presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Назаркулов А.Н.
Айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор, КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КР эмгек сиңирген зоотехниги, президенттик улуттук сыйлык Кыргызстан аграриясынын элитасы.

Айыл чарба илими акыркы күнүн жашап жатат

Республикабыздын айыл-чарбасында эмгектенип жаткан окумуштуулардын, жалпы эле илимий кызматкерлеринин атынан бүгүнкү күндөгү айыл-чарба илиминин жана өзүбүздүн турмуш акыбалыбыз жөнүндө өкмөт башчыларына жана жалпы эле кыргыз элине массалык маалымат каражаттары аркылуу тааныштырып кетүүнү чечтик. Бул кайрылууга чейин президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин атына эки жолу кайрылуу жасадык. Бирок, тыянактуу чечим эмес, кайрылуубузга жооп да алганыбыз жок. Мүмкүн биздин кайрылуубуз жетпей калып жатса керек.

Убагында айыл-чарбасында иштеген окумуштуулардын эмгеги жогору бааланып, айлыктары жогору болор эле. Ошого жараша илимий кызматкерлер үзүрлүү эмгектенишип, айыл-чарба малдарынын санын көбөйтүп, сапатын жакшыртууда зор эмгектерди жасашты.
Мурдагы союзга караган он беш республиканын ичинен жалгыз Кыргыз Республикасы өзүнүн окумуштуулары чыгарган койдун үч, эчкинин эки, уйдун эки, жылкынын жана тооктун тукумдарын чыгарышып, коңшу мамлекеттерге сатып келишти. Ал турсун алыскы Монгол Республикасына Алатоо тукумундагы уйдун букалары сатылып келген. Азыр да айыл-чарба малдарынын тукумдарын сактап калыш максатында кооперативдик жана ири фермердик чарбаларында илимий иш жүргүзүлүүдө. Мезгилдин татаал шартына карабастан, Казакстандын окумуштуулары менен уйдун сүт багытындагы жаңы тукумун чыгаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп жатат. Республикабыздын шартында биринчи жолу салмагы төмөн, сүттүүлүгү начар Алатоо тукумундагы уйларды чет мамлекеттен келген шароле, абердин - ангус жана киан тукумундагы эт багытындагы букалар менен аргындаштыруу жүргүзүлүп, эт багытындагы уйдун тукумун түзүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Ал эми 2008-жылдын аягында айкөл эт-май багытындагы койдун тукуму чыгарылып, айыл, суу чарба жана кайрадан иштетүү министрлигинин приказы менен бекитилди. Бирок, айыл-чарбасында ошондой олуттуу илимий иштерди жүргүзгөн окумуштуулардын социалдык акыбалы, алардын алган айлыктары чарбаларга камандировкага чыгуу үчүн каражаттары жана башка муктаждыктары жөнүндө эч кимдин иши жок.
Эгерде гезитке чыккан маалыматтарга ишенсек, өткөн 2008-жылы бюджеттен айлык алгандардын орточо айлыгы 5600 сом болгон экен. Кыргызстандын мал чарба жана жайыттар, ветеринария жана дыйканчылык боюнча илимий изилдөө институттарында иштеген илимдин докторлору, профессорлорунун колго тийген айлык акысы 4600 сом, илимдин кандидаттарыныкы 3750, илимий даражасы жок кызматкерлериники 2250, ал эми лаборанттарыныкы 1885 сом. Демек, профессорлордун алган айлыгы республиканын бюджетте иштегендердин орточо айлыгынан төмөн экени көрүнүп турат. Ошол эле учурда илимий даражасы биздикиндей болгон жогорку окуу жайларда, Кыргыз Илимдер Академиясында иштеген окумуштуулар бизден 1,5-2 эсе көп айлык алышат.
Жакында Жогорку Соттун төрайымы "Вечерний Бишкек" гезитине берген маегинде жаңыдан сот системасына келип иштегендердин айлыгы 12 миң сом, ал эми көп жылдар бою иштегендики 30 миң сом экендигин айтыптыр.
Бул кандай теңсиздик! Кечээ эле студенттик орундан туруп, сот мекемесинин эшигин аттаган кызматкердин айлыгы, өмүрүн айыл-чарбасына арнаган ак чач профессордун айлыгынан эки эсе көп. Мүмкүн айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун чыгаруу, аларды өстүрүүнүн агротехникасы, иштеп чыгаруунун жана түшүмдүүлүгүн жогорулатууда, малдардын башын чыгашасыз асыроо, азыктуулугун көбөйтүүдө, ар кандай тукумдагы малдардын генефонун сактап калууда айыл-чарба илимдеринин кереги жоктур? Бул тармак өзү менен өзү өнүгө берер. Андай болсо, бул институттарды кармап туруунун кандай кажети бар? Мүмкүн жоюп коюш керектир. Ансыз да, акыркы жылдары жаштардан аспирантурага эч ким келбей калды, ал эми биз даярдап өстүргөн айрым таланттуу жаштарыбыз, илимдин кандидаттары алыскы жана жакынкы мамлекеттерге кетип калышты, айрымдары Ош базарында отурушат. Ушунун баары жашоонун татаалдыгына, айлыктын аз болгонуна байланыштуу болуп жатат. Эгерде акыбал ушул бойдон кала берсе, 8-10 жылдан кийин айыл-чарбасында иштеген илимий кызматкерлер калбай калышы мүмкүн.
Бүгүнкү күндө Кыргыз мал чарба жана жайыттар боюнча илимий изилдөө институтунда иштеген илимий кызматкерлеринин орточо жашы 68ге барды. Негизинен пенсияга чыккан, улгайган адамдар иштеп жатышат. Айыл-чарбасында иштеген окумуштуулардын социалдык акыбалы жөнүндө президенттин, Жогорку Кеңештин, кыргыз өкмөтүнө кайрылуу жана аппараттын айрым жооптуу кызматкерлери менен жолугушууда нечен жолу айтылды. Бирок, биздин үндү уккан эч ким жок. Массалык маалымат каражаттары аркылуу айыл-чарбасында иштеп жаткан бүгүнкү күндөгү илимий кызматкерлердин акыбалы тааныштырууну чечтик.




