presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бириң терек бириң тал, бирик дагы жеңип ал

Акчанын майдасы тыйын, оппозицияда ким кыйын?
Талашсаң да, талашпасаң да, так талаш оюну башталды, талапкерлерге "старт" деген белги ташталды. Өзгөндүн кызы жетектеген Конституциялык Сот чыгарган президенттик шайлоолор жөнүндөгү чечимди, Өзгөндүн кулуну жетектеген "Ак жол" фракциясынын депутаттары алеки заматта карап, жаңы шайлоолорду жай айына коюп берди. Эки айда эки баш мыйзамга кол койгон ажобуз(дүйнөдө мындай президент болбосо керек), Конституциялык Сот менен парламенттин чечимин колдой тургандыгын билдирди. Шашкалак "акжолчулар" муну менен гана чектелип калбастан, апрель айында азыркы ажобузду талапкер катары сунуштаганы турат. Ажобуз кол алдындагы партиясынын ушундай сунушуна муктажбы? Менин жеке пикиримде, ажобуздун экинчи мөөнөткө барышына партиянын сунушунун кереги деле жок болсо керек. Тил боюнча сынактан деле өтпөсө керек. Анткени, Курманбек Салиевич бул кызматка жаңы барып жаткан жери жок. Кысталыштан улам, кызмат мөөнөтүн узартканы жатат. Ага болбой эле, алабарман "акжолчулар" адыраңдап алышты. Кынынан суурула элек кылычтай болгон сүрү бар кыргыз оппозициясы, азырынча ажолук ат салышуулар тууралуу ачык пикирин айтыша элек. Бириккен Элдик Кыймылга биригишкен оппозициячыл лидерлер бир талапкерге токтолобу же бир нече талапкерге токтолобу азырынча айтыш кыйын. Президенттик шайлоолор тууралуу аларың ойлоп коюшкан да жок. Эртеңки акцияларга эл чогултуу менен алек.
Президентибиз эртеңки шайлоого жалгыз барабы же жармаштырып бирөөнү алабы, кеп ошондо. Түндүктүн бир жигитин тандемге албаса, ажобузга кыйын болоору бештен белгилүү. Акүйдөн чыккан ушакка ишенсек, ажобузга Нариман Түлеев тандемдеш болгону жатыптыр. Ажобуз азыркы тапта Түндүктүн бир эмес он жигитин алса да, олуттуу добуш алышы арсар. Наримандын кадыр-баркы Нарында гана болбосо, башка жерлерде жокко эсе. Алтургай, бул жигитти көрмөк турсун, укпагандар толтура экен. Бийликтин мындай тандемин ачык шайлоо болсо Акун деле алып түшөт.Азыркы бийлик оппозициянын түндүктөгү түмөн добушунан чоочуркагандыктан ушундай кадамга барганы жатат. Бийлик бул жарышка бир эле тандем менен эмес, эки тандем менен чыгыш мүмкүн. Байкашымча экинчи тандемге Бабановду даярдап жатышкансыйт. Ойлоп жатышса керек, оппозициянын жаштарынын добушун алабыз деп. "Баклашка" менен баштан жеген Бабановдун баркы баштагыдай эмес экенин, эсирген бийлик билбей жатса керек. Кокусунан ушундай болуп калса, анда Бабановду оппозиция талапкеринин артына калтырып, шайлоо демократиялуу өттү деши мүмкүн. Оппозицияны добуштарынан алсыратам деген бийлик, өз добушунан кур жалак калышы мүмкүн. Анткени, Нарындын губернатору Өмүрбек Субаналиев ажолукка аттанганы жатыптыр. Андай болсо Акүйдүн амалы куруйт. Таласта, Ошто, Көлдө, Чүйдө, Бишкекте, эми Нарында иштеп жаткан Катанинин калк арасындагы кадырына, бийликтеги бир да кишинин кадыры жетпейт. Азыркы бийликке алданган, азыркы бийликтен арданган мамлекеттик кызматчылардын көпчүлүгү Катаниге иштеши толук мүмкүн. Бакиевге баш оту менен берилип иштей турган адам-камикадзе болушу керек. Эртең эмне болуп кетээрин баары эле байкап турушат. Акаевдин убагында түрмөгө түшкөн Катани, Бакиевдин тушунда деле түрмөгө баш багып чыкты. 2000-жылкы президенттик шайлоолордо кыргыз тилин тиешелүү деңгээлде билбейт деген шылтоо менен шыпырылып түшкөн Катани азыр жарышка түшсө, оппозиционерлердин талапкерине жетпейт дечи, бирок, Бакиев менен Түлеевдин тандеминин талпагын ташка жайышы толук мүмкүн.
Бийликтин талпынган талапкерлерин талдамыш болдук. Оппозициядан ким чыгат? Азыркы оппозициянын эң эле начары Бакиев менен кармашка түшсө болот. Анткени, эл азыркы бийликтен тажап турат. Калп айткан убадаларынан какап турат. Өзгөрүүнү самап турат. Бүгүнкү кыргыз оппозициясынын арасындагыларды тандабай эле кое берсең болот, Баары мыкты жигиттер. Карап көргүлөчү; Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кубат Байболов, Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Бакыт Бешимов, Исмаил Исаков, Равшан Жеенбеков, Аликбек Жекшенкулов, Дүйшөнкул Чотонов, Иса Өмүркулов, Эмилбек Каптагаев, Роза Отунбаева, Эркин Алымбеков ж.б.у.с. Чекесинен чертип президент кыла берсең болчудай. Бирок, "акчанын майдасы тыйын болот, арасынан бирөөсү кыйын болот" демекчи, бир талапкер тандалышы керек. Жогоруда аты аталгандардын баарысынын тилеги бир болсо, билеги дагы бир болушу керек. Талапкерлер көп болгону менен так бирөө экенин эстеринен чыгарбай, эстүүлүк менен эртеңки шайлоодо бир талапкер менен бара турган болсо, эл буларга берген добушун эч кимге уурдатпайт. Буга чейин билгенин жасап келген бийлик, ошондо оңкосунан сайылат. Элдин азыркы бийликке болгон ишеними анча-мынча калды дегенге дагы оозум барбай турат. "Тезек тергиле" деген адамга кантип "добуш бергиле" деп айтышат?
Эртеңки шайлоонун этеги кандай болоорун бир кудай, анан аны тоготпогон биздин бийлик билет. БШК дегенди ар кандай чече берсең болот экен.
Мисалы, Бакиевдин Шайлоо Компаниясы, Башканы Шайлап Коюшат, Бюллетенди Шакылдатып Кошушат, Биздин Шайлоо Керемет, Биз Шефтин Көзүбүз, Биздин Шайлоого Келиңиздер, Бийликтин Шайлоо Кодекси, Байсаловду Швецияга Кетирдик, Бабановду Шефке Келтирдик, Байболовду Шалпайтып Койдук, Бекназаровду Шерниязовго Коштук ж.б.у.с.
Рыскелди МОМБЕКОВ





