presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Төгүндөмө
"Ачык саясат" газетасынын
башкы редактору Б. Жээнбековго
Урматтуу Бабырбек Субанович!
"Ачык саясат" коомдук-саясий гезити 2009-жылдын 24-февралындагы № 14 ( 50) шейшемби күнкү санына Бакай -Ата районуна караштуу 1-май айылынын тургуну Набий Алтымышбаевдин " А-уу, Айдаралиев, барсыңбы айланайын ? Келише албайбыз" жана 3-марттагы № 16 ( 52) шейшемби күнкү санына "Өзүң эле кеткениң оң го иним! Талас областынын губернатору Болотбек Бейшенбековго"-деген аталыштагы, чындыкка дал келбеген маалыматтарын жарыялаган.
Айылдык "жазмакердин" маалыматына көз жүгүрткөн адам анын атайылап облус губернаторун жамандап, анын адамдык жана жетекчилик беделине шек келтирүүнү каалаган кытмыр оюн илгиртпей түшүнөт.
Азыркы бийликти каалагандай ашатып, андан соъ кеп кезегин Талас облусунун губернаторуна бурган "жазмакер" макаласын баштабай жатып эле мүдүрүлө баштаган. Алсак: "чү" дегенде эле губернатордун аты-жөнүн алмаштырып жазып, "эл менен эмнеге жолукпайсыъ?" таризинде "Ур-тепкиге" алып өтүптүр.
"Келгенине 2 жыл болсо да биздин Оро айыл окмотуно бир да кыдырып келген эмес. Кыскасы эл аны, ал бизди тааныбайт"-деп, губернаторго катуу "таарынычын" айткан экен жарыктык киши десе.
Чындыгында, 2008-жылдын 11-мартында Оро айыл өкмөтүнүн 2007-жылдагы социалдык өнүгүү боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүндө, тактап көрсөткөндө, Кыргызстан айылындагы маданият үйүндө облусттун губернатору Бейшенбек Болотбеков катышкан элдик жыйын өткөрүлгөн.
Ал жыйында Н.Алтымышбаев чыгып, көчөлөрдү оңдоого КАМАЗдарды алып келген айыл өкмөтүнө ырахмат айтып, 200 га жерге суу керектигин, спорт аянтчасын ондоого көмөк көрсөтүүнү сурап, ынтымакта иштейли, айыл Өкмөтүнүн ишин канаттандыраарлык деп эсептеймин-деп сүйлөгөн.
Эми ал элдик жыйын Набий аксакалдын эсинен чыгып кетсе эле губернатор эл менен жолукпаган болуп калганы кызык экен.( чогулуштун протоколу кошо тиркелет).
Калыстык үчүн айта кетчү сөз азыркы учурда Бейшенбек Болотбеков Талас облусундагы 37 айыл өкмөтүнүн ичинен 34 айыл өкмөтүндө элдик жыйындарга катышып, алардын маселелери менен жеринде таанышып чыкты.
Талкаланган кирпич заводуна былтыркы жылы 1 500 000 сомго жаңы линия кытайдан алынып келинип орнотулуп, 2008-жылдын июнь айында ишке киргизилген. Июль айында 150 000 даана кирпич чыгарылган. 2008-жылдын август айынан баштап, октябрь айына чейин кирпич бышуучу жаңы печка салынып, анын күнүмдүк өндүрүмү 15 000 даана кирпич бышырып чыгарат. Заводго 40-50 адам жумушка тартылган.
Ошондой эле Өзгөрүш айылында жеке ишкер Сагынбек Жоробеков чакан кыш чыгаруучу ишкана ачып иштетип жатат. Бишкектин өзүндө бышкан кыштын баасы 6-7 сом болсо, Таластын кирпичи андан бир кыйла арзан сатылууда.
