Т е р г ө ө

"Ачык саясат" газетасынын
Башкы редактору
Бабырбек Жээнбековго
Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгабы же Бабырбек Жээнбеков эмне үчүн кайрадан сурак берип жатат?
"Ачык саясат" газетасынын 2009-жылдын 10-мартындагы №18(54) санында Бабырбек Жээнбеков жөнүндө "Кайрадан камаганы жатышат" деген макала жарыяланды. Албетте, газетанын башкы редактору болгондон кийин "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" дегендей, Бакен өз гезитине өзүн таза адам көрсөтүп, ага карата саясий кугунтук уюштурулуп жатат деп жазган экен.

Эмне болсо да бул маалыматты дагы бир ирет такташтырып коелу деп мен дагы өз оюмду, өз чындыгымды "Ачык саясатка" жолдодум. Эгер Бабырбек ошончолук чынчыл жана мекенчил болсо, менин бул маалыматымдын бир тамгасын өзгөртпөй гезитке басат деп ойлойм.
Биринчиден, бүгүн Бабырбекке карата козголгон кылмыш иши анын өз колу менен жазылган распискасына байланыштуу. Анын көчүрмөсүн кошо тиркейм жана гезитке басылышын өтүнөм. Бул распискада Бабырбек Жээнбеков 2005-жылдын 23-майында Сабыр Жапаровдон 10миң доллар карызга алганым чын, аны он күндө таап берем, расписка өз эрким менен жазыkды деп турат. Андан бери төрт жыл өтүп, Бабырбектин үйүyө ушул маселе менен элүү жолу издеп бардым. Бабырбектин өзүн эмес изин таппай жүрөм. Юристтер мындай мамиледеги адамды "алдамчы", орусча айтканда "мошенник" деп аташат. Бабырбек доско он миң долларды кечип бериш бүгүнкү турмуштун шартына туура келбей жатат. Эки жыл мурда прокуратурага берип, бул доону өндүрүү максатын көздөгөм. Мына төлөп берем деген Бабырбек баягы эле өнөргө салып, качып жүрөт. Он миң долларды Бабырбектен кантип алышым керек? Айла жок, экинчи ирет Бишкектин милициясына арыз жаздым.
Албетте, Бабырбек тергөөчүгө - бул расписканы зордоп, кордоп жаздырышкан деп айтып жатат. Эгер Бабырбек бул пикирин кайталай берсе, телевидение аркылуу ошол учурда расписка жазып, анын мазмунун өз оозу менен айтып турган жерин көрсөтүүгө мажбур болом. Ал видео тасмада ак көйнөк, кара костюмду кийип, сигаретти түтөтүп турган Бабырбек "бул окуяны уулум Равшанга билдирбей эле койгула, мен акчаны шайлоого жумшап жибердим эле, Равшандын ансыз деле жүрөгү ооруп жүрөт" деген сөздөрүнө кантип зээниң кейибейт. Бирок, ушул расписка, ушул видеотасма бар экенине карабай, Бабырбек дале менден качып, анан да өз гезитине өзүнүн алдамчылыгын "саясий куугунтук" деп жазышына эмне десе болот? Кыргыздын "уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат" деген сөзү чын тура.
Экинчиден, бир убакта тилектеш, теңтуш болуп жүргөндө ишенимден пайдаланып, он миң долларды алып, бербей жүргөн Бабырбектин жоругу андан да кызыктуу окуялар менен уланат. Ошол эле 2004-жылы "Хюндай" маркасындагы (1997-жылы чыгарылган мамлекеттик номери S 00 39 K) "Джип" автомашинасын убактылуу алып, кийин аны жасалма жол менен бирөөгө каттатып алганы прокуратуранын тергөөсүндө аныкталып, машинаны акт менен өткөрүп берген чуусуна эмне десе болот? Дале болсо анын мындай ашынган алдамчылык окуясына юридикалык баа берилбей келе жатат.
Жыйынтыктап айтканда, достуктун, адамкерчиликтин мамилесинен жана ишениминен пайдаланып, он миң долларды бербей, "Джип" машинасын бирөөлөргө каттатып, анын ээлерине көйгөй жараткан адамды милиция менен прокуратурага бербей, каякка бересиң? Же, Бабырбекти туурап аны "алдамчы", "аферист" деп гезитке жазышым керек беле? Мына, ал жазгандан кийин мен дагы жаздым. Эгер Бабырбек маалымат каражаттарынын мыйзамын сыйласа, "Ачык саясат" гезити ачык жазса, анда анын "Кайрадан камаганы жатышат" деген макаласына жооп иретинде менин пикиримди да жарыялашсын. Эгер андай кылбаган болсо, мен ушул эле көз карашымды Кыргызстандан чыккан ар-бир гезитке жарыялоого мажбур болом жана ал колумдан келет. Албетте, чындыкка гезит эмес, сот адилеттиги чекит коет деп ишенем. Сот болгуча гезиттешпей, саясатташпай турсак болот эле.
Дагы бир эсине салаарым, бул ишке менин иним Садыр Жапаровду аралаштырбай эле койбойсуңбу? Атадан алтоо болсо да, ар кимисинин тагдыры жана тиричилиги ар башка. Сен акчаны, машинаны менден алгандан кийин, мени менен гана эсептешпейсиңби. Эмне үчүн бул иштерге Садырдын атын кошосуң? "Жыгылсаң нардан жыгыл" дегендей, мага карыз болгонуна арданып, Садырды жаманатты кылгың келгенин токтотсоң боло. Кыргызда "кол колду, көз көздү тааныйт" деген сөз бар экенин унутпа.
Акырында айтаарым эле, Бабырбек, ак болсоң соттон акталып чык. Ошондон кийин гана гезитке жаз. Башыңдагы укуктук көйгөйдү саясий ызы-чууга айлантканың долу аялдан айырмасы жок иш экенин билсең экен.
Сени терең урматтоо менен сенден доосун өндүрө албай жүргөн илгерки ини-досуң,
Сабыр Жапаров!
10.03.2009 ж.





