У к у к

Редакциябызга Президенттин Указы жарыялангандан бери жеке менчигин тарттырып жиберген адамдардан, юридикалык тараптардан ондогон арыз-даттануулар келип түшүүдө. Ошондой арыздар менчикти адилетсиз бөлүштүрүүгө аралашып жаткан соттордун үстүнөн да көп. Алар боюнча журналисттик иликтөөлөрүбүз жүрүүдө. Ошондой каттардын бирин назарыңыздарга сунуш кылалы.

КРнын Жогорку Сотунун төрайымы
Ж. С. АЛИЕВАга
КРнын судьялар Кеңешинин төрайымы Л.ГУТНИЧЕНКОго

КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Жаңыл Садиевна!
Урматтуу Людмила Викторовна!
Ош областынын райондор аралык сотунун судьясы Б.Дж. Акматов кызмат абалынан кыянат пайдаланып, КРнын жараны катары менин Конституциялык укуктарымды тебелеп, ошондой эле "КРгы эркин экономикалык аймак жөнүндөгү" мыйзамдын талаптарын одоно бузуп жаткандыгын расмий билдирем. Тактап айтканда, мыйзамсыз тарттырып жиберген мүлкүбүздү кайтарып алуу боюнча маселебизди атайылап артка тартып, ушул күнгө чейин сотто карабай келет. Мыйзам боюнча биз тез арада каралсын деп талап кылууга акыбыз бар. Себеби эркин экономикалык аймакка (СЭЗ) кирген субьектилердин иши соттор тарабынан мындай тартипте каралбашы керек эле. Анысы аз келгенсип, номери билинбеген уюлдук телефон аркылуу үчүнчү бир ортомчу адам мага "проблемаңарды оң чечип берүүгө көмөктөшөм, ал үчүн ишканаңдын баасынын 10% наркын, б.а. 150 миң АКШ доллар акча бер" деп тынымсыз чалат.
Судья Б.Дж. Акматов 2007-жылдын 24-мартынан 2009-жылдын 12-февралына чейин ар түрдүү шылтоолор менен биздин ишти кароону 18 жолу кийинкиге жылдырды. Мунусу аз келгенсип арызымды 4 жолу кароосуз калтырды. Менчиктин ээси ким экендиги туурасында салык жана бажы инспекцияларынын, эркин экономикалык аймагынын Генералдык дирекциясынын документтери менен ырасталып, Жогорку Соттун чыгарган чечиминен кийин дагы ал кишиге кандай чечим керек экендиги жөнөкөй адамга деле билинип турбайбы?
Биз судья Б. Дж. Акматовго ишеним көрсөтпөй койгонбуз, бирок "маселени мен гана чечем" деп бир нерсенин башын кылтыйткан. Көрсө ал Ош областтык райондор аралык сотунун төрагасы да, жана процессти карай турган судья да өзү экен. Бул деген "самолету сеники, дөңгөлөктөрү берилбейт" деген эле кеп да. Бирок бул жерде жарандардын укуктары бузулуп жатпайбы. Адамдар Акматов өңдүү жадатма судьялардан коргонуу иммунитетинен ажырап калууда. Айла жок ушундай учурларда адамдар судья канча акча сураса, ошончону берүүгө мажбур болуп жатышат.
Шылтоо издеген судья айрым учурларда акылга сыйбаган иштерге барууда. Бажы, салык жана ЭЭАнын (СЭЗ) жетекчилери кол коюшкан бул мекемелердин фирмалык бланктары эреже катары ырастоочу документ болуп эсептелет.Бул эл аралык эреже. Бирок судья Акматовдун өзүнө гана таандык, өзү ойлоп таап алган таң калычтуу талаптары бар . Анын тартиби боюнча фирмалык бланк кагазына жазылган документке герб формасындагы мөөр жана штамп басылып да үч ирет ырасталышы керек экен.
ЭЭАга кирген субьектилер башка фирмаларга окшоп адилет министрлигинен каттоодон өтүшпөйт, аларды каттоонун өзгөчө тартиби бар. Фирмалар ЭЭАнын Генералдык дирекциясында гана каттоодон өтүшөт жана аларды жергиликтүү органдар текшере алышпайт. Судья Акматов болсо бизден адилет министрлигинен гана каттоодон өтүүнү талап кылып келет. ЭЭА жөнүндө Жобо жана мыйзамдар бар экендиги жөнүндө биздин бир нече жолку эскертүүбүзгө маани бербестен, өз айтканын бербей, процессти кийинкиге калтырып жүрдү. Ал турмак бул мыйзамдардын бар экенин билип да койгусу келген жок. Биз да көшөрүп, далилдеп туруп алдык. Айласы түгөнгөндө гана ал бул мыйзамдар менен таанышууга макул болду.
Сотко берип жаткан документтерибиз түшүнүктүү болсун деп биз "Маммүлк фонд" деген жерлерине кашаанын ичине "Минюст" деп жазып койгонбуз. Себеби ЭЭА жөнүндө 1996-жылы мыйзам кабыл алынганга чейин менчик жана биргелешкен фирмалар мамлекеттик мүлк фондусунан каттоодон өтүшчү. Судья өзүнүн катасын билдирбөө үчүнбү же атайылап ишибизди кетенчиктетип, бир нерсе үмүт этип жатканыбы-айтор бул ишти бир топ эле будуң-чаң кылды. Бирок судьянын мындай иш-аракетинин себебин биз кийин билдик. Көрсө биздикине окшоп атайылап артка тартылып, кайра карала турган иштер бир топ эле көп экен.
Ушундай иштердин биринде (29.06.2005-ж.) судья Кыргызстандын жараны А.Карабаевден жерди тартып алып, аны дайын-дареги жок "Пульсар-РАН" деген жоопкерчилиги чектелген коомго, б.а. Россия Илимдер Академиясына берилсин деп чечим чыгарып бериптир. Бул иш да ушул мезгилде Жогорку Сотко даттанылып жатат. Жогорку Сотко жетпей жаткан мындай иштерди санасак бир топ. Алар убакты-сааты келгенде Жогорку Соттун катар бөлүмүнө келип түшөөр Ошондуктан Акматовго окшогон судьялар бир областтын сот бутагын башкарып турганына юрист катары эл алдында уят болуп жатам.
Урматтуу Жаңыл Садиевна ! Урматтуу Людмила
Викторовна !
Жогоруда келтирген жүйөөлөрүмдүн негизинде менин арызымды териштирүү учурунда колдонулуп жаткан жогоркудай процессуалдык катачылыктар Б.Дж. Акматов тарабынан кайрадан эле кайталана берсе, биздин мамлекетибиздин бүтүндөй сот системасына иренжиген мамилени күчөтөт деп эсептейм жана КРнын жарандарынын Конституциялык укуктарынын тебеленбеши, адилеттүүлүк үчүн принциптүү мамиле жасалат деп үмүттөнөм. Бул арызымды ошондой эле сот адилеттиги боюнча улуттук Кеңеште жана КРнын судьялар Кеңешинде да карап, судья Акматовдун сот системасындагы мындай өзүм билемдигине катуу чаралар көрүлөт деген ойдомун. Себеби Жогорку Сотко жаңы жетекчилик келгени,судьялардын ишине Кеңеш тарабынан көзөмөл күчөгөндөн бери бир нече судьялар иштен алынганы катардагы адамдарда, менчик ээлеринде жакшы үмүт пайда болууда.
Ахунбай КОШОЕВ,
БИШКЕК ЭЭАнын тутумундагы "Озкент" ЖЧКнын гендиректору, коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук Агенттиктин коомдук инспектору, КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү





САЯСАТТАШКАН ДИНБИ ЖЕ ДИНДИ ЖАМЫНГАН САЯСАТПЫ?
Адам баласы болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге ээ болдук. Бардык макулдуктардан аң-сезимибиз аркылуу жогору турганыбызды аңдап турган мезгилде көп кылым арттагыдай бири-бирибизди жырткычтардай баса калуубуз болбогон иш. Бирок мында адамдар гумандуу болуп калдык, наристедей аруулукка умтулуп жатабыз дегендик эмес. Жок, адамдар бүгүн мурункудан да коркунучтуу. Алар дагы эле баягы бийликти, жерди, байлыкты талашууда, болгону маданий жол менен жасашат. А мындай кансыз, муздак, информациялык согушта биздин түшүнүгүбүз жете бербеген ыкмалар колдонулат.

Эми ушул согушка диндин кандай тиешеси бар экенине токтолгум келет. Биз глобализация (дүйнөлөшүү) процессин, дин маселесин сөз кылар алдында адам деген жөнөкөй да, татаал да затты түшүнүп алсак. Биз ар бирибиз (адамдар) биологиялык тилде алганда өсөбүз. Демек, жалгыз жашабайбыз, бир түркүмгө киребиз, популяцияны түзөбүз. Эң акырында барып кандуу дүйнөнүн бир организмибиз. Бир үй-бүлөнүн мүчөсү анан бир урууга тийиштүүбүз. Мындай баскычтарды басып отуруп, бир улуттун өкүлдүгүнө көтөрүлөбүз. Мына ушул жерден карап көрсөк бул баскычтардын эң жогоркусу дин болот.
Дин адамдын кайсы улут, кайсы урууга тийиштүү экенине карабай жүрөгүндө кандайдыр бир ишеним болот (атеист болбосо). Мына ушул факторду азыркы кырдаал, маданий кагылыш менен байланыштыру үчүн геосаясатчы С.Хантингтондун "Цивилизациялар кагылышы" деген эмгегине кайрылгым келип турат. Бул эмгекте дин коомчулукту бөлүүдөгү эң эле курч курал экендиги айтылат. Мисалы адам бир эле учурда эки өлкөнүн жараны боло алат. Муну бүгүнкү күндүн практикасы көргөзүп турат. Ошол эле адам бир эле учурда эки улуттун канын алып жүрө алат экен, мисалы атасы француз, апасы араб. Мындан тышкары бир эле учурда эки элдин тилин биле алат. Бирок эч качан бирэле учурда эки динди тутуна албайт. Жарым мусулман, жарым христиан боло албайт. Мына так ушул жерге келгенде ким кимдин тарабында экени эмес, кимдин ким экенин ажыратуучу учур туулат. Демек, азыр кайсы бир өлкөнү талкалагың келсе, ал жерге диний секталардын үрөнүн сээп кой да жата бер. Дал ушул эмгекте диний иштерди да дүйнөдө эң бай инсандар, эң билимдүү жаштар, бизнесмендер башкарып турат деп айтылган. Ушундан улам түшүнүктүү болду окшойт, эмне эле Кыргызстанда диний секталар жаандан кийинки козу карындай көбөйгөнүн. Ушул жерде кичинекей Кыргызстанды талкалоо кимге пайда?
Бүгүнкү күндө дүйнө гиганттары АКШ, Россия, Кытай жана батыш өлкөлөрү дүйнөлүк саясаттын тизгинин талашып турган мезгил. Демек, биздин Кыргызстанга окшогон кичинекей мамлекеттер кайсы биринин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышыбыз керек. Биз жогоруда айткан гигант өлөкөлөр да дин маселесинен коркушат. Алар дабилишет, алардын эң чоң душманы бул ислам. Себеби, дин критерийи башка улуттук, уруулук, саясий критерийлерди жууп, бир чоң цивилизацияга бириктире алат. Бирок ушул эле суроодон биз да коркушубуз керек. Себеби, дин критерийинин ичине сиңип кирип жок болуп кеткен улут эмес, көкүрөккү Кудайды туткан улуттук баалуулуктарды сактай билген улут болуп калышыбыз керек.
