presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элге сөзүн айтпаса, эрендерден не пайда

Кадыров Кубанычбек Бекбосунович, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Жакырчылык жанына баткан эл толкуй албай араң турат"
- Кубаныч Бекбосунович, Жогорку Кеңешке келгениңизге аз эле убакыт болду. Эмнеге жетише алдыңыз?
- Жогорку Кеңешке депутат болуп 2008-жылдын ноябрында келдим. Мен буга чейин ИИМде иштеп келгем. Депутат болуп келген соң, элдин ишеничин актап, көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгуу биздин милдет экенин билип, аракет кылып жатабыз.
- Сиздердин фракция негедир акыркы кездери күтүлбөстүктөрдү көп жаратып келет. Атап айтсак, Ирсалиевдин мандаттан баш тартышы ж.б. Ошондон улам партиянын ынтымагына карата сын-пикирлер айтылууда?
- Биздин партиянын атынан Рахат Ирсалиевдин ордуна мен келдим. Ирсалиев эмне себептен жана кандайча кетип калгандыгын мен толук билбейт экемин. Биздин фракциянын ортосунда бөлүнүү деген жок. Абдан бирдиктүү иш алып барабыз жана татаал маселелер болгон учурда өзүбүздүн оюбузду ачык билдире алабыз.
- Жакында боло турган 27-марттагы митингке катышасызбы?
- Бүгүнкү күндө кыргызстанда абал өтө эле оор. Маселелер чачтан көп. Карапайым калктын моюнуна түшкөн кыйынчылыкты кантип жеңилдетүү керек, кыйын кырдаалдан кантип чыгыш керек, саясий курч иштерди кантип токтотуш керек экендигин, ошол 27-март күнү эл менен, эл деп күйгөн патриот жигиттер менен кошо чечебиз. Митингке кошулам. Мени эл шайлаган демек эл менен болом.
- Жыйынтык болот деп ишенесизби?
- Бул жерде оппозиция болобу, бийлик болобу олуттуу маселелерди чечүүгө аракет жазашы керек, элдин талабына жооп бергидей болушубуз керек. Эң негизгиси эл чогулуп, эл жыйынтык чыгарат деген ишеничим чоң. Себеби ошол элдин берген салыгынын эсебинен биз айлык алып, нан таап жеп, ушул кызматта олтурабыз. Бизди колдогон эл болгон соң, алардын көйгөйүн көмүскөгө калтырбай чечип берүү биздин милдет. 27- март күнү эл митингке келип беришин жана калыс пикирлерин айтышын суранат элем.
- Акыркы убакта өлкөдө саясий куугунтук күч алууда. Буга кандай карайсыз?
- 27-март күнү кабыргасынан коюлган маселелердин бири-өлкөдө курчуп бараткан саясий куугунтук туурасында болот. Эң башкы маселе репрессия кылып жаткандарды токтотуу. Эң негизгиси элдин көйгөйлүү маселелеринин көзүн таап, ар-тарабынан талапка жооп бергидей деңгээлдеги шарттарды түзүү боюнча маселелер каралат.
- Бийликтин камчысын чаап жүргөндө билинбей жаткан иштер, кызматынан кетип оппозицияга өткөндө изилденип калып жатат. Бийлик адамы болсо коргоп, оппозиция адамы болсо кордоп туруш мыйзамда жок го?
- Сиздер абдан туура айтасыздар. Генпрокурор, ИИМ жана биздин партия ушул иш боюнча маселе козгодук. Атап айтсак Исмаил Исаков кызматта жүргөндө бир кыйла жакшы иштерди аткарган. Кызматтан түшүп оппозицияга кеткени эстерине келгенсип иш козгоп коюш туура эмес. Эгер чындап эле күнөлүү болсо кызматта жүргөндө деле сот жообуна тартса ошондо коомчулук ишенмек. Аликбек Жекшенкуловду ар кандай иштерге байланыштырып эле күнөөлөп жатышат. Бир кезде өкмөт тарабынан белек катары берилген пистолетти бети ачылбай калган киши өлтүрүүлөргө байланыштырып жатышканына мен ишене албай турам. Бул жакшылап текшерилип, так жыйынтык чыгарылышы керек. Иш козголгондордун бардыгынын жазаган күнөөлөрү чын экендиги аныкталып, чыныгы кылмышкер экендиги мыйзам чегинде аныкталмайынча, буларды кылмышкер деп атоого мыйзам жол бербейт. Соттун чечими менен гана "кылмышкер"-деп аталышы керек. Ошол үчүн бүгүнкү иш козголуп жаткан адамдардын баарын кылмышкер деп атабайбыз. Андай иштерди кылгандар бийликтеги чиновниктердин арасында деле болсо керек. Адам болгондон кийин жаңылыштык болот. Бийликтегилер таптаза, оппозициядагылар кылмышкер деп коюу таптакыр чындыкка коошпой турган иш.
- Сиздердин фракциянын депутаттарын "Ак жол" фракциясынын депутаттары ачык эле кодулайт. Себеби эмнеде деп айта аласыз?