Элдик коом биздин бактыбыз
Элдик коомдун социалисттик коомдон айырмасы буржуазиялык коомдогудай өндүрүштүн жеке менчикте болушу. Өндүрүштө буржуазиялык башкаруу менен элдин эркин болуу талабы карама-каршы келет. Бул карама-каршылык жеке менчик ээсин андан чектөөгө аракеттендирет. Анткени эл байлыкты жаратып жаткан күч катары маанайда болот.

Элдик идеологиянын аракеттенүү процессинде буржуйга кысым көрсөтүлбөй эле элдин эркине макул болгондой болуп көрүнөт. Элдик идеология ага буржуазиялык коомдогудай өзүн эркин сезүүгө мүмкүндүк бербейт. Бирок, өндүрүштөгү аракеттердин пайдасынан ал ажыратылбайт. Элдик коом анын аң-сезиимине "сен эл мененсиң, элсиз ишиң бүтпөйт, соодаң өтпөйт" деген гумандуу саясатты сездирип турат.
Бүгүнкү күндүн цивилизациясынын талабын туура сезүү, гумандуулук, элдик коомдун мыйзамдуу өзөгүн түзүп калат. Өндүрүштө гумандуулуктун өкүм сүрүшү элдик коомдун бирден-бир жетишкендиги. Натыйжада карапайым эл каалаган жумушуна кире алууга, каалоосу менен жумуштан чыга алууга же чыкпай коюуга, дем алууга, даыланууга, өндүрүш анын жашоо-тиричилиги үчүн шарт түзүүсүн талап кылууга укуктуу болот.
Өндүрүштүн кызыкчылыгы менен эмгекчилердин кызыкчылыгынын ортосундагы карама-каршылыктарды жөнгө салып, эмгекчилердин кызыкчылыгын коргоп тра турган мыйзамдуу эркин профсоюз уюмдары элдик коомдо иштей баштайт. Ошону менен катар профсоюз уюмдарынын иштери элдик коомдо акыйкаттулукка багыт берген катары мазмунга ээ болот. Акыйкаттулуктун болушу элдик коомдо табигый зарылчылык катары көрүнүп калат. Соттор көз карандысыз болуу менен акыйкаттуу иштөө нормаларына такалышат.
Элдик коомдогу акыйкаттулуктун ийгиликтери коомдогу теңдиктин жаралышынын табигый шарты катары таанылат. Теңдик элдик коомдо биринчи кезекте жеке адамдын билим, тарбия алышынын деңгээлине жараша айрымачылыктарынн байкалат. Коомду түшүнүү, ага мамиле жасоо ар бир жеке адамдын коомдогу ордун аныктайт. Элдик коомдо жеке адамды билим, тарбия берип өнүктүрүү, коомдун маданияттуу, экономикасы бай болушунун зарыл шарты.
Элдик коомдо ар бир жеке адамга атйын орто билим алуу жоопкерчилиги жүктөлөт. Буржуазиялык коомдо мамлекеттин баесун өндүрүштүн кеңейишинен, карапайым эмгекчи элдин кошумча убакытка жумшалган эмгегинен көрсө, элдик коомдо мамлекеттин маданияттулугунан, билим алуунун жоопкерчилигине жараша өндүрүштүн кеңейе тургандыгынан көрөт. Ошондуктан элдик коом элге билим берүү системасынын дайыма жаңы ыкмалар менен өсүү аракетинде болуу жоопкерчилигин көтөрүү ыйык милдети катары эсептейт.
Эл чарбасында өндүрүштүн кеңейип экономиканын ылдам темпте өсүшүн, элдик коом кадрлардын илимдүүлүгүнөн, элдин жогорку маданияттуулугунан көрө алат. Илим коомчулугу кадрларды аттестациялап өлкөнүн маданиятында, эл арасында алардын ордун аныктап турат.
Коомдун элге кеңири шарт түзүп эмгектенүүгө, билим алууга, коомду башкарууга эркиндиктин, теңдиктин, акыйкаттыктын камсыз болушу элдин жашоо тиричилигине терең сиңе баштайт. Эл өз тагдырынын келечектеги бактысы элдик коомдо экендигине ынанат. Биримдиктүү, ынтымактуу жашоо менен экономикасы бай, билимдүү, илимдүү коомго айлануусуна жай дилдери менен ниеттенишет. Өлкөнүн өзөктүү элинин патриоттук сезими көтөрүлөт. Өлкөдө жашашкан башка улуттарды интернационалдык сезимдери бир туугандык деңгээлге жетет. Өлкөнү коргоо маселесин андагы жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү моюндарына алып милдети катары кабылдап калышат.