Эми динди жамынган саясатка кайрылсам: В.Цвигундун "Тайный фронт" деген китебинде союз мезгилинде эле Орто Азиянын жана кээ бир өлкөлөрүндө атайын ислам жөнүндө кабарлар жазылган баракчалар таркатылгандыгы, ал баракчалар Россиядан чыгып жаткандай түр көрсөткөндүгү айтылган. Демек, ушул баракчаларды чыгарган үчүнчү тарап бир ок менен эки коёнду атканын аңдаса болот. Биринчиден, исламды бурмалаган, туура эмес багыттарды киргизген. Экинчиден, Россияны жек көргөн. себеби, ислам өлөкөлөрү бул баркчаларды орустардын соккусу катары кабылдашкан.
Эми кайра азыркы кырдаалга кайрылсам көчөдөн жахабанын күбөлөлрү китеп таркатып жүрүшкөнүнөн улам алардын китебин алып, байланышууда төмөнкүлөрдү байкоого болот.
Көчөдөгү барак таркатып жүргөндөрдүн баары кыргызбы, оруспу, айтор, байкуш жергиликтүү жарандар. Эртеден кечке көчөдө жүрүшөт, сыйынууга барышат. Азыркы экономикалык, социалдык чыңалган мезгилде эртеден кечке көчөдө жүрүшсө нанды ким таап берет?
Чыгарылган китеп-журнлдары түркүн-түстүү, кымбат баалуу барактар, демек, көп акчага чыгат.
Сүрөттөр адам көңүлү көп түшө турган аймактарга жайгашылган. Демек, адам психологиясын толук иштеп чыккан аддистер менен кызматташат.
Үгүтчүлөр оратордук искусствону жакшы өздөшүрүшкөн. Алардын көбү сырттан келгендер. Жалаң ишеним үчүн бөлөк эл, бөлөк журтта көп жылдап жүргөндөрүнө ким ишенет?
Даабаттарды биздин даабатчылардай (мусулман) чоочутуп, сакал-муруттары менен коркутуп эмес (чычалап күйгөнүмдөн айтып жатам) маалымат берүүнүн заманбап технологияларын колдонушат. Жаңы салынган имараттар. Суроону кайталайм кайсы акчага? Мүмкүн, бул дүйнөнүн бир бай бизнесмен саясатчысынын оюнудур.
Эгерде биздин өлкөдө диний секталар ушунча бүр ачып турса, чоң-чоң диндер жөнүндө сөз болобу? Ошон үчүн диндин саясатташып кетүүсүнөн эмес, динди жамынган саясаттан коркушубуз керек. Негизи ар бир өлкөгө басымдуу бир дин керек. Ал бизде Ислам болуш керек (түшүнүктүү деп ойлойм). Бирок ушул жерде ислам динин кабыл алган мусулман эмес, араб болуп кеткендерге айтаарым: биз араб маданиятын эмес, ислам маданиятын кабылдашыбыз керек. Эмне үчүн аталарыбыз азан айтып койгон сопсонун Кудайберген деген атыбызды Абдуллах деп алмаштырабыз? (экөө маанилеш эле). Экинчиден, биз мусулмандар кудай берет деп жата берсек, динди түшүнгөндөрүбүз болсо бизге үйрөтпөй, биринчи үй-бүлөсүнө үйрөтпөй даабатка чыгып кетишсе, балдарыбызды болсо саясат, так илимдерди мындай кой, мектеп программасын да окутпай медреселерге камап койсок, биздин атаандаштар беш-алты тилди үйрөнүшүп, моралдык да, материалдык да ыкмаларды үйрөнүшүүдө. Ошондуктан ислам динин туткан араб эмес, ислам динин туткан Манастын урпагы болуп ак калпагыбызды түшүрбөй жүрүшүбүз керек.

Н.А.Болотбекова