Чыңгыздын айымдары
Курманбек Осмонбеков
Бисмиллахир Рахманир Рахим!
Он сегиз миң ааламдын жалгыз ээси, кудурети күчтүү Кудай Таалага гана чексиз мактоолор арналсын. "Алла Таалам өзү жар болуп, өзү колдосун" - деп ушу баянды баштадым. Жалган дүйнөдө мактоого татыктуу бир гана нерсе бар. Көзгө көрүнбөгөн ошол улуу нерсе Адам ата урпактарына насип үлөштүрөт. Болгону бирине баарын берип, бирин кур коёт. Эмне себептен ошондой экенин бир Кудай өзү билет. Ал жагы адамзат үчүн табышмак. Бардыгы жетиштүү, байманасы ашык адамдарды "Кудай сүйгөн пенделер" - деп коюшат. Ал эми караманча кур калгандарды акыретте бейишке чыгат же "өзүнө бербегенди бала-чакасына берет" деп жооткотушат. Кудайдын улуулугу ушунда.

(Башталышы өткөн санда)
Ашыктан Мажнун болушкан Чыңгыз менен Бүбүсаранын өздөрү эч ким билбейт деп ойлошкондору менен кыргыз коомчулугуна аттын кашкасындай эле дайын болуп калган.
Өздөрүнөн башка эч кимге түшүнүксүз болгон бул экөөнүн махабатына, жеке үй-бүлөлүк тагдырына бүтүндөй кыргыз элитасы менен интеллигенциясы киришип, тоскоол боло баштагандыктан эми бул экөө издерин жашырып, көздөн далдоо Москва, Ленинград шаарына кетип калышып, сүйүүнүн кызык учур, жыргал күндөрүн ошол жакта өткөрчү болушат. Булардын мындай амалдарынан деле майнап чыкпай, шибегени канча катсаң деле сороюп чыгып калган сыңары, он беш союздун борбору болгон Москвага партиялык жана чарбалык жумуштар менен чакырылган мамлекеттик кызматкерлердин, командировкалап бара калышкан маданият ишмерлеринин, жазуучулардын көздөрүнө илинип калып жатышты. Булардын кимиси болбосун Москвадан кайтып келери менен Бүбүсара менен Чыңгыздын мамилеси тууралу Кыргызстан Коммунисттер партиясынын биринчи катчысы Усубалиев Турдакунга билдирүү жасашкан. Аны менен эле тим болуп калышпай, бирди-экиге кошумчалап Керезге айтышкан. Ал жеткиргендери аз көрүнүп, Керезди өз тарабына тартып, колтугуна суу бүркүп, жогорку инстанциялары: ККП БКнын (Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин) биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин, ССКПнын (Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын) генеральный катчысы Брежневдин атына арыз жазууга шыкак беришкен. Бирок, табият жаратканда эле айкөлдүк, кеменгерлик сапатын кошо берген Чыңгыздын апасына өз кызындай болуп калган Керез аларды укпай койгон.
Чыңгыздын жеке пенделик душмандарынын тилине кирип, Керез бийликтин жогорку башчысына кат жазып кайрылчу болсо Кудай Таала 20-кылымда кокусунан кыргыз багына кондуруп койгон эки улуу таланттын багын байлап, жылдыздарын өчүрүп коёрун билген.
Керездин жогорку инстанцияларга арыз жазбай коюшу - учурунда Леонид Ильич Брежневдин КПСС БКнын куржунуна келип түшкөн Чыңгыздын үстүнөн жазылган арыздарды териштирбей токтотуп койгон эрдиги менен барабар келген эрдик болгон.
Керезге мына ушул эрдиги үчүн эле таазим этип, урмат билдирсек болот.
Тагдыр жазмышына, анын адам күтпөгөн оюндарына айла жок. Кимиси жаңылып, кимиси ката кетирди, Керезби же Чыңгызбы ал бир Аллага дайын. Айтор, Керезден Аскар, Санжар деген алмончоктой эки уулу турса да Чыңгыз ашыктык деген улуу илдеттен Бүбүсарага ооп кетти. Доор эрежеси катаал болгондуктан Бүбүсара менен болгон мамилесин жаап-жашырууга аргасыз болду.
