С а я с и й к у у г у н т у к

Топчубек Тургуналиев, Саясый куугунтукка каршы комитеттин төрагасы:
"Куугунтук - репрессия, террорго айланды"
- Топчуке, Саясый куугунтукка каршы комитетти эмне себептен түздүңөр эле?
- Себеби, тоталитардык диктатурага айланып бараткан үй-бүлөлүк - мафиялык бийлик азыр саясый куугунтуктун эң жаман түрүн - массалык репрессияны күндөн күнгө күчөтүп атат. Мындай мезгилде репрессияны, террорду атайын изилдеген, далилдеген, куугунтукка дуушар болгон көптөгөн коомдук уюм зарыл. Ошондуктан мен демилге көтөрүп Комитетти түздүк.
- Чын эле бийлик тоталитардык диктатурага ооп баратабы, саясый репрессия баштадыбы?
- Ооба. Эгерде бийлигин сактап калуу үчүн, биринчи мөөнөттө кыйратып үзүрлүү иш кылгансып, элди жыргатып койгонсуп К.Бакиев, анын ляппайчылары, "жогол!" деп ачык, чечкиндүү чыккандарды, каргап, тескери бата берип аткандардын гана эмес, жактырбай, каяша айтып, сындап койгондорун да, алардын балдарынын да, туугандарынын да күн, түн дебей артынан сая түшүп, эркин гезиттерди жаап, журналисттерди, укук коргоочуларды, жарандык демилгечилерди, оппозициячыларды кармап, камап, соттоп атса - бул эмне? Бул тоталитардык диктатуранын анык белгиси. Ал эми куугунтук массалык түрдө болсо, мыкаачылык менен өлтүрүп, өрттөп, уруп, эси ооп калганда же өлтүргөндөн кийин денесине 20-30 жолу бычак сайып атса; эки айдын ичинде оппозициянын башчыларына, алардын балдарына, урук-туугандарына саясый себеп менен ондогон "кылмыш" иши козголуп, соттолуп, камалып атса, анда бул куугунтук репрессияга, террорго айланганы.
- Кармалып, камалып, соттолуп аткандарга Сиз баш болгон бул Комитет кандай жардам берип жатат?
- Биринчи, биз бүт өлкө боюнча маалымат чогултуп, куугунтук-репрессиянын азабын тартып жаткандарды тактап жатабыз. Мен партиялардын, коомдук бирикмелердин, укук коргоочу уюмдардын башчыларынан "эгерде куугунтукка учурагандарды билсеңер, анда биздин комитетке билдиргиле, куугунтуктун саясый себеби бар экенин далилдеген белгилерин жазгыла, документтерин тиркегиле, чогуу иштейли, чогуу күрөшөлү" деп суранып жатам.
Экинчи, Комитетте абдан дасыккан, тажрыйбалуу, чыгаан үч топтогу адистер бар: укук коргоочулар - Асия Сасыкбаева, Динара Ошурахунова, Азиза Абдрасулова, Качкын Булатов; юристтер, адвокаттар - Мукар Чолпонбаев, Сартбай Жайчыбеков, Назира Абдылдаева; журналистер - Бабырбек Жээнбеков, Бермет Букашева, Таалай Абдылдаев.
Адвокаттар М.Чолпонбаев, С.Жайчыбеков соттолуп жаткан Исмаил Исаковду, Эркин Булекбаевди, Эмил Каптагаевди; соттолсо А.Жекшенкуловду, Б.Жээнбековду коргошот,мен буларды сотто коомдук жактоочу катары колдойм. Тиги укук коргоочуларыбыз да, журналисттерибиз да карап турбайт.
Үчүнчү, Комитет өз жобосуна ылайык, саясый себеп менен камалгандарга "абийир туткуну" деген ардактуу наам ыйгарып, бул инсандардын демократия, адилеттүүлүк үчүн, Кыргызстаныбызды үй-бүлөлүк - мафиялык, тоталитардык диктатурадан куткарып, оң жолго салуу үчүн жанын аябай күрөшүп жатканын элге даңазалап, тарыхта калтырып жатат.
- "Абийир туткуну" деген наам бизден башка бу дүйнөдө барбы?
- Бар.
- Кайсы жерде силердин Комитеттен башка дагы ким берет бу наамды?
- Нобель сыйлыгынын ээси "Emnesty International" аттуу эл аралык укук коргоочу уюм наамды диктатура орногон өлкөлөрдө демократия үчүн күрөшкөн, саясый себеп менен камалгандарга ыйгарат.
