Сот башталды

Полковник А.Алиевди подполковник баш болгон оштук милиционерлер аттырганбы?
Ички иштер баңги бизнеске каршы күрөшүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Анвар Алиевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин 20-марттан баштап, судья Жакыпбек Толоевдин төрагалыгы астында Свердлов райондук соту териштире баштады. Легендарлуу генерал Эргеш Алиевдин небереси А.Алиев өткөн жылдын 4-августунда саат 22:45тер чамасында белгисиз кылмышкер тарабынан атылып, Бишкек шаарынын №1 ооруканасында эсине келбей жатып көз жумган болчу.

Бул буйрутма өлтүрүүгө тиешеси бар деген шек менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын баңги бизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн ошол кездеги начальниги, подполковник Алмазбек Эргешбаев, ошол эле бөлүмдүн 2-бөлүгүнүн начальниги, майор Шавкатбек Жунусов жана облустук ИИБдин чарбалык камсыздандыруу кызматынын ошол учурдагы ага инспектору, ИИБдин сактоочу жайындагы буюм далилдер боюнча жооптуу, майор Кахраман Исмаилов, чарбалык камсыздандыруу кызматынын куралдандыруу боюнча инспектору, майор Манол Тажибаев кармалып, учурда юстиция минитрлигинин №1 СИЗОсунда камакта экен.
Милициянын төрт кызматкерлеринин үстүнөн болгон сот процесси Башкы прокуратуранын, Бишкек шаарынын жана Свердлов райондук прокуратуранын айыптоочу прокурорлорунун катышуучусу менен башталды.
Алардын айыптоосу боюнча, полковник А.Алиевдин өлтүрүлүшүнүн себеп-жөнү төмөндөгүчө.
2008-жылдын 31-июлунда прокуратура кызматкерлери Ош облустук ИИБдин сактоочу жайын текшергенде, кылмыш иштери боюнча ал жерде буюм далил катары сакталган баңгизаттын өтө чоң көлөмдө жоголгондугун аныкташкан экен. Бардыгы болуп, 59 кг героин, 49 кг апийим, 75 кг гашиш уурдалган экен. Башкы прокуратуранын кызматкерлери бул ишти изилдеп, БККБнын начальниги А.Эргешбаев, анын кол алдында иштеген М.Жунусов менен өз ара келишип алып, баңгизатты К.Исмаилов уурдап, белгисиз адамдарга саткандыгын, а баңгизаттын бош калган ордун ун, шекер, крахмал, түрдүү дары-дармек менен толуктап, "маскировка" жасагандыгын аныкташыптыр. Айыптоочулардын пикири боюнча, ошол эле 31-июль күнү А.Эргешбаев А.Алиевдин көзүн тазалоону пландаштыра баштайт. Анткени, жогорудагы текшерүү А.Алиевдин демилгеси боюнча жүргүзүлгөн экен. Мындан сырткары, А.Эргешбаевдин кадр маселеси боюнча А.Алиев менен мурдатан келишпестиги да бар экен...
