presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эл адамы эмне дейт?

Президентке берген добушуман баш тартам…
- Замир Култаевич, алгач сизди кайсы негизде камакка алганы боюнча сөз козгоп берсеңиз.
- Мен муну саясий куугунтук же болбосо эптеп эле чыр чыгаруу менен баардык оппозиция өкүлдөрүнө болбогон жерден айып таап, 27-мартта болуучу митинге карата уюшулган иш-аракет деп эсептейм. 2009-жылы 27-февралда "Арзуу" кафесине тамактануу үчүн достор менен кирип калдык. Коңшу столдо өң тааныш Бакыт деген бала бирөөлөр менен отурган. Мен азыркы бийлик жөнүндө өз оюмду айтып, акаевдик режимден бакиевдик режимге гана өткөнүбүздү, ичи көңдөй бул бийлик көпкө узабасы туралуу сүйлөп отургам. Коңшу столдогу Бакыт тамактанып бүтүп чыгып кеткен. Кайра кирип эле муунтуп калса болобу. Көрсө, мен анын машинесинин ачкычын алып алган имишмин. Бул боюнча милиция кызматкерлерин мен чакыртсам да, Бакыттын арызын кабыл алып, менин арызымды "жоготуп коюшуптур". Эртеси сураштырып, жоголгон арыздын ордуна кайра кайталап арыз жаздым. Аны КУП-951 номеринде кабыл алышты. Биринчи май райондук соту мени он беш суткага камакка алышты.
- Ден-соолугуңуздун кескин начарлашы да ушул себептенби?
- Ооба. Сот бир жактуу чечим чыгарды. Ошол себептен мен ачарчылык жарыялоого дуушар болдум. 28-февралдан баштап 4-мартка чейин созулган ачарчылык жүрөгүмө таасирин тийгизбей койгон жок. Мен соттук чечимге каршы болуу менен апеляциялык арыз жазып, Бишкек шаардык сотуна кайрылдым. 4-мартта сотко чакыруу болуп, сот залынан эс-учумду жоготуп, реанимациядан эсиме келдим. Ошондон бери даарыгерлердин кароосунда жатам.
- Замир Култаевич, экс-депутат катары азыркы бийликтин түзүлүшү боюнча жана президенттин бийликке келүүсү боюнча азын-оолак кеп салсаңыз.
- Учурунда акаевдик режимге каршы чыгуучулар ошол кезде бийлик тарабынан кысым көрчүбүз. Ага карабай, Исаков, Чотонов, Бекназаровдор өз элин көтөрүп келишти. Мен каракулжалыктарды жана ишенимдүү адамдарды чогулттум. Эл менен бирдикте болуп, 2005-жылдын 24-мартында акаевдик режимди кулаттык. Андан кийин президенттик шайлоодо эртең менен эрте барып, өз добушумду Курманбек Салиевичке салдым. Анда "карапайым калкка жардам берет"-деген илгери үмүт бар эле. Эмне болду? Акаевдин бийлигин жоготту да, көтөрүш чыгаргандар менен бирге бийликке чогуу келди. Көрсө, бул - упчу экен!.. "Бийликке келип, өзү кетти"-деп, эл ишенген мыктыларды кетүүгө аргасыз кылды. Өзүнө керексиздерди кайра тазалап, акаевдик бийликтин өкүлдөрүнө бийлик берди да, ошол эле түзүлүштү сактап калууга далалаттанды. Мына ушул себептен, мен президент Курманбек Бакиевге берген добушуман баш тартам. Анткени, ал эл башкарууга жөндөмсүз.
- Сизди маалымат булактарынан көп кездештирбегендиктен, сиздин иш-аракеттериңиз элге да табышмак деп ойлойм. Өзүңүз жана үй-бүлөңүз туурасында айтсаңыз.
- Өзүм пресса менен теледен элге сөз бергенди каалабайм. Жумуш менен карапайым калкка жардам берүү негизги тилегим. Ошондуктан, маалымат булактарынан кездештире албайсыз да. Эми, өзүм карапайым-калктын катмарынан эле чыккан адаммын. Ата-энем мугалим. Үй-бүлөм бар. Төрт баланын атасымын. Өзүм Бакиев сыяктуу баары даяр болгон нерсени иштетүүчү же жок кылуучу эмес, жок жерден бар кылып, жоголгон завод-фабрикаларды калыбына келтирген өндүрүшчүмүн. Негизги айтаарым ушулар.
