presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Халва мантрасы

Имиджмейкерлер. К.Бакиевдин көтөрүлбөс рейтингин кантип көтөрсө болот?
Президент Курманбек Бакиевдин рейтинги "түстүү революциядан" кийинки төрт жылга чамалап калган аралыктын ичинде катуу эле эңшерилип түшүп кетти. Азыр эл ичинде баягы революциялык-реформатордук, демократиялык ынтызарлыктын карааны да жок. Элдин маанайы суз.

К.Бакиев башкарып турган учурга туура келген энергетикалык кризис-элге 12-16 сааттан электроэнергиясы берилбей туташ өчүрүлүп турушу, анын чукактыгынан улам орчундуу ишканалардын илең-салаң болуп токтоп калышы, жөө тумандай каптаган дүйнөлүк финансылык кризистин залакасы бизге да келип жетип, акырындап трансформацияланып отуруп терең экономикалык кризиске жылып өтүшү президенттин рейтингинин катастрофалык түрдө "шалк" этип кулап түшүшүнө алып келди.
Өнөр жайындагы кризис, айыл чарбасынын өсүшүнүн боору менен жылган режимге өтүшү, азык-түлүк продуктыларынын кымбатташы, газга, сууга, электрэнергиясына тарифтердин өсүшү, ага кошул-ташыл инфляциянын жогорку темпи, улуттук валютанын туруксуздугу, белден баскан салык оорчулугу окшогон туташ факторлор элдин жашоо деңгелинин тездик менен төмөндөшүнө алып келип, президенттин эл ичинде беделинин болуп көрбөгөндөй түшүп кетишин шарттады. Сөз эркиндигин чектөө, оппозициянын лидерлерине кысым жасоо, албетте, бийликке артыкбаш барк алып келген жок. Жарым жыл илгери эле глобалдык кризистин бизге таасири тийбейт деп тилдеринен чаң чыгып келишкен чиновниктердин көз караштарында курч өзгөрүүлөр болуп жатканы байкалат.
Экономикалык өнүгүү министри А.Жапаровдун глобалдык кризис Кыргызстандын экономикасынын бүт секторуна тескери таасирин тийгизээрин моюнга алганга аргасыз болушу буга далил. Экономөнүгүү министрлигинин сумсайыңкы прогнозу чындыкка чыкса, (андан күмөн саноо кыйын) келечекте К.Бакиевдин рейтинги мындан дагы төмөндөп, жетээр чегине жетиши кажетсиз. Буга коррупцияга каршы күрөштүн имитациясы, коомдук пикирди эске албай туруп стратегиялык обьектилерди сатууга коюу, бийликтин криминалдашып кетиши, бурмаланган шайлоолор, "Ак жол" партиясынын негизинде "парламент" деп аталган "сельсоветтин" пайда болушу, чиновниктердин астыртан колдоосу менен жүргүзүлгөн рейдерство жапырыгынын эмдигиге чейин тынчыбай жатышы (24.kg информагенствосунун билдиргенине караганда) өңдөнгөн терс көрүнүштөр дагы кошул-ташыл болору айкын. Бийликтен боюн үркүтүп жеригендер, оппозициянын К.Бакиевке калктын 90%ти ишенбей калды деп дембе дем кайталаганы көбөйдү.
Башкасын айтпаганда да кышка даярдык көрүп, отун суу камдап алуу боюнча маселе козголгондо "тезек тергиле" деп жибергени эл ичинде ылакап сөзгө айланып кеткени жосундуу окуялардан болбос. Жолуккан эки кишинин ал жай сураша келгенде "тезек терип койдуңбу" деген шылдың-шыкак, каңкуу кептери көнүмүш көрүнүш болуп калышы бийликке болгон элдин мамилесин тастыктап турар. Деги жакшы белги-жөрөлгө эмес.
Мына ушитип, эл ичинде К.Бакиевдин кадыр-баркы катуу чөгүп, жетимге көк жөтөлдүн кереги жок болуп турган маалда кара саат басып кезектеги президенттик шайлоо нөөмөтүү такымдап кирип келип жатпайбы. К.Бакиев кезектеги президенттик шайлоого шайма шай болбосо, ар кандай кокустук, калпыстыктар болуп кетиши этимал. Аны көңүлгө бекем түйбөсө болбойт. Чынын айтканда, К.Бакиевдин эмки келе жаткан президенттик шайлоого катышпай коюуга аргасы жок. Эбак чечилип калган маселе болчу. Ырасына келгенде, К.Бакиевдин экинчи мөөнөткө кадиксиз бараарына, барбай койбостугуна эч ким шек санаган эмес. Анын 2004-жылдан бери башкы максаты болгон жеке бийлигин бекемдөө менен алектенгени эч кимге жашыруун эместир. Каршылаштардын мизин кайтаруу үчүн көптөгөн аракеттерди, нервди коротуп түн уйкусунан калууга туура келди. Көптөгөн кыйын-кычык сыноолордон да өттү. Бийлик талашкан атаандаштардын бир тобун бооруна тартып тынчытса, бир тобунун артынан куугунтук уюштуруп жоошутту. "Пряник жана камчы" ыкмасы менен бир далайын бийликке маарытып, бир далайын саясый аренадан четтетип, сызга отургузганга жетишти. Тил алчак "ляппайга" шыктуулар менен улам өзүн курчап да турду. Кереги жок болуп калгандардан чечкиндүү түрдө арылып да жатты. Акыры көздөн учуп, көптөн бери самаган кландык, үй-бүлөлүк диктатура орнотулду. Кыскасы "саргара жортуп" келип "кызара мөрткөндөн" кийин бекемделген бийлик менен оңой эле коштошуп, кол жууп кеткен кантип болсун? Анын үстүнө, бийликтин даамын татып калган клан менен аны курчап турган "санаалаштар" корпусу падишахка тең тайлаш президенттиктен оңой баш тартып жиберүүгө жол бербейт эле. Ошондуктан, 13-февралдагы ММКнын жетекчилери, башкы редакторлор менен болгон пресс-конференцияда дагы бир мертебе президенттик шайлоого бараары жөнүндөгү "күтүүсүз" жарыясы коомчулук үчүн чоң жаңылык катары кабыл алынып жиберилбегени түшүнүктүүдүр. Пресс-конференцияда катышкан бир журналисттин "экинчи президенттик мөөнөткө барасызбы?" деген билмемишке салган суроосуна "ачык суроого ачык жооп бериш керек, барасызбы деп жатасыз - барамын. Барбаймын деп коюп, анан эртең шылтоо таап, ситуация өзгөрүп кетти, мен барбасам болбойт деп, саясый оюн жүргүзгүм келбейт. Президенттик шайлоого барамын, себеби Конституция ошондой укук берет, мен ошол укугуман пайдаланам" деп маселеге чекит койгону күтүлүп-күтүлбөгөн кадам эле. Пресс-конференциядагы бул билдирүүнү кыргыз саясатынын ой-чуңкурун жакшы аңтарган "КоммерсантЪ" гезити: "К.Бакиев иш жүзүндө президенттик жарышка старт берди" деп баалады.
Өчөйүп калган рейтингди, 2005-жылдын март революциясын кийинки кыска учурда эйфория үстөмдүк кылган кездегисинде окшогон деңгээлде калыбына келтирүү, жок эле дегенде азыркы айласыз абалынан жогорулатуу муктаждыгы келип чыкты. Шашылыш кадамдарды жасоо көлдөлөң туруп калган. Бул максаттар үчүн атайы пиар-менеджерлердин өзүнчө бир атайын тобун түзүү керек болду. Ал милдет оро пара түзүлө калган президенттин Секретариаты менен кайрадан аты өзгөртүлүп "президенттин алдындагы стратегиялык анализ жана баа берүү" деп аталган институтка жүктөлө турган болду. Баам салганга, бул эки структуранын функциялары окшош экенин аңдоо оңой. К,Бакиевдин чыгарган буйругуна караганда Секретариат менен Институт президенттин ишмердигин маалымат, долбоор-аналитикалык жагынан жабдып турууну камсыздоо ишин жакшыртуу, оптималдаштыруу максаты менен түзүлөт деп айтылат. Биринчиси, оперативдүү-уюштуручулук, экинчиси аналитикалык-прогноздук милдет аркалайт. Экөөнө тең кеңири укук берилген. 27-январдагы президет Курманбек Бакиевдин элге кайрылуусунда "алдыга коюлган максаттарга тез арада жана натыйжалуу жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы түзүлгөнүн" белгилеп келип, эки структурага "Президенттик курсту конкреттештирүү боюнча сунушту кеңири талкуулап, андан кийин аны менин кароомо киргизүүнү, ошондой эле аны жүзөгө ашыруу планын даярдоону" тапшырганын атайы бөлүп көрсөттү. Баамдап байкап көргөндөр эки структурага өлкөдөгү саясатты "Ак үй" көздөгөн максатка ылайык жөнгө салып башкаруу боюнча президенттин чоң үмүт артканына көзү жетет. Төтөн, кожоюндун имиджин көтөрүү боюнча алгылыктуу иш алып барарына чоң ишеним артылганы көрүнөт. Секретариат менен Институтка ошону менен бирге "Ак үйдүн" К.Бакиевди экинчи президенттик мөөнөткө шайланышы боюнча түрдүү-түстүү саясый технологиялык ыкмаларды иштеп чыгуу жана аны алдыга жылдыруу иштери ишенип берилгенин баамдоо кыйын эмес.(Айрым маалыматтарга караганда К,Бакиевдин шайлоо компаниясын саясый технологиялык колдоо көрсөтүү боюнча Украинадан адистер тымызын жалданып чакыртылып алынган, мындан ары секретариат менен институт ошолордун көзөмөлү жана жетекчилиги менен иш жүргүзүшө турган болду).
Секретариат менен стратегиялык иниститут тапшырылган ишти маалкатып отурган жок, дароо эле колго алышты. Алардын алгачкы кадамы катары 27-январдагы элге кайрылуу демилгесин көрсөтсө болор эле. Кайрылуунун тексти жаңы структуралардын спичрайтерлери тарабынан даярдалганын да баамдоо кыйын эмес. Идея боюнча кайрылуу аркылуу президентин саясатындагы жаңы курсту жарыялоо болучу. Тилекке каршы саясый имиджмейкерлер даярдаган кайрылуу күткөндөй болуп чоң майнап бербеди. Жарытып жакшы натыйжага алып келе алган жок. Кайрылуудан конкретиканын жоктугу, суусу көп болуп жакшыртуунун, өзгөртүүнүн, тереңдетүүнүн, реформалоонун, иштеп чыгуунун, баш кошуунун, ресурстарды пайдалануунун зарылдыгы деген жалпы фразаларга шыкалганын, программалык аракеттер так аныкталбаганын, коюлган максаттардын аткарылышын мөөнөтү да көрсөтүлбөгөнүн байкоого болот. Эксперттердин айтымында кайрылууда эмне максаттар коюлуп жатканы так аныкталбай калың элге түшүнүксүз болуп калганы күткөндөй эффект бере албай калышын шарттады.
ММК каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууну да имиджин көтөрүү үчүн башталган компаниялардын алгачкы аракеттеринин бирине кошсо болор эле. Асыресе, президент менен журналисттердин бул кездешүүсү майнаптуу аяктады деп айтуу кыйын. Буга жолугушууну уюштурган секретариат менен анын тутумундагы пресс-кызматтын "чү" деген эле жерден бюрократиялык-командалык, канцелярдык-аргасыздандыруу ыкмасын тандап, ошол жол менен иш жүргүзүп кетиши каскак болуп, терс таасирин тийгизди. Секретариаттын жолугушуу болгонго дейре, алдын ала редакцияларга "бере турган сурооңорду 7-февралга чейин эртээрек жибергиле" - деген циркуляр таратышы, жиберилген суроолордун цензуранын чыпкасынан өткөрүп "жагымдуу", "максаттууларын" б.а алдын ала даярдалган жообу бар суроолордун гана ылгап-ыргап алып пайдаланылышы пресс-конференция жасалма, "пландаштырылган" акция экендигин айгинелеп турган эле. Курч суроолорду берип, конкреттүү жооп алганга көнгөн чет элдик журналисттердин суроо берүү укугунан ажыратылышы, алардын жолугушууга болгон иренжүүсүн пайда кылып, пресс-конференцияга бойкот жарыялоого алып келди. (Россиялык гезиттердин Кыргызстандагы тиркемелеринин өкүлдөрүнүн катышканын жана алардын берген суроолорун эсепке албай койсо деле болот). Натыйжада,13-февралда Россиянын экс-президенти, азыркы премьер-министр В.В.Путиндин алдын-ала уюштурулган болсо да эркиндиктин табигий форматы сакталып, күтүлбөстүктөргө бай пресс-конференцияларын сыртынан туурамыш этип, туурай албаган күңүрт суррогат пайда болду. Ошентип секретариат мингенде эле саясый технологиянын ээрине кыйшак минди десек болот. "Быссымылда" дегенде эле "түстүү" технология мүдүрүлө баштаганына күбө болсуң.
Пресса менен жолугуу президент К.Бакиевдин беделине бедел кошуп жиберди деп айтууга болбойт. Журналистердин суроолоруна К.Бакиевдин берген жоопторунун карым-катышынын түрпөйүнө баамдап бакканда секретариаттын алдыга койгон максаты - президенттин мамлекеттик башкарууда эки тизгин бир чылбырды бекем кармап турганын, эрки бекем күчтүү саясатчы экенин, экономикалык-социалдык жагдайды тыкыр көзөмөл кылып жатканын, азыркы түзүлгөн саясый, социалдык-экономикалык кырдаал боюнча кеңири маалыматка ээ экендигин көрсөтүү,ошол эле кезде демократия баалуулуктарды жерип жерибеген, оппозиция менен кызматташууга даяр турган саясатчы экенине элди ынандыруу экенин боолголосо болот. Асиресе, ал аракет өз максатына жетти деп айтуу кыйын. Пресс-конференцияда айгине байкалганы - президенттин айткан сөзү менен реалдуу иштин төп келбестиги. Муну экинчи мөөнөткө бараарын жарыялап, ага өбөлгө түзгөн жагдай катары келтирген К.Бакиевдин дүйнөдөгү кризиске "карабай Кыргызстанда аз-аздан болсо да жылыштар жышааны байкала баштаганы" деген жүйөөсү менен улуттук экономикалык дефолттун босогосунда турган жайсыз абалынын ортосундагы биририне коошпогон чоң ажырым ашкерелеп турат. Сөз жүзүндө радикалдуу оппозиция менен муназага келүүгө даяр экени айтылса, иш жүзүндө оппозициянын лидерлери куугунтуккак алынып, аларды каралоо компаниясы жүрүп жатканы президентин билдирүүсүнүн ынамсыздыгын далилдейт. Бул болсо К.Бакиевке саясый технологдор самагандай кадыр-барк алып келмек тургай, тескерисинче имиджине зак келтирери анык. К,Бакиевдин айтканы бир башка, реалдуу социалдык-экономикалык жагдай бир башка экенин жокко чыгаруу кыйын. "Халва, халва" деп кайталай бергенден оозуң халва болуп кетпеси башынан белгилүү эмеспи.
Үсөн Касыбеков,
эркин журналист









??.??