presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Китептен үзүндү

"Аксы окуясы -
март революциясы:
документтерде жана
фактыларда"
(Башталышы өткөн сандарда)

Кайрылуу
Биз №16-Аксы шайлоо окуругунун шайлоочулары 2002-жылдын 5-январында депутатыбыз Азимбек Бекназаровдун мыйзамсыз камалышына байланыштуу 7-январдан бери бийликтин бул мыйзамсыз, адилетсиз арам аракеттерине каршы нааразылык акцияларын жарыялап келе жатабыз. Бүгүнкү күндө республиканын булуң-бурчтарынан Бекназаровдун камактан бошотулушун талап кылуу менен саясий ачкачылык жарыялап, расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 320га жетти. Анын ичинен Аксыдан КТР көрсөткөндөй 11 эмес, 260, Бишкектен 52, Чүйдөн 4, Таластан 1, Ысыккөлдөн 3 адам. Ал эми 7-январдан бери пикетке чыккандардын саны Бишкекте эле 2000 адамга жетти. Күн сайын Башкы прокуратуранын, Жогорку Кеңештин имаратына 30дан 200гө чейин адам пикетке чыгууда.
...Эгер биз Бекназаровду камактан бошотуп албасак, анда эч качан адилеттүүлүккө жетпешибиз анык.
... "Ак ийилет, бирок сынбайт"! Албетте акыйкаттык соту болот. Урматтуу аксылыктар! Силерди акыйкат үчүн үн кошууга чакырабыз.
Биздин адрес: Киев көчөсү-196 "А", Агропром. 713-716-кабинеттер же Башкы прокуратуранын алдындагы пикетчилер-уюштуруу тобу. 24.01.2002-ж.

Ушул күндөн баштап "А.Бекназаровду коргоо комитетинин талабы - "А.Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү" эмес, "А.Бекназаровду биротоло бошотуу" талабына айланды.
Аксыда 23-январда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кез-Арт айылынан Байболотов Анарбек, Шерматов Оңолбай, Момуналиев Кубатбек баш болгон 12 киши, Жүзүмжан айылынан Бөлөкбаева Сүттүян, Мамыралиева Гүлайым, Каргабаева Курманжан баш болгон 14 адам, Бөктөр айылынан Бокоева Байысбу, Андабекова Буруш, Шатманалиева Акты, +мүрзакова Байыс баш болгон 10 адам, Жаңы-Айылдан Меңдибаев А., Нуралиев Р., Жаныбеков Т., Шайдылдаев С., Шабданов Т., Наркеев К., Уметкулов К., Шайдылдаева М., Токой айылынан Мырзабеков А., Тойгонбаев К., Жаныбеков Б., Сыдалиев А., Күчүкбаев К., Эргешов Э. ачкачылык акциясын башташкан.
24-январда Кожо-Ата айылынан 1928-жылкы Молдалиева Токтобүбү, 1925-жылкы Мамакеева Нарпаша, 1938-жылкы Жамгырчиева Асел, 1927-жылкы Шайдылдаева Майдакан, Жамгырчиева Гүлзат, Көпүрө-Башынан Туралиев Н., Четинбаева С., Төрөева К., Масалбеков С., Шалпыков С. ачкачылык жарыялашты.


