Бир таланттын дүйнөсү

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы студиянын окутуучусу Тынара Абдыразаева:
"Эгер сени бирөө сүйбөсө, суктанбаса анда сен аял эмессиң"
Кинодо:
"Аталардын керээзи",
режиссер Нурбек Эген ;
"Маңкурт жөнүндө баян",
режиссер Бакыт Карагулов ;
"Алтын кыргоол", режиссер
Марат Сар уулу ;
"Акыркы атылган ок", режиссер
Кадыржан Кадыралиев;
"Чиркин өмүр", режиссер
Мурат Мамбетов .
Театрда: "Саманчынын
жолу", "Сократты эскерүү
түнү", "Сары өзөк",
"Машырбек үйлөнөт",
"Манастын уулу Семетей",
"Антонио менен Клеопатра"
ж.б.
Радиодо: Зуура Сооронбаева
"Чоочун киши", Эрнис Турсунов
"Ата журт", Казат Акматов
"Боз чымчык",
Меңди Мамазаирова
"Турумтай".

Сын элек
"Акыркы атылган ок" фильми 1991-жылы тартылган. Ошол фильмди көргөнүмдө кээде таң калам. Мындан он сегиз жыл мурун, азыркы курагыбызга караганда кыйла жаш экенбиз, бирок турмушту туура түшүнүп, турмуш чындыгын бере алгандыгым үчүн өзүмө ыраазы болуп кетем. Театр менен кинонун чоң айырмасы бар. Театрдагы ролду күнүгө репитиция кылабыз. Ийлеп, жууруп, сомдоп анан көрүүчүлөрдүн алдына тартуулайбыз. Ал эми кинодо андай эмес. Бир жолу ойнойсуң, ошо менен тасмада калып калат. Мен "Аталардын керээзин" көргөнүмдө, чалараак ойногон ирмемдеримди көрүп, "аттиң, ушул жери бышпай калыптыр" деп ойлонуп калам.

Жашоодо алдыга жана артка жылуу бар, токтоо жок
Искусствонун адамы болуу-кол жеткис бийик тилегим эле. Ошол ак тилегим кабыл болуп, маданияттын чордонунда иштеп калганым үчүн жаратканга мен ыраазымын. Учурда театрыбыз ремонт болуп, сахнага чыга албай жатабыз. Бирок, өзүңдү-өзүң камчылап, келечекке тарбиялап турбасаң болбойт. Ошон үчүн жакында эле Алыкул Осмоновдун 25 ырын жаттап, музыкалаштырып моно спектакль даярдадым. Алыкул агайдын ой жүгүртүүсүн, анын жашоо-турмушунун кандай болгонун өзүмдүн ой-жүгүртүүм жана көз карашым менен айкалыштырып бере алдым деп ойлойм. Бай түп жылдык актердук тажрыйбам, шаасы жетилип-бышып турган курагым буга чоң жардам болду. Көрүүчүлөр тарабынан эң жакшы кабыл алынды.

Кино тасмаларга
ой жоромол
Искусство - адамзатты табитке, жашоого, ойлонууга тарбиялайт. Ал эми бүгүнкү күндөгү айрым кинотасмалар кандай касиеттүү, оор жүктүү сапарга чыкканын балким, жеткире ойлонуша электир… Мындай фильмдердин көбөйүшү көрүүчүлөрдүн табитин бузат. Бирок, медалдын эки бети бар эмеспи. Биринчи, экинчи, үчүнчү кинодон өткөн соң, ошол кинону жаратуучулардан такшалган чоң режиссер, чоң актер чыгып калышы мүмкүн. Кинонун максаты, философиясы эмнеде экенин мүдүрүлүп жүрүп балким табаар. Бирок, аттиң ай, чоң фильм тартыш үчүн чоң каражат керек. Ал эмес кичинекей кинонун дагы чоң каражат, чоң талант менен төгөрөгү төп болору көпчүлүккө белгилүү эмеспи? Токсонунчу, экимиңинчи жылдардан кийинки там-туң баскан баладай болгон тасмаларыбызды жетелеп келаткандар же жетелегиси келгендер көкүрөгүн тырмаган нерсесин ар кимиси ар кандай жол менен чыгарып келишүүдө. Эмнеси болсо да, бүткөн ишке сынчы көп, бирок, кино искусствосунун өтө терең экендигин унутпасак экен.

Айдын он беши жарык… он беши караңгы…
Ишке өзүн багыштап койгон адамдар турмушта абдан көп. Мен жаш кезимде, ушул театрга келгенимде бир сонун убактар болгон. Эки-үч спектакль коюлса, эки-үчөөндө тең башкы ролду ойночумун. Ал учурда менин жашташ теңтуштарым үй-бүлө күтүп, төрөп турган маалдары болчу. А мен болсо үй-бүлөлүк түйшүктөн бош болуп, кыштыр-жайдыр гастролдорго кетип, чыгармачылык менен алпурушуп, болгон үмүтүмдү, жан дүйнөмдү ишке багыштап жүрүп өзүмдүн келечектеги тагдырымды унутта калтырыпмын. Жалгызчылыкты жаш өткөн сайын абдан сезет экенсиң. Ошон үчүн студенттериме дайыма айтам: "Окугула, иштегиле, бирок, өзүңөрдүн жашооңорду, бактыңарды унутуп койбогула. Аялдын бактысы - күйөө, кайын журт күтүүдө. Эне болуш аял үчүн, дегеле адам баласы үчүн тукум улоо деген ыйык нерсе", - дейм. Жаштык кез өтөт. Күндө жаш боло албайсың. Бир убакта карылык, жалгыздык келет. Өзүң менен өзүң сүйлөшөсүң. А кээде өзүң менен сүйлөшкүң келбей калган учурлар да болот. Канат-бутагың кыйрап, турмуш жолунда шагдам басып кете албай, жан дүйнөң быркырап, мөгдөгөн учурларың болот. Эмне кыласың? Эртең менен башымды бийик көтөрүп, бетиме боёк сүртүп кайрадан жашоо шарданына аралашып жөнөйм. Биздин жүдөп-какап жүргөнүбүз да туура эмес. "Ичип кетиптир же бузулуп кетиптир" деп ойлошоору бышык. Анын үстүнө эл сыйлап тургандан кийин, элдин урматына татыктуу болоюн дейсиң. Үйгө барсаң баягы жалгыздык кайра башталат.