Редакциядан:
Ушул катты редакторубуз Б.Жээнбеков "тез жардам" машинасы менен республикалык кардиология жана терапия борборуна жеткирилген күнү Сабыр Жапаров жана коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясынын басма сөз кызматын жетектеген Мыктыбек аттуу жигит редакциябызга алып келишкен.
Бир аз жакшы болгондон кийин башкы редакторубузга көрсөтсөк "жарыялай бергиле" деген уруксатын берип, колубузга төмөндөгү ишеним катты карматты.

Анан дагы Бабырбек Субановичтин мындай деген сөздөрүн тиешелүү адамдардын эсине салып коюуну редакциянын милдети деп эсептейбиз: "Жапаровдор мени Байкожоев деп эсептешпесин. Чындыктын учун мен аларга "Ысык-Көл инвестбанктан" чубап берем. 10 миң долларын Сабыр судья Базарбеков Замирден доолап алсын. Калган жоопту ооруканадан жакшы болуп чыкканда угушат.
Ким-кимиси болбосун ортого прокуратураны бир салып, милицияны бир салып кугунтуктатканын токтоттурбаса көп нерселерди коомчулукка жеткирүүгө аргасыз болом".





Кыргыз Республикасынын
Президенти
Курманбек Бакиевге

Нарын облусундагы саясий партия
өкүлдөрүнүн коомдук уюмдарынын
жана коомчулуктун атынан
Кайрылуу
2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаевдин бийлиги урап, жаңы бийлик келгенде элдин үмүтү зор эле. Тилекке каршы андан бери төрт жылдын жүзү болсо да, калк ишеничи акталбады. Тескерисинче Орто Азиядагы демократия аралы аталган өлкөбүз, сууга чөккөндөй жоголуп баратат. Буга майтарылбас далил катары сөз эркиндигине доо кетип "Алиби" "Де-факто" гезиттеринин жабылышы, "Азаттык" радио берүүсүнүн кыскарышы. Бийликтин оркойгон кемчиликтерин баса көрсөтүп элдин талабын ачыкка чыгарып, элдин мүдөөсү үчүн күрөшкөн эр азаматтар И.Кадырбеков, И.Исаков, А.Жекшенклов, Э.Каптагаев, Б.Жээнбеков ж.б. суу кечпеген шылтоолор менен ачык саясий куугунтуктун жүргүзүлүшү мурдагы аталган демократия аралыбыздын тумчугуп баратканына күбө боло алат.
Эмне үчүн И.Кадырбеков, А.Жекшенкулов, И.Исаков, Э.Каптагаевге кызматта турган кезде кылган күнөөлөрү үчүн кызматтан алынып, жоопко тартылышпайт? Жоопко тартылмак түгүл кантип, эмне себептен кызматтан алгандарын да түшүнбөй калышпады беле. Качан гана бийликтин кылыктарын кыя көрсөткөндө жалган жалаалар менен ач кенедей жабышып, куугунтук башталып ак жеринен каралап соттоп жаткандыгын бешиктеги балага да белглүү болуп жатпайбы.
Курманбек Салиевич! Күч структураларынын белден төмөн ыплас иштер менен өз элинин эркине каршы турушу, оппозиция өкүдөрүнүн четинен камакка ала башташы, азыркы бийликтин жүзүнө жууса кеткис болуп көрбөгөндөй кара так калтырып, элдин кыжырлануусун жаратууда. Ушул себептен оппозиция өкүлдөрүнө куугунтукту токтотуп, И.Кадырбеков А.Жекшенкуловду тез аранын ичинде камактан бошотуп берүүңүздү өтүнөбүз. Сиз Президент Конституциянын гаранты катары жогорудагыдай саясий куугунтукка жол бербешиңиз керек.
Биздин бул орундуу талаптарыбыз аткарылбаса, 27-мартта Нарын облусунун эли менен биргеликте бул талаптарыбыз менен нааразычылык акциясына чыгаарыбызды билдиребиз. Буга чейин Нарын эли сабырдуулук менен, сизден акыйкаттулук болот деп ишенип келген эле. Бирок, тилекке каршы, И.Кадырбековдун бир жылдан бери камактан бошотулбай жатышы, оппозиция БЭКтин лидеринин жана алардын туугандарынын кысымга алынып, куугунтукталышы элдин кыжырын келтирип, сабырдуулуктун чегине жетишине алып келди. Дал ушул себептен улам бул талаптар менен сизге кайрылуубузга аргасыз болдук. Эл башы катары сиз бардыгына бирдей карап адилеттүү чечим чыгарганга журт алдында милдеттүүсүз жана сизден дал ушундай кечиктирилгис акыйкаттуу кадамдарды күтөөрүбүздү билдиребиз.

А.Эсенбеков
Нарын шаарынын "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү
Ы.Исабеков
Нарын шаарынын "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү
Ж.Сүйүнбаев
"Ак шумкар" саясий партиясы
М.Нурмамбетов
Нарын шаарынын тургуну
Бардыгы 27 киши кол койгон