Ошентип, А.Эргешбаев адегенде Алиевди өлтүрө турган курал табууну ойлонуп, бул ниетин Ш.Жунусовго айтат. А.Жунусов курал табуу ишин К.Исмаиловго табыштайт. Ал эми К.Исмаилов курал боюнча жооптуу инспектор М.Тажибаев менен достук мамиледе экендигин пайдаланып, кабинетинде эле 1 000 доллар берип, ИИБдин складынан "Макаров" тапанчасын алдырат. Ошентип, тапанча А.Эргешбаевдин колуна тиет. Ал үй-бүлөмдү Көлгө эс алдырам деген шылтоо менен 4-август күнү Бишкекке келип, тапанчаны белгисиз киллерге берет. Тергөөдө аныкталбаган ал киллер ошол эле күнү кечинде А.Алиевди атып өлтүрөт да, тапанчаны "ээсине" кайрып берет. Ошентип, 6-август күнү эле "Макаров" М.Тажибаевдин колуна тийип, мурда жаткан жерине коюлат. Бирок, аны М.Тажибаев атайылап бузуп, жараксыз кылып коет.
Прокуратуранын иликтөөсү полковник Алиевдин өлүмүнүн кыскача "тарыхын" мына ушундайча "сүрөттөптүр". Арийне, тергөө иши канчалык деңгээлде профессионалдуу, эркин, адилет жүргүзүлгөн - азырынча белгисиз. А сырттан караганда, буйрутма киши өлтүрүү боюнча милициянын төрт кызматкеринен шектетүүнүн өзү чоң шек туудурат. Мында көңүлгө алчу дагы бир жагдай, 2007-жылдын 31-декабрында Алай районундагы Бордөбө чегара постунан 109 кг баңгизат колго түшүрүлгөн болчу. Аны азыр айыпталып жаткан А.Эргешбаев жана ал жетекчилик кылган кызматкерлер кылтакка илген. Бул ишке байланыштуу ошол учурда ИИМдин министри баш болгон бир топ чоңдору кызматтан кеткен. Анткени, баңгизаттын бул көлөмдүү партиясын бир майор баш болгон милиция кызматкерлери коштоп келаткан экен. Алардын айрымдары камакка алынган. Алмазбек Эргешбаевдин кызматкерлери андан кийин да бир топ ири көлөмдөгү баңгизат партиясын кармап, баңгизат агымына каршы катуу күрөш ачканы белгилүү.
Азыр эми айыптоочулардын пикири боюнча, Эргешбаев, Жунусов, Исмаилов "үчилтиги" дал ошол 109 кг баңгизаттан дагы уурдашкан имиш... Кыскасы, бул айыптоонун шектүү жактары арбын. Ошондуктан, бул ишке өтө "чоң" адамдар аралашып, өтө чоң оюн болуп жатабы деген да ой кетет.
Свердлов районундагы сот процесси 25-март күнү улантылмак. Бирок, айыпталуучу К.Исмаиловдун адвокатынын ходатайствосу боюнча, 30-апрелге жылдырылды. Бирок, процесс ошол күнү эле бүтө койбосу да анык. Кылмыш иши 22 томдон турат. Анан да 110 адамды күбө катары суроо талап кылынат. Күбөлөрдүн көпчүлүгү Ошто.
20-марттагы процесске маркум А.Алиевдин бир тууган иниси Алишер Алиев катышып, агасынан өлөр алдында эч кандай шеги жок экендигин айтты. "Алиев өлөөр астында Рустам деген ысымды айтыптыр" деген маалымат айрым ММКларга учурунда жарыяланган болчу.
Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган айыптын бир да бирөөсүн мойнуна алышпай тургандыгын бир добуштан билдиришти. Кантсе да, Свердлов райондук соту бул кылмыш ишин ийне жибине чейин тыкыр териштирип, акыйкат чечим чыгарса болгону. Айыпсыз адамдар ак жеринен күйүп кетпеши керек.
Бакы КаДырбердиев