- Мен кыргыздын жигитимин, патриотумун. Ар бир партияны жектеп бөлгөнгө мен каршымын. Кайсы партия болбойлу, биздин негизги максат баарыбыз биригип кыргыз мамлекетин көтөрүү, өнүктүрүү болуш керек. Сөзсүз түрдө жыйналыштарда ар кандай маселелердин үстүндө талаш-тартыштар боло берет. Бирок салык маселесин чечип жаткан учурубузда СДПК өзүбүздүн көз карашыбызды билдиргенбиз. Биз, элде ансыз деле абал оор болуп жатса, салык төлөмдөрүн көбөйтүп койгонубуз абалды огобетер оорлотуп жиберет деп айтканбыз. Бирок бул сунушубуз кабыл алынган эмес. Эми жыйынтыгы кандай болгонун өзүңөр көрдүңөр.
- "Ак жол" партиясындагылар "атакоосуна" таянышат да.
- Президент деген партиянын эмес, элдин башчысы болуш керек. Сен "Ак жол", сен СДПК же сен "Комунисттер"-деп бөлбөй тең караш керек. Эгер президент тарабынан "Ак жол" партиясына тартып кое турган болсо, иш туура эмес болуп калат. Президент партияны колдобой, кыргыз элин колдоп турушу зарыл.
- Демек азыркы учурдагы бийлик менен элдин ортосундагы мамилеге кандай аныктама бере аласыз?
- Бүгүнкү күндө элге эмне керек? Жумуш ордун түзүп беришибиз керек. Светти убагында өчүрбөй, алган маянасын ичкен ашына жеткидей кылып төлөп беришибиз керек.Ушул өңдүү талаптарга толук болбосо дагы жарым-жартылай жооп беришибиз милдет эле. Андай болбосо эл деген сел, толкуп кетет. Жакырчылык жанына баткан эл толкуй албай араң турат. Ачыгын айтканда өкмөт начар иштеп атышат. Жок дегенде свет менен толук камсыз кыла албай атабыз. Өткөндө биздин фракцияда салык маселесин караганыбызда салык төлөмдөр боюнча Келдибеков айтып атат "элден 21миллиард топтойбуз"- деп. Биринчи элге жакшылап шарт түзүп берип туруп анан салык жыйнаганга шашсак жакшы болот эле. Светтин жетишсиздигине кургакчылык деле эч кандай таасирин берген жок. "Иштей албаган кишиге шылтоо көп"- дегендей, кургакчылыкты шылтоо кылуу бул-уят иш. Былтыр Өзбекстан менен газдын баасын чечип келишти. Бирок 240доллар деген Кыргызстан үчүн абдан көп. Элдин төлөп атканы 337доллардан болуп атат. Дүйнөлүк баа 400доллардан 420долларга чейин. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда арточо айлык 2300сом. Пенсионерлердики 1200сом. Шаардын четиндеги пенсионердин үйбүлөсүнүн абалын алып карай турган болсок, үйү 70кв метр болсо, буга айына 300куб газ жагат, 300куб газды 13.50тыйынга көбөйткөндө 4500сом болот. Алган акчасы 1200сом болсо жаккан газы 4500сом болсо, калган акчаны кайдан табат? Мына ушундай орчундуу маселелер көп. Бирок өлкөбүздүн абалы таптакыр эле начар дегенден алысмын. Кемчиликтерибиз, жетишпеген жактарыбыз көп болуп жатат. Ушундан улам бийлик менен элдин ортосунда жарака пайда болду.
- Акыркы учурда төбө чачты тик тургузган иш бул-Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу окуя болду…
- Биз жаңыдан өнүгүп келе жаткан демократиялык мамлекет болгондон кийин мындай иштердин болуп жатканы абдан оор жана коркунучтуу көрүнүш. Медет Чоконович 2009-жылдын январь айына чейин админстрация башчысы болуп иштеп келген. Бул кишинин бүгүнкү күндө "ошол иште катышы бар, өлдү"-деп айтканга азырынча эрте. Бул ДНКдан такталгандан кийин гана "бул адам өлдү"-деп айтсак болот. Кечээ комитетте депутаттык коммисия түзүү боюнча чечим кабыл алдык, "Ак жол"партиясынан беш депутат кирип, биздин партиянын талапкерлери белгилүү себептер менен баш тартышты. Кайрадан башка талапкер сунуштаган жокпуз.
- Кесиптешиңиз Руслан Шаботоев, Журналист Сыргак Абдылдаевдин абалы жөнүндө пикириңиз кандай?
- Аттары аталган жарандарыбыздын урук-туугандарынын башына албетте оор кырсык түштү. Ушул окуялар боюнча изилдөө иштери аягына чыгышы керек. Чыныгы айыпкерлер табылып, жалпыбызга маалым болгондо гана коомчулуктагы ар кандай пикирлердин аягына чыгабыз. Ансыз бийликтегилердин жана милиция кызматкерлеринин жүзүнө чиркөө болгону болгон. Шаботоевдин иши абдан эле оор болду. Ал эми Абдылдаев боюнча биздин фракция "жабырлануучуга өкмөт тарабынан жардам берилсе жакшы болот эле"-деген демилгени көтөрүп чыкканбыз. Буга өкмөт кандай жооп берээри азырынча белгисиз. Эң негизгиси кызмат ээлери, бийликтеги чиновниктер журналистерди сабап, коркутуп оозун басууга аракет кылгандын оордуна, баарысын көзгө сайып көрсөтүп, ачык жазган курч калемдүү, курч сөздүү журналистердин калемине кабылып калбаганга аракет кылсак жакшы болот эле. Мен журналистерди эч тартынбай, коркуп калбай, акыйкаттыкты элге жеткире бериштерин суранам жана чындыкты айткан журналистерди колдойм.

Суроо салгандар:
Айсулуу ЭСЕН кызы,
Афина БАКИРОВА










??.??