presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  С у н у ш

Интернет жайыгына
- кыргыз жапырыгы
Үстүбүздөгү жылдын 25-февралынан бери Кыргызстандагы интернет форумдарынын эң эле күчтүүсү "Дизель" чырдөбөсүндө чакчалекей будуң-чаң түшүп жатып калышты. Көрсө кечээ жакында урматтуу президентибиздин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Патент кызматынын директорлугуна дайындалган Улан Мелисбек мырза КР Мамлекеттик Патент кызматы мындан ары интернеттеги "kg" зонасындагы домен аталыштарын каттоо жагын көзөмөлгө ала турганын билдириптир.

Биерден бир Улан Мелисбек туурасында азганактай кабарлай кетели. Бу жигит кезинде Түркиядан алты жыл билим алып, андан соң Кыргызстанга келип, жогоруда аталган патент кызматында эки жыл иштейт. Ошол кездери жаңыдан калыптанып келаткан интеллектуалдык менчик жаатындагы жоболорду калыптандыруу аракеттери жаш адисти биротоло кызыктырып салат. Бирок анан жергиликтүү саясатка анчалык ичи чыкпай, кайрадан АКШга кетет. Ошол кездери бүтүн кыргыз журтун мындай кой, дегеле интернеттен маалымат алган кишилердин баарын Улан жасап жаткан Gazeta.kg деген сайт биротоло арбап алып, урматтуу алгачкы президентибиз Аскар Акаевдин тушундагы жагымсыз көрүнүштөр байма-бай чагылдырылып турган. Көп өтпөй ал сайтка айтылуу орусиялык маалыматчы А.Носиктин көзү түшүп, баланча кымбат пулга сатып алыптыр деп уктук эле...
Ушул жерден айта кетишибиз керек - азыркы президентибиз айрым учурларда атүгүл оппозициялык багыттагы адамдарды да өз бийлик курамына тартып жатышы бир эсе дурус эле көрүнүш го дейм. Ошол себептен буга чейин азыркы бийликке терс пикирин айтуудан тайманбаган Улан Мелисбектин Кыргыз Патент кызматына чакырылышы жалпы эле кыргыз турмушуна бираз болсо да өзгөртүү киргизиши мүмкүн экендигинен үмүт кылсак болчудай...
Эми, урматтуу окурман, "домен" эмне, анын Кыргызстандагы интернет маалымат кыймылынын өнүгүшүнө кандай таасир тийгизиши мүмкүн экенинен сөз козгойлу.
Менин атым Жаныбек Жанызак, бу гезиттин башредакторунун аты Бабырбек Жээнбеков, гезиттин аты "Ачык Саясат" болгон сыяктуу эле, интернетте атайын сайт ачам дегендер ошол сайтына кандайдыр бир аталышты каттап алышы керек. Ошол аталыш бир эле Кыргызстанда эмес, бүт дүйнө жүзүндө сайттын жеке аталышы - домен катары катталат.