- Эл аралык тиги уюмдан "абийир туткуну" деп аталгандар биздин өлкөдө барбы?
- Бар.
- Ким?
- Замира Сыдыкова, Жумагазы Чоңаюу жана башкалар алган, мага үч жолу берилген бул наам.
- Силердин Комитет "абийир туткуну" деп атагандарды "Emnesty International" уюмуна жиберсе болобу?
- Болот. Жиберебиз.
- Топчуке, биздеги саясый куугунтук-репрессиянын башаты кайда, кайсы органдарда?
- Президент К.Бакиев баш болгон Ак үйдүн карасанатай, өз элине каршы иштеген төбөлдөр, алардын саясый тапшырмасын аткарган аким, губернаторлор, прокуратура, милиция, коопсуздук комитет, каржы полиция, сот.
- Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрү неге токтоду, ким күнөөлүү?
- Бийлик күнөөлүү. 10-марттагы сүйлөшүүдө БЭКтин тобу саясый куугунтук-репрессияны токтоосуз токтотууну талап кылды. Бирок, бийлик токтотмок түгүл ошо замат ого бетер күчөттү: 9-мартта камалган А.Жекшенкуловду 11-мартта дагы бир ай абакка жапты. А.Бекназаровдун баласын "кармагыла, камагыла!" деген чечим чыгарышты. Ошентип бийлик сүйлөшүү ийгиликтүү болсун деп жакшы абалды түзүүнүн ордуна репессияны тигинтип күчөткөнүнө байланыштуу, "бу бийликтен жакшылык күтүүгө болбойт, сүйлөшүүнүн кажети жок!" деп БЭК баш тартышты.
- Сиз да сүйлөшүүгө катыштыңызбы?
- Ооба.
- Баса белгилей турган нерселерди айтсаңыз?
- Бийлик оппозициянын, элдин талабын аткарууга даяр эмес экенин ачык көрсөттү.
- Эмнеси менен?
- Сүйлөшүүнүн күн тартибине БЭК "саясый куугунтукту токтотуу керек" деген маселени коюу зарыл десе, бийлик "Кыргызстанда саясый куугунтук жок" деп чыкты.
- Муну ким айтты?
- Баш прокурор Э.Сатыбалдиев.
- Ал эмне далил келтирди?
- Далили жок. "Эгерде күн тартибине саясый куугунтукту токтотуу" деп койсок, анда журналисттер, тигине, отуршат, бүгүн эле бүт дүйнөгө "Кыргызстанда саясый куугунтук бар" деп жарыялап жазышат. Менин мыйзамымда мындай түшүнүк да жок!" деп кескин айтып атырылды.
- Силер эмне дедиңер?
- "Башкасын айтпай эле коелу, эркин сөздүн ээлери "Алиби", "Де-факто" гезиттери жабылса, "Азаттык" радио муунтулуп, өлкөнүн 80-90% жеринде тыйылса, журналисттер соттолуп, камалып, башка өлкөлөргө качып жатса, оппозициянын башчыларынын баары дээрлик, балдары, туугандарына чейин репрессияланып жатса, анан силер бүт дүйнө көрүп турган антидемократиялык бул окуяларды каратып туруп кантип танып жатасыңар?! Баса, бүгүнкү президент, анын администарция башчысы кечээ эле куугунтукталып атпады беле! Бийлик башына чыккан соң эми өздөрү репрессия жүргүзүп жатат" дедик. Куугунтукталгандардын тизмесин мен тигилерге бердим.
- Дагы эмне олутту болду?
- Сүйлөшүүдөн кийин Нарбеков аба, мен эшикке чыксак Э.Сатыбалдиев, М.Конгантиев туруптур. Мен "Элмурза, Муса, инилерим, мен агаңар катары кеңеш айтам. Оомал, төкмөл дүнүйө дейт. Түбөлүк эчтеке жок. К.Бакиев бийликтен кетет. Силер да кетесиңер. Келме кезек келет, адилеттүү заман орнойт, жакын калды. Ошондо "кечээ саясый репрессияны ким салды эле?" деп изилденет, сот болот. К.Бакиевдин "камагыла, соттогула!" деген оозеки буйругун аткарган, "кылмыш иш" деп куугунтук салган экөөңөрдүн колуңар, М.Суталиновдун, С.Жапаровдун колу чыгат. Силер кармаласыңар. Этият болгула. "Аксылыктарды аткыла!" деп акаевдер буйрук берген, ал эми соттолгон төмөнкүлөр болгон. "Бөрк ал!" десе бөркүн да, башын да ала бербегиле, абайлагыла" дедим.