КРнын Башкы прокурору Э.САТЫБАЛДИЕВге
КРнын судьялар Советинин төрайымы Л.В.ГУТНИЧЕНКОго
КР Жогорку Сотунун төрайымы Ж.С. АЛИЕВАга
КРнын Акыйкатчысы Турсунбек АКУНга
Көчүрмөсү: "Ачык саясат" гезитинин
башкы редактору Б.С.Жээнбековго

Урматтуу Элмырза Ракиевич!
Урматтуу Людмила Викторовна!
Урматтуу Жаңыл Садиевна!
Урматтуу Турсунбек Акун!
1.03.2009-ж. Ош ш., Г.Айтиев көч.-13, кв.7 дарегинде жашап жаткан менин жолдошум Убраимов Расулбекти Аксы райИИБнын кызматкерлери Кербен айылындагы убактылуу кармоочу жайына алып келип камашкан. Үйдөгү кызыма Аксы райсотунун 27.02.2009-ж. токтомунан көчүрмө калтырышкан. Соттун ал токтомунда Р.Убраимов КР КЖКнын 338-, жана 353-берененин 2-бөлүгү менен айыпталып, ал боюнча соттук териштирүү 9.02.09-ж. саат 14:00гө белгиленип, бирок сотко Р.Убраимов келген эместиги жазылган. Экинчи сот 18.02.09-ж. саат 15:00гө белгиленип, Р.Убраимов ал процесске да келбегендиги жазылат. Натыйжада мамлекеттик айыптоочу, райпрокурордун орун басары Э.Мизамбековдун өтүнүчү боюнча менин күйөөмдү сотко мажбурлоо түрүндө алып келүү боюнча сот токтом кабыл алат да, ал процедуралык бир топ мыйзам бузуулар менен 1.03.09-ж. ишке ашырылат.
Аксы райсотунун судьясы Э.Токтосунов 27.02.2009-ж. УД-22-09-Д1 токтомун чыгарууда төмөнкүдөй калпыстыктарды кетирди деп эсептейм:
1. 9.02.2009-ж. күнгө белгиленген сотко Р.Убраимовдун келбей калган себептери такталган эмес. Себеби жолдошум Р.Убраимов да, аялы мен М.Тынаева да, же үйдөгү кызыбызга да эч ким чакыруу кагазын алып келген эмес.
2. 18.02.2009-ж. күнгө белгиленген сотко Р.Убраимовдун келбей калган себептери да сот тарабынан такталган эмес. Себеби бул сотко чакырууну да биздин үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч кимибиз алган эмеспиз. Райсот өзүнүн токтому эмне үчүн аткарылбай жаткандыгы жөнүндө прокуратура, райИИБдан талап кылып, эч кандай документтерди ишке тиркеген эмес.
3. 27.02.2009-ж. күнгө белгиленген сотко да айыпталуучу Р.Убраимов чакыруу кагазын албагандыктан келбегендигин судья Э.Токтосунов мамлекеттик айыптоочу Э.Мизамбековдон, чакыруу барактарын жеткирүү милдетин алган Аксы РайИИБ жетекчилигинен сурап тактаган эмес. Мында да тийиштүү документтер тиркелбеген.

