presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  М а е к

Саясый куугунтукка каршы чыккан Топчукенин өзү куугунтукталабы?
- Топчуке, Сизди Улуттук коопсуздук кызматы чакырыптыр деп уктук, чынбы?
- Чын. Чакырганда конокко чакырды дейсиңби, ал жакка жөн чакырбайт да.
- Кимиси чакырды?
- УККнын Тергөө башкармалыгынын башчылары.
- Аттарын билдиңизби?
- Ооба. Адегенде экөө - Конституциялык түзүлүштү коргоо бөлүм башчысы Касым -Таштанкулов, Тергөө бөлүм башчысы Абдыкадыр Разаев, анан тергөө башкармалыгынын башчысы Курманбек Абазов кошулду.
- Сизди ким катары чакырышты?
- Сөз башында да, аягында да мен: мени силер күбө катарыбы, же жабыр тарткан деппи, же шектүү адам, же күнөөлүү киши деп чакырдыңарбы деп сурасам, "жок, сиз менен айрым маселелерди тактайлы деп чакырдык" дешти.
- Эмне деген маселелер экен?
- Мен өткөн айда "Немецкая волна" аттуу радио аркылуу маек-пикир айттым эле. Ошо маектин айрым жерлери жөнүндө 2 саат 45 мүнөт сүйлөштүк.
- Тактап айтсаңыз?
- "Сиз Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнө, бүгүнкү бийликке каршы чыгып атыпсыз, чынбы?" деп сурашты.
- Эмне дедиңиз?
- "Чын" дедим. "Эгерде бир эле мен, Топчубек Тургуналиев каршы болсо, анда Мухиттин бир тамчысы болот эле. Бүгүн К.Бакиев баш болгон бийликке элдин 90-95 % каршы: нааразы, нааразыдан өтүп, жек көрүп, атүгүн каргап атат. Муну силер да билесиңер" деп жооп бердим.
- Анан?
- Анан, "Сиз элди бийликти оодарууга чакырып атыпсыз" дешти.
- Сиз?
- Мен илимпоз, укук коргоочу, саясатчы катары элдин пикирин тынымсыз изилдеп жүргөн адаммын. Кыргызстанды түрө кыдырып, карапайым калк менен сүйлөшүп жүрөм. Элди "Келгиле, бийликти оодарабыз" деп эмес, "оодарууга даярсыңарбы?" деп сурап атам. Жүзүнөн 95-97си "даярбыз!" дейт.
"Бакиевдин бийлигинен тажадык, жоголсун!" деп менден мурда эл, элдин эң чечкиндүү алдыңкы катмары айтып атат. Уюшкан саясый оппозиция, анын ичинде мен артта калып атабыз, ал эми көпчүлүк алдыда кетип атат, "кетиребиз!" дейт.
- Дагы эмне сөз болду?
- "Революция ийгиликтүү болсун десек, өлкөнүн бир нече жеринде эл чыгуу керек депсиз, муну кандай дейсиз?" дешти.
- Сиз кандай жооп айттыңыз?
- "Тээ-э 2005-жылдагы элдик революциянын алдында, ошондогу бириккен оппозициянын башчысы, азыркы президент К.Бакиев менен далай жолу ийри отуруп, түз сүйлөшүп, талкуулап, анан революцияны качан, кайдан баштасак? - деп кеңешип чечкенбиз. Азыркы оппозициялык бирикме - БЭК да бул маселени ойлонуп атат. Ансыз болбойт" дедим.
- "Кайсы жерлерден баштайсыңар" деп сураштыбы?
- Сурашты.
- Сиз эмне дедиңиз?
- "БЭК али чечим кабыл ала элек, бирок бул аныкталат. Эчтеке чыкпай турган жерде убара болбой, эли даяр жерде иш кылабыз" дедим.
- "Митингге чыгасыңарбы?" деп да сураштыбы?
- Ооба.
- Качан дедиңиз?
- "Сөзсүз чыгабыз. Бул биздин конституциялык укугубуз" дедим.
- Сөз эмне менен бүттү?
- Үчөөнө айттым:
Биринчи, жетекчиңер М.Суталинов президентке "саясый куугунтукту токтотолу!" десин. Эгерде К.Бакиев баштаган бийлик нааразы болгон, каргап аткан, бул бийликтен тажадык, жоголсун деген элдин алдыңкы топторун; эркин гезиттерди, журналисттерди, укук коргоочуларды, саясый оппозициянын башчыларын; алардын балдарын, туугандарын куугунтуктаганды токтотсо, анда аны менен Кыргызстанды курутуп аткан башка көйгөй маселелер жөнүндө сүйлөшсөк болот;
Экинчи, "куугунтукту токтотпой, далай эр-азаматтарды соттоп, камай берсеңер, анда мунун арты силерге жаман болот - эртең адилет бийлик келгенде "элге эмес, үй-бүлөлүк диктатурага кызмат кылгансыңар" деген күнөө силерге да коюлат, этият болгула" дедим;
Үчүнчү, силер Тургуналиевди, оппозицияны Кыргызстандын баш душманы катары көрбөгүлө. Биз "бу бийлик элди кыйнап бүттү, өлкөнү оң жолго салуу колунан келбейт экен, бүгүнкүлөрдү кетирип, мамлекетти оң жолго салуу керек" дедим.
- Тигилер эмне дешти?
- "Күч менен, зордуктап кетиресиңерби?" дешет?
"Зордуктап эмес, колго курал алып эмес, тынчтык жолу менен, 2005-жылдагыдай, Революциянын эки түрү бар - куралдуу жана тынчтык, мен тынчтык жолу менен гана бийликти алмаштырууну каалайм" дедим.
- Эми эмне, сизге кылмыш иш козгошобу?
Аны билбейм. Козгосо корко турган мен эмес Акаевдер куугунтуктаганы аз келгенсип, эми Бакиевдер соттосо да, камаса да кебелбейм.
Маектешкен:
Рыскелди Момбеков

"Ата Мекен" социалисттик партиясынын Жалал-Абад областтык уюмунун жооптуу катчысы, Базар-Коргон райондук Кеңешинин депутаты, журналист Асылбек Текебаев:
"Бийликке нааразычылык күн санап күчөөдө…"
- Учурда өлкөдө саясий-экономикалык, социалдык кризис өкүм сүрүп жатат. Ушул абалды азыркы өкмөт жөнгө салып кетээрине ишенесизби?
- Азыр өлкөбүздө саясий-экономикалык жана социалдык кырдаал өтө курч абалда. Аны учурдагы бийлик, өкмөт оңдоп, элдин абалын жеңилдетип кетет деп ишенбейм. Себеби, азыркы бийлик эч качан элдин камын ойлогон эмес. Ошондуктан, элдин азыркы бийликке болгон нааразычылыгы күн санап өсүүдө. Негизги тармактарды кризис каптап, кылмыштуулук күч алып, коррупция өсүп, адам укуктары, басма сөз эркиндиктерине чек коюлуп, толук чындык элге жеткирилбей жатат. Буга азыркы президент К.Бакиев башында турган бийлик түздөн-түз күнөөлүү деп эсептейм.
-Ушундай оор кырдаалда БЭК тарабынан уюшулуп жаткан март акциялары андан ары чоң өзгөрүүлөргө алып келишине түрткү боло алабы?
- Албетте, элдин өтө жакырланып баратышы, адам укуктарынын тебелениши калктын бийликке болгон нааразычылыгын андан ары күчөтүүдө. Учурда К.Бакиев жүргүзгөн саясат калкты туңгуюкка алып келди. Биздин партия да БЭКтин мүчөсү болуп саналат. Ошондуктан, жер-жерлерде абал кандай экендиги бизге жакшы маалым. Кечээ эле биздин активисттер Жалал-Абад, Ош дубандарындагы шаар-райондордо болуп, эл менен ар кандай жолугушууларды өткөрүп келишти. Белгиленген саясий акция болот. Бирок, анын жүрүшү көп себептерге байланыштуу деп ойлойм. Ал эми жер-жерлерде БЭКтин, биздин партиянын мүчөлөрүнө, коомдогу оппозициялык белгилүү саясатчылар Р.Жээнбековго, А.Жекшенкуловко, И.Исаковго болуп жаткан куугунтуктоолор, кысым көрсөтүүлөр болсо, азыркы бийликтин алсыздыгын жана мажестигин гана көрсөтөт.
- Куугунтук демекчи, учурда басма сөз эркиндигине болгон кысымдар боюнча эмне дейсиз? "Сентябрь" телерадиокомпаниясынын иштери эмне болду?
