күн кармаган баладагы" майып бала. Маданияттын туу чокусу болгон театрда маданиятсыздыктын төбөлү отурса, анда карапайым калктын маданияты жөнүндө кеп козгоп да кереги жок деп ойлойм.
Ал эми, жүрөгү таза, чыныгы чыгармачыл адам касына да кара санабайт. "Жакшы жагдай жалпыга жетсе, жаман жагдай эч кимдин башына түшпөсө"-деген тилеги аруу адамдар ар дайым "өз көмөчүнө күл тарткан"карасантай жетекчиге оп тартылып кетээри бештен белгилүү. Айтайын дегеним, Үсөнбаева Бурул эже театрда адабий бөлүм башчы эле. "Үйдү менчикке чыгарып алыптыр" дегенден баштап, жаалы кайнаган жетекчи үйүнүн кулпун буздуруп, ар кандай иш-аракетин колдоно бергенден, бүтпөгөн уруш-чатактан жетекчинин "жөнөкөй актриса эле болуп албайсыңбы" деген жай сөзүнө макулдугун бергенден кийин, бир да роль бербей кууратат. Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган "Арт Ордо" фестивалга театрдагылар кетип, барбагандарга башка жумуш болбогон соң аларга отгул берет. Ошентип, фестивалдан келген театрдын составы октябрдан баштап отгул алат. Кайра жумушка 2009-жылдын 2-мартында келишет. Ал эми, Үсөнбаеваны 18 күн жумуштан калгандыгы үчүн жумуштан алуу буйругун октябрь айында жазып отурат. Бул жерден бардык жагдай алдын-ала пландалган эмеспи деген ой келет…
Дагы бир эске сала кетүүчү нерсе, Бурул Үсөнбаеванын эмгек китепчесине буйрук менен бошотоордон мурун театр кызматкери Карачевалар "Бурул, китепчеңди булгаган жатабыз, андан көрө алып кетпейсиңби" деген сунушун айтышат. Макул болгон Бурул эже китепчесин алгандан кийин жетекчиге "эмгек китепчесин колуман жулуп, алып кетти"-деп, көрсөтмө берет. Ал эми эмгек китепчесине баш аламан мөөр басып, жарактан чыгарып коюшуптур. Пенсияга чыгаарда бул биринин үстүнө бири басылган мөөрлөрдүн кесепети тийбейт деп ким айта алат? Кайсы тараптан болбосун карасантайлык кылуу деген ушундай болобу? Эгер, Жакшылыков айткандай "Үсөнбаева театрга тиешелүү ПТОну бузуп" алса, анда эмне себептен курулуш материалдарын жалгыз өзүнө албайт? Жалгыз өзү үчүн менчик участок чийдирип, үй салдырып албай Ж. Асаналиева, Б.Шапаковаларды кошуп, "беш балалуу адамдар үйсүз калбаса экен" деп чуркап жүрөт? "Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт"- дегендей, өзү сыяктуу кыйналган үй-бүлөлөргө кошо документ бүтүрүү, жер чийдирүү эр адамдын иши да. Болбосо, "өз көмөчүнө күл тартып, жакшысына, көбүнө" ээ болбойт беле?
Бул иш боюнча маданият министрине кайрылып көрсөк, "карга карганын көзүн чокубайт" болуп жатканын бир жактуу мүнөздөмөдөн байкадык.
Маданият министринин орун басары Айдаров Орозалы Бактыкеевич:
- Ал кызды негизсиз жумуштан алуу болгон жок, ал өзү "дарыланып жүрөм"-деп, эки ай жумушка чыкпагандан кийин буйрук менен жумуштан бошотуп койгон. Сүйлөп-сүйлөй электе эле буркурап ыйлап жиберет экен. Түшүнөм, ал таланттуу актриса, чыгармачыл адам. Бирок, өзү эмне каалап жатканын өзү да билбейт. "Жумушка алсын"дейт, кайра "иштебейм" дейт. Анын көзүнчө мен театрдын директоруна телефон чалдым. Көрсө, театрдын балансасындагы үйдү бузуп алыптыр. Бул ишти териштирүү керек. Жакында аттестацияга барабыз. Ошондо, бул боюнча териштирип келебиз го.
Сиз, Нарын театрына барганда урматтуу Орозалы Бактыкеевич, Бурул Үсөнбаеваны атайын көрсөтмө менен театрдын эшигинен киргизбей койгонунан кабардарсызбы? Эшиктин алдындагы кароолчулар "Бурул, бизди жумуштан алып салбасын, сен кирбей эле койчу"-деп суранышкан. Эгер териштирүү калыс болсо, кароолчулар өздөрү деле айтып бермек. Дегеле театр кызматкерлери да "ынтымактын кеткенин, театрдын эки жаат болуп тирешкенин" жана башка көп нерсе айтып беришет эле. Ал эми, Үсөнбаевалар бузган үй театрдын балансасында жок экенин Нарын район аралык сот далилдеди. Жумуштан негизсиз алдыбы же мыйзам чегиндеби, аны да алдыдагы сот чечет.
Бизден мурун Сизге барган Үсөнбаеванын документтерин толук карап чыксаңыз, муңун уксаңыз, балким көп нерсе далил болмок… "Сырты жалтырак, ичи калтырак" Нарын областтык академиялык музыкалык драм театрын ушундай акыбалга жеткирген жетекчи А. Жакшылыковду эмне себептен "акыркы патрондой" аяп жатканыңыздар түшүнүксүз. Өз таланттарыбызды үй менен камсыз кылганды кой, чыгармачылыгынын өсүшүнө жагдай түзө албасак, башка мамлекетке агылган нукту кантип токтотобуз, урматтуу Султан Акимович, Орозалы Бактыкеевич?!

Жылдызай Израилова