С а я с а т

Жекшенкуловго тагылган айып же калагы жок жел кайык
Жаз айлары жагымсыз айлардан болоорун, биз, жаңылбай эле жазган экенбиз. Ошондой эле болуп жатат. Оппозициянын бул айда көрө турган аракеттерин көпчүлүк билип калганы менен, бийликтин аракеттерин билген эмес. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешүүлөр жагымсыз жаңы нукка бурулду. Алкымдан алган азыркы кризистерден чыгуу үчүн бийлик оппозицияга жол салгандын ордуна, кутуруп кеткенсип кол салып жиберди. Журналисттер Абдылдаевди бычактап, Кенжебаевди келтектеп кеткендерине кенебеген бийликтин "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловду камакка алганын, башкы редакторубуз Бабырбек Жээнбековду суракка алганын, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Исмаил Исаковдун ишин сотко өткөрүп салганын айтсак, бийлик атаандаштары менен алака түзүүгө эмес, жарака түзүүгө барды десек болот. Ажобуз "оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө даярмын" деген күндөн баштап, кол алдындагылар оппозиционерлерди кокодон алышты. Кыязы, жосунсуз жорукту баштагандар, атаандаштарын ажосунун жолугушуусуна чейин жоошутуп койгулары келишсе керек?

Эмне үчүн Аликбек Жекшенкуловго айып тагылбай жатып камакка алынды? Эски кылмыш иши эмне болду? Жаңысы кандайча пайда болду? Эми ушул үч суроого жооп издеп көрөлүчү. Аликбек мырзага кылмыш иши өткөн жылдын декабрында, тактап айтканда, анын Америкага болгон сапары учурунда козголгон. Ал кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, жакында гана сотко өткөрүлгөн. Бул иш боюнча тергөө учурунда каржылык экспертизалар өткөрүлүп, Аликбектин ак экени аныкталып калган. Алтургай, Аликбектин адвокаттары кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча өтүнүч келтиришкен. Бул кылмыш ишинин соттон ыдырап түшүшүнө ынанган күч органдары, аргасыз жаңы айыпты ойлоп табууга мажбур болушкандыктары көрүнүп эле турат. Ал иш боюнча сотко барышканда бийликтин аброю кетмек да, Аликбектин атагы көтөрүлүп кетмек. Ошондон коркушту окшойт. Экинчиден, Аликбектин айласын таба албаган күч органдары жогору жактан жеме укса керек? Болбосо, биринчи кылмыш иши боюнча деле бир нерселерди ойлоп тапса болмок. Мисалы, "тиги-мунусу такталбагандыктан, соттон кайра тергөөгө жөнөтүлдү"-дегендей кылып. Андай шылтоолорго дагы бара алышкан жок. Анткени, ал иштеги экспертизанын корутундуларынан коркушкан. Ал ортодо, Аликбектин уулу Беккул менен иниси Таалайга кылмыш иштери козголот. Менин жеке пикиримде, күч органдарына көргөзмө бергендер, "биз силерге Аликбектин туугандарына эмес, өзүнө айып тапкыла дебедик беле?",-дешсе керек.
Эми экинчи кылмыш ишине келе турган болсок, анда, мурунку кылмыш ишинен дагы кызыктуу окуяларга туш болосуң. Аликбекти камакка алууга себеп болгон Түркиянын атуулунун Таластагы өлүмү тууралуу кылмыш иши ачылганын бир жыл мурун ИИМ өзү кабарлаган. Мына ошол кездеги "24.kg" маалымат агенттигине чыккан маалыматты эч өзгөртүүсүз көчүрүп берейин:

В Кыргызстане раскрыто убийство бизнесмена из Турции
29/01-2008 08:44, Бишкек - ИА "24.kg", Арстан ААЛЫЕВ
В Кыргызстане раскрыто убийство бизнесмена из Турции. Об этом сообщает пресс-служба Министерства внутренних дел КР.
По ее данным, 9 декабря 2007 года в 20.30 в городе Таласе одноименной области неизвестный произвел два выстрела в генерального директора ОсОО "Серкон" Четина Сервета. Последний от полученных ранений в голову и живот скончался в больнице. На месте происшествия изъята 1 гильза калибра 9 миллиметров.
Вчера, 28 января, сотрудниками Главного управления по борьбе с организованной преступностью МВД совместно с бойцами СОБР в гостиничном комплексе "Гранд-Отель" в городе Бишкеке задержан ранее разыскиваемый в связи с убийством гражданина Турции активный член ОПГ Карасартова М. - И.Абдыкадыров, 1974 года рождения. У него обнаружен и изъят самодельный пистолет и патроны калибра 5,45 мм в количестве 30 штук.
URL: http://www.24.kg/investigation/2008/01/29/74879.html
Кылмышка шектүү И.Абдыкадыровго мурун эле айып тагылып, издөөдө жүрүп былтыркы жылы кармалыптыр. Ал баланын соту жакынкы аралыкта Талас шаарында болмок экен. Эгерде чындап эле Түркиянын атуулу Аликбектин тапанчасынан атылган октон каза тапкан болсо, ИИМ муну ошол эле замат тапмак. Анткени, Аликбектин тапанчасы тууралуу маалыматтар ИИМде болуш керек болчу. Окуя болгон жерден табылган бир гильзаны экспертизадан өткөргөндө эле, ал кайсы жана кимдин тапанчасына таандык экени ошол эле замат билинмек. Кылмышка шектүү адамды тапкандан кийин, кылмышка шектүү куралды таппай койгону кызык. Кылмышка шектүү И.Абдыкадыровдун колуна экс-министрдин тапанчасы кандайча тийип калган? Ал боюнча маселенин аягы көпкө уланат. Эмне үчүн дегенде, ИИМ Таластагы айыпталуучу Абдыкадыровдун ишин токтотуп туруусун суранганы жатканын билдирди. Демек, Абдыкадыровду кысымга алып, Аликбектин тапанчасын таанытып, мойнуна алдырууга аракет жасалышы мүмкүн. Эсиңиздердеби? Мындан бир топ жыл мурун Мисир Ашыркуловдун үйүнө ыргытылган граната боюнча бир шектүү адамды(аты Таалай болсо керек эле) камашкан. Кийин ал бала түрмө ичинен табышмактуу түрдө өлүп калган. Эми деле ошондой окуя кайталанып кетиши толук мүмкүн. Ага азырынча ашыкпай туралы. Аликбектин тапанчасын ИИМ кызматкерлери мындан үч жума мурун алышкан, "экспертизадан өткөрүп берели" дешип. Ушул аралыкта ИИМ үч жолу экспертиза өткөрүшүптүр. Бир жыл мурун Таластан табылган гильзаны, Аликбектин тапаначасынан атылган жаңы гильзага алмаштырып койсо болот беле? Болмок. Анан эмне дейсиңер? Албетте, "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" демекчи, ИИМ башкача баяндашы мүмкүн. Бирок, "кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, акыры чындыгы чыгат да. Мейли, бул иш боюнча мээбизди айлантпай эле коёлу.
Ал эми, бул иште саясий боёктор жок дегендерине эмне дейсиң? Аликбек министр болуп турганда, иниси Таалай Балыкчынын вице-мэри болуп турганда козголбогон иштер, качан Аликбек оппозицияга кеткенде козголуп жатса, анан, кантип эле алардын Аликбекти саясий ишмердигине байланыштырбай коёбуз?! Эгер ошол айткандардын өздөрүнө ушундай аракеттер болуп кетсе, көрөт элек, эмне деп айтышкандарын? А болуп кетиши толук ыктымал. Мындан туп-туура төрт жыл мурун ошол кездеги "оппозиционер" Бакиев айтып жүрбөдү беле, "Акаев куугунтукту курчутуп жиберди" кыязында. Эмичи? Сөз жок. Депутаттыка өтпөй калган Адахамы, Акаевдин акыркы шайлоосун болушунча ашатпады беле? Эмичи? Эч нерсе болбогондой жүрөт. "Саясий куугунтук жок" дегендер, эртең бийлик алмашкан күнү эмне менен азыктанышат болду экен? Акаевдин убагында куугунтук жок дегендериң, азыр куйруктарын кыпчышып жүргөнү жалганбы? Элибиздин эски сөзү бар эмеспи, "бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн" деген. Андыктан, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан бүгүнкү саясаты, бүрсүгүнү өз баштарына тийиши мүмкүн.
Азыркы бийликтин аракети, эмнегедир мага деңиз үстүндөгү багыты жок же мотору жок жел кайыкты элестетет. Шамал жээктен ары айдаса, толкун бери айдап, ордунан алыс кеталбагандай көрүнөт. Калкы болгону менен, калагы жок кайык кайда бармак эле? Топчукең айтып жүрбөйбү, "мурунку бийликти эл сындап келсе, азыркы бийликти каргап жатат"-деп. Азыркы бийликке жакшы сөз айткан адамдар күндөн-күнгө азайып баратат. Көпчүлүгү, "эски бийликтен эки эсе ашып кетти" дешет. Макаламды Каркыраны каратып алган канатташ жайгашкан казактардын,
"Жаксынын кабагы бар
жаркылдаган,
Жаксыга сөз калмайды
айтылмаган.
Шумкарга жумурткасын
бастырсаң да,
Каргадан карга туулат
каркылдаган" - деген макалы менен аяктагым келди

Рыскелди МОМБЕКОВ