presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



ЭЛ НАМЫСЫН ЭР КОРГОЙТ,
ЭР НАМЫСЫН ЭЛ КОЛДОЙТ
26-март 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин өз убагында аскерлердин күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө жана Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн эл аралык аброюн көтөрүүгө зор салымын кошкон адам, генерал-майор Исмаил Исакович Исаков Коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан кийин өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана армиянын күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн зарыл болгон жумуштар жасала баштады. Башкача айтканда мурдагы бийликтин түшүнө кирбеген өтө чоң ийгиликтерге жетиштик. Ошол убакты эстесек, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы-Президент Курманбек Салиевич Бакиевдин экс премьер-министр Феликс Шаршенбаевич Куловдун жана Кыргызстан элинин Исмаил Исаковичке айтылган алкыштарын ар бир атуулдун эсинде.

Ошол кездеги жасалган жумуштарды айтып өтсөм, жаңы аскердик-саясий жетекчиликтин алгачкы кадамдарды армиянын турмуштук жана социалдык маселелерин чечүүгө, аскер кызматчыларынын жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жашоосунун жогорку деңгээлин камсыз кылууга жана аларды социалдык укуктук жактан ишенимдүү коргоого, аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга багытталган эле.
Жыйынтыгында турак-жай менен камсыз кылуудагы курч абал жоюлду. 300дөй офицер жана прапорщик эки жылдын ичинде квартира, жер үлүштөрүн алып, турак-жай шарттарын жакшыртышты.
Баардык аскер бөлүктөрүндө жоокер казармалары кубрик системасында оңдолду жана кайрадан курулду. Ашканалар, клубдар, штабдар, медициналык мекемелер, күжүрмөн машиналардын парктары, спорттук жана ок атуучу шаарчалар кайрадан оңдолду, мончо-кир жуугуч комбинаттар курулду.
Эми аскер кызматчылары өздөрүнүн иши - күжүрмөн даярдык менен түздөн-түз алектеништи. Жоокерлер аларга тиешелүү эмес иштерден жана милдеттерден бошотулган. Бул аскердик бөлүктөрдө жарандык персоналдын санынын көбөйүшүнө шарт тузулду.
Мына ушундай жакшы өзгөрүүлөр армияда аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.
2006-жылы анык аскердик кызматтын бир жылдык мөөнөтүн жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтын эки жылдык мөөнөтүн киргизүү кесипкөй армияны түзүүгө биринчи кадам болуп калды. Бул мыйзам долбооруна өз убагында генерал Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп турган учурунда автор болгон эле.
Армияга жогорку курактагы, жогорку жана атайын орто билими бар уландар чакырылууда. Кызмат өтөөдө өзгөчөлөнгөн жана жогорку билими бар жоокерлерге кызматтан бошотуу убагында "запастагы лейтенант" наамын ыйгаруу мөөнөттүү кызматты дагы бир деңгээлге жогору көтөргөн маанилүү жаңылык болуп калды.
Аскерлерде инженердик башкармалык жана артиллерия башкармалыгы кайрадан түзүлдү, ал эми аскерлердин түндүк жана түштүк топторундагы бөлүктөрдө инженердик сапёрдук, чалгындоо артиллериялык жана атайын бөлүкчөлөр кошумча жайылтылды,андан сырткары Бишкек жана Ош шаарларында жарылгыч заттарды алуу үчүн ыкчам топтор түзүлдү жана ал топтор азыркы убактын талабына оң келген техника,курал-жарактар менен камсыз болушкан, Коргоо министрлигинин куралдануу башкармалыгына башкы деген статус ыйгарылды.
Асман чабуулунан коргоо жана авиация бөлүктөрүн жана кошундарын бириктирген Куралдуу Күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүн түзүү Кыргызстандын аскердик системасындагы реформанын маанилүү окуясы болуп калды. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн негизги тапшырмасы - асман мейкиндигинде улуттук коопсуздукту жана эгемендүүлүктү камсыз кылуу, асман чек арасын кайтаруу, мамлекеттик, административдик, өнөржай-экономикалык обьекттерди жана аскердик топторду асмандан кол салуудан сактоо жана коргоо болуп эсептелет.
Акыркы 5-10 жылдын ичинде армиялык авиация учкучтары жогорку окуу жайларын бүтүшкөндөн кийин кайра даярдык болгон эмес, ал эми Исмаил Исакович министр болгондон кийин жаш учкучтар учуу үчүн бүт шарттар түзүлдү, айта кетсек бир тик учак Ми-8 бир саат убакыт учуу үчүн 900 америкалык доллар сарпталат.
Улуу полководец Г.К.Жуков айткандай армияны мен жана сержанттар башкарат . Ошол себептен кенже командирлерди даярдоого көп көңүл бурулган. Бул үчүн Куралдуу Күчтөрдө Сержанттык курамды даярдоонун бириккен окуу борбору ийгиликтүү иштөөдө. Мындан тышкары, сержанттар институтун бекемдөө үчүн аскерлерге башкы сержант кызматы киргизилди. Алар аскердик бөлүктөрдүн жана бөлүкчөлөрдүн командирлеринин жардамчылары катары кенже командирлерди жана катардагы курамды башкарат жана аларды окутат.
2007-жылы аскерлерде командирдин укуктук камсыздоо боюнча жардамчысы-юристконсульт кызматы киргизилген. Алар аскердик бөлүктүн укуктук кызыкчылыктарын коргоого, аскер кызматчыларына жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө тийиш.
Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кадрларды даярдоонун ырааттуу системасы түзүлгөн. Ага Коргоо министрлигинин балансына 2006-жылы өткөрүп берилген Кыргыз улуттук аскер лицейи, Бишкек жогорку аскер окуу жайы жана Офицерлердин жана прапорщиктердин квалификациясын жогорулатуу борбору кирет.
2007-жылдан баштап аскер факультеттеринде жана кафедраларында окутуу кайрадан каралып чыгып, практикалык окууларга багыт алынды. Студенттер менен талаага чыгуулар аскердик бөлүктөрдүн базасында өткөрүлөт. Ал жерде аларга куралдан жана артиллериялык системалардан күжүрмөн ок атууларга катышу мүмкүндүгү берилет.
Куралдуу Күчтөрдүн улуттук аскер кийим формасына жана өзүнчө өзгөчөлүк белгилерине өтүүсү реформалоонун кезектеги этабы болуп калды. Бул үчүн Коргоо министрлигинин Турмуш-тиричилик жактан тейлөөнүн мамлекеттик комбинатынын потенциалы толук колдонулду, ал эми кыргыз армиясы үчүн кездемелер жана фурнитура ата мекендик ишканалардан өндүрүлөт.
Мамлекеттик жана расмий тилдердин Куралдуу Күчтөрдө колдонуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында Жалпы аскердик уставдар, ошондой эле баардык аскердик командалык-лексикалык терминдер кыргыз тилине которулган. Бүгүнкү күндө баардык командалар аскерлерде мамлекеттик тилде берилет.
Куралдуу Күчтөрдө мамлекеттик масштабдагы жана эл аралык деңгээлдеги ири машыгуулар жана окуулар үзгүлтүксүз өтүүдө жана Исмаил Исакович коргоо министр болуп дайындалгандан кийин башка мамлекеттер менен эл аралык аскердик кызматташтык токтоп калган жок кайрадан күчүнө кирди.
Мисалы, 2006-жылдын март айында Кыргызстандын аймагында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу болуп өттү. 1995-жылдан бери биринчи жолу согуш мезгили режиминде күч түзүмдөрүнөн тышкары, жарандык министрликтердин, ведомстволордун, облустук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары машыгууга катышты. Бул пландуу машыгуу мамлекеттик башкаруу органдарынын жана аскерлердин коюлган бирдиктүү тапшырманы так жана мөөнөтүндө аткаруу жөндөмдүүлүгүн текшерүү болуп калды.
2006-жылдын май айында үч күн бою аскерлердин түштүк тобунда күжүрмөн ок атуу этабы менен командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү. Белгилей кетүүчү нерсе, окуунун жүрүшүндө баардык командалар биринчи жолу мамлекеттик тилде берилди.
Өткөн жылдын октябрь айында террорго каршы багыттагы биринчи биргелешкен кыргыз-россия "Түштүк - 2006" машыгуусун биздин өлкөнүн түштүгүндө өткөрүү Куралдуу Күчтөрдүн тарыхындагы маанилүү окуя болуп калды, ага беш жүздөй аскер кызматчысы катышты. Эки тараптуу аскердик маневрлардын жүрүшүн байкоого алган Россия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Иванов башкы конок болуп калды. Бул машыгуу жогорку эл аралык баага татыды.
Кыргызстан жана анын Куралдуу Күчтөрү абдан кыска убакыттын ичинде эл аралык аскердик кызматташтыктын толук укуктуу субъекти болду.
Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешин өткөрүү биздин өлкө үчүн өтүп бара жаткан жылдагы маанилүү саясий окуя болуп калды. Бул эл аралык саммиттин алдында 2007-жылдын 27-июнунда бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун төрагалыгы астында ШКУга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешмеси болуп өттү.
Күн тартибинин пункттарынын биринде коргоо ведомстволорунун башчылары тарабынан Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин ортосундагы "Тынчтык миссиясы - 2007" биргелешкен аскердик машыгуусун өткөрүү жөнүндө макулдашууну талкуулоо жана ага кол коюу каралган. Мунун өзү биринчи кезекте алты мамлекеттин коргоо жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкка мындан аркы болгон умтулуусун бүткүл дүйнөгө далилдеди. Июль айында Кытайдын жана Россиянын аймагында өткөн өзүнүн масштабы боюнча абдан ири деп эсептелген бул биргелешкен аскердик маневрлерге ШКУ мамлекеттеринин 7000ге жакын өкүлү катышты. Машыгуулар террорго каршы күрөшүү багытында өтүп, террорчулукка жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүдөгү чечкиндүүлүктү дүйнөлүк коомчулукка көрсөтө алды.