- Үй-бүлөңүздү чет өлкөдөн баш паанек сурап, көчүрүп барганы жатыпсыз. Себебин билсек болобу?
- 2004-жылы акаевдик режим күчүндө турганда, менин үстүмөн дагы бир кылмыш иши ачылган экен. Таң калыштуусу ал жөнүндө мен билбейм да, ал эми азыркы бийлик аны таап чыгыптыр. Соттун токтомун ооруканага алып келип беришти. Көрсө, 2004-жылы депутаттыкка талапкер кезимде Ош шаарынын "Ричман" кафесинде үгүт ишимди жүргүзүп жатып, кафенин кызматкелери менен келишпестик болгон эле. Бармен бала экөөбүз нары-бери түртүшүп калганда үстөлдөгү кружка жерге түшүп, сынып калган. Биз ал жерден чыгып кеткенбиз. Бул иш туурасында таптакыр унутуп коюпмун. Дагы бир кызык факт, 2005-жылы депутаттыкка талапкерлигимди көргөзгөндө ал кылмыш иши туралуу документтер болсо, мага бөгөт коюлмак да. Бул иш эмне себептен депутат кезимде козголбойт да, эми оппозициялык жүрүшкө жакын калганда тээ илгерки сынган кружка үчүн сот камоого токтом кылат. Андан бери беш жыл убакыт мени таппай жүрүшкөн имиш. А мен болсо жашаган жеримди да алмаштырган эмесмин. Мында баары эле түшүнүктүү. Он беш сутка камактан кийин мени Ош шаарына камакка алуу зарылчылыгы болуп жатат. Ош шаардык сотуна "ошол беш жылдын ичинде үч ирет амнистия болсо, эмнеге бул иш жоюлбай кала берди?"-деп сураган киши чыкпаптыр. Мына, азыркы оппозиция өкүлдөрүнө Акаевдин доорундагы колдонгон жасалмабы же чынбы, айтор кылмыш иштерин атайын сактагандыктан, азыр улам бирине "кылмыш" ишин ачып отурат. Азыркы оппозиция өкүлдөрү "канжыгага башын байлап койгондор". Коркоор эч нерсебиз жок. Болгону, азыркы учурда бийликке каршы болгондордун үй-бүлөсүнө кошо оордук түшүп жатпайбы?.. Алардын амандыгына ким кепилдик берет? Ушул шарттарды эске алуу менен үй-бүлөмө баш паанек сураганым - алардын коопсуздугун алдын алуум. Өзүм кандай шарт болбосун эл менен бирдикте бийликти кулатмайын чогуу болом.
- Өзүңүздүн атыңыздан элге кайрылып, айта турган сөзүңүз барбы?
- Эң биринчи, эл алдында бакиевдик режимдин түзүүчүсү катары кечирим сурайм. Бакиев бизди да, кыргыз журтчулугун да алдады. Бакиев элдин убалынан да, көз жашынан да коркпойт. Ансыз да кыйын шартта жашаган эл үчүн жөнөкөй, даанышман, жупуну жашоо менен элин, мамлекетин бутунан тургузган адам керек. Экинчи, карапайым калктын жашоосу кыйындап баратат. Баарыбыз түрө чогулуп, бул бийликтин тескери иш-аракеттерине чекит коюшубуз зарыл.
- Ырахмат, Замир Култаевич, тезирээк сакайып, эл менен бирге болуңуз!
Жылдызай Израилова





  Баткендиктер баарына даяр…

Бакир Имаров, "Ата- Мекен" партиясынын
Баткен областы боюнча төрагасы;
"Баткендиктер 27-марттагы нааразычылык акцияларына активдүү катышат"
- Жакында Баткен областына караштуу Көк-Таш айылындагы 275 метр жер тажиктерге өтүп кетпедиби. Бул боюнча жергиликтүү элдин көз караштары кандай болуп жатат?
- Эл абдан нааразы. Адахан Мадумаровду каргап-шилеп жаткандары да жок эмес. Себеби, Мадумаров кыргыздын энчисиндеги сонун жерди тажиктерге каратып туруп эле берип койбодубу. Берилген жер ошол айылдын тургундарынын жети атасы жердеп келген ата-конушу, ыйык жери да. Аны Мадумаров кайдан түшүнмөк эле? Байкуш, колунан эч нерсе келбеген карапайым элди кан какшатып туруп, ансыз да биздин жерлергеге үстөмдүгүн орнотуп, кысымын күчөтүп жатышкан тажиктерге "белекке" берип койду. Андай эле белекке жер бергиси келсе, Өзгөндүн Куршабын бере бербейби. Баткендин жери баткендик эр азаматтарга канчалык кымбат экенин Мадумаров сезген жок. Эл менен эсептешпей туруп, өзүбүздүн жерибизди тажиктерге ыйгарып, кайра алардан коркок билиш болуп ижарага алып олтурабыз. Кыскасы, Адахан үкөм Баткен элине чыккынчылык иш кылып кетти десем жаңылбайм.
- Тажикстсанга чектеш жайгашкан бир канча айылдар, тажиктердин көрсөткөн кысымынан улам үйлөрүн сатып, өздөрүнүн туулган жерин таштап кетип жатышыптыр. Бул жөнүндө аким, губернаторлор билишеби? Билишсе эмне үчүн бул маселеге чара көрбөй жатышат?
- Билишет, эң сонун билишет. Бирок, чара көрбөй жатышкандыктары кызык болуп жатпайбы. Мен бул маселе боюнча ошол жердин тың чыкма эр азаматтары менен сүйлөшсөм, алар айтышат, "Бизди акимдерибиз, губернаторубуз колдобой жатышат. Тажиктер бизге кысымын күчөтүп, атайылап жаңжал чыгарышат. Анан, аларды биздин көзүбүзчө тажик милициялары желкесинен кармап алып кетишкен болушат дагы, тигил жактан "азамат, ушундай иштерди уланта бергиле"- деп, ошол замат кое берип, далысынан тапташат. Ал эми, тажиктер баштаган ошондой жаңжалда биздин кыргыз милициялары келип алышып, биздин айлабызды курутат "Сен тартип буздуң, давай 15миң же 20 миң бер"- дешип. Биздин милициялар тажик милицияларындай "азамат, сен патирот экенсиң"- деп өлүп баратса да айтышпайт"- деп, болгон окуяны айтып беришти.
Мунун өзү эмне деген шермендечилик? Көрдүңүзбү, биздин ишенген укук коргоо органдарынын жигиттеринин кылып жатышканын. Алар кыргыздарга чыккынчылык иш кылуу менен бирге, тажиктердин көз көрүнө баскынчылыгына чоң жардам берип жатышат.
- Эми кыргыз элинин күчтүү кубаттоосуна ээ болуп турган "Ата- Мекен" партиясынын областтагы лидери катары бул жакта жүргүзүп жаткан партиялык иштер боюнча айтсаңыз?
- Азыр "Ата Мекен" партиясынын Баткен областы боюнча 400дөй мүчөлөрү бар. Учурда партияга байланышкан уюмдар Баткенде шаардык, райондук уюмдар жана чоң айылдарда баштапкы уюмдарыбыз иштеп жатат. Азыр биз партияга "мен мүчө болом" деген адамдардын баардыгын ала бербейбиз. Себеби, биз партияны абдан сапаттуу кылып түптөгүбүз келет. Буга чейин 2001-жылы "Жаңы Кыргызстан" -деген партиянын райондук уюмун түптөп, андан кийин областтык уюмун түптөп, бул партияга мүчө болгон адамдардын санын 2005-жылга чейин бир жарым миңге жеткизгем. Төңкөрүштөн кийин бул париянын жетекчилигин башка адамга өткөзүп бергем. Ошол жылдардан кийин партияга мүчө болгон адамдардын саны өтө көбөйүп кеткен. 2005-2007-жылга чейинкини эсепке алганда, (Баткен областы боюнча ) 18 жаштан, 90 жашка чейинкиси биригип, 18 500 болуп кеткен. Ошол кезде партиянын сапатына эмес, санына гана көңүл бөлүнүп калган. Кечээ, жакында өлкө ичинде болуп өткөн бир аз саясый толкундоолорго туруштук бере алган жок. Себеби, партия өтө сапатсыз түптөлгөн. Партияга позициялары бирдей эмес, ар кандай көз-караштагы адамдар чогулган. Натыйжада, бүгүнкү күндө "Жаңы Кыргызстан" партиясы областагы жүргүзгөн иштерин токтотууга мажбур болду. Партия куруу бул там куруу менен барабар. Сапаттуу курулган партия эң мыкты курулуш материалдары менен курулган заңкайган тамга окшош. Ал эми сапаты начар партия ылай, таш менен тургузулган кепе тамдай десек болот. Ал ылайдан тургузулган там бир аз жер титирөө болсо эле урап түшөт. Сапатсыз партия да ушуга окшоп, өлкөдө бир аз "саясий силкинүү" болсо эле туруштук бере албай, күм - жам болот. Ошондуктан мен "Ата-Мекен" партиясынын областтагы уюмун чыныгы позициясы бекем, чынчыл, таза, патриот адамдар менен курагым келет.
- 27-мартта өтө турган жалпы республикалык саясый нааразычылык акциясына карата сиздер кандай иш-чараларды көрүп жатасыздар?
- Мен бул боюнча 16-мартта Баткен шаарынын мэрине кат менен кайрылгам. Катта 27-март күнү саат 11ден кечки саат 7ге чейин шаардын борборунда миңден ашуун адам менен нааразычылык акциясын өткөзөрүбүздү билдирдик. Акциянын жүрүшүндө катышуучулардын коопсуздук маселелерин шаардын мэри көзөмөлгө аларын да айттык.
- Азыр оппозиция бир кичине жыйын кылса эле, бийлик "провакация" уюштурганды адат кылып албадыбы. Сиздер бул жагына кандай чара колдоносуздар?
- "Провакация" болбойт деп айтуу кыйын. Былтыр парламенттик шайлоонун алдында Текебаев Баткендеги шайлоочулары менен жолугушуу өткөргөнү келгенде да, областтык бийлик тарабынан "провакация" болгон. Бирок, ага карабастан жолугушуу ийгиликтүү өткөн. Ал көрүнүш азыр чындап эле көнүмүш адатка айланды. Бул баш оорутма маселе боюнча да, биз өз ара кеңешип жатабыз.
- Азыр бийлик тарабынан оппозициялык маанайдагы лидерлерге кысым күчөп жатканы барыбызга маалым. Бийликтин бул ыплас ыкмасы сизге да жакындан тиешелүү болуп жатса керек?
- Ооба, бийликтин бул ыкмасы мени да кыйгап өткөн жок. Учурда менин артымдан органдын формачан жана жөнөкөй адамдары түнкү саат 11-12ге чейин аңдууларды жүргүзүп жатышат. Бир ай мурун БЭКтин элге болгон кайрылуу кагаздарын тараттык эле, таратуу учурунда биздин кишилерге орган тарабынан коркутуу- үркүтүүлөр болду. Мага ошол күнү түнкү саат 11де райондун милиция началниги үйүмө 40тай милиция, (сегиз, тогуз автоунаа ) менен келип, "сиз БЭКтин мыйзамсыз кагаздарын элге таратып, элди бузуп жүрөсүз"-дешти. Мен ал кагаздар он беш партиянын, отуздан ашык уюмдардын билдирүүсү экенин түшүндүрүп айтып, "эгер мыйзамсыз экенин далилдей алсаңар, мына колумду байлагыла да, камап койгула"-деп алардын өздөрүн сөз менен уяткардым. Началниктин өзүнүн мага карата кылган бул иши мыйзамсыз экенин мойнуна алдырып, кечирим сураттым. Башка сөз айтыша алышпай, кетип калышты. Эртеси күнү мени прокуратура чакырып, эскертүү кагазын берди. Мен ал кагазына кол коюп, бул эскертүү менен токтоп калбастыгымды билдирип, "камасаңар камап койгула"- деп ачык айтып, басып кеттим.
Маектешкендер:
Машакбай Рахманкулов,
Айбек Шамшыкеев,
Бишкек-Баткен-Бишкек











??.??