Өзүнүн куру доомат, ушак кебине маашырланган "жазмакер" сөзүн андан ары улап, бул жолу "калп казанын катуу калдыратып өтүптүр". Анын жазганына караганда кылымдардан бери соолбой толкуп-ташып эле турган Талас дайрасынын нугун Бейшенбек Болотбеков Казакстанды карай "буруп" жиберген имиш. Анткени, ал жакта кимдир бирөөнүн? 17 миъ гектар жери бар экен. Казактар 17 миң гектар эмес 17 сотых жерин башка өлкөнүн жаранына карматпайт. Эми ошол 17 миң гектар жерди Набий аксакал, Таластыктарга "таап" берсе жакшы болот эле.
Былтыркы жылдан мал-жаныбыз аман, эсен соо, үшүбөй чыктык деп сүйүнүп турсак Набий аксакал койлорубузду, эчкилерибизге кошуп "оорутуп" этин итке "жедирип" салды.
Бул "беш өрдөгүнө" да жооп жазууга мажбурбуз. Анткени облуста 2008-жылы эпизоотикалык өтө коркунучтуу жугуштуу оорулар менен айыл чарба жандыктары ооруган эмес. 2008-жылы айыл чарба жандыктарынын массалык оорусуна тактап көрсөткөндө, шарп, оспа, эмкаром, сибир жараатына, кутурма, пасстереллоз, чума, чечек, лейкоз туберкулезго жана башка жугуштуу ооруларга ветеринардык адистер тарабынан жол берилген эмес. Облус боюнча жогорудагы ооруларга карата диагностикалык изилдөөлөр 195,1 % аткарылган. 2 мл.268 мин 890 баш айыл чарба жандыктарын изилдөөгө пландаштырылса, 2 млн. 706 мин. 298 баш айыл чарба жандыктары изилденип, кароодон өткөрүлгөн. Азыркы мезгилде малдардын абалын контролдоо боюнча облусттук зонада 3 618 547 сомго жогорку иммунегенндик импорттук биопрепараттар , дезинфекцикалык каражаттар жана башка да ветеринардык товарлар сатылып алынган. Булардын бардыгы облустагы айыл чарба жандыктарынын акыбалын көзөмөлдөөгө керектелет.
Анын "өткөн жылы дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн өкмөт тарабынан, Оро айыл өкмөтүнө 39 тонна май (солярка) бөлүнсө, анын 19 гана тоннасы алынып, аны да Казакстандын чегине жайгашкан Маймак станциясына түшүрттүрдүң. Дыйкандар 100 чакырымга машина жалдап, 20 сомдун ордуна 1 литри 23 сомдон айланып, бир топ чыгаша болдук. Ушубу Сенин Талас элинин дыйкандарына берген жардамың?-дегени да чындыкка жатпайт. Себеби, Оро айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Айтпаев Джидебек Бейшенович Бакай-Ата районунун тургундарына 17 сом 50 тыйындан сатыла турган 39 337 литр дизелдик күйүүчү майды, Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну Куттубаев Каныбек Сыргакбековичке жана Талас шаарынын тургуну Шерипбаев Нуркул Анарбековичке 2007-жылдын 30-ноябрында кызмат абалынан пайдаланып сатып жиберген. Дж.Айтпаевге облустук ички иштер башкармалыгы КР КЖК-нин 305-ст.1 б. жана башка статьялар менен айыбы угузулуп, кылган кылмыш иштери боюнча Бакай-Ата райондук соту тарабынан 2008-жылдын 20-ноябрындагы өкүмү менен иш кырдаалдын өзгөргөндүгүнө байланыштуу кыскартылган. Ал эми Бейшенбек Болотбеков облуска губернатор болуп 2008-жылдын 12-январында дайындалган. Ал мезгилде облустта губернатор болуп Байымбет Мураталиев иштеп турган.
Экинчи макаласында Н.Алтымышбаев Текебаевди жана аны менен бирге жүргөн, эл камын жеген жигиттерди губернатор ушактап жаманатты кылууга аракет жасады деп облус жетекчисине дагы бир жолу "сүйкөнүп" өткөн. Ал убакта (16,17,18 Февралда) губернатор Талас шаарында болуп жыйындарга катышкан да, жамандап ушактаган да эмес. Ал эми Талас элинин карапайым калкын экиге болду дегени- эч кимге түшүнүксүз. Кыргыз эли бир бүтүн калк. Эч качан экиге бөлүнгөн эмес, бөлүнбөйт дагы.