Кыргыз Республикасынын
Президенти К.С. Бакиевге

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Эл Депутаттарына

Кыргыз Республикасынын
Өкмөт башчысы И. Чудиновго

Кыргыз Республикасынын
Омбудсмени Т. Акуновго

Кыргыз Республикасынын
Массалык Маалымат Каражаттарынын өкүлдөрүнө
Кайрылуу
Урматтуу Мекендештер!
Урматтуу Президент!
Биз Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн Бокотой-Барак коомунун 800 дон ашуун жараны 3 жылдан бери өз укугубузга ылайык 5 сотыйдан жер участкасын алалбай жергиликтүү жана борбордук атка-минерлердин фудбол ойноткон айлампасынан чыга албай аргасыз акыркы үмүт менен сиздерге кайрылып жатабыз. Себеби "өлбөгөн жанга жаз келет"- демекчи, ошентип жаз да келди. Биздин үмүт ушул жазда өз жерибизге ээ болуп алып, өкмөткө кедергибизди тийгизбей өз жаныбызды өзүбүз багып, жайкы туристтик сезонго даярдансак деген эле тилек. Күнүмдүк жашообуздун келечеги көрүнбөй калды. Жер менен жан багалы десек жерибиз кумдуу-таштак болуп же сугарууга суубуз жетпей көкөйдү кесип келет. Ал эми мал менен оокат кылалы десек аларды жайганда жайыт, жем-чөбүн даярдап берүүгө тоют керек. Тоют даярдоо үчүн кайра эле баягы суугат жер керек. Жыйынтыктап айтканда "Сокурду жарга такагандай" өтө оор турмушту башыбыздан кечирип жүрөбүз. Бул туңгуюктан чыгуу үчүн бийликке догурунуп кедергибизди тийгизели деген ниетибиз жок. Тескерисинче тийгизбей туруп генедей жер участок алып жок дегенде туристик сезондон өз оокат-турмушубузду тыңдап алалы деген эле тилек. Бул аракетибизди кээбир атка-минерлер түшүнбөй аргасыз оппозицияга бизди түртүп сиздерге кайрылууга мажбур кылып жатат. Өмүр кыска. Убакыт учкан куш. Жаралуу бир, өлүү бир болгон соң, биз деле укуктуу адамдай жашоого тийишбиз, жана сиздердей эле үлүшүбүз бар. Чыдоонун да чеги болот эмесби. Учурунда Курманбек Салиевич сиздин инилериңиз жана жээндериңиз Жалалабатта жана Сузак районунда көптөгөн чиновник, депутаттардын жерлерин басып алып жатканда, бизде деле "басып алгыла, эч кимден сурабай эле!"- деген провокациялар сунуш кылынган. Бирок биздин элибиз мыйзамдуулук жана гумандуулукту бийик коюуп жер басып алууга жол бербей бийликтин таза жана адилеттүү болоорунан үмүт кылганбыз. Эми акыркы жолу кайрылып жатабыз. Эгерде бул ирет дагы жер маселеси чечилбей турган болсо анда өзүбүз каалагандай басып алуу, кара жолду тосуу акыркы акцияларын пайдаланабыз. Бул биздин коркутуубуз эмес. Бул биздин интелектуалдык мыйзам чегинде кайрылуубуз болуп эсептелинет. Биз сиздерден бийлик-кызматын, же акча-каражатын сурап жаткан жерибиз жок. Бир гана өз үлүшүбүзгө таандык жер участка сурап жатабыз. Эгерде элдин үлүшүн бере албасаңар анда эч бир атка минер жана чет элдиктер биздин касиеттүү көлүбүздүн жээгинен бир карыш да жерге ээ болоалбайт. Биз буга Аксы элиндей аттырсаңар да жол бербейбиз! Баарыбызга белгилүү баш мыйзамыбыз болгон Конституциябызга ылайык- "жер элге гана таандык, ал эми бийлик аларга кызмат кылууга тийиш"!
Урматтуу мекендештер кайрылуунун жообун 1-апрельге чейин чыдамсыздык менен күтөбүз. Жаздын бир күнү жылды багаарын унутпаңыздар. Сиздерди урматтап кайрылууга кол койгондор: Мамбеталиев Асанбек Коомдук көзөмөлдүн мүчөсү.

Акеев Таалайбек
Айылдык кеңешинин
депутаты.

Сапарбаева Аралкүл
Айылдык ден соолук
комитетинин төрайымы

Осмонкулова Бериса
АДК мүчөсү

Сакыева Азимкүл,
АДК мүчөсү

Мусаева Гүлмира,
Орузбаева Эльмира,
Шерипова Алтынай,
Молдошева Нарынкүл,
Убайыс кызы Бактыгүл,
Жумашев Турат,
Жумагулов Таалай
Ногойбаев Талантбек
Бокотой-Барак коомунун мүчөсү

Жана ошондой эле Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн жарандарынын 400дөн ашуун колу коюлган тизмеси.