presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  П и к и р

№1 микрофон
Бизге чыныгы элдик курултай керек
Авторитардык режимден, үй-бүлөлүк башкаруудан арылуу үчүн оппозиция саясий системаны түп тамырынан өзгөртүү керек дейт. Оппозиция өзүнүн концепциясында парламенттик республикага ык койгону көрүнүп турат. Жеңип чыккан партия парламенттеги 90 орундун 50 сүн гана ээлеп, калганын кийинки партияларга берет экен.

Бул ашкере марттыкпы, же көп партиялуулук, оппозициялык маанай сакталсын деген ишаратпы? Эгер партия көпчүлүк добушка ээ болсо, эмне үчүн жарымынан көбүрөөк эле орунга ээ болуп, же тескерисинче, бираз эле айырма менен озуп чыкса эмнеге көп орун алат? Эки партия эле ат салышпайт да. Партиялык тизме боюнча шайлоонун эрежеси бузулуп, шайлоочулардын укугуна шек келген жокпу? "Өлкөнү жаңы нукка салуу үчүн сунуш кылып жаткан башкы механизм - бул саясий атаандаштык" - дейт Ө.Текебаев. "Бытье определяет сознание" - деп марксистер айткандай, күнүмдүк тиричиликтен баш көтөрө албаган, шайлоону соодага айлантып, добуштарын арзыбаган тыйынга саткан карапайым калктын кара курсагын саясий партиялардын идеялары, программалары, кур убадалары менен тойгуза алабы? Эгер андай болсо анда атаандаштыктын негизи эмне?
Азыркы бийликти көрөйүн деген көзүм жок, бирок аңгектен качып дөңгөккө кабылбайбызбы деген кооптонуум бар.
Анткени, башкаруу системасынын формасы гана өзгөрүп, аны көзөмөлдөө азыркыдай шайлоо аркылуу гана жүргүзүлүп, бийлик жоопкерчилигин арттырууга, ага карата ишеничтин калыптануусуна өбөлгө болчу нерсе таппай, деги эле саясий партиялар аркылуу системаны түптөө элдин менталитетине ылайык келбегенин (азырынча даяр эмес болсок керек) мезгил көрсөтүүдө. Демократиясына суктанган батыш өлкөлөрүнө жакын Украина эмне болуп атат?
Демократия - бул адамзаттын чоң жетишкендиги экенин тарых тастыктап келет. Бирок, биз демократиялык өлкөлөрдө жашагандардын материалдык жагына көбүрөөк көңүл бурабыз. Ошондуктан демократия биз үчүн иллюзия.
"Улуттардын айырмачылыгы канча болсо, өзгөчөлүгү да ошончо" - деп орус академиги Д.Лихачев айткандай, элибиздин тарыхына, кулк мүнөзүнө, салт-санаасына таянбай, цивилдүү өлкөлөрдүн үлгүсүн көчүрүп, адашып жаткан жокпузбу? Карапайым элге кандай башкаруу болбосун, оболу адилет, калыс, жоопкер бийлик керек эмеспи. Оппозициянын концепциясында жергиликтүү бийлик да жогортон дайындалат экен.
Аким жогору жакка көз каранды болгон соң, айыл өкмөтү да, айылдык кеңеш аркылуу "көрсөтүлөөрү" турган иш.
Демек, бийликтин жогортон төмөн принциби сакталып калууда.
Андай болсо азыркы жеке бийлик бир партиянын колуна өтпөйт деп ким кепил боло алат?
Жергиликтүү бийликти элдин тандоосуна койсо болбойт беле? Коом өзгөрсө да баарын директор, башкарма, райком билет деген элдин эски түшүнүгүн өзгөртүүгө, ынтымагын, тилектештигин бекемдеп, жоопкерчилик сезимин ойготуп, кызыкчылыгын, укугун коргоо жөндөмүн көтөрүүгө түрткү болчу кыргыз демократиясынын башаты элдик курултай деп билем.
Айтмакчы "Ачык саясат" 20-февралдагы санында улуттук тилектештик уюму өзөгү үч канаттан турган элдик курултай институтун орнотууну сунуштаптыр. Бул уюмдагылардын патриоттук сезимине таазим кылам, бирок позициясы менен келише албайм.
Ата-бабаларыбыздын жолунан четтеп, улутту, мамлекетти тунгуюкка кептеп, жан дүйнөнүн кризисине туштугуп, андан чыгуу үчүн кайра артка кайрылып урук-туугандын беделин көтөрүп, ал аркылуу улут биримдигин, ынтымагын чыңдап, мамлекет золобосун көтөрөлү деген оюнан чындыкты көрбөй турам. Ата-бабаларыбыздын ич ара урууга бөлүнүп жашоосунун өзү эле биримдиктин жоктугун айтып турганын "кыргыздын кан-жанына туура келбеген бийлик-оппозиция деген элдешкис балээ" да эскиден калган илдет экенин кантип танасың? Уруулардын бири-бири менен талашып, тартышып, чатакташып, чабышып келгени жалганбы? Бир жараканы бүтөй албаган элге дагы бир ажырымдын кереги барбы?
Элдик курултай институтун киргизүү тууралуу мен да өз оюмду учкай айткан элем. ("Агым" 21-март 2006-жыл). Тилекке каршы, азыркы чакырылып жаткан курултай бийлик менен оппозициянын тирешүүсүнүн куралы болуп калууда. Системаны өзгөртүүдө элдик курултайдан башка альтернативаны көрбөй турам. Себеби, дагы кайталап кетейин, курултайдын башкы милдетин бийликтин көзөмөлгө алуу менен элдин бийликке эмес, бийликтин элге көз карандылыгын камсыз кылуудан, жергиликтүү бийликтин аймактык кызыкчылыктарында да, экономикалык, социалдык маселелерди чечүүдө да өз алдынчалыгына жетишүүсүнөн, элдин өзүнө болгон ишенимдин ойгонушунан көрөм. Ошондуктан, саясий партияларды, коомдук уюмдарды, оппозиция лидерин эл мүдөө-талабына, көйгөйүнө жакын элдик курултай институтун колдоосун өтүнөт элем. Ал эми анын стурктурасын, функциясын демилгечи топ иштеп чыгып, коомдук талкууга койсо максатка ылайык болот эле.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мен дагы курултайдын түзүлүшү боюнча азын-оолак оюмду бөлүшкүм келет. Курултайдын курамын жөнөкөй, элдин кадыр-баркына татыган, таза адамдар түзөт деп ойлойм. Себеби, эл бир тегирмендин нанын жеп, бир арыктын суусун ичкен ошондой инсандарын шайлап алат. Чоң, кичине айылдарды эске алганда эл өкүлдөрүнүн саны 2500 дүн тегерегинде болот экен. Буга дагы саясий партиялардан, коомдук уюмдардан, интелигенциядан 150-200 адамга орун берүү керек. Президентти бүткүл эл шайлап, 2 жылда бир элдик курултайга отчёт берип турушу зарыл. Эгер курултай мамлекет башчысынын ишине ынанбай, "канааттандырарлык эмес" - деп тапса, анда "экинчи мөөнөткө баруу укугунан ажырасын" - деген пунк болушу абзел. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар, өкмөт токтомдору элдин мүдөө-талабына жооп бербей, кызыкчылыгына кайчы келсе, курултай ал мыйзам, токтомдордун кайра каралышын талап кылууга акылуу. Себеби, азыркы шайлоолордун жүрүшүн, ага болгон элдин мамилесин эске алсак, жеңип чыккан партия, ал дайындаган өкмөт дайым эле элдин таламын талашат деп айта албайсың. Ушул тапта курултай институту иштеп турганда өлкө көз карандысыздыгын камсыз кылган объектилердин сатылышына, жерлердин кертилип коңшу өлкөлөргө берилишине, президенттердин каалаган мөөнөткө баруусуна бөгөт болот эле. Азыр элдин үнүн угууга мүмкүн болбой калды. Мурдагы парламент менен азыркыны салыштырып, можеритардык шайлоо системасы элге жакын тура деген бүтүмгө келесиң. "Азаттык" үн алгысын да жаап салышты. Көзгө басаар "Ачык саясат" гезитибиз гана калды. Гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековго терең урматтоомду билдирүү менен артыңызда акыйкатты, чындыкты сүйгөн эл турат демекчимин. Бийликтен түңүлүп,эртеңкиси бүдөмүк болуп турган калк оппозиция лидерине үмүт артып, колдоо көрсөтөөрү мыйзам ченемдүү. Чыныгы оппозиция эл экенин 24-март, 2005-жылдагы окуя көрсөтпөдүбү.
Оппозицияны куугунтукка алган бийликке элдин нааразычылыгы ого бетер күчөдү. Эл эртең бийлик алдына саясий гана эмес, экономикалык, социалдык талаптарды да коюп, көчөгө чыгат. Бишкек шаар бюджетинин шаардык мугалимдердин, врачтардын, пенсионерлердин айлыгын кеминде эки эсеге көтөрүүгө чаркы жетет. Эмне үчүн дүйнөлүк базарда талап жогору болуп жатса, биздин айыл-чарба продукцияларын (тамеки, пахта, кант кызылчасы, төө буурчак ж.б) өндүргөн дыйкандардын эмгегинин акыбети кайтпайт? Эмне үчүн жылына жүз миң деген эс алуучуларды кабыл алган, алтын кенине бай Ысык-Көл аймагы, аны жердеген эл жакыр жашаш керек? Эмне үчүн суу башында туруп, электр жарыгы жок отурабыз? "Эмне үчүн?" - деген суроолорду уланта берсек, аягы көрүнбөйт. Коррупцияга белчесинен баткан бийликтен, үй-бүлөлүк башкаруудан тажаган элдин чыдамынын чегин оппозициянын "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган" аракети, чыныгы патриоттук сезими аныктаары бышык.
Үсөнбек Бейшембиев
Бишкек шаары










??.??