Түбөлүккө бирөөң түгөй болбодуң…
Түбөлүктүү болбогондой
бириң дос…
Аял болгондон кийин эркек адамдардан бирөө сени сүйбөсө, сага суктанбаса анда сен аял эмессиң, ургаачы эмессиң. Менин горизонтумда дагы мени сүйгөн жандар албетте болгон. Көп учурда кесибиңди ташта дешти. А бирок, мен жан дүйнөм менен сахнага биротоло байланып калгам. Артист менен көрүүчүлөрдүн ортосундагы көзгө көрүнбөгөн алтын жиптерди үзүп кете албай, алардын сунуштарын четке каккан элем…

Кыз бактысы
кеч келет…
Бизде эркек жетишсиз, кыздар көп болуп жатпайбы. Экинчи аялдыкка макул болгон кыздарыбызды "токол болуп тийди", - дешип айрымдар күнөөлөп да жүрүшөт. Эгер кыз, аялы бар бир адамды жакшы көрүп калса, өзү теңдүүлөр аны карабаса, экинчиби, үчүнчү болобу тие берсин. Азыр бизде, Кыргызстанда жээндер көбөйүп кетти. А кийин кайсы бир убакта жер талашкан, эл талашкан убак келип жүрбөсүн?! Орустан, уйгурдан, түрктөн төрөлгөн балдар кыргыз үчүн күйүп бербейт. Кыздарыбыз өзгөдөн төрөгөнчө өз улутубуздун жигиттеринен төрөгөнү элибиз үчүн да, өздөрү үчүн да пайдалуу… Бирок, бул эми аттиң ай, бир армандан келип чыгат да. Ар бир кызыбыз картайбай, кор болбой, өзүнүн теңин таап улутка уук болчу улан-кыздарды тарбиялап чыгарса зор бакыт болбойт беле.

Устат Теңир жасаганын карагын,
Айды уялтат сенин сулуу жамалың….
Аялдар өзүнүн аял экенин эч качан эсинен чыгарбашы керек. Эртең эне болорун эстеш керек. Эгерде эртең эне болоруңду унутуп калсаң, абийириңди, өзүңдүн турган турпатыңды, акыл-эсиңди туура багыттап жүрө албасаң, анда аял да, эне да боло албайсың. Эгерде абийириңди жоготсоң күйөөң 20 жылдан кийин да сенин абийириң жөнүндө айтат. Ошол сөздү укпаш үчүн, балдарың сени менен сыймыктанып туруш үчүн кызды үйдөн чыга элегинде, бала кезинде тарбиялаш керек. Мектептен тарбиялаш керек. Ошон үчүн мен студенттериме көп айтам: "өзүңөрдүн абийириңерди сактап жүргүлө. Аялзаты ушунчалык назик экениңерди билип жүргүлө". Аялзаты деген керемет да. Ошону көпчүлүк жаштар түшүнбөй калганына ичим күйөт.

Ата-энем батып кеткен күн болуп…
Менин ата-энем балдарынын ичинен мага өзгөчө мамиле кылчу. Аларга жаш баладай эркелечүмүн. Атам, "айланып, кагылып кетейин" деп эркелетчү эмес. Эркелетүүнүн кандайдыр бир башка жол-жобосун билчү. Театрдан отпускага барып ооруп калган учурларымда: "Оо, атаң оозгурайын, бул ооруп калган турбайбы. Таптакыр кан сөөлү жок болуп калыптыр. Калийпа, апкел тиги койду, соелук. Муну карынга алыш керек"-деп кой сойдуруп, аны үлпүлдөтүп кайнатып, жаныма отуруп алып жедирчү. Энем болсо чебелектеп кичинекей балага мамиле жасагандай көзүм менен тең айланчу…Кайрандарым. Атам санжыраны шумдук айтчу. Калыгул олуянын айткандарын, Токтогулдун ырларын, "Манасты" кырааты менен бап келтирип, сонун айтчу. Атам, эгер малдын артынан кетпегенде, бирөө-жарым туура багыт бергенде жакшы манасчы болот эле. Энем болсо, эң таза, аялга тиешелүү тириликтин баарын дыкаттык менен бүтүргөн, уз, кошокчу, жамакчы болгон. Жайлоодо көбүнчө күн жаанчыл келет эмеспи. Ошондой убакта атам "Манас" китебин алдырып, "окугула" деп бизге окуттурчу. Кыраатын келтирип, туура окуй албай койсок, төбөдөн ары бир коюп, далыдан ары бир салчу. Ата-энем экөө тең "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин бүт окуяларын билишчү эле. Экөө бизге айтып берип жатып, акырында кызыл чеке болуп талашып, урушуп кетишчү. Ушундай жан дүйнөсү бай эки адамдын ортосунан чыккан мөмөсүмүн десем болот…
Афина Бакирова,
"Ачык саясат"