presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Китептен үзүндү

"Аксы окуясы - март революциясы: документтерде жана фактыларда"
(Башталышы өткөн санда)
Экөөбүз канчалык кыйынчылык болсо да аягына чейин туруштук бердик. Айрым иштерге алыбыз жетпей, жан кейигенден уруша кеткен күндөрүбүз да болду.
Ө.Текебаев жетектеген Социалисттик "Ата-Мекен" партиясынын билдирүүсү чыкты.
Бул күнү Аксы райакими Ш.Осмонов менен райпрокурор А.Калдаров, райРИИБнин башчысынын орун басары Р.Аширалиевдер Аксынын Кара-Суу айыл өкмөтүнө келип, эл менен жыйын өткөрүп, элди тынчтыкка чакыруу менен мындан ары чогулбоого, жыйындарды өткөрбөөгө үндөп, коркутуп-үркүтүшөт. Айылдык жыйынга 300дөй адам чогулат. Муну уккан Кара-Суу орто мектебинин мугалимдери Ж.Курбанов менен А.Тостоков беш чакырым жерден чуркап жетип келишет. Ал учурда жыйын аяктап, эл таркайын деп калган болот. Жалал-Абадка барып, абалды түшүнүп келген Ж.Курбанов прокурорго: -"Айтыңызчы жолдош прокурор, эгерде тергөөчүңүз бир кылмыш ишти кыскартып жапса, ага сиз кол коюп архивге тапшырасызбы же тергөөчү өзү эле жиберип коебу? Эмне үчүн Бекназаров кыскартып жапкан ишти кол коюп архивге жиберген райпрокурор, облпрокурор камалбайт"-деп суроо берет. Прокурор: -"Азыр айтпайм"-деп жооп бербей коет. А.Тостоков да суроолорду берет. Тарайын деген эл кайра топтолуп, тиги үчөөсүн тегеректеп, "Биз Разан-Сайга барып Ош-Бишкек жолун тособуз, силердин колуңардан эч нерсе келбейт"-дешкенде тигилер коркуп, жөнөп кетишет. Жыйынды башкаргандар К.Кулназаров, К.Мамыралиев, Ж.Курбанов, К.Бокоевдер болгон.

10 -январь
Эртең мененки саат сегиз. Жогорку Кеңештин имаратынын борбордук кире беришинде колдоруна А.Бекназаровго колдоо көрсөткөн плакаттарын кармашып пикетчилер депутаттарды күтүп турушту. Пикетчилердин маанайлары пас. Кирип жатышкан депутаттарды унчукпай карап турушат. Окуядан али маалыматы жок кээ бир депутаттар да жок эмес экен. Алар ушул жерден пикетчилерди көрүп, таң калып эмне болгонун сурап жатышты.
Залга 60 депутаттын ичинен араң дегенде 34ү чогулду. Кыязы баягыдай эле бийлик тарабынан кворум жок кылууга болгон аракеттердин жемиши окшоду. Алгач Бектур Асанов кыскача маалымат жасады.
Б. Асанов: - "Урматтуу депутаттар, Азимбек Бекназаровдун күнөөсүз жерден камалып отурушу тири укмуш окуя, акылга сыйгыз нерсе болду. Бекназаровду камаардын алдында ал киши менен беш мүнөттөй сүйлөшүп калганга мүмкүнчүлүк болду. Мен шашып облпрокуратурага келсем, Бекназаровду алып келгенине бир саат болуптур. "Азыр алып чыгат, сөз бүтүп калды, сен күтө тур" дешкенинен күтүп турдум. Ал чыкты. Ошондо саат кечки бештен кырк мүнөт өтүп калган эле. Бекназаровдун сөзүнөн бир гана нерсени түшүндүм. "Булардын максаты мени сындыруу, мунусу бир сааттык "давкада" ишке ашкан жок. Мени сындыра алышпайт. Ушу жөнүндө депутаттарга, элге айтып кабарла. Калганын мыйзамдын чегинде аракет кыла бергиле" деп айтты.
Аны камоо жөнүндө протоколдун түп нускасын мага берди. Мен ошол күнү депутаттарга, кээ бир ММКларга маалымат бердим. Саат алтыда "Азаттык" аркылуу биринчи расмий маалымат кетти. 6 - январь күнү мен областтын прокурору З. Кудайбергеновго кирдим. Экөөбүз 15-20 мүнөттөй сүйлөштүк. З. Кудайбергенов: -"Бекназаров жөнүндө көп сенсация кылбасаңар, ал унчукпаса, тополоң салбаса, айтканыбызга көнсө биз чараны өзгөртөбүз, козголгон ишти токтотуп коюшубуз да мүмкүн. Бүгүн Жалал-Абад областында бийлик мага берилген, кааласам "спикера посажу", кааласам губернаторду отургузам, сени отургузганга основание бар, эң биринчи сени отургузам"-деди. Мен айттым:"Отургузсаңыз жакшы, азыр Кыргызстанда эч кандай далилдин, основаниенин кереги жок болуп калды, отургузуш үчүн. Атып сала албайсыңарбы?"- десем. "Атып сала албайбыз" -деди. Анда эч нерсе эмес экен, дедим.
Урматтуу депутаттар, мен бүгүн Бекназаровду колдоо үчүн чакырылган шашылыш жыйынга 34 депутаттын келишине ишенген жок элем. Бүгүн ушул 34 депутат кол коюп, кайрылуу жасасак, чоң иш болор эле.
Залда кворум жок болгону менен Башкы прокуратуранын маалыматын угууну туура көрүштү.
А.Бекназаровдун камалышы боюнча расмий таратылган маалыматтан:
А. Бекназаров Токтогул районунда прокуратурада тергөөчү болуп иштеп турганда Жапаралы Камчибеков Кара-Көл шаарында 1995 - жылдын 1 - февралында мас абалында Жолчу Букеевге бычак сайып өлтүрүп койгон. А. Бекназаров 1995 - жылы 26 - февралда ал ишти карап, кылмыш ишти жаап койгон. Ал иш кайрадан жети жыл өткөндөн кийин 2001 - жылдын 5 - февралында каралып, А. Бекназаров тарабынан мыйзамсыз токтотулгандыгы тууралуу жаңыдан чечим чыгып, Ж. Камчыбеков сегиз жылга соттолгон.

2 - январь. 2002 - жыл.
Жабырлануучунун туугандары Ж.Мамбетов, К.Букеева мурдагы тергөөчү А.Бекназаровдун үстүнөн чара көрүү боюнча Жалал-Абад областтык прокуратурасына арыз жазып кайрылышкан.

4 - январь. 2002 - жыл
Жалал-Абад областынын прокурору З. Кудайбергеновдун макулдугу менен Токтогул районунун мурдагы тергөөчүсү А. Бекназаровго карата прокурор С. Мамыров кылмыш ишин козгойт.

5 - январь. 2002 - жыл
К.Арпачиев баштаган тергөөчүлөрдүн тобу депутат А.Бекназаровду Аксыга шайлоочулары менен жолугушууга барган жеринен кармашат.
Депутаттарга А. Бекназаровдун камалышы боюнча маалымат берүү үчүн келген Баш прокурор Ч. Абышкаев билдирүү жасоо үчүн борбордук микрофонго көтөрүлдү.
Ч.Абышкаев: -"Биз мындай кадамга тергөө учурунда күбөлөргө А.Бекназаров тарабынан кысым болтурбоо үчүн аргасыз бардык. Башкы прокуратура бул иш боюнча текшерүү жүргүзүп баштады.
Ч.Абышкаевдин бир жарым сааттык билдирүүсү залды канааттандыра алган жок. Алар депутатты боштондукка чыгарууну, кылмыш ишин Башкы прокуратурага өткөрүп берүүнү талап кыла башташты. Башкы прокурордун сөзүнөн кийин А.Бекназаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча эч кандай негиз жок экендигине көздөрү жетип, төмөндөгүдөй резолюция кабыл алууну чечишти.
1. Президент А.Акаевди Конституцияны сактоонун кепили катары А.Бекназаровдун бошотулуусуна аракет көрүүсүн жана козголгон ишке кийлигишүүсүн сурануу;
2. Баш прокурор Ч.Абышкаевге кылмыш ишин токтотууну, кармоо чарасын өзгөртүүнү сунуштоо;
3. 14-январда Жогорку Кеңеште бул резолюциянын Башкы прокурор Ч. Абышкаев тарабынан аткарылуусу боюнча угуу өткөрүү.
Депутаттардын пикири боюнча Жалал-Абад облпрокурору З. Кудайбергенов А.Бекназаровдун камалышына жеке өзү кызыкдар. Себеби, ошол күндөрү Мыйзамдуулук жана соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы А.Бекназаровго З.Кудайбергеновдун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир нече адамдардын укугун тебелегендиги, Ак үйдөгү белчесинен коррупцияга баткан бийликтин жеке кызыкчылыктарын көздөгөн буйруктуры менен ак жерден күнөөлөнгөндүгү тууралуу атуулдардын даттануулары келип түшкөн. Булар тууралуу парламенттик атайын угуу даярдалып жаткандыгы маалым эле.
Ал эми Абсамат Масалиевдин пикири боюнча А.Бекназаровдун камалышы бийликтин көзүнө жакпаган депутаттарга карата иштин башталышы гана. Башкы прокуратурада мындан башка да бир нече депутаттарга иш козгоо боюнча аракеттер жүрүп жатат. Эгерде бийлик тарабынан депутаттарга карата башталган чабуул токтобосо республиканын эл аралык абалына доо кетип калышы мүмкүн.
Түштөн кийин укук коргоочулар пикетчилер менен бирдикте ачкачылык акциясын баштоону чечишти. "А.Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү" талап кылган биринчи ачкачылык жарыялагандар Т.Исмаилова, Т.Акунов, А.Абдирасулова, Т.Сыдыкова, С.Тилеков, А.Назаралиева, Ж.Бабатаевдер болду.
Бул күнү Акысынын Кара-Жыгач базарында жүргөн Ж.Курбанов менен А.Тостоковду райондун прокурору чакырып жатканын райОНОнун башчысынын орун басары келип айтат. Кара-Суу айылындагы жыйында кекенип кеткен прокурор, кабатырсыз барган Ж.Курбанов менен А.Тостоковду сурак кылып, коркутуп, бир нече саат камап, кечинде гана чыгарат.