Бул аксакал облус жетекчисине "ач кенедей асылып" төө буурчактын баасын өзү билет деп жазыптыр.
2008-жылы облустта бардыгы биригип, 64313 тонна төө буурчак өстүрсөк, 27633,4 тонна төө буурчакты Талас облусу алыскы чет өлкөлөрдөгү жана КМШ мамлекеттерине кирген 18 мамлекетке сатып экспорт кылат.
Анан кантип Бейшенбек Болотбеков төө буурчактын баасын баалап, саттырбай жатат дегенге негиз бар ? Базар экономикасында бир буюмдун баасын жалгыз бир адам чече албайт. Жогорудагы 18 мамлекетке иштеген ар-кандай фирмалар төө буурчакты келишим менен каалаган баада алат. Эске сала кетчү жагдай - былтыр Бейшенбек Болотбеков губернатор болуп келгенде төө буурчактын баасы 34 сом болчу. Чет элдик фирмалар менен тыгыз иштешүүнүн натыйжасында эки ай аралыгында 58 сомго жеткен. Рынок деген ушундай, анын жазылбаган өз мыйзамы бар.
Бакай-Ата районундагы кичи кант жана спирт өндүрүүчү заводунун курулушу 1999-жылы башталган. Кичи кант заводунун жабдууларынын баасы 1, 407 мин америка долларын түзгөн. 1999-2004 жылдардын ичинде кичи кант заводунун курулушуна, республикалык бюджеттин эсебинен 20 млн. сом которулган. 2008-жылы курулушка бөлүнгөн 2 млн. сомдон 1,5 млн. сому алынган. Бүгүнкү күндө кант заводун толук бүтүргөнгө 10 млн 928 500 акча талап кылынууда. Заводдун проектилик күчү- 100 күндө 5000 тонна кант кызылчасын иштеп чыгарып, 500 тонна кумшекер жана 108 мин литр спирт өндүрүп, 270 жумушчу күнүнө, 50 жумушчу орунду камсыз кылмак.
Эми аталган каражат бөлүнбөй жатса ал үчүн да губернаторду "жакадан кармай бериштин", менимче, эч кандай кажети деле жок.
Жалпылап айтканда бул жалган жалаа, куру дооматтар менен куралданган айылдык "жазмакер" аксакалыбыз "калптын казанын кайнаткан" жагынан биринчиликти эч кимге бербейт го деген ойдо калдык.
Талас облусундагы Бейшенбек Болотбеков жараткан бардык ийгиликти санап отурууга, убакыт да гезит бети да чектелүү. Анын үстүнө "калк тараза, калк сынчы" -демекчи элибиз баарын көрүп билип турат.
Демек кимдир бирөөлөрдүн тилине кирип " жумурткадан кыр издөөнүн" эч кандай зарылдыгы жок.
"Ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи эмики сөздү сот органдары айтаар. Анткени жалган жала, куру дооматтар менен бир адамды каралоого эч кимге укук берилген эмес.
Бакай Садыров, Талас облусунун губернаторунун басма сөз катчысы




Редакциядан:
Экинчи тараптын укугун жана пикирин сыйлоо менен биз Талас областынын губернаторунун басма сөз катчысынын төгүндөөсүн бир топ кыскартуулар менен, б.а. "суусун сыгып салып" гезитке жарыялап отурабыз. "Кургагандан" кийинки төгүндөө ушул.
Айтарыбыз - областтын губернатору өзүнүнү басма сөз кызматкери жазган актап-мактоого муктажбы? Эгер Н.Алтымышбаевдин гезит бетине жарыялаган чакан макалалары чындыкка шайкеш келбесе эмне үчүн экендигин кыскача аргументтөөгө болсо керек, урматтуу Бакай мырза!
Биз кимде-ким болбосун жөнсүз каралоодон алыспыз. Жазаган материалдары үчүн автордун да айтаар жүйөөлөрү болсо керек. Болбосо, Бакай мырза айткандай сот алдында жооп берээр.