25-январь, 2002-жыл
А.Бекназаровго коюлган айыпты өзгөртүү талабы менен саясый ачкачылык жарыялагандардын катары 338 адамга жетти. Жогорку бийлик тараптан дагы эле болсо билмексен мамиле уланууда. Аксы районунда 278, Бишкекте- 51, Сокулукта- 9 адам саясый ачкачылыкта олтурушат. Нарындан, Ысык-Көлдөн, Таластан да ачкачылык жарыялайбыз дегендердин үнү борборго угула баштады. Сокулуктун Военно-Антоновка айылынан Медет Балтабаев келинчеги, жети баласы менен саясий ачкачылык баштаган.
Ушул күнү камактан жазган депутат А.Бекназаровдун 3-каты бизге келди. Ал кат 5-февралда "Агым" гезитинде жарыяланды.
Эртең менен эрте Аксынын Кара-Суу айылында митинг кылуу үчүн 2 миңден ашык адам колдоруна депутат А. Бекназаровдун бошотулуусун талап кылган, өлкөбүздө демократия жана адам укугу жок экендигин билдирген плакаттарды кармап турушту. Жогорку Кеңештен же болбосо Ак үй, областтык бийлик тараптан бирөө жарым келип калабы деген үмүттөрү таш капкандан кийин (акимден башка) жыйынды баштай берүүнү туура көрүштү. Элдер сөз алып сүйлөй башташты.
Жантаев Эргеш, Кызыл-Туу айылы -"Биздин депутатыбыз кыргыз жеринин таланышын козгоп койгону үчүн кармалып олтурат. Эл шайлаган Иштерманыбызды акыйкаттык жок үчүн уурдап кетишти. Сакмалга барып, малчы болуп жүрүп, парасыз жогорку окуу жайын өтүп, ушул деңгээлге жеткен көкжал, ак ниет уулубуз болчу. Бийликтин ушунчалык тиши курч экен, анда эмне үчүн кыргыз атуулдары +збекстанга чек арадан күндө өтүп көрбөгөн кордуктарды көрүп жатсак көңүл буруп койгонго жарабайт. Элде мурун ушул маселени чечип беришпейт беле..."
Бекмуратова Майрам, +лөң-Булак айылы. -"Биздин айылдын эли Бекназаровдун камалышын өтө нааразылык менен кабыл алышты. Ошол нааразы элдин атынан ызгаар кышты тоготпой сүйлөө үчүн келдик. Агайын туугандар! Бекназаровду депутаттыкка шайлап жатканда канчалык сүйүнүп кубансак, эми бүгүн ошончолук кайгырып турабыз. Иштерманыбыз Аксы эли үчүн эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли үчүн жан үрөгөн патриот депутат болду. Анысы үчүн эми темир тор аркасына түшүп тордогу куштай болуп камалып олтурат. Эл деген азаматтарыбыз минтип четинен чертиле берсе келечек муундарыбыздын жашоосу кантет? Жер деген Үзөнгү-Кууштай болуп бөтөн бирөөлөргө четинен чертилип бериле берсе мекен келечеги кантет?"
Негизинен митингде сүйлөгөндөр ушундай мазмундагы көз караштарын, талаптарын айтып жатышты. Элдин көпчүлүгү митинг кылуу үчүн райборбор Кербенге уруксат берилбегенине нааразыланышып, эл мындан көп жыйылат эле деген пикирлерин билдирип жатышты.
Качан гана түшкө жакын чыгып сүйлөшкөндөр (Т.Тургуналиев: "Акаев кетсин!"-деген.) тарабынан бийлик тарапка сын пикирлер катуу айтыла баштаганда бирөөлөр тарабынан свет өчүрүлүп, микрофон иштебей бийик үн менен сүйлөөгө туура келди. Бийликтин митингге карата мындай аракети тескерисинче элдин кыжырын келтирип, "Бекназаров бошотулмайын артка кайтпайбыз" деген каршылашууну пайда кылып, райадминистрацияга, Кербенге митинг өткөрүүгө уруксат сурап кайрылууга аргасыз кылды.

А.Бекназаровду абактан бошотууну талап кылып, өлкөдөгү саясый экономикалык кырдаалга нааразы болушуп ачкачылык жарыялашкан 7 адам он беш күндөн кийин, ЖКнын эки депутаты Д. Чотонов менен Б.Асанов он эки күндөн соң ден соолуктарына жараша саясий акциянын мындай түрүн токтотуп, башка жолдор менен бийликке таасир берүүгө өтүштү. Алар ачкачылыктарын эмне себептен токтотушканын айтышып атайын билдирүү менен чыгышты.
Бизди сындыра албайсыңар!
Биздин эркиндикти сүйгөн ата-бабаларыбыздын рухун жана Кыргызстанды акыл-эстүү коомго айлантуу ниетибизди, ой-тилегибизди эч ким, эч убакта, эч качан сындыра алышпайт.
Биз үй бүлөбүзгө кайтып бара жатабыз. Бирок, депутат А. Бекназаровду колдоо чараларын эми башка ыкмалар менен алмаштырабыз. Биз А.Акаевден Жогорку Кенештин депутаттарынын кол тийбестигин соттор менен адвокаттарга теңештирүү, "Агым", "Моя Столица" гезиттерин куугунтуктоону токтотуу, өлкөдө сөз эркиндигин сактоонун гаранты болуугу чакырабыз.
Биз узак жылдардан бери адам укугун коргоо боюнча иш жүргүзүп келе жатабыз. Тоталитардык түзүлүштүн канга сиңип бүткөн кайдыгерлигинен элибиздин аң-сезимин тазалоо, атуулдук милдеттерин ойготуу, өздөрүнүн укуктарын өздөрү коргоп алууга жетишүү үчүн күрөшүүдөбүз, ачкачылыктын 15 күнүндө биз бул акциябызды токтотууну чечтик. Бизди ушундай кыйын абалда турганда колдоп турушкан миңдеген кыргызстандыктардын барына ыраазылык билдиребиз.
Бийлик өз элине карата жасалып жаткан келечеги кесепети, арты кайгылуу иштерин тез арада токтотууга тийиш. Биз болуп аткан окуялардын барына көз салып турабыз.