Жолдошумду 1.03.09. күнү камакка алып кетишкенден кийин Ош шаарындагы борбордук почтага барып, чакыруу кагаздары келген-келбегендигин териштиргенимде (Чынында муну мен эмес, прокурордун орун басары, райондук ИИБнын начальниги, акырында соттун судьясы Э.Токтосунов өздөрү такташ керек эле.) 18.02.09 күнү болуучу сотко жиберилген телеграмма почта бөлүмүндө жеткирилбей калып калгандыгын, аны 2 -март күнү алгандыгымды почта кызматкерлери ырастаган документ беришти. Почтада күйөөмдү андан мурдагы сот процессине чакырган мындан башка бир да чакыруу барагы жок болуп чыкты.
Р.Убраимовду сотко келбей жатат деген шылтоо менен камоо жөнүндө райсот чыгарган токтомдо процедуралык каталар бар деп эсептейм. Себеби "Токтомго нааразы тарап 10 күн мөөнөт ичинде Жалал -Абад областтык сотуна аппеляциялык тартипте даттанууга акылуу" деп 5 күндүк мөөнөттү өзу билип дагы 5 күнгө узартып койгон. Бул КР КПКнын 110-беренесинин 10-пунктун одоно бузгандык.
Сот тарабынан адам укугун одоно бузган дагы бир ката кетирилди. Камакка алынган күйөөм Р.Убраимов камакка алынгандын эртеси 2.03.09. күнү райсоттун аны камоо тууралу токтомун бузуп берүү жөнүндө облсотко апелляциялык арыз жазган. Ал арыз да 5 күн ичинде, б.а. 7.03.09. күнү облсотко жөнөтүлүшү керек эле, иш жүзүндө ал 12.03.09. күнү гана жөнөтүлдү.
Райондук прокуратура сотко чакыруу кагаздарын айыпталуучуга жеткирүүчү ИИБнын ишине тыкыр көзөмөл жүргүзө алган эмес, натыйжада РайИИБ тергөөчүсү Нурлан Усенов менин жолдошум Р.Убраимовго бир да повестка жеткире алган эмес.
Ушул сыяктуу мыйзам бузууларга жол бергендигинин натыйжасында менин күйөөм Р.Убраимовду камакка алуу боюнча туура эмес аракеттер жасалып, натыйжада анын жана менин, биздин уул-кыздарыбыздын, жакын туугандарыбыздын беделине моралдык жактан орду толгус сокку урулуп, күйөөмдүн ден соолугуна олуттуу зыян келтирилди. Ошондуктан райсоттун судьясы Э. Токтосуновдун, райондун прокурорунун орун басары Э.Мизамбековдун, райондук ИИБнын тергөө бөлүмүнүн башчысы Н.Усеновдун өз милдеттерин калпыс аткаргандыгы "КРнын прокуратурасы жөнүндөгү", "КР судьялардын статусу жөнүндөгү" жана "КРнын ички иштер органдары жөнүндөгү" мыйзамдары боюнча жоопко тартылуусун өтүнөм. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын иши жыл өткөн сайын демократиялашып бараткан шарттарда адамдарды жалган жалаа, далилденбеген күнөөлөр менен мыйзамсыз камоо, жасабаган кылмыштарды күч колдонуп мойнуна алдыруу сыяктуу терс көрүнүштөргө коомчулук да кошо күрөшүүсү керек.
Малюда ТЫНАЕВА, Аксы району, Кербен шаары

РЕДАКЦИЯДАН: Мыйзамсыз камакка алынган врач Р.Убраимов Аксы райондук сотунун судьясы Э.Токтосунов баш коргоо чарасын туура эмес чыгарды деген арызын Жалал-Абад областтык сотунун жазык жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы судья М.А.Кулчуновдун төрагалыгында 20-мартта карап, врач Р.Убраимовдун өтүнүчүн канаттандырып, аны түрмөдөн бошотуу туурасында аныктама чыгарды. Демек сот процессин КР ЖПКнын беренелерине ылайык туура уюштура албаган сот, прокуратура, милициянын кетирген каталарынын айынан Р.Убраимовго окшогон Кыргызстандын миңдеген катардагы жарандары ушинтип 15-20 күндөн түрмөлөргө мыйзамсыз отургузула береби? Сот ишин туура эмес уюштуруунун айынан ИВСтен түрмөгө туура эмес жөнөтүлгөн Кыргызстандагы карачайлардын ассоциациясынын жетекчиси Исмаил Кочкаровго окшоп канчалаган жарандарыбыз мезгилсиз өлүмгө туш боло береби? Өз ишин туура эмес жүргүзүп, элдин бийликке нааразылыгын ого бетер күчөтүп, ишенимин кетирип жаткан судьялар, тергөөчүлөр, прокурорлор, милиция кызматкерлерине эч кандай чаралар көрүлбөйбү?












??.??