- Тигилер жооп бериштиби?
- Жок. Тунжурап, баштарын шылкыйтып гана тим болушту...
- "Оппозициянын куугунтукталбаган башчысы калбады" дейсиз. Бийликтин максаты эмне?
- Бийликтин ажалы бакиевдердин көзүнө көрүнүп калды. Ошондуктан алар оппозициянын эки тарабын тең күмжам кылуу аракетине өттү.
- Кайсы эки тарабын айтасыз?
- Биринчи тарабы - баш бийликтеги тезекбайлардын заманында караңгыда калган, жокчулуктун, жумушсуздуктун, үйү, жери жоктуктун, бийликтин зордук-зомбулугунун алааматын көрүп, азабын тартып, "К.Бакиев экинчи мөөнөттү эңсебей эле койсун, бийликтен азыр кетсин!" деп бүгүн 90-95% нааразы, жек көрүп, каргап аткан эл эң кубатту, чечүүчү оппозиция. Элдин чечкиндүү алдыңкы катмары эртең ачык чыгып "жогол!" дегени турат.
Экинчи тарабы - уюшкан саясый оппозиция, бүгүнкү - БЭК. БЭК марттын 27синен тартып бүт өлкө боюнча митингдерди баштайт.
- Сиз айткан эки тараптуу оппозиция бириге алабы?
- Биригет. Сөзсүз биригет. Биригип жатат. Саясый уюшкан оппозиция чечүүчү күч - элге таянат. Эл болсо бийликти оодарып, адилеттүү заманга, татыктуу турмушка жетүүнү эңсейт.
- БЭК 27-мартта баардык жерде митингди баштайт экен. Куугунтук күчөйбү же токтойбу?
- Күчөйт. Күндөн күнгө күчөп жатпайбы.
- Бийлик курал колдонуп, кан төгүлүшү мүмкүнбү?
- Ар кандай болушу ыктымал:
а) Бийлик күч, курал колдонушу мүмкүн;
б) "Курал колдонгула!" деген буйрук болсо төмөнкү башчылар, куралчандар аткарбай койгонун да көргөнбүз 2005-жылы;
в) Мындай буйрукту бергенден корккон жогоркулар жалтактап калышы да мүмкүн
Бирок, мен президентти, куралдуу күчтөрдүн буйрукчуларын эскертип коеюун: тээ-э 2002-жылы аксылыктарды аткандан кийин эл чөгөлөп, корунуп, коркуп калган эмес, тескерисинче, элди ого бетер күчөтүп, анан, Аксыда жанган ревоюциянын руху бүт өлкөнү каптаганын, жеңишке алып келгенин, буйрук бергендер алиге чейин жоопко тартыла элек, бирок, аткандар соттолгону (жумшак болсо да) силерге сабак болуш керек; эң негизгиси - элге мылтык сунуп кан төккөндөр эртели-кеч жазасын алат. Алар мамлекеттик мыкаачы-кылмышкер, чыккынчы болот.
- Эгерде күч колдонсо кимди, кантип пайдаланат?
- Ички аскер, милиция, ОМОН, Атайын куралдуу топтор, УККнын куралдуулары - 25-30 миң. Бу аз келгенсип, акжолчу-каражолчу депутаттар аскерди да ички толкундарга каршы пайдаланууга болот деген антиконституциялык мыйзамды кабыл алган, президент жактырган, кол койгон. Демек, 4 миңге жакын куралчандар баш бийликтин колунда турат. Андан башка кылмышкерлерди митингдерге каршы тукурушу мүмкүн.
- Курал колдонуу коркунучунан эл чыкпай коет деп ойлойсуңарбы?
- Бийликтен тажаган, азаптуу бу турмушка чыдабай калган чыгаандар эмне болсо да чыгат. Ал эми кайдыгерлер. Коркоктор үйүнөн чыкпайт. Ушу көйгөй жашоо жакса чыкпай, коркуп отура берсин. "Менин, балдарымдын, элимдин эртеңки турмушу оңолсун!" деген атуул-кайраттулар сөзсүз чыгат.
- Маегиңизге ыракмат. БЭКке, элге ийгилик каалайбыз.
- Айтканың келсин.

Маектешкен,
Гүлниза МОЛДОКУЛОВА