Ушул эле күнү Аксынын ондогон айылдарында ачкачылык акциясын баштоону каалагандар көп болду. Сары-Челек айылынан Кушубаков С., Мырзатаева А., Айтбаева О., Дубанаева Т., Бийназарова С., Саркулова Ү., Ызабекова С., Чүкөтаева С., Кулназарова А., Рыскулова А. ачкачылык кармоону башташты.

26-29-январда
Жалпы республика боюнча ачкачылык жарыялап олтургандардын саны 400гө жетти. Ачкачылык башталгандан бери Бишкекте 4 адам, Аксыда 6 адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Бишкекте акцияда олтургандардын ден-соолугуна көз салып турган врач Кыдык Исаков ачкачылыкты токтотуу боюнча эскерткенине карабай, көпчүлүгү баш тартышты.
Жогорку Кенештин МЧЖнын депутаттары А.Абдимомунов, Д.Чотонов, Б.Асанов, Д.Садырбаев, И.Исаков, И.Кадырбековдор КР Жогорку Сотунун төрайымы Н.Бейшеналиевага А.Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ходотайство жиберишти.
26-январда Аксы районунун Кара-Суу айылында Четинбаев Аманкелдинин үйүндө 15 адам, Кызыл-Көл айылында 60 адам, 28-январда Топ-Жангак айылынан 11 адам, 29-январда Кызыл-Туу айыл өкмөтүнөн 1925-36-жылдары туулган Базаралиев С., Айткулуева Э., Балтабаев О., Токторалиев Б. баш болгон 64 адам ачкачылык кармоо акциясын башташкан.

30-январь
Бул күнү Т.Исмаилова, Т.Акунов, А.Абдирасулова, М.Жакишев болуп Ак үйгө А.Карыпкуловдун кабылдоосунда болдук. -"Сенин биз менен Ак үйгө киришиңе А.Карыпкуловдун жардамчысы Уран деген жигит болбой жатат"- деп Т.Акунов айтты. Ак үйгө барып А.Карыпкуловго Т.Акунов айтып атып араң кирдим. Жолугушууга Президенттик Администрациянын тышкы иштер жана укук бөлүмдөрүнүн башчылары А.Айтматов, А.Турганбаевдер катышты.
А.Карыпкулов: - "Силер ачкачылык жарыялагандар көп деп жатасыңар, мына, аксылык үч жигит Аксыга барып келди, Аксыда ачкачылыкта олтургандар жок, Кербенде гана 7 киши олтуруптур, алар да кечке карта ойношуп, кечинде аракка тоюп жатып алышат экен, мына балдар олтурат"-деп аксылыктар, өзүнүн жардамчысы Уран Ботобековду жана Президенттин басма сөз кызматында иштеген Ильяс Бекболотовду көрсөттү. Балдар башын жерге салып бизди тике карай алган жок. Чындыгында бул күндөрү ачкачылыкта республика боюнча 400 адам болсо, анын 300ү Аксы районунда болчу.
Т.Акунов менен А.Карыпкулов сөз талашып, тирешип, мушташып кете жаздады. Бир сөзгө келе алган жокпус. Коркутуу болуп, тергөөгө жолтоо болгондуктан баш коргоо чарасы өзгөрүлбөйт дешти. Эртеси ал жөнүндө маалымат кабарын бере турган болду.
Аксынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Түшө-Калыш айылынан Курманова М., Мырзабеков У., Атамбекова Б., Калыгулова Г., Арстанкулов Б., Былжыбаева Г., Конгайтиев Ч., Бөлөкбаев О., Мырзабекова С. ж.б. ачкачылык акциясын башташты.

(Уландысы бар)










??.??