presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эсен жүрсөң, эстей жүр...

24-март: Эл көтөрүлдүбү же Батыш төңкөрдүбү?
Кыргызстанда "жоогазын ыңкылабына" бүгүн төрт жыл толот. Ушул күнгө чейин өлкөнүн өзүндө да, дүйнөдө да анын чынында эмне болгону тууралуу карама-каршы пикирлер айтылып келет. "Азаттык" эки башка саясий жээктеги талдоочуларга кайрылат.

Алексей Мухин - Москвадагы "Саясий маалымат борборунун" башкы директору. Ал мурдагы Советтер Союзунун аймагындагы үч мамлекетте тең "түстүү ыңкылаптар" Батыштын активдүү кийлигишүүсү менен орун алды деп ишенет.
"Кыргызстанда болгон "жоогазын ыңкылабы" да постсоветтик аймактагы айрым мамлекеттерде болгон окуянын үлгүсү менен ишке ашты, - деди "Азаттыкка" А.Мухин. - Ал үлгү ушул аймакта саясий туруксуз режимдерди түзүүнү максат кылган эле. Тилекке каршы, Ыңкылаптарды Батыш жасаган деген - жөн гана калп...Украинадагы, Грузиядагы жана Кыргызстандагы кырдаал бул ойдун туура экенин далилдеди. "Түстүү ыңкылаптардын" натыйжасында түзүлгөн режимдер, биринчиден, тышкы факторлордон көз-каранды болоору айкын болду. Экинчиден, алар саясий жактан туруксуз экенин көрсөтүштү. Үчүнчүдөн, өздөрүндөгү жана аймактагы социалдык-экономикалык абалга да терс таасир этти".
Бирок океандын ары жагында анын пикирине караманча-каршы тургандар көп.
Андрес Ослунд (Anders Aslund) - АКШдагы Жоржтаун университетинин профессору, "Карнеги" корунун буга чейинки башкы эксперттеринин бири болгон. Ал постсоветтик бул мамлекеттердеги абал менен жакындан тааныш. "Кыргызстанда 2005-жылдын мартында болгон окуяларды Батыш даярдаган" дегенге Ослунд кошулбай турганын айтты.
"Бул жөн гана - калп, - деп ишенет ал. - Орусия бүгүн - бул диктатура. Ыңкылап өзүнөн өзү болуп кетиши мүмкүн дегенге алар ишене алышпайт, анткени алар бүт эле нерсе "жогорудан айтылат" дегенге көнүп калышкан. Алар демократиялык күчтөр болушу мүмкүн экенин түшүнбөгөндөн кийин, окуяларга дурус анализ жүргүзүүгө да жөндөмү жок".
Ошол эле учурда профессор Ослунд "Кыргызстанда ыңкылап болду" дегенге такыр кошула албай турганын айтат.
"Менимче, Кыргызстандагы окуяларды Украина же Грузиядагы окуялар менен бир мааниде алып талдаганга болбойт. Украинада, мисалы, азыркы мыйзамсыздыкка карабай, толук эркиндик бар. Грузияда эркиндик жарым-жартылай бар десек болот. Кыргызстанда болсо эркиндик да жок, мыйзамдуулук да камсыз кылына элек. Дээрлик эч нерсе өзгөргөн жок. Андыктан "жоогазын ыңкылабы" бүгүн, чынында, "куралдуу төңкөрүш" сыяктуу эле көрүнөт. Бакиев Акаевден эч нерсеси менен озо албады, тетирисинче, Акаевдин көп аракеттери азыркы жетекчиникинен дурусураак болчу".
Ослуддун айтымында, аталган үч мамлекеттин ичинде Украина үчүн элдик көтөрүлүштөрдүн болушуна ал жумурияттагы экономикалык, социалдык оор абал башкы деле себеп болгон жок. Анткени экономикалык жактан бул мамлекет дурус эле алдыда болчу. Анда ыңкылаптын чыгышына элдин чыныгы эркиндикке, демократияга умтулуусу себеп болду. Ал эми Грузия менен Кыргызстан, чынында эле, аймактагы жакыр мамлекеттердин катарында турган. Ошентсе да, ыңкылаптан бери экономикада өсүш болгону деле көрүнбөйт, - дейт ал.
Түстүү ыңкылаптар саясий туруксуз режимдерди түзүүнү максат кылган..."Башаламандык, менимче, башкы проблема болуп турат. Азыр өлкөдө чечимди ким кабыл алаары түшүнүктүү эле, бирок мыйзамдуулук жок. Чынын айтканда, Кыргызстанда аябай жакшы мыйзамдар бар. Алар 90-жылдарда эле кабыл алынган. Аскар Акаев аябай көптү билген адам, бирок ал үй-бүлөсүнүн эле курмандыгына чалынды. Анын үй-бүлөсү мамлекеттеги негизги ишканаларды ээлеп алганга аракет кылган. Бирок бүгүн деле абал ошол мезгилдегиден жакшырып кеткен жери жок. Менимче, азыр Кыргызстанда бизнесмендерге иштеш аябай оор, анткени алар "оюндун эрежелерин" билишпейт. Акаевдин тушунда деле ушундай болчу. Бирок ал тапта, жок дегенде, мыйзамдуулук жагынан абал дурусураак эле".
Алексей Мухин бирок өз оюнан кайткан жок. Ал Украинада да, Грузияда да, Кыргызстанда да сырттан киргизилген идея иштеп, ошонун негизинде күч менен ыңкылап жасалды деп эсептейт.
Мухин өзү Орусиядагы расмий бийлик менен тыгыз кызматташып келаткан аналитиктерден. Алгач саясий сахнада Владимир Путиндин аты атала баштаганда эле ал "Мистер Путин деген ким?" деп суроо коюп, атайын китеп да жазган. Андан бери Кремлдин негизги саясатын колдоп келатат. Бул жолу да ал "Кыргызстанда эл көтөрүлгөн", "чыныгы идея болгон" дегенди четке какты. "Элдин атынан сүйлөп эле тим болбой, элдин толкунун колдонушту", - дейт ал.
"Элдик нааразылыкты туура колдоно билгендик - бул чоң курал, - деп оюн улантат. - Көп учурда бул курал кийин аны колдонгондорго каршы иштейт. Кыргызстанда дал ушундай болду. Кыргызстан менен Орусия, эң оболу, саясий да, экономикалык да өнөктөш өлкөлөр. Андыктан ыңкылаптан бир нече жыл өтүп, кыргыз жетекчилиги өзүндөгү саясий ал-ахыбалга көзөмөл кыла албай калганда, кайра Орусияга ык ала турган чечимге келди ("Манас" аба- базасынын жабылышы, Орусиядан эки млрд.долларлык кредит бөлүнүшү - ред.). Орус жетекчилиги муну жогору баалады. Анткени, жашырганда не, Орусия Кыргызстанда таасирин арттырууга кызыкдар. Андыктан биз эмне жөнүндө сүйлөп жатканыбызды билебиз".
Төрөкул ДООРОВ
"Азаттык"