- Азыркы бийликтин кемчилдиктери өтө эле көп. Аны жалпы журт билсе, 2005-жылдагыдай март окуясы кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан учурдагы бийлик өзүнүн абалын сактап калыш үчүн ар кандай мыйзамсыз аракеттерге барып жатат. Буга "Алиби", "Де факто" сыяктуу оппозициялык маанайдагы гезиттердин күм-жам болушу, эркин көз караштагы телекөрсөтүүлөр ар кандай туура эмес жолдор менен жабылышы ачык далил. Элге чындыкты жеткире турган журналисттерге күч колдонулуп, өлтүрүлүп, урулуп, коркутулуп, таасир көрсөтүлүүдө. Буга кечээ эле бычакталган журналист Сыргак Абдылдаев ачык далил боло алат. Бийлик мындай аракеттерди элге акыйкат, чындык жетпесин деп жасап жатат. Бирок, технологиялык өнүгүүлөр мезгилинде чындыкты элге жеткирбей коюу мүмкүн эмес. Ошондуктан, азыр 1937-жылдагыдай күч колдонуу эч качан жакшылыкка алып келбейт. Ал эми "Сентябрь" телеканалы туура эмес, мыйзамсыз соттук чечимдерге байланыштуу учурда эфирге чыкпай турат. Өзүмдүн укугумду коргогондугум үчүн мага Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2007-жылы декабрь айында негизсиз, мыйзамсыз козголгон кылмыш иши бүгүнкү күнгө чейин "чубактын кунундай" чубалып, бүтпөй келе жатат. Бийлик тарабынан жасалган ар кандай саясий куугунтукка өз мезгилинде эл тарабынан туура баа берилет деп ойлойм.
- Өзүңүз азыр сот адилетсиздиги жөнүндө айттыңыз. Бүгүнкү күндө сот системасы канаттандыраарлык иштеп жатабы?
- Бизге сот реформасы сөзсүз керек. Анткени, азыркы соттор бийлик тарабынан дайындалгандыктан, жалаң гана алардын айтканын жасайт. Ошондуктан, учурда оппозиция лидерлерине, прогрессивдүү ой жүгүрткөн адамдарга жасалма, уюшулган кылмыш иштери негизсиз болсо да сотто туура эмес чечим чыгарылып, адилетсиздик өкүм сүрүүдө. Ошондой эле азыркы соттор коррупциянын, паракорчулуктун уясы болуп калды. Акчаң болсо аксың, жок болсо карасың. Буга мисал: акыркы мезгилдердеги жер-жерлердеги соттордун пара алып колго түшкөндүктөрү. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ал сотторго кандай чара көрүлгөндүгү коомчулук үчүн белгисиз. Албетте, "карга карганын көзүн чокубайт" болуп, азыркы бийлик өзүнүн мыйзам бузган сотторуна тиешелүү деңгээлде жаза чарасын көрүшпөйт. Ошондуктан, соттор качан гана эл тарабынан шайланганда анык элдик сот болуп иштеши мүмкүн. Болбосо, өзүн дайындаган бийликтин арабасын сого берээри турган иш.
- Жакында кабыл алынган салык кодексин айыл жергесиндеги дыйкандар кандай кабыл алышууда?
- Жогоруда белгилегендей азыркы бийликтин өлкөдөгү абалды оңдоо боюнча саясий, экономикалык концепциясы жок болчу, азыр да жок. Аны түзө турган адам да жок. Ага бир мисал: жакында шашылыш ойлонулбай кабыл алынган салык кодекси. Салык мамлекеттин бюджетинин негизин түзөт. Шашылыш кабыл алынган чийки салык кодекси эки айга жетпей кайра оңдолгону турат. Бул элдин жашоосуна, тиричилигине түздөн-түз тиешеси бар Кодекс. Ошондуктан, бул ишке туура эмес мамиле кылган кызмат адамдары мыйзам алдында, эл алдында жооп бериши керек. Болбосо ушундай ойлонулбаган иш жасаган адамдар, мамлекеттеги абалды кантип оңдоп кетет деп айтууга болот!?
Ал эми айыл жеринде бүгүнкү күндө жазга карата сугат каналдары, арыктары толук тазаланбай турат. Былтыр күзүндө көпчүлүк эл буудай эге албай калышты. Азыр деле бир нерсе эгүүгө баарында эле мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан, быйыл деле дыйкандардын абалы оорлосо оорлойт, бирок жакшы болуп кетиши кыйын.

Маектешкендер:
Назгүл Мамытова,
Эрнис Балбаков









??.??