presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кырдаалга кызыккан киши көп…

Ордолуу Ош шаарынын тургундары эмне дейт?
Түштүк жергесине болгон он күндүк журналисттик иш сапарыбыз аяктап калган кезде, ордолуу Ош шаарынын айрым тургундарына "өлкөдөгү саясый кырдаалга сиздин көз карашыңыз кандай ?"- деген суроо менен кайрылдым. Мен окурмандарга башкасынан мурун өзүм байкаган бир ачуу чындыкты айтышым керек. Өлкөбүздүн экинчи борбору аталган Ош шаарынын иретсиз, кыйма-чийме көчөлөрүндө тиричилик үчүн күрөшүп, өйдө-ылдый басышкан бардык адамдардын арасынан КЫРГЫЗДАРДЫ таап, сөзгө тартуу мен үчүн кыйла оор болду. Балким буга менин түштүк жергесине биринчи ирет келгендигим себеп блогондур. Эмне үчүн "кыргыздарды" чоң тамга менен баса белгилеп жаздым? Мунун чоң себеби бар. Оштун борборунда "боорубуз бирге"- деген кыргыздар мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ азайып кетиптир. Далай оштук туугандарыбыз миграция агымы менен Россияны көздөй, "шаркыраган сел" болуп, эле эчак агып кетиптир. Кайсыл үйгө башбакбаңыз баарысынын бирден, экиден уул- кыздары Россияда экендиктерин, көпчүлүгү "ал жактын атуулдугун" алгандыгын сыймыктануу менен айтып беришет. Ал эми Оштон очар-бачар болуп биротоло орун алган өзбек акалардын санын эсептесең самандай гана сапырылат. Алардан кийин такымын жеген тажиктер ордолуу Ош "шаарынын көркүн огош бетер ачып" турушат экен. Бул жерде өзбек, тажиктердин көптүгү көкүрөктөгү жүрөктүн намысын козгоп жиберди. Ушул маселенин учугун түрө албай, бир топ ойлонуп туруп, жол жээгинде турган бир салабаттуу, жашы өтүп калган адамга учурашып, аны менен пикир алышып, өлкөнүн көйгөйү тууралуу кеп козгосом, "мен сенге кыргызга окшоп турумунбу, үка?"-деп суроомо суроо узатып, жаман көзү менен бир акшыя карап алды. Көрсө аным нака сарт экен. Күйбөгөн жерим күл болуп, унчукпай шарт басып кеттим. Көчө аралай, ала чапан, ала топучандардан "ойт" берип, өлкөнүн саясатына байланыштуу болгон суроомо сарттардан же тажиктерден эмес, МАНАС атанын тукумунан тараган кыпкыргыздардан эле жооп алайын деп,чамаландын чак түшүндө эле, "өз туугаандарымды" "чырак" менен издөөгө туура келди.
Түштүктө деле 27- мартта боло турган жалпы республикалык нааразычылык акция маселеси кызуу талкууланып, саясаттан сабаты жоюлган "сабаттуу саясатчылар" өз ара күжү- күжү болуп башташыптыр… Алардын айрымдарын гезит бетине жарыялап коюну туура көрдүм.


Карыбек Жумабаев,
Ош шаарынын тургуну:
"Презденттин максаты ишке ашпайт"
- Бакиев бийликке келгенден бери эч бир өзгөрүү болгон жок. Коррупция токтомок турсун тескерисинче чегинен ашып күчөдү.
Бул маселени териштире турган күч органдарыбыз алсыз жана өздөрү да бул ишке аралашкан болуп жатат. Кыскасы, эл бул бийликти колдобой калды. Президент мына ушулардын барын көрүп, жакшы түшүнүп турса деле, экинчи мөөнөткө аттанып, президенттик шайлоону констутициялык сотко көрсөтмө берип, быйыл өткөзө турган болду. Мунун бир чоң себеби бар. Эгер эмдиги жылы өткөзсө, оппозиценерлер мындан да күчтөнүп кетмек. Ошол үчүн быйыл админастративдик ресурсту чегинен ашыра пайдалнуу менен ары бери өткөзө салганы жатат. Бирок, 27-мартта эл жалпы көтөрүлүп, катуу туруп койсо, Бакиевдин бул максаты ишке ашпай калат. Жалпы нааразычылык акциялары региондордо катуу болбосо дагы, борбордо катуу болот деген ойдомун.