Элдик идеология - элдик коомдун саясаты
Элдик коомдун бийлиги - элдик демократия жогорку бийлик - элдик жыйын. Бийликти аткаруучу структуралар, элдик координациялык кеңеш. Координациялык кеңештин мүчөлөрү эл чарбасынын тармактарына жараша алынат. Депутаттар илим коомчулугунун аттестациялоосунун негизинде кызматтарынан бошотлбай чогулушат.
Элдик демократия өлкөсүнүн саясий багыт берүүчү бийлиги элдик идеологиянын партиясы. Депутаттар элдик коомдун конституциясын жазышат. Элдик жыйындын токтому менен кабыл алынат.
Депутаттар мезгил-мезгил менен чогулушуп тармактык мыйзамдардын топтомдорун карашат.
Улуттук идеология борбордук партиялык уюмдун элдик жыйынынын токтому менен кабыл алынат. Өлкө улуттук болуп жарыяланат, улуттук өлкөнүн аткаруу бийлиги өкмөт. Өкмөт сот илим коомчулугунун алдындагы мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын чечими менен жумушка орношушат. Жумуштан партиянын координациялык кеңеши алат.
Өлкөдө элдик идеологиянын жетиши идеологиялык партиянын көзөмөлүндө болот. Жергиликтүү бийликтердин кызматкерлери аттестациялоо комиссиясынын чечими менен жумушка орношот. Жергиликтүү идеологиялык партиялык уюмдун координаиялык кеңеши жумуштан алат.
Кадрлардын сапттуулугу боюнча жоопкерчиликти аттестациялоо комиссиясы тартат.
Азыркы күндө элдик коомдун скелетин түзүүгө жан дили менен катышып жаткан кыргыз партиоттору элдик коомдун келечектеги прогрессивдүү партиясынын да скелетин түзө башташты. Азырынча аты коюула элек болсо дагы принциби легендарлуу СДПныкы экендиги бүл-бүл көрүнө баштады.
Консервативдүү буржуазиялык коомду бүгүнкү күндүн цивилизациясына жеткирген СДПнын тарыхтагы даңктуу жолун эл урматтоо менен эскеришерин эсте тутушубуз керек.
Орто кылымдын социал утопистеринен баштап бүгүнкү күндүн СДПсы өзүнүн тарыхтагы даңктуу жолунда элдин идеологиясын аркалап каны төгүп, жанын кыйып элдин жыргалчылыгы үчүн буржуазиялык жексур консервативдүү идеология менен күрөшүп келе жатат. Элдик идеологиянын улуу жолун, жаркыраган келечегин эч кандай кара күч тосууга кудурети жетпейт.
Таңда чыккан чолпондой жаңы чыгып келе жаткан СДП элге кызмат кылып каларына кэзүбүз жетет.
Темиралы Сманалиев









??.??