11-январь
Бүгүн Бишкекте ачкачылык жарыялагандардын экинчи күнү. Ачкачылык кармагандарга Т.Чыныбеков, М.Карамырзаев, Т.Тургуналиев жана Көлдөн, Таластан, Нарындан адамдар келип кошулушту. Ачкачылык кармагандар төшөк жетишсиз болгондуктан полдун үстүнө эле жатышып, таң атырышты. Ачкачылык кармагандардын ичинде мурда мындайды баштан өткөрбөгөндүктөн ичтен чоочулап "ден соолугум кантээр экен" дегендер да болбой койгон жок.
"А.Бекназаровду коргоо комитетинин" республикалык штабы түзүлүп, Агропромдун жетинчи кабатында жайгашты.
Кечээ Адам укугу боюнча Кыргыз комитетинин башкармалыгынан Саламаттык сактоо министрлигине ачкачылык кармагандардын ден соолугун текшерип туруу үчүн доктур беришин өтүнүшүп телефон чалышкан эле. Бүгүн алар келишип ачкачылык кармагандардын ден соолугу канааттандырарлык,- деп, болгону Т.Сыдыкованын давлениеси кичине көтөрүлүп, А. Назаралиеванын башы айлана баштаганын айтып кетишти. Буларга бүгүн түштөн кийин дагы үч киши кошулду.
Аксыдагы пикетчилерди басуу үчүн 50гө жакын милиционер жиберилген. Алар элди эркин бастырбай (Кара-Суу айылында) районго бара жаткан автоунааларды текшерип турган. Ошондуктан Аксы районуна укук коргоочулардан жиберүүнү чечип, аксылык жигиттердин жеңил машиналарын даярдадык, бензинге акча чогулттук.
Өкмөттүк "Кыргыз-Туусу" гезитинин кабарчысы Э.Калдаров гезиттин (11.01.2002 №2) санында: -"Белгисиз депутат Бекназаров кантип "баатырга" айланды, же кыңыр иш кырк жылда билинет",- деген темада А.Бекназаровдун камалышын табалап макала жазды.
Биздин ар күнкү аракеттерибиз, Аксыдагы окуялар, бийликтин унчукпас билмексендиги "Моя столица", "Республика", "Агым", "Аалам", "Дело№" гезиттерине, "Азаттык", "БИ-БИ-СИ" радиосунда жарыяланып, "Пирамидада" көрсөтүлүп турду.
2002-жылы "Аксы окуясынан" кийин КР Премьер-министри Н.Танаев Жогорку Кенештин трибунасынан: -"Информациялык согуштан биз женилип калдык",- деп моюнга алганы белгилүү. Мына ошол "информациялык согушта" оппозициянын иштерин жамандап чагылдырууда "Кыргыз Туусунан" Э.Калдаров, Д.Юсупов, А.Сарманбетов, А.Пазылов, Б.Алыкулов, А.Бердибаев, "Слово Кыргызстана" гезитинен Д.Кыштообаев, Т.Дауров, З.Ибраевалар "зор салым" кошушту. Алардын жазгандары ого бетер элдин кыжырын келтирип, бийликке каршы башын бириктирүүгө себеп болду.
"Агым" гезитине коомдук ишмер, "Эркиндик" партиясынын төрагасы Т.Тургуналиевдин билдирүүсү чыкты.

(Уландысы кийинки санда)










??.??