БЭК бир талапкерди бекитет
Жагымсыз жай айындагы президенттик шайлоого оппозициялык БЭКтен бир талапкер көргөзүлөт. Мындай чечим БЭКтин кезектеги кечээги жыйынында кабыл алынды. Абройлуу оппозициялык уюмдун талапкери апрель айында аныкталмакчы. Баса, "акжолчулар" дагы апрель айында азыркы ажобузду экинчи мөөнөткө атказганы турат. БЭКтин болочок талапкери бул уюмга кирген бир саясий партиянын атынан же өзүн өзү көрсөтүшү мүмкүн. Анткени, президентикке талапкерди көрсөтүү укугуна Адилет министрлигинен расмий каттоодон өткөн партия гана ээ боло алат. Ошондой эле, талапкер алдын ала 50 миң шайлоочулардын колун топтоосу зарыл. Призидентикке талапкерлерди көргөзүү мөөнөтүнө азырынча бир жарым айлык убакыт бар. "Кул да жейм дейт куйрукту, кудайым берет буйрукту" демекчи, кимисине буйруп туру болду экен?

А.Мадумаров түрмөгө түштү
Азыркы бийликти сындагандардын баарысы жергиликтүү бийлик тарабынан куугунтукка алынып жатканы жалган эмес. "Кетсин" дегендерге эскертүү берип, айрымдарына иш ачып койчу эле, эми шартылдата соттой баштаптыр. "Азаттыктан" алынган маалыматка таянсак, БЭКтин Ноокат району боюнча өкүлү Набижан Каримбердиев баш ийбегендиги жана бейбаштыгы үчүн айыпталып, төрт жылга кесилип кетиптир. БЭКтин Ош шаарындагы өкүлү Абдумажит Мадумаровго алдамчылык боюнча айып тагылып, соттун чечими менен түрмөдөн "түнөк" таап бериптир. Ош облусттук милициясынын басма сөз катчысы Ашырбаевдин айтымында, БЭКтин мүчөлөрүнүн камалышында саясий өңүт жок экен. Демек бизде саясий кризис эмей эле, криминалдык кризис күчөп кеткен окшойт? Саясатчылардын саяпкери Садыркуловдун өлүмүндө саясат болбогондон кийин, калгандарына баш катырып эмне кылабыз? Акаевдин убагында куугунтукталгандардын көпчүлүгү акталып кетпеди беле, буларың деле акталат дечи. Бирок, кекчил кыргызды кепке келтириш оңой болбосо керек.

