Имиш, имиш кеп угам, учуп кетти деп угам
Такталбаган маалыматтарга таянсак, ажобуз 24-март күнү Германияга учуп кетиптир. Айрымдардын айтканы боюнча, ажобуздун шашылыш учуп кетишине эски оорулары себеп болуптур. Ушул өңдүү жана мындан дагы жаман ушактар Бишкектин гана эмес, Ата-Журттун айыл-кыштактарын аралап кетти. Ал ортодо, ажобуздун оорусу анын экинчи мөөнөткө барышына тоскоолдук жаратаарын, депутат Роза Отунбаева айтып чыкты. Ал эми, ажобуздун пресс-катчысы Алмас Турдумаматов шефинин график боюнча иштеп жатканын жана ден-соолугу түзүк экенин билдирген. Мындайда, "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дечү беле? Баса, алгачкы ажобуз дал ушул күнү учуп кеткен.

Болжурова бош калбайт
Эки ай мурун ээрден шыпырылган "эрке" эжекебиз, элчилик кызматка бармай болуптур. "Акипресс" агенттигинин маалыматына таянсак, бош отуруп калган Болжурова айым Белорусиядагы Кыргызстандын элчилигине кеткени калыптыр. Ал жердеги элчи айымыбыз Лидия Иманалиева ЕККУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгүнө өткөнү жатса, Жээнбек Кулубаев Кытайдагы кыргыз элчилигине "кудаланып" калыптыр. Элчиликти эңсегендер парламенттин комитетинен макулдук алгандан кийин, ажобуздун жарлыгына барышат. "Жаштарды мамлекеттик кызматка тартам" деген ажобуздун жакында айткан сөзү, жалганга чыгып баратат.

"Лица" жабылууга мажбур болду
Белгилүү журналист Бермет Букашева жетектеген "Лица" гезити аргасыз жабылууга мажбур болду. "Сыргак Абдылдаев "Лица" гезитинде дагы кабарчы болуп иштеп, чындыкты чагылдырган бир топ курч макалаларды жазган. Ага уюштурулган кол салуу, мага карата эскертилген психологиялык кысым. Ошондуктан биз өзүбүздүн коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн "Лица" гезитин убактылуу жабууга мажбур болдук" дейт, "Лица" гезитинин башкы редактору Бермет Букашева.

Аксыда элдик аким шайланабы?
Бүгүн Аксыда өтө турган Бириккен Элдик кыймылдын митингисинде элдик аким шайлана турганын БЭКтин Аксы району боюнча координатору Кубаныч Маматкеримов билдирди. Мындан жети жыл мурун Боспиекте атылган балдардын өлүмү боюнча сот чечимдери аткарылбай жаткандыктан, Аксылыктар ажобуз Курманбек Бакиев менен кошо Аксынын жаңы акими Талантбек Орозовдун кызматтан кетишин бүгүн талап кылышат. Эгер аксылыктар бүгүн элдик акимди шайлашса, ал аким эгемендиктен бери эл шайлаган биринчи аким болуп калат. Топчукең Аксыда жөн жүрбөсө керек.

Имаровго имарат беришти
БЭКтин Баткен жергесинде өткөрүлө турган акциясына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "өзгөчө" жардам беришти. Тактап айтканда, акцияны ачык асман алдында өткөрүүгө тыюу салып, имаратта өткөрүүгө уруксат беришкен. БЭКтин Баткен облусу боюнча штаб жетекчиси Бакир Имаров БЭКтин мүчөсү экс-депутат Ташболот Балтабаевди аэропортко тоскону барган жеринен МАИлер тосуп, машинасын камакка алышкан. Анткени, айдоо күбөлүгүнүн мөөнөтү өтүп кетиптир. Ал эми, бир кездерде Баткенден депутат болуп шайланган Балтабаевдин паспортун текшеришип, бир топ эзишиптир. Паспорту жок адам самолет менен кантип учмак эле?

Марат Бакиев ажолукка аттанабы?
Ажобуздун иниси, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Марат Салиевич президенттик жарышка түшөт деген имиштер түрлүү жерлерден чыгууда. Кесиби юрист болгондуктан кезинде сот, прокуратура кызматтарында иштеген Марат мырза, ажонун инилеринин ичиндеги эң жөнөкөйү экенин айтып койгонубуз оң. Маратты жакындан жакшы билгендер, анын адамгерчилигин жогору баалашат. Башка дагы бирөөлөр, агасы Курманбек Салиевичтин ордун иниси генерал Жаныш Бакиевдин бараарын жар салууда. Ким бараарын ким билет дегенибиз менен, ушактар уулдап эле жатат.

"Ата-Мекен" Америкада акция өткөрөт
Партия лидеринин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөр боюнча орун басары, азыркы учурда Америкада иштеп жаткан экс-министр Равшан Жеенбековдун билдиргенине караганда, бүгүн Вашингтондогу Кыргызстандын элчилигинин алдында наарызычылык акциясы өткөрүлөт. Ага азыркы тапта Америка өлкөсүндө иштеп жана окуп жаткан кыргызстандыктар катышат. Америкадагы элчи айымыбыз Замира Бексултановна "атамекенчилердин" акциясына чыгып, сөз сүйлөшү мүмкүн. Анткени, элчи эжекебиз демократиянын ордосунда отурбайбы.

Назарбаев нааразы болдубу?
Казакстандын президенти Нурсултан Абишевич кыргыз коллегасы Курманбек Салиевичке телефон чалып, Медет Садыркуловдун өлүмү тууралуу өкүнгөнүн билдирип, ажобузга аябай ачууланган имиш. Узун кулактардан укканыбызга ишенсек, "ушунчалык кызмат кылып берген адамыңа ушундай мамиле кылганың уят" кыязында кыр көргөзүп, катуу таарынганын билдириптир. Сөөгү казак, эти кыргыз болуп калган Медет Чокановичтин экспертизага кеткен дене калдыктары азырынча Москвадан келе элек.

Байболов башпаанек суроого мажбур болду
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, эски чекист Кубатбек Байболов үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып, Америкадан башпаанек алганга учуп кетти. Эсиңиздерге сала кетчү жагдай, 2007-жылдагы парламенттик шайлоолордон кийин экс-депутатка бийлик тарабынан кысым болуп, үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн саясаттан кетүүгө мажбур болгон. Бир жылдан бери Казакстанда баш калкалап келген Кубатбек мырза, акыры океандын ары жагына кетүүнү чечти.

Эми эки журналистти тепкилеп кетишти
"Московский Комсомолец" гезитинин башкы редактору Бабакулов Улугбек менен гезит кабарчысы Агеева Еленаны 25-март күнү жумуштан кетип бараткан жеринен белгисиз адамдар тепкилеп, уюлдук телефондорун, акчаларын, алтургай, сырткы кийимдерин сыйрып кетишкен. Аял киши деп аяштыбы, айтор, Елена айымды "абайлап" тепкилешкен. Ал эми, башкы редактор Бабакуловду башы-көзү жарылганча тепкиге алышкан. Учурда мээси чайкалган Улугбек мырза Бишкек шаарынын №4 ооруканасында жатат. Улугбекти кошкондо, ушуну менен бир айга жетпеген убакытта төртүнчү журналист тепкиленди. Басма сөзгө "басмачылык саясат" башталды окшойт.
"Ачык саясат" пресс