Чыңгыздын өмүрүнө Бүбүсаранын тагдырлаш болуп кириши жазуучунун гана өмүрүнө эмес, дээрлик жазылып бүтүүнүн алдында турган "Жоргонун жүрүшү" (журналдык варианты "Бег иноходца", китептеги басылышында "Жаныбарым, Гүлсары". Кийинки "Гүлсарат") чыгармасын да түп-тамырынан бери өзгөрткөн. Адепки план боюнча чыгарманын башкы каарманы коммунист Танабай Бакасов социализм доорунун ошо мезгилде иштелип чыккан сценарийине ылайык тексиз томаяк, кедей үй-бүлөдөн чыгып, көрүнгөндүн үйүн сагалап, малай жүрүп, кордук көрүп, Ленин башында турган Октябрь Революциясынын төңкөрүшүнөн кийин теңдикке жетишип, партиянын катарына өтүп, социалисттик чарбанын өнүгүшү үчүн бүт дараметин үрөп күрөшүп, анын жетегинде жүрүп, отко салса күйбөй, сууга салса чөкпөй, Касымалы Жантөшевдин "Каныбеги", Шүкүрбек Бейшеналиевдин "Кордун тукуму" романындагы Рахматаалы Сыртбаевдей Социалисттик Эмгектин Баатыры болуу менен соңуна чыкмак.
Социалисттик коомдо ардактуу кесип катары саналган койчу, чабан, кийин жылкычы болгон Танабай Бакасовдун өмүр жолун чагылдыруу менен социалисттик чарбанын артыкчылыгын максат кылган, чакан көлөмдөгү повесть болчу чыгарма, жогоруда белгилеп айтканымдай Чыңгыздын Бүбүсарага карата болгон алоолонгон махабатынан кийин коммунисттик коомдун көп тармагын камтыган, жеке адамдын сүйүү, үй-бүлө күтүү проблемасын козгогон, социалисттик реализм медонунун эрежесине ылайык келбеген романдын деңгээлине көтөрүлгөн чыгармага айланган.
Повестте Бүбүжандын Танабай менен өрттөй алоолонгон махабаты, жалгыздыкта каршы, балерина бийинин чебери, Чыңгызга чындап берилген Бүбүсаранын арманы, Бүбүсаранын эле махабаты го.





Дин жана дил тууралуу
Мен өткөн жылы "Кыргыз Руху" гезитине жарыяланган Дүйшөн ажы менен Саматовдун "Ислам дини ааламдагы акыркы чындык" - деп мактанган, жактанган, арабдарды кыргыз элинен өйдө коюп, элдик салт-санаасы "бутпарастык" - деп текеберленген макалаларын окуп, жооп берсемби деген ойго келип, бирок орто арада башка иштерге колум байланып, ал ой эсимден да чыгып калыптыр. Ал ойдун кайра пайда болушуна "Эхо Манаса" телеканалы исламчылыктын рупоруна айланганы, улууну урматтоо үч уктаса түшүнө кирбей, автобуста ата-энесинен улуу кишилерге орун бошотуп беришпей былтыйып отурушкан бетин чүмкөгөн кыздар менен ак такыя кийип, сакалдарын сербейтишкен жаштардын көбөйүп баратканы жана кыргыздын дилин жок кылууга аракеттенишкен саткын исламчылардын Кыргыз Республикасынын президентине, премьер-министрине, ЖКнын спикерине кайрылуусу себеп болду. Ислам дини чындап эле туура тарбиялоодогу мыкты болсо жанагы сыяктуулар улууларга ордунан туруп беришет эле го.
"Манаска сыйынбагыла, ага сыйынган күнөкөр болот" - дешкен молдокелердин Манастын атын алып жүргөн телеканалды байырлашканына жол болсун. Манасты танган динчилерге Манастын атын алып жүргөн телеканалдын ошончо убакытты бөлгөнү да түшүнүксүз. Же "Пулуң болсо кулуңмун" деген принциппи?..
Акыркы бул макаланы жазууга бел байладым. Арийне, бул макала Дүйшөн ажыга, Саматовго жооп эмес, анткени алар кеп жебестер. Бул макала менен мен туш тараптан самсып келишип, өз идеологияларына тартып алууга аракет кылышкан кыргыз элине жат агымдардан улам эки анжы болуп турушкан жалпы кыргыз жаштарына кайрылмакмын.
Дүйшөн ажы өз макаласында "Ибрагим пайгамбар еврей эмес" - дейт да аны тактоо катары Курандын аятын бурмалап мындай деп жазат: "Ибрагим яхудий да, насраний да болгон эмес, ал мусулман ханиф болгон". "Яхудий" дегенди Дүйшөн ажы жөөт же еврей. Биринчиден, "Яхудий" деген сөз Яхве дининдеги адам же иудей дегенди түшүндүрөт. Мухамеддин учурунда өтө көп яхудийлер болгон. Мухамеддин аялы Хадичанын уялашы Барака да яхудий болуу менен, Библияны араб тилине которгон. Экинчиден, "Ханиф" деген сөз мусулман дегендикти түшүндүрбөйт, ал бир кудайга ишенген киши деген сөз. Окуучуларга түшүнүктүү болушу үчүн "Аль Имран" сүрөөсүнүн 60-аятын толук келтире кетели, дагы "бурмалап салды" - деп айтышпасы үчүн Курандын академиялык, Крачковскийдин котормосунан орусча берели: "Ибрахим не был иудеем, ни христианином, а был ханифом предавшимся и не был из многобожников". Ушул эле сүрөөнүн 58 (65) - аятында "О обладатели писания! Почему вы препираетесь об Ибрахиме? Тора и Евангелие были ниспосланы только после него. Разве вы не уразумеете?" - дегени Ибрахимдин учурунда иудаизм да, христианчылык да жок экенин тастыктап турат го. Бул аят дал ошол Дүйшөн ажы сыяктууларга арналган окшойт. Анткени, ислам динин Мухамед пайгамбар таратып атса андан 2700 жыл мурун жашаган Ибрагим кантип мусулман болсун. Ооба, Ибрагим иудей дагы, христианин дагы, мусулман да болгон эмес, ал бир кудайга ишенген ханиф болгон.