Таластагы таңгалыштуу сот
БЭКтин Талас облусундагы өкүлчүлүгү 27-март күнү Талас шаарынын борборунда акция өткөрө турганыдыгы тууралуу маалымдамасын шаардык мэрияга 17-мартта жолдогон. Шаардык мэрия "бар" же "жок" дегендин ордуна, оппозициячылардын митинг өткөрүү өтүнүчүн шаардык сотко өткөрүп жиберишкен. Сот мериянын арызын 20-мартта оппозиция өкүлдөрүнүн катышуусуз карап, "митинг өткөрүүгө уруксат берилбесин" деген чечимди чыгарган. Соттун мындай чечимине нааразы болгон эки жүзгө жакын оппозиция өкүлдөрү сот имаратынын алдына пикетке чыгышып, "27-мартта баары бир митингке чыгабыз" деген чечимге келишкен. Жергиликтүү бийликтин жең ичинен чыгарган чечимине нааразы болгон таластыктар, алтургай, "Бишкекке жөө жүрүш жасайбыз" деп жатышыптыр. Талас шаардык соту оппозиция өкүлдөрүнүн өтүнүчүндө, митингке канча адамдын катышаары тууралуу маалыматтын жоктугун шылтоо кылышкан. Канча киши катышаарын бир кудайдан башка ким билмек эле? Президенттин инагурациясына канча киши катышаарын А.Мадумаров көрсөтүп, мэриядан уруксат алганын укпаптырбыз.

Ажолук ат салышууга 172 миллион сом акча жумшалат
23-июлда өткөрүлө турган президенттик шайлоого жалпы жонунан 172 миллион 400 миң сом акча талап кылынаарын БШК эсептеп чыкты. Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын иштеши үчүн 56 миллион 385 миң сом, райондук шайлоо комиссиялары үчүн 180 миң 900 сом, облустук комиссиялар үчүн 8 миллион 113 миң сом, БШК үчүн 72 миллион 855 миң сом бериле турган болду. Ага шайлоочулар үчүн 3 миңден ашык түшүндүрмө китепчелер, бюллетень жана башка уюштуруу иштери жүргүзүлөт. Бирок бул каражат быйылкы жылдын бюджетине эмес 2010-жылдын бюджетине киргизилгендектен БШК Каржы министрлиги менен өз ара сүйлөшүп чечээрин, БШК төрагасы Дамир Лисовский билдирген. Ушунча көлөмдөгү акча каражаты мамлекеттин казынасында барбы? Экинчиден, бул акча каражаты казынадан алынгандан кийин, анын ордун эмне менен толтурабыз? Азыркы бийликтин ашык акчасы бар экенине апенди гана ишенбесе, башка эч ким ишенбейт. Демек, байкуш мугалимдердин айлык маянасын дагы пайдаланат окшойбуз.

Абдылдаев отказ берди
Ушул айдын башында белгисиз адамдардын колунан бычак жеген белгилүү журналист Сыргак Абдылдаев ички иштер министрибиз Молдомуса Конгантиевдин ал жөнүндө айткандарын жокко чыгарды. Эсиңиздерге сала кетсек, мындан бир аз мурда министр мырза Абдылдаевдин өмүрүнө болгон кол салуу аракетин, анын криминалдык чөйрө жөнүндө жазган макалаларына чапташтырган. Ооруканада жаткан Абдылдаев министрдин мындай маалыматын айыптап, анын жоопкерсиздигин белгилеген. "Менин өмүрүмө болгон кол салуу аракети - менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу"-дейт, "Репортер Бишкек" гезитинин саясий баяндамачысы. Ошондой эле ооруканада жаткан кесиптешибиз, өткөн жумада "Жусуп Бакиев атындагы фонддун"(төрагасы Жаныш Бакиев) акчалай жардамынан күбөлөрдүн көзүнчө отказ бергенин ачыкка чыгарды. Абдылдаев аман-эсен айыгып чыгып, ар-намысына. кадыр-баркына доо кетирген Конгантиев мырзаны сотко берсе болчудай.


"Ачык саясат" пресс









??.??