Мындан тышкары, ошол сайтыңыз домен алгандан кийин, анан ал сайтты бир жерге жайгаштырыш керек. Мындайча айтканда, Жанызактын, Бабырбектин батири бар сыяктуу эле, эми сайтка да бир жерден батир таап бериш керек. Ошол батирди интернет тили менен "хостинг" деп коюшат. Мындай хостинг берүүчү фирмалар бүткүл дүйнө боюнча сан миңдеп саналат. Бирок Кыргызстандагы сайттар чет жактан батир алганда (хостинг алганда) ошо чет жактагы жайгашкан сайттагы маалыматтарды кайра Кыргызстанга келтириш үчүн оңбогондой эле акча кетет. Ошо маалыматтын көлөмү интернет тилинде "трафик" делинет экен. Бу кандай шумдук экенин азыр редакциялар жана мекемелер жакшы билип калышты - трафиктин көлөмү канчалык көп чыкса, ага ошончолук көп акча төлөш керек. Натыйжада, биз айткан мекемелер, атүгүл жеке ишкерлер, жеке компьютерчилер деле колдон келсе андай чет жактагы трафиктерден сактанышат. Атүгүл айрым мекемелер андай трафиктерге чектөө коюшуп, Кыргызстандан башка жакта жайгашкан сайттарды компьютерден көрсөтүүгө тыюу салышат.
Сөзүм куру болбош үчүн бир мисал келтирип кетейин.
Бир жолу Билим берүү министрлигине жумуштап барып калдым. Министр кабыл алабы деген үмүттө катчынын жанында отуруп калдым бираз. Ал кыз компьютеринен интернет жайыгында бирдеме издеп жаткан экен. Мен айтып калдым: "Кыргыз гезиттери" деген сайт бар, ошол жактан издеп көрбөйсүзбү?" деп. Анан http://www.presskg.com деп сайттын атын айтсам: "Ой байке, бизге андай сайттарды ачууга болбойт" деп калды. Ал кыз ойлосо керек, "kg" делбеген сайттардын баары эле Кыргызстандан алынбайт деп. "Ачып көрсөңүз" десем, мен айткан даректи компьютерине жазды эле, сайт бажырайып чыга келди. Себеби бу сайттын аталышы кыргыз зонасына ("kg") шайкеш келбегени менен, батири (хостинг) кыргыз фирмасында болчу да!
Мына ушундай бираз тайкы түшүнүктөрдүн айынан "Кыргыз гезиттери" сайтын кыргыз интернетчилери бияктан ачуудан бираз чоочулашарын ошондо байкадым.
Эмне үчүн анда мен учурунда сайтымдын атын (доменди) кыргыз зонасынан алган эмесмин?
Себеби кыргыз зонасындагы домендерди каттоо буга чейин бир гана фирманын - "АзиаИнфо" компаниясынын менчигинде болчу жана бу компания уятсыз түрдө ар бир каттоонун баасын 100 долларга чыгарып, жана жыл сайын жаңылап туруу акысын да ошончолук бийик койуп салган. Натыйжада мен өз жеримде туруп, өз республикамдын интернет доменин сатып алууга бираз каржым жетпей, жалпы дүйнөлүк доменди сатып алгам. Жалпыдүйнөлүк домендин баасы болгону 500 сом, урматтуу окурман. Карабайсызбы, жанагы уятсыз дегидей компания домен каттоону учурунда кандайдыр бир жол менен менчиктеп алгандыктан, кыргыз зонасындагы доменди каттоону жалпы дүйнөлүк баадан дээрлик 10 эсе кымбаттатып салган жана бу компаниянын домен каттоо жаатындагы монополиясы алигүнчө уланып келет!
Мынакей жакынкы күндөрдө гана "АзиаИнфо" тарифтерин шашылыш кайра карап чыгып, доменди каттоону бираз арзандаткан болду, бирок анысы деле 1910 сомду чапчып, студенттер үчүн өтө оордук кылат жана дүйнөлүк баадан баары бир төрт эсе кымбат. Төмөндө биз ошо "АзиаИнфонун" бааларын бердик, салыштырып карагыла:



Мунусу бу болду, эми ушул эле компаниянын сайтты жайгаштыруу үчүн ала турган бааларын карап көрөлү:


Бу компаниянын бу баалары, айталы, ошол эле Орусия компанияларынын бааларынан дээрлик эки эсеге кымбат.
Мындай жагдайда Кыргызпатенттин жаңы шайланган директору, кыргыз жаштарынан эң алгачкылардан болуп интернет жайыгына даң салган жигитибиз Улан Мелисбектин кыргыз домендерин монополизациялап алган компаниянын жагымсыз аракеттерине тап берип, домендерди каттоону мурдагыдан алда канча жеңилдетип, атүгүл карапайым студенттердин да каржысы жеткидей деңгээлге түшүрөлү деп жаткан албан аракети кыргыз коомчулугунун кызуу колдоосуна алынат ко деп ойлойбуз.
Эгерде мамлекетибиз бу жаатында бираз каражат бөлүп, кыргыз зонасында катталган домендерди жайгаштыруу үчүн арзан хостингдерди (сайт жайгашуучу "батирлерди") уюштуруп берсе, интернет жаатында, дегеле компьютер жаатында кыргыз жаштарынын арасындагы сабатсыздыкты жоюуга зор салым кошкон болор эле.
Жанагы "Дизель" чырдөбөсүндөгү айрым мыкчегерлердин айтымында бай фирмалар домендердин анча-мынча кымбатына карабайт экен, ал эми кокус арзандатып койсок, көрүнгөн дөөпайы деле сайт ача берип, жакшынакай иштин ашмалтайын чыгарат имиш. Эми-и, мындай жасалма тоскоолдук кылып, билимге чек коюу аракети бери дегенде ыксыз го дейм. Кыргыз тилинде сайттар канчалык көп ачылса, жанагы философиянын бир жобосуна ылайык, сапаттуу сайттардын да саны кескин көбөйөт, себеби өспүрүмдөрдүн, студенттердин, жаштардын, окумуштуулардын, жазуучулардын… көптөгөн сайттары түпкүлүгүндө барып сапаттуу сайттардын жаралышына түрткү берет.
Алиги чырлардын дагы бир аргументи - домен аталыштарын көзөмөлдөөнү мамлекетке бергенде, мамлекет өзүнө жаккандарын колдоп, жакпагандарын кордоп салат имиш.
Айтпасаң койо кал - "АзиаИнфого" мамлекеттин укуругу жетпей калыптырбы?!
Анан калса, мерчемдүү оппозициялык уюмдар, албетте, каалаган жеринен, керек десе Кыргыз Республикасына таптакыр баш ийбеген аймактардан деле доменин каттап, сайт ачып алууга кудурети жетсе керек. Биерде кеп төркүнү жалпы кыргыз коомчулугунун деңгээлинде сайт ачуу, доменди каттоо жөнүндө баратканын кантип эле түшүнмөксөн болушканына таң каласың. Капырай, бу турмушта акыры саясаттан башка да тирилик барбы, же жанагы "АзиаИнфонун" кымбат пулуна мамлекеттик кызматтагылар да табакташпы?!
Маселенин дагы бир жагы - кокус чын эле kg зонасында домендин баасы кескин төмөндөсө, мисалы, Улан Мелисбек айтып жаткан 5 доллардын (азырынча 200 сомдун) тегерегинде болуп калса, анда биздин зонадагы жакшы домен аталыштарды чайкоочулар дароо сатып алышып, анан барып кымбатка сатышы мүмкүн деген кооптонуу бар алиги чырдөбөдөгүлөрдө. Бир эсе мунусу да туура, бирок базар заманында базардагыдай эле болгону жакшы. Мейли, ким кандай аталышты алам десе өз жайына койолу. Кыргызымда аталыштан көп неме жок. Айкөл Манас саптарын батырган кыргызым сөз таппай калмак беле. Асти, домендин баасы арзандашы керек жана акыры келип Кыргызстанда да интернет жайыгын каптап кирүүгө шарт түзүлгөнү дурус. Керек болсо ар бир үйбүлөнүн өзүнүн жеке сайты болсо канакей, атаганат! Жазганды билген ар бир кыргыз интернет жайыгына жок эле дегенде бирден маалымат таштаса, жанагы "тил", "улут", "көрөңгө" деген түшүнүктөр жоголуп кетет деп коркот белек?!
Албетте, "кой аксагы менен миң" демекчи, арабызда котур ташы барлар да чыгышы мүмкүн. Бирок бу таптакыр башка маселе. Чектен чыга баштаган алагүүлөрдү мыйзам жолу менен токтотсо болот, менимче. Бирок "чегирткеден корккон эгин экпейт" болбой, алды менен тез арада монополисттерди тизгиндешибиз керек жана бу жаатында иштейм дегендердин баарына жапырт укук бергенибиз дурус. Ошондо барып кыргыз интернети жогорку окуу жайлардын "мен!" деген мыкчегерлеринен да өтүп кетиши турулуу иш.

Жаныбек ЖАНЫЗАК,
"Кыргыз гезиттери" сайтынын кароолчусу










??.??