Эми Ибрагимдин еврей болгондугу тууралуу. Нух пайгамбардын баласы Симдин чөбөрөсү Евор Ибрагимдин алтынчы атасы. Ошол Евордун тукумдары "Еврей" аталып калган. Торанын биринчи китеби Бытиянын 14-сүрөөсүнүн 13-аятында "Авраам еврей" - деп эле жазылып турат.
Мынча болду Аллах деген араб сөзү да Елох деген еврейлердин сөзүнүн өзгөрүлгөн түрү экенин айта кетели. Елох деген сөз байыркы еврей тилинде Кудай деген сөз. Арабдар Авраамды Ибрахим деп, кыргыздар Ыбрайым деп өз тилдеринин закондоруна ылайык өзгөртүп алгандай, арабдар Елох деген сөздү Елох - Алах - Аллах деп өзгөртүп алышкан.
Дүйшөн ажы "Ажарды (Агарь) ойнош күң" - деп айткандыгы үчүн Усупбаевди мыйзам алдында сотко бергиси келет. Ажар деген ким өзү? Ажар жөнүндө Куранда бир да сөз жок. Ал эми Торанын Бытия бөлүмүнүн 16- жана 21-сүрөөлөрүндө Агарь Сааранын күңү экендиги, Авраам менен ойнош болууга Сааранын өзү уруксаат бергени, кийин Исаакты төрөгөндөн кийин Агарды Измаил менен кошо кууп ийгендиги жазылат. Торага ишенбейли десек Курандын "Аль Имран" сүрөөсүнүн 3-аятында "Ниспослан Он (Аллах) тебе писание в истине, подтверждая истинность того, что ниспослано до него и ниспослал Он Тору и Евангелие раньше в руководство для людей и ниспослал Различение" деп жазылып турбайбы. Ушундай эле Торага ишенгиле деген сөздөр "Аль Бакара" сүрөөсүнүн 130(136) аятында, "Аль Имран" сүрөөсүнүн 78(84) аятында жазылып турат. Демек, Ажар Саранын күңү, Ибрагимдин ойношу дегендин далили. Ибрагимдин никелеп алган аялы болбогон соң ойношу болбогондо эмне болот? Эгерде никелеп алган аялы болсо кайсы күнөөсү үчүн Ажарга талак берип кубалап салат?
Арабдар Ажар тууралуу Торанын 21-сүрөөсүн бурмалап, өздөрүнө өтө пайдалуу мифти чыгарышып, аны көрүнгөнгө таңуулап келишет. Алардын айтуусу боюнча Ажар менен Ысмайыл чөлдө тентиреп келатышып, ичээрге суу, жээрге аш жок чөлдөп өлүшөөрүндө периште пайда болуп, булак чыгарып берет. Көрсө ошол булак азыркы Зам-Зам экен. Зам-Зам Меккеде. Ажарды кубалап жибергенде Ибрагим Вирсавия деген жерде турган. Вирсавиядан Меккеге чейин түптүз сызгычтай болгондо да 1000 километр. 3-4 нан, бир торсук суу менен эки адам кумдуу чөлдүү, жарым чөлдүү 1000 километрди кантип басып өтүштү экен? Мындай "шумдугуң кургурлар" араб исламчыларын кызартып койбойт, анткени аларга теке болсо да сүт берсе болду. Карапайым элдин башын айлантуу менен жалган мифке жамынып алышып, миллиондогон, миллиарддаган долларларга туйтунуп атышканы жалган эмес да.
Дүйшөн ажы Ибрагим пайгамбар курмандыкка Ысмайыл деген баласын чалган деп, ошого өзү күбө болгондой кесе айтат. Курмандыкка чалуу тууралуу Курандын "Ас-Ассафат" сүрөөсүндө айтылат, бирок кайсы баласы экендиги так жазылбайт. "И обрадовали мы его Исхаком, пророком из достойных" - деген 112-аяты аркылуу курмандыкка чалмак болгон Ысмайыл го деп болгоолосо болот.
(Уландысы кийинки санда)
Темирбек Дүйшөкеев






Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan