Төргө өтүңүз

Аккан дүйнөдөн алты ооз сөз

Кыргыз Республикасынын Маданиятына
эмгек сиңирген ишмер, публицист,
Кален Сыдыкова.

Сыдыкова Кален Султангазиевна 1958-жылы 25-январда Жумгал жергесинде туулган. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. 1982-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университеттин журналистика факультетин бүткөн. Кален Сыдыкова "Кайрылуу", "Түпкүрдөгү монстр", "Доор кайрыгы", "Насыя нике", "Асылдар", "Эр издөө", "Күч күйөө", "Кыргыз тарыхы", "Алтын казык", "Чачылган кыргыздар", "Токол", "Ата-Журтум-ардагым" деген китептердин автору. 500дөн ашык аналитикалык курч макалаларды жазган. 1988-жылдан Кыргызстан (СССР) Журналисттер жана 1991-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кален Сыдыкова жөнүндө "Публицист Кален", "Кален", "Ата-Журтум-ардагым" деген документалдуу телефильмдер тартылган.

Аккан дүйнө
Жабышып аска таштарга
Жашаган элбиз асманда.
Булуттар кирген коюнга
Боз үйдө уктап жатканда,-
деп чоң акын Кубанычбек Маликов жазгандай, балалыгым, Ата конушум Жумгалдын Кызарт айылында булуттар коюнга кирген тоолуу аймакта өттү. Балалыгымды эстесем көңүлүм жарк этип көтөрүлөт. Атам Султангазы, апам Разия жылда жайлоого көчөрдөн мурун эрте жазда бир айдай Оробашы, Түлкү кыштоо деген тоо этегине төшкө көчүп барып бээ байлап, ууз кымыз ичишээр эле.
Улары тоодон ышкырат,
Кийиги жуушап бышкырат.
Күңгөйүндө жаз ойноп,
Тескейинде кыш турат,-
деп Туяк ырчы ырдагандай, Кызарттын үстүндөгү Түлкү кыштоо капчыгайы кооз, суусу күкүктөп кирип атчу жаз эле.
Чучуктай чыңырган азоо кулундарды жигиттер кулак түптөн кармап, башына алгач нокто салып желеге байлаганда мөңкүп, желеге көнбөй балыктай туйлап солуктап титиреп турушчу. Кудум кежир баладай кулундар урунуп- беринип атып желеге көнөт. Тоо этегинде жазында жамгыр дагы көз ачырбай төгүп турчу эле.
Мындайда тирилик кылаарда суу болгон тезектер быкшып күйбөй бир топ убарага салат. Андай жамгыр төгүп атканда баласаак карт бээлер желеге имерилип чаба жааган жамгырга соорун тосуп, кулунун жыттап калкалап турганын көргөндө эт жүрөгүң эзилет. Мал да болсо эне-баланын ажырагыс ыйык кудуретин ошондо бир сезесиң.
Андайды көргөндө атам апамды жумшап: "Балдарды ээрчитип барып кулундарга жабуу жаап келсеңчи, жаш немелер чыйрыгып калбасын",-дечү. Биз башыбызга кап жамынып барып желеде титиреп турган кулундардын жонуна мүшөк, кап жаап, аны түшпөгүдөй кылып байлап коюп үйгө шөлбүрөп тарпактап чуркап келчүбүз. Балалык тура, ошентип нөшөр куюп атса "чачыбыз өсөт" деп боз үйдүн эшигинен башыбызды чыгарып жамгырга тосуп турчубуз.
Алгач жаңыдан көчүп барганда сабааны, чаначтарды төө тапанга ышташчу. Биз орок менен тай башындай төө тапанды чогултуп, мүшөккө салып сүйрөп келчүбүз. Мен көп балалуу үйдө өскөндүктөн ар бирибиз миңден мелдешип сабаа бышчубуз.
Эсимде, Оробашыда жыландар көп болоор эле. Апам айтчу: "Жыландын уюгу бар, жыланга тийбегиле, өлтүрбөгүлө, тийбеген кишиге тийбейт",-деп. Жыланды үйдүн тегерегинен көрүп, денебиз жыйрыла түшчү. Бала кезде үйгө кирип кайра сойлоп чыккан жыланды көп эле көрдүк, андайда апам ак чачып, айран, кымыз чачып чыгарчу. Апам жылан менен койдун арбашканын көп айтып берчү. Ошондо жыландын атын тапса жылан өлөт экен, болбосо кой курман болчу тура. Тоо этегинде жаздын күнкү жаандан кыян жүрүп, чагылган чартылдап, күн күркүрөгөндө жаныбыз жыргачу. Күн күркүрөгөндө адырга мандалак чыгат деп сүйүнчүбүз. Эми ойлойм бул бир балалыктагы ырахат экен. Атам мал- жандуу болгондуктан жайдыр-кыштыр малды өзүбүз кайтарчубуз. Суу кечип атып буттарыбыз кесилип кетчү.
Тоого жаз кеч келет. Өзгөчө тогуз ай кыш болгон Жумгал өрөөнүнө жаз өтө кеч келет. Бала кезимде салттуу, нарктуу кыргыз көчүнүн акыркы үзүл-кесил көрүнүшүн көрүп калдым. Ал кезде унаа төө, ат болоор эле…
Мына, Кален эженин калеминен жаралган "Ата Журтум- ардагым" аттуу китебиндеги "Аккан дүйнө" деген аталыштагы балалык күнүн баяндап берген эссенин эң алгачкы эскерүү барактарын гана гезит бетине батыра алдык. Сагынычтуу бала күндөрдүн элесин батырып турган салмактуу китепте "Аккан дүйнө" көлдөй кенен чагылдырылган болсо, биз анын бир тамчысын баяндап бердик. Көлдөй терең, көлдөй кенен чыгармаларды көлкүп окуй турган убакыт табаарбыз дедик. Анткен менен биздин гезиттин максаты башка. Жогоруда баяндалгандай таза табияттын койнунда өсүп, жамгырга жуунган чыныгы кыргыз кызынын топ жарып чыккан чыгармаларын окуп эле тим болбостон, бүгүнкү күндөгү ак- караны ажырата билген аял заты катары да азыноолак суроолорубуз менен кайрылууну туура көрүп, телефондон байланыштык да, болжошкон жерге жетип бардык. Кыргыздын кыйырына таанымал, аял затынын алдыңкы сабында жүргөн атактуу эжекелерибиз чогулуп белгилүү кафелердин биринде шеринеде отурушкан экен. Кален эже биз менен маектешүү үчүн чакан үстөлгө келип отурду. Алгач жаркылдап күлүп келип, жаныбызга жеткенде сүрдүү караган Кален эженин кабак-кашын карап туруп, чу дегенде эле "Мүнөзүңүз кандай?" деген ыңгайсыз суроону ортого таштадык.
- (Күлүп) Мүнөзүм шар,токтоо. Ар дайым жети өлчөп бир кесип жыйынтык чыгарам. Шашып эмоцияга алдыруу мен үчүн жат көрүнүш. Ачуумду сыртка чыгарбайм. Жиним келип турса дагы ичимде калат. Турмуштун өрүнө келип, өйдө-ылдыйды көрүп, тажырыйбалуу болуп калган соң баарысын сабырдуулук менен жеңгенге аракет кылам. Токтоолук жакшы сапат. Биздин куракта өтө ачууланып же жеңил-желпи болуу бизге жарашпайт да. Эне катары да, аял заты катары да көтөрүмдүү болууга аракеттенем. Негизи эле аял заты көтөрүмдүү, сабырдуу, токтоо болуш керек.

Кубаныч- кайгы аралаш
- Быйылкы жыл мен үчүн абдан жакшы башталды. Элүү жылдыгыма карата мамлекет комиссия түзгөн, анын төрагасы Султан Раев өзү болду. "Ата Журтум-ардагым" деген документалдуу телефильм тартышты. Ушундай эле аталыштагы китебим жарык көрдү. Чыгармачылыгымдын отуз жылдыгына карата Улуттук китепканада көргөзмөм ачылды. "Манас Ордо" коомдук акедемиясы мени академик кылып шайлашып сүйүнчүлөштү.Ушундай кубанычтуу күндөрдү майрамга айлантып турган балдарымдын, неберелеримдин жакшылыктары мени эне катары кубанычка бөлөйт.
Ал эми кайгырта турган нерсе, азыркы учурда кыргыз адабиятынын, маданиятынын мамлекет тарабынан колдоого алынбай жатышы. Чыгармачыл адамдар, деги эле чыгармачылык, мамлекет тарабынан жакшы бааланбай жатат. Жаратуучу акындар, архитекторлор, сүрөтчүлөр, музыканттар, бааланбай камкордук көрүлбөй жатат. Мамлекет мыйзам кабыл алып ушуларды жок дегенде жарым-жартылай мамлекеттик бюжеттен каржыласа жакшы болмок. Жаратуучуларды өзгөчө коргоп, сакташ керек эле. Улуттун биринчи асыл байлыгы болгон кайталангыс сейрек тагдырлар бу дүйнөдөн кетүүдө. Таланттуу адамдарды мамлекет баалап-барктап ,караш керек болчу. Тилекке каршы, азыр андай такыр эле жокко эсе. Таланттар бааланбай, камкордук көрүлбөй калганы мени абдан кайгыга салат.

Талант, талыкпаган эмгек
- Адам баласынын таланттуу болушу, анын дээринен. Ага билимиң кошумча болот.Талантты, чыгармачылыкты күнүгө өркүндөтүп-өстүрүп туруу зарыл. Бир күн да таштап койгонго болбойт. Мен дайыма ойлонуп жүрөм. Чыгармадагы керек деген нерсени ойлонуп ичимен калчап жүрүп, акыры бышканда жазам, болгондо да түнкүсүн жазам. Күндүз мамлекеттин кызматын кылып, кечкисин үйдүн оокатын кылып, кирин жууп, тамагын бышырып,төшөгүн