presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "А ч ы к с а я с а т" т а й м с

Аликбек Жекшенкулов
камакка алынды
"Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери, БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү 9-март күнү камакка алышты. Ал тапанчасынан 2007-жылы Таласта түрк жаранын өлтүрүлгөнү аныкталган, деген жүйөө менен камакка алынган. Аликбектин камакка алынышы боюнча БЭКтин мүчөсү Мукар Чолпонбаев, "ИИМ Жекшенкуловдун тапанчасын алып, экспертизадан өткөрүмүш болуп, атайын жасап коюушу ыктымал" деген пикирин билдирсе, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев, ""Акыйкат үчүн" кыймылынын лидерин майрам күнү кармоо мыйзамсыз. Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышы -саясий буйрук экендиги ачык көрүнүп турат. Коомчулук да муну жакшы түшүнөт" деген пкирин билдирген. Эсиңиздерге сала кетсек, экс-министрге мындан башка дагы бир кылмыш иши козголгон. Ал кылмыши иши боюнча жакында гана тергөө амалдары бүткөрүлүп, сотко өткөрүлгөн. Ушу тапта анын иниси Таалайбек Жекшенкулович дагы камакта жатат.
Баса, бүгүн БЭКтин дагы бир мүчөсү Исмаил Исаковдун соту башталат. "Реформаны баштатабыз" деп, репрессияны баштатып алган жокпузбу?


Кайрадан камаганы жатышат

Башкы редакторубуз Бабырбек Жээнбеков бүгүнкү бийликтин чекесине чыккан чыйкан болдубу, айтор, ага карата дагы бир кылмыш ишин ачышты. Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын кызматкерлери башкы редакторубузду үч күндөн бери жүрөк оорусуна карабай, жүдөтүп суракка алууда. Башкы прокуратура мындан эки жыл мурун токтотуп койгон кылмыш ишин кайра башка токтом менен алмаштыра коюшуп, Бабырбек мырзаны камаганга аракет жасашууда. Арыздануучу ким дебейсиздерди? Кадимки коррупция боюнча агенттикти жетектеген Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров. Аталган кылмыш ишине Сабырдын эч кандай тиешеси жок болсо дагы, шаардык милиция анын арызын карап жатат. Эмне иш дебейсиздерди? Карыз акча алганы тууралуу. Эмне үчүн Башкы прокуратура өздөрү козгогон иштин аягына чыгышкан эмес? Эмне үчүн Сабыр Жапаров атуулдук иш боюнча сотко кайрылган эмес? Эмне үчүн ушул кезге чейин унчугушкан эмес? Көрдүңүздөрбү? Саясий куугунтуктун кулагы эмес, курсагы дагы чыгып турат. Учурда тергелип жаткан кылмыш ишин биз мындан эки ай мурун эле билгенбиз. Ошондо эле "Учур" гезити жазып чыккан. Кыязы, кылмыш ишинин негизги максаты - гезитти жабуу болсо керек.

Абдылдаевге дагы
эки операция жасалат
Өткөн жумада өмүрүнө кол салынган "Репортер Бишкек" гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевге дагы эки операция жасалат. Жакын арада Сыргактын сынган колдоруна эки оор операция жасалаарын жана ага бир топ кан талап кылынаарын профессор Сабыр Жумабеков билдирген. Ушул тапта өзүнө келип калган кесиптешибиз өзүнө болгон кол салуулар боюнча, "Оштук журналист Сайиповдун өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылбагандай эле, мени уруп-сабагандар деле табылбайт. 2007-жылы 7-кичирайонунда чакан базардын жанында дагы мага кол салуу болгон. Анда милиция менин арызымды алуудан баш тарткан болчу"-деген оюн билдирген. Ишти иликтеп жаткан ички иштер министрлиги козголгон кылмыш иши боюнча азырынча илинчек таба элек. Болгону, бир шектүү адамдын фотороботун чиймелеп чыгышты. Абдылдаевдин өмүрүнө болгон кол салуу боюнча ажобузга бир топ кайрылуулар түшсө дагы, жорутулуу жооп боло элек. Эл башчыбыз эркин журналисттердин кайрылуусуна жооп бербесе да, эл аралык уюмдар менен элчиликтердин катына жооп берип койсо болмок.

Кенжебаевди келтектеп кетишти

7-март күнү "Ош ТВ" телеканалынын оператору Бахадыр Кенжебаевди белгисиз адамдар келтектеп кетишкен. Баш мээси чайкалып, башка жерлеринен жаракат алган Бахадыр мырза, Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Журналистке кол салгандар азырынча аныктала элек, алтургай, кылмыш иши дагы ачыла элек экен. Бахадырдын кесиптештеринин айтымында, ага болгон кол салуу анын кесиптик ишмердигине байланыштуу болгон. Ош облусунун мамлекеттик органдары Кенжебаевдин келтек жегени тууралуу окуяга азырынча ооз ача элек. Ошондой эле, өткөн жумада "Азаттык үналгысынын" Талас областы боюнча кабарчысы Улан Эсенгелди уулунун автоунаасынын айрым тетиктерин уурулар "уруксатсыз сурап кетишкен". Массалык маалымат каражаттары кызматкерлерине болгон кол салуулар боюнча мамлекет башчыбыз унчукпаса да, мамлекеттик катчыбыз үн чыгарып койсо болмок да. УТРКнын кызматкерине кол салган баланы тез аранын ичинде кесип жиберген бийликтин мындай бир тараптуу саясаты жакшылыкка алып келбейт.

Артыкбаевге атака башталдыбы?

Башкы прокуратура СДПК фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевдин бир тууган иниси , "Неман фарм" ишканасынын жетекчиси Султан Артыкбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл органдын айтымында, Султан Артыкбаев 2007-жылы мамлекетке салык иретинде чегериле турган 48 миллион сомду жашырып койгон имиш. Кылмыш иши бир эле Султан мырзага эмес, башкы бухгалтери Г.Мамаевага дагы козголду. Азыркы кезде Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин тергеген башкармалыгы тергеп жаткан кылмыш иши, ишкананы бир жылдан бери текшерген иштердин жыйынтыгы экен. СДПК фракциясынын лидери Бакыт Бешимов Осмонбек Артыкбаевдин инисине козголгон ишти саясий куугунтук мүнөзүнө ээ экендигин билдирген. Артыкбаевге куугунтук болгудай, ал анчалык деле оппозициянын активдүү мүчөсү болуп кеткен жок. Кыязы, "кошулуп кетпесин" деп, ноктолоп койсо керек. Же, Рахат Ирсалиев сыяктуу мандатынан ажыратканга аракет жасап жатышкандыр. Айтор, бийлик Артыкбаевди азырынча аркандады десек болчудай.

Адахам 44, Данияр 49 жашка чыкты

Алагүү болгон Акүйдөгүлөр аялдардын майрамын аяктап бүтө электе, Адахам менен Даниярдын тою уланып кетиптир. Ажобуздун администрация башчысы Данияр Токтогулович 9-март күнү 49 жашка толсо, кан досу Адахам Мадумаров 44 жашка толуптур. Уккан кулагыбызга ишенсек, эки достун бир келген туулган күндөрү укмуштуудай өтүптүр. Казан толгон казы-карталарды айтпай эле коёлук, куттуктаганы(кур эмес) баргандардан баш адашат дешет. Азыркы бийликтин эрке талтаң эки эркесинин тоюнда Акүйдүн аттуу-баштуу адамдары башында сырдашып, аягында чырдашып кетиптир. Айтор, "тандемдештердин" тою таң атканча уланыптыр. Ошентип, 8-мартта гүл, 9-мартта "конверт" көтөрүшкөн чиновниктер эки күн саясаттын чордонунда эмес, эки "чоңдун" коргонунда болушуптур. "Кул да жейм дейт куйрукту, кудайым билет буйрукту" дегендей, Акаевдин учурунда бийликке жетпеген, Бакиевдин учурунда бийликтен кетпеген эки достун кутман курактары кут болсун дейли дагы, элибизге кут консун дейли.

Абдрасул ачкачылык
акциясын улантууда
Орусиянын Новосибирск шаарынын ички иштер бөлүмүнүн абагында жаткан Кыргызстандын атуулу Абдрасул Мамарахимов ачкачылык акциясын улантууда. Абдрасулду Новосибирск шаарынын милициясы Кыргызстандын күч органдарынын суранычы боюнча өткөн жылдын 6-октябрында кармашкан. Ноокат окуясы боюнча издөө жарыяланып, учурда абакта ачкачылык кармап жаткан кыргыз атуулунун укугун Орусиянын "Мемориал" укук коргоо уюму коргоого алган. Аталган уюмдун Борбордук Азия боюнча программа башчысы Виталий Пономаревдун билдиргенине караганда, Абдрасул Мамарахимов Ноокат окуясына чейин Кыргызстандан чыгып кетсе да, Ноокат окуясына шектүү адам катары тизмеге киргизилип калган. Өз кезегинде Абдрасулдун уулу атасы 2008-жылдын февраль айында эле Орусияга кеткенин билдирген. Орозо айт күнү орун алган Ноокат окуясы боюнча Акыйкатчы институтунун алдындагы атайын комиссиянын отчётун гезитибиздин 13,14,15 беттеринен окусаңар болот.

Ошто оппозицияны
генерал И. Исаков баштап чыгат
Оппозициянын ушул айдын аягында өткөрүлө турган акцияларын түштүк жергесинде генерал Исмаил Исаков жетектемей болду. Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров Оштогу 11 партиянын областтык башчылары менен жолугушуу учурунда ушундай жыйынтыкка келген. Генерал Исмаил Исаковдун талапкерлиги түз эле бир добуштан өтүп кеткен эмес. Айрым облустук лидерлер бул орунга экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов менен экс-губернатор Анвар Артыковду сунушташкан. Бир четинен алардын айткандарын туура кабыл алышыбыз керек. Анткени, аталган экөөсү мындан туп-туура төрт жыл мурун элди Акаев бийлигине каршы ээрчитип чыгышкан. Ал ортодо, түштүктү түрө кыдырып келген Азимбек Анаркулович оппозициянын марттагы акцияларына элдин даяр турганын ачыкка чыгарды. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы боло турган сүйлөшүүлөр билинбей эле унутулуп бара жатат. Ажобуз "менин секретариятым бул боюнча иштеп жатат" дегени менен, эч кандай жылыш көрүнбөйт.
"Ачык саясат" пресс










??.??