Ага чейин, губернатордун басма сөз кызматынан төмөндөгү суроолорго жооп берип коюусун көптөн-көп өтүнөбүз:
1. канчалаган жылдардан бери "соолбой толкуп-ташып турган" Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү 2008-жылдын август айынын башына да жетпей эмне себептен "соолуп" калды? Эмне үчүн жайкы бир айдын ичинде эле суунун чеги 150 метрге жакын төмөн түшүп кетти?
2. "Оро" айыл өкмөт башчысы Айтпаев Жийдебек 39337 литр дизель майын "кекиртегине" куюп жиберсе, анын тергөөсү Бейшенбек Болотбеков губернатор болуп 2008-жылдын 12-январында келген убакта жүргүзүлүп, соту ноябрь айында өткөрүлсө бир айыл өкмөт элин сыздаткан шылуун тиешелүү жазасын алуусун силер эмне үчүн талап кылган жоксуңар? Кызмат абалынан кыянат пайдаланган кылмышкер эмне, коомгок оркунучсуз адам болуп калдыбы? Же бул ишке губернатордун тиешеси жокпу?
3. "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү Талас областында партиялык конференцияларын өткөрмөк болгон 16-18-январда Бейшенбек Болотбекович Таласта болгон эмес дептирсиз. Ал киши болгондо партия өкүлдөрүнө каршы колдонулган зордук-зомбулуктар болбойт эле дегиңиз келип турабы? Андай болсо, "шефиңизден" дагы бир ирет сурап коюңузчу, өзүнүн бьиринчи орун басары Чаргынов менен Бакай-Атанын акими К.Сатымкуловдорго эмне деген көргөзмөлөрдү берип, алар аларды кандайча аткарышканын? "Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" Ширшовдун кимдерге арак, акча, жумуртка камдап берип, Сатымкулов бирөөнүн жеке менчик огородуна кайсы мыйзамдын чегинде баскынчылык кылып басып киргенин? Губернаторуңар экөөң ушул ишти териштирип, Сатымкулов менен Бабыровго эч болбосо бир сөгүш бере алдыңарбы? Берсеңер көчүрмөсүн редакцияга салып жибергиле.
4. Б.Болотбеков келген 2008-жылы төө буурчактын баасы эмне үчүн 28 сомдон көтөрүлө албай турат? "Базар экономикасында бир буюмдун баасын бир адам чече албаса" эмне үчүн Талас элинин ичинде аны бир эле Максим Бакиев чечип коюптур деген сөз каңгып жүрөт? Ал жалган болсо, эмне үчүн губернатор экөөңөр "чет элдик фирмалар менен тыгыз иштешүүнүн натыйжасында эки ай аралыгында 58 сомго жеткен" баа, быйыл жетпей отурат? Быйыл эмне "тыгыз иштешүүгө" Максим Бакиев уруксат бербей жатабы?
5. 1999-жылдан бери "резинадай" чоюлуп келаткан кант заводуна 21,5 миллион сом которуп, бирок ал дагы деле бүркөрүлбөй турса, аны бүткөрө албаган Сатымкулов Көчөрбай кайсы эрдиги үчүн килейген районго аким болуп отурат? Сиз мактаган Б.Болотбеков ушул маселени кимдин алдына коюптур? Же Талас өрөөнүндөгү акимдердин эмгеги "жумуртка заготовка кылуу" менен гана бааланып калганбы?
6. Талас өрөөнүндө жумуртка фабрикасын куруу кайсы жылга пландаштырылууда? Бүтпөгөн кант заводун жумуртка фабрикасына кайра ыңгайлаштырууга болобу? Болсо, Кара-Бууранын акими С.Эшалиевди директор, Бакай-Атанын акими К.Сатымкуловду директордун орун басары, райкеңештин төрагасы Ө.Бабыровду "снабженец" кызматына которуп, бүтпөгөн "долгостройду" ишке киргизүүнү Талас облакимчилиги өз мойнуна ала алабы?
7. Маалыматтык билдирүүлөрдү үзбөй берүүнү "Ачык саясат" гезити өз мойнуна алууга даяр.










??.??