Машыгууларга биздин республиканын атынан Коргоо министрлигинин десанттык-чалгындоо взводу жана ыкчам тобу татыктуу катышты.
Маневрлердин жыйынтыктоочу этабына ШКУ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары байкоо жүргүздү. Баардык президенттер аскерлердин биргелешкен топторунун күжүрмөн иш аракеттеринин уюшкан түрдө өткөндүгүнө жогору баа беришти жана "Тынчтык миссиясы - 2007" ("Мирная миссия-2007") машыгуусунун жыйынтыктарына ыраазы болушту.
2007-жылы биз Белорусиядан ЖККУнун Коргоо министрлеринин кеңешинин төрагалыгын өткөрүп алдык. Ошондуктан, кезектеги кеңешине чогулган Уюмдун мүчө мамлекеттеринин коргоо министрлерин 28-сентябрда Бишкек шаары биринчи жолу кабыл алды. Коргоо ведомстволорунун башчылары жыйырмадан ашык маселени карап чыгышты жана ЖККУнун коалициялык аскердик куруунун 2010-жылга чейинки жана андан аркы келечекке карата планынын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды угушту. Кеңештин жыйынтыгы боюнча бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.
Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн офицерлери КМШ Асман чабуулунан коргонуу (АЧК) Бириккен системасынын алкагындагы командалык-штабдык машыгуулардын жана күжүрмөн ок атуулардын туруктуу катышуучулары. Август айынын ортосунда биздин аскер кызматчылар С-125 зениттик комплексинин күжүрмөн эсептегилеринин курамында биздин республикабыздын атынан россиялык Ашулук полигонунда "Күжүрмөн кызматташтык - 2007" ("Боевое содружество-2007")машыгуусуна татыктуу катышты. Күжүрмөн-окуу тапшырмаларын жана күжүрмөн атууларды Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын асман күзөтчүлөрү аткарды. Күжүрмөн атуулардын сериясын жүргүзүп, кыргыз зенитчилери эң жакшы баага татыктуу болду.
2006-жылдын июль айында Кыргызстандын аймагында "Аймактык кызматташтык-2006" ("Региональное сотрудничество-2006") машыгуусу болуп өттү. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын, Ооганстандын, Казакстандын, АКШнын, Пакистандын жана Тажикстандын өкүлдөрү деструктивдүү күчтөрдүн тийгизген таасиринин шарттарында табигый кырсыктардын кесепетин жоюу үчүн жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен операцияларды даярдоодо жана өткөрүүдө аймактык кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин өз ара аракеттенүүлөрүнүн маселелерин иштеп чыгышты.
"Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын алкагында НАТО менен жигердүү кызматташтык улантылууда. Бул кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты болуп тынчтыкты сактоо эсептелет.
Бүгүнкү күндө биз дүйнөнүн жыйырма жети өлкөсүнүн Куралдуу Күчтөрү менен өз ара иш алып баруудабыз. Стратегиялык аскердик өнөктөштүктү ишибиздеги негизги артыкчылыктардын бири катары карап, биз мурда жетишилген макулдашуулардын алкагында ишмердүүлүгүбүздү улантуудабыз жана өнүктүрүүдөбүз, эки тараптуу жана көп тараптуу аскердик өнөктөштүктү бекемдөөдөбүз.
Өткөн мезгилдин жыйынтыгы болуп армия - биздин жалпы байлыгыбыз экендигин, Ата Мекендин жана анын коргоочуларынын тагдыры өз ара тыгыз байланышта болоорун, аскер кызматчыларынын ишмердүүлүгү мамлекетти, коомду жана инсанды коргоонун бийик идеялары жана максаттары менен шартталаарын түшүнүү эсептелет. Албетте, армия эрдиктин, туруктуулуктун, патриоттуулуктун жана жарандуулуктун чыныгы мектеби болууга тийиш.
Эми мен макаламдын аягына чыгып жатып азыркы Кыргызстанда болуп жаткан жагдайларга токтоло кетсем мен айтпасам деле жөнөкөй кыргыз эли Исмаил Исаковичке каршы козголгон кылмыш иштерин жалаа жана калп экенин баары эле түшүнүштү. Ал акактай таза, Чолпон жылдыздай жүзү жарык адамга кызматтан кеткенден кийин жалаа жапкандары бийликтин акыйкатсыз саясат жүргүзүп жатканы билинип калды. Ал 1999-жылы коргоо министринин 1-орун басары болуп турганда президент А.Акаевге кетирген каталарын өзүнүн рапортунда көрсөткон.Азыр ал 1999-жылдагы И.Исаков эмес жалаа жаап койсо коркуп калгыдай. И.Исаков Кыргызстан эли учун кандай кыйынчылыктарга барып жатат эмне дегенде анын артында коргоп алаар Алай эли жалпы эле Кыргызстан эли турат.
Каныбек Сансыз уулу
КОЛДОНГОН МАКАЛА
1. www. mil.kg Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн калыптанышы.










??.??