Маматемин Рыскулов,
Ош шаарынын тургуну:
"Туугандуу бийде
ыйман жок"
-Өлкөбүздөгү саясый кырдаал учурда өтө оорлоп кетти. Саясатчыларыбыз эки жээк болуп бөлүнүп алышып, бири-бирине болгон мамилерин такташа алышпай, өз ара чабышып жатышкандай сезилет. Президентке жакын ири чиновниктер, презденттин туугандары бийликти өз кызыкчылыктары үчүн каалагандай колдонуп жатышыт. Айтор, презденттин командасындагы адамдардын калыстыкты, чындыкты жактаган иш аракеттери таптакыр байкалбайт. Президент муну жакшы билсе да, билмексенге салып, трайбализимге кеңири жол ачты. Саясий куугунтук күндөн күнгө күчөп, чегинен ашты. Мисалы, Исмаил Исаковду көпчүлүк адамдар орустардын Шайгусундай көп жыл министр болот, ал ошондойго татыктуу деп ойлошкон. Бирок, тилекке каршы ал үмүт аткарылган жок. Эң өкүнүчтүүсү азыр кыргыздын камчыга сап, тың чыкма, мээси толо жаштары чет жерине кетип, жатканы мени абдан өкүндүрөт.
Кыскасы, азыркы бийлик "туугандуу бийде ыйман жок, тура бийде тууган жок" сөздүн биринчи сабын өтө терең далилдеп, иш жүзүндө көргөзүп койду. Мына ушунун негизинде оппозициялык лидерлер 27-мартта жалпы элди нааразычылык акцияга чакырып жаткан чакырыгын калк туура түшүнүп, колдоп берет деген терең ишеничтемин.

Жолдошов Төлөгөн,
Өзгөн району, "Ийри-суу" айылы:
"Бакиев, Акаевдин тагдырын каалап жатат"
-Силерге жолугуп калганыбыз эң жакшы болду. Биз Өзгөндөн келип, бу Оштогу чоңдордон чындык издеп, калыстыкты талап кылып, кыскасы адилетүүлүк издеп жүрдүк эле. Өткөн жылы Ийри-Суу айыл өкмөтүндө болуп жаткан коррупциялык иштери КТРдин "Багыт" көрсөтүүсүнө чыккан. Илгери телеге чыккан мындай окуялар сөсүз жазаланат эле. Азыр бир эмес, миң көрсөтүп жатса деле эч кандай жыйынтык жок болуп, "жабылуу аяк, жабылуу бойдон калып жатат. Бакиев бийликке келгенде абдан сүйүнгөнбүз, "кыргызга күйүп иштейт" деп. Бирок, ал тилегибиз да таш капты. Өлкөдө коррупция күчөп, ажобуз коррупциялык иштерди токтотмок турсун колдоого алып жатат. Чындыкты айткандарды камап, айыбын издетип жатат. Алардын айыбын издеткенден мурун, өзүнүн абийрин таза кармашы керек эле. Барынан мурда өзү тазабы?
Мына ушуну эл алдында далилдеп бериши керек эле. Мисалы: Текебаев Жалалабаттын банкынан жоголгон 22 миллион доллар акча кайда деп сурап жатат. Эмне үчүн Бакиев президент болуп туруп сурабайт? Эмне үчүн Эшимканов УТРКага барды? Бакиев анын тилинен коркуп, "кайсы бир айыбымды ачып койбосун"- деген ой менен алып барды. А, Мелис болсо, ал кызматка курсант болуп "ляппай таксыр"- деп ак уруп иштеп жатат. Жогорку жактагы ушундай былык иштерге сурак жок болгондон кийин, элет жериндегилерге кайдан болсун. Мен муну менен эмнени айткым келет? Биздин айыл өкмөтүндөгү коррупциялык иштери текшерилсин деп арыз жазсак, аны текшере тургандар жазалма документерге ишенип "баары жайында"- деп кол коюп коюшту. Чоңдорго биздин үнүбүз жетпей жатат. Сотторго 99 пайыз ишеним жок. Мисалы, жакында Өзгөн районунун судьясы Матеева Паризат 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бирок, обл. сот аны актаган чечимин чыгарып койду. Мага муну райондук фин полициянын кызматкери Кабыл деген таанышым айтып берди.
27- марттагы саясый нааразычылык акцияны колдойбуз. Канча күн болсо ошончо күн чыгабыз. Бийлик эл менен азилдешпеши керек. Элден өткөн чоң күч жок. Эл Акаевди "куйругуна газ балонду байлап туруп" Москвага учуруп жиберген. Эми бу Бакаиев дагы ошондой "газ балонду" каалап турат. Мен Бакиевдин кетишин каалайт элем. Таза адам, чынчыл адам, мекенчил адам президент болсо деп тилейм. Таза, патриот адам бийлик башына келмейинче мамлекет өсүп-өнүкпөйт.

Бечелов Акимжан , Өзгөн районунун
"Чаңгет" айылынын тургуну:
"Сот системасы адамдарды кордоп жатат"
- Эң иринде соттор жөнүндө айткым келет. Мен бир арыз менен сотторго кайрылып 2 жыл 8 ай бою салпактап иштин жыйынтыгын чыгара албай жүрдүм. Сотто чындык, адилеттик жок. Сот системасын түп- тамырынан бери реформалабаса, бийлик эч качан оңолбойт. Азыркы бийликтин сот системасы адамдарды кордоп жатат. Элдин 90 пайызы сот системасына ишенбейт, соттон акыйкат таба алышпай көңүлү калып бүткөн. Мына ушунун негизинде эле элдин түп көтөрүлө турган жөнү бар. 27-мартта эл менен кошо чыгам, оппозиция лидерлерин ээрчийбиз, аларды толугу менен колдойм. Мен ушу күнү кыргыздын ыплас бийлиги адилет бийликке алмашышын каалайм.

Нурдин Исаков,
Ош шаарынын тургуну:
"Ошту "Ак жол" партиясынын кеңселери басып кетти"
-Иним, биринчиден суранарым мени сүрөткө тартпай эле кой. Себеби, мен мамлекеттик кызматта иштеген адаммын. Өзүм эптеп оокат кылып жатканда, эртең куугунтукка кабылып, жумушсуз калгым келбейт. Бирок, ошентсе да, мен ичим күйгөн бир чындыкты айтайын. Учурда Ош шаарын бийликтин "Ак-Жол" партиясынан кеңселери (офистери) басып кетти. Эмне иш кылып, эмнени кыйратып жатканын түшүнбөйсүң. Көзгө көрүнгөн бир иш бүтүрсө, "ии"- деп ичиңден кичине ынанат элең. Бирок, андай болбой жатат. Кайда барба, аты бар заты жок "Ак-Жол" партиясынын кеңселерине чалынасың. Калп айтпасам. дааратканада эле жок болсо керек. Башка имараттар жетпей жаткансып, Сулайман тоонун түбүндөгү Улуттук - археологиялык музейдин ичине да ачып алышкан. Менин оюмча мынчалык көбөйтүүнүн зарылчылыгы жок эле. Көбөйгөн сайын аларга болгон элдин кыжыры көбөйүп жатат. Эл кыжыры кайнап, көтөрүлүшкө даяр эле турат. Ошто "Ак- жолдон" башка "СДПКнын" бир эле кеңсеси бар.

Абазбеков Шергазы,
Ош шаарынын тургуну:
"Биз жаштар элдин катарындыбыз"
- Эл Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясатына каршы болуп жатканын туура эле деп эсептейм. Себеби, Бакиев элдин үмүтүн актай алган жок. Азыр Кыргызстанда эмне көп? Албетте, көйгөйлүү маселелер көп. Ал маселелерди чечип, азайткандын ордуна кайра көбөйтүшүп, өз кызыкчылыктары үчүн гана иштеп жатышат. Эл ушуну көрүп туруп, кантип нааразы болбой койсун? Коррупцияга баткан өлкөбүздүн келечегин элестетүү кыйын болуп турат. 27-мартта эл канчалык көтөрүлөт, азырынча белгисиз. Бирок, биз жаштар эл тараптабыз деп айткым келет.

Осмонов Нурсултан,
Ош шаарынын тургуну:
"Бул бийлик элди башкарууга жөндөмсүз"
- Ош шаарында көйгөйлүү маселелер абдан көп. Биринчиден жумушсуздук көйгөй кендирди кесип, түштүктүн жаштары миграция агымы менен Россияга агып кетип жатышат. Ошто, Сулайман -Тоо менен кичинекей аянттан башка эч нерсе жок. Шаарда билим берүү системасы абдан начар. Бишкекте коррупция кандай өнүксө, бул жакта да ошондой эле өнүккөн. Ош өлкөнүн экинчи борбору болгон соң Ак үйдөгү атка минерлер бир аз болсо да, көңүл бөлүшү керек эле. Кыскасы, түштүктүктөрдүн деле бийликке болгон нааразычылыктары абдан күчөп турат. Элди ушундай акыбалга жеткизгенден кийин, бийликтин өлкөнү башкарууга жөндөмсүз экендиги ачык далилденди.
МашакбайРахманкулов,
Айбек Шамшыкеев,
Бишкек-Ош-Бишкек









??.??