Бөрк ал десе,
баш алган...
Урматтуу "Ачык саясат" гезитинин
башкы редактору -
Жээнбеков Бабырбек мырза!
Урматтуу гезиттин редакциялык жамааты!

Өлкөбүздөгү көптөгөн басылмалардын ичинен сиздердин гезитти тандап, сиздер жана гезитиңер аркылуу өлкөбүздүн президентинен, өкмөт, парламенттен төмөндөгү суроолорго жооп сурагым келди.
Ушул катка тиркелген, Майлуу-Суу шаарынын мэринин 2009-жыл 5-февралда чыккан "23-б" буйругунун көчүрмөсүнө көңүл буруп окуп көрсөңүздөр.
Кантип эле биздин президентибиз менен өкмөтүбүз, биздин шаар мэрибиздин буйругунда көрсөтүлгөн Указ менен мыйзамдарында жеке кирекечтерди (частных извозчиков) ШИИБде кезметте (дежурстводо) турсун деп буйрук кылсын? Өз жеке менчик автоунаасы менен, өз чөнтөгүнөн бензин куюп, өз чөнтөгүнөн тамактанып, акысыз бир сутка бою , өз тиричилигинен калып, башка бирөөлөрдүн кызматын аткарышыбыз керек.
Биздин урматтуу мэрибиз, президент менен өкмөткө таянып, жеке кирекечтерди ШИИБдө кезметте (дежурстводо) турууга аталган буйругун чыгарып, ШИИБнүн начальниги Насыркулов Н.К. мырза менен МАИнин ага инспектору, милициянын лейтенанты Люкеев Б.Ө. мырзаларды аталган буйрукту аткарууга милдеттендирип, шаардын 1-вице-мэри К.Калыбеков мырза контролдукту тапшырууда.
Алар бул буйрукту кынтыксыз аткарып келүүдө.
Суроо:
1. Чындап эле президентибиз менен өкмөтүбүз жеке кирекечтерди ИИМге баш ийдирип, милицияларды бизге желдет кылып коюшканбы?
2. Эгер ошондой болсо, анда биздин жердешибиз жана биз сыймыктанган, урматтаган Молдомуса Конгантиев "туулган шаарыма" деп ШИИБге тартуу кылган төрт жаңы жеңил машиналарды, "кезметте (дежурстводо) биз, керекечтер, турабыз, ошондуктан ал машиналарды бизге бериңиз?" - деп сурасак болобу?
Дагы бир суроо
3. Биздин урматту мэрибиз Токтогулов Сабыр мырза бул буйругу менен элге жана президентибиз менен, өкмөтүбүзгө кызмат кылуудабы же жеке кирекечтердин кыжырын келтирип оппозицияга пайда келтирүүдөбү?
Шаарыбыздын көчөсүндөгү жарнакта (рекламный щит) президентибиз - Бакиев Курманбек мырзанын: "Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылсын" - деген сөзү жазылуу.
А биздин мэрибиз аталган буйругу менен элди бийликке кызмат кылдырууда.
4. Мэр болсоң президенттин айтканын тескери аткарыш керекпи?
5. Андай боло турган болсо, анда мен да мэрдин айтканын тескери аткарып, кезметтен баш тартсам болобу?
Ушул суроолорду мэрибиз Токтогулов Сабыр мырзанын өзүнө берели деп 12-мартта "Ак үйүбүзгө" барсак өзү жок экен. Узак убакытка Бишкекке кетиптир. 1-вице-мэр К.Калыбеков мырзанын мындай жообу мындай болду: "Мен бул буйруктун мыйзамдуулугуна жооп бербейм. Анткени, менин буйругум эмес. Бирок, мен аткарууга милдеттүүмүн. Атасынын буйругун баласы аткарбай кое албайт да" деди.
Баарыңыздарды урматтоо менен, баарыңыздардан тескери эмес, оң жооп күтүп, Майлуу-Суулук жеке кирекеч.

Урматтуу редакция!
Сиздерге эң жакшы белгилүү, түшүнүктүү себептерден улам, менин аты-жөнүмдү, телефонумду гезит бетине баспай эле коюуңуздарды суранаар элем деп сиздердин окурманыңыз. Сиздерди урматтоо менен жеке кирекеч.





Редакциядан:

Урматту окурман Б...!

Кыргыздын "укмуштуунун төөсү жорго" деген жорго сөзүн уккан чыгарсыз?
Сиз жашаган Майлуу-Суу шаарынын мэри С.Токтогуловдун да, мэрдин биринчи орун басары К.Калыбековдун да, МАИнин ага инспектору Б.Люкеевдин дагы төөлөрү бар экенинен кабарыбыз жок, бирок жасаган иштери "жөн эле" эмес, Кылмыш-жаза кодексинде каралган "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "кызматтык укуктарынан ашкере пайдалануу" деген кылмыш беренелерине келип токтошу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Башкы мыйзамынын 19-беренесинде "Менчик кол тийгиз" - деп бадырайа жазылган. Ошол эле убакта, ар бир жаран өз менчигин өзү каалагандай пайдаланууга укуктуу, анын эркинен тышкары адамды кандайдыр бир ишке чегерүү сот органдарынын чечими же өкүмү менен гана ишке ашырылышы мүмкүн.
Сиз бизге көчүрмөсүн салып жиберген, Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2009-жылдын 5-февралында мэр С.Токтогулов кол койгон №23-б буйругу, жумшартып айтканда, "өзүм билемдик" деп аталып, мыйзам талаптарын одоно бузуп, сиздин жарандык укукгуңузду тебелегендик болуп эсептелет.
Кирекечтик менен жан багып, бала-чакасына нан таап берип жаткан жеке ишкерлерди ички иштер бөлүмүнүн нөөмөттүк иштерин жүргүзүүгө жардам бересиңер деп буйрук менен милдеттендирүүгө эч кимдин акысы жок. Эгерде Н.Насыркулов менен Б.Люкеев сиздерди ошондой иштерге мажбурлап тарта турган болсо, анда алар С.Токтогулов менен бирге тиешелүү жазага тартылууга тийиш.
"Рационализатор" мэрдин тизгинин тартып, кээде мыйзам талаптарына да көз жүгүртө жүрүшүн эскертип коюу үчүн, буйруктун бир көчүрмөсүн Жалалабад областтык мамлекеттик администрациясына, облпрокуратурасына, "кирекечтердин бөркүн алгыла" деген буйрук "баштарын алгылага" айланып кете элегинде Майлуу-Суулуктар сыймыктанган ИИМ министри Молдомуса Конгантиевге жөнөтөбүз.
Калган сурооңузга жоопту мына ушул органдардан алсаңыз болот.
P.S. Белгтлүү себептер менен атыңызды атабоону суранган өтүнүчүңүздү аткардык. Туугандарыңыздын жоопторун гезит аркылуу билдиребиз.




Тарыхты бурмалаган өзү табылды
Ачык саясаттын үстүбүздөгү жылы 17- 20- 24- февралдагы сандарында тарыхчы, жазуучу, журналист Баяс Туралдын "Тарыхты ким бурмалап жатат деген?" дооматтуу макаласы жарыяланды. Анда Жантай Карабековду, Шабдан Жантаевди жерин саткан, элин саткан улуттук чыккынчылар катары ашкерелөөгө далбас урган узун сабак чубалган сөз жүрөт.

Турдакун Усубалиевдин эл үчүн кызмат абалын тобокелге байлаган эрдиги болбогондо, Бишкек 21-кылымдын аягына чейин мүмкүн андан ары камыш калаңган кейпинде турары анык эле. 1981-1984 төрт жылдын ичинде "Турдакун строитель, Турдакун прораб" атанган биринчи катчы Тамерлан Самарканды кургандай эмгек кылды. Бул ак эмгек легенда болуп эл оозунда калат. Тарыхка жазуу, жазбоо деген талаш анча мааниге ээ эмес.
Сарыбагыш, бугунун урушу деген тема алып кыргыз элинин өткөнүндөгү урунттуу учурга эксперт болгусу келген автордун ал учурдагы саясий кырдаалды билбегени көрүнүп турат. Орусиянын Кыргызстанды колониялаштыруу саясаты кытмыр жана катал болгон. Батыш Сибирь генерал -губернаторлору князь Горчаковдун, генерал Гасфорддун атайын тапшырмалары менен кыргыз элин ичинен бүлүнтүү үчүн 1824-жылы бугу уруусуна жиберилген тыңчы Файзулла Ногаев Боронбай бийдин чөйрөсүндө жүрүп жүргүзгөн бузуку иши үзүр берип 1855-жылы бугу уруусунун орус жарандыгын кабыл алуусуна жетишкен. Кыргыз биримдигин бузган Боронбай бийге Ормон хан нараазы болуп чатак башталат. Орус бийлиги ушуну күткөн, аягы кандай болорун да аныктап койгон. Азгантай кыргызды басып кирүү эл аралык этикага жат көрүнүш эле. Кыргыз хандыгын кыргыздын өз колу менен жоготуу орус империясынын арамза катал саясаты эле. Ормон хан өлтүрүлүп уруш башталганда орус жарандары бугу уруусун коргойбуз деген шылтоо менен кыргыз жерин, элин Орусия басып алган. Бул тарыхта таасын калуучу урунттуу учур.
Кусейин Исаевдин А.Н. Бернштамдын айткандарына таянып Шабдан баатырды чыккынчы деп күнөөлөөгүсү келген жалган жоромолу Ачык саясат гезитинин 16-декабрдагы санындагы "Тарых жана кедей токмок" деген макалада документалдуу тарыхый далилдер менен жокко чыгарылган. Далилдүү макаладан кынтык таба албаган Баяс Турал Кусейин Исаевдин жүйөөсүз жоромолун зулумдук ыкма менен жактоону чечкен. Ал үчүн макаладан академик Жамчырчиновдун Шабдан Жантаевдин элине ак экенин дана көрсөткөн цитатасын чыгарып таштап, текстти калааганындай чачып, ага тийешеси жок аксым жалааларды жапканы журналисттик этикага гана эмес адамгерчиликке да жат экенине окурмандар күбөө болсун. Шабдан Жантаевге тийешелүү түрмөктү чогуу окуйлу: Академик Бернштамдын "Когда колонизация стала фактом и народ ощутил ее тяжесть, политика Шабдана стала предательской" деген көз карашы Шабдан баатырдын орус бийликтери менен алакасына үстүртөн берилген баа. Тарыхый документтер менен таанышып ички мазмунуна үңүлгөндө Шабдан баатыр Орусиянын беш атар пулеметтуу, артиллериялуу, куралдуу күчүнөн элди сактап калууну көздөгөнүнө ынанабыз. Ал кыргыз уулу катары адал болгонун көрөбүз. Тарыхый фактыларга кайрылалык: Б. Жамгырчинов "Очерки по политической истории Кыргызстана, Фрунзе, 1958 г., 49 стр. "Военный губернатор Семиреченской области попытался послать Шабдана Жантаева в лагерь повстанцев для организации захвата Пулата, последний отказался от этой неблаговидной миссии". Чечмелеп көрөлү: 1873-жылы октябрь айында Жети - Суу облусунун аскер губернатору Колпаковский Шабдан баатырды Верныйга чакырып, Ферганада орус аскерлери менен согушуп жаткан Пулат хандын лагерине жашыруун өз киши болуп барып аны туткундоону уюштурууну буйрат. Шабдан баатыр "мен өз элиме чыккынчы боло албайм" деп баш тартып, Ат Башыны басып кирген кытай күчтөрүн сүрүп чыгаруу үчүн барон Штакельбергдин отрядына жигиттери менен кеткен. Текстте Шабдандын ким экени түшүнүктүү. Ушул тексттен академик Жамгырчиновдун Шабданды актаган цитатасын автор чыгарып таштайт да, текстти цитатасыз кайталап "Дагы бир жолу айтам, эгер жазма булактарга ушундай мамиле болсо, анда ар кандай акты кара деп, ар кандай караны ак деп түшүнүүгө болот экен да" деп аксымдана наалыйт.
Таң каласың. Тексттен цитатаны чыгарып таштаган. Анда кайсы жазма булак жөнүндө, кайсы ак кара жөнүндө айтат. Дагы бир шумдугу академиктин цитатасы чыгарылып салынган тексттен Шабдандын "мен элге чыккынчы боло албайм" деген сөзүн келтирет да, Ж. Токтоналиев аксакалдын минтип Шабданды мактаганы жаш баланы алдагандай" деп капаланган болуп акчыланат. Ким кимди алдап жатат? Жүйөөсүз аксымдана үндү өкүм чыгарып, оозуна келгенин айтып, окурмандарды алагды кылып алдагысы келген өзү да. Көчөлөрдүн кесилишинде жер алдындагы өткөлдө стакан тегеретип, азик чайкап, элдин акчасын тоноп отурган сөөмөйчү көз алдыга келет.
Аксымдана жүйөөдөн сырт ой жүгүртүүлөрдөн кийин Баяс Турал: "Менимче тарыхты ким бурмалап жатканы, кедей- токмок кимдики экени түшүнүктүү болду го дейм?" деп кедей-токмокту Жапаркул Токтоналиевге таандык кылып, улуу адамдарды бай-кедейге бөлүп жатат деп күнөөлөйт. Кедей-токмок бир кишиге тийешелүү буюм эмес. Ал большевиктердин Орусиядагы өткөндү жериген "пролетар культунун" Кыргызстандагы жаңырыгы. Тап күрөшүнө кызмат кылган ээн баш, ажаан уюм болгон, санжыра деңгээлиндеги кыргыз тарыхына кыянаттык кылган. Аны мага, Жапаркул Токтоналиевге таандык кылып, инсандарды бай-кедейге бөлдү деп жалаа жабуу жүйөөсү түгөнгөндүн бет тырмарлыгы. Жүйөөнү тепсеген кишилер жөнүндө эл ичинде "ага атчан желдирип баратып, баш ийкеп өтүп кет" деген накыл бар.
Он беш томдук тарых жөнүндө сөз козголдондон бери чама - чаркына карабай делебеси козголгондор арбып турат. Он беш томдук тарыхты чыгаруу аны кайра жазуу эмес. Анын чачылганын жыйнап, үзүлгөнүн улап, илимий документалдык негизде элге тартуулоо деген чоң демилге. Бул улут үчүн маанилүү ишти адамгерчиликти, калыстыкты туу туткан илимий жана турмуштук тажрыйбасы жеткилең окумуштуулар колго алат деп ишенебиз.
Жапаркул Токтоналиев,
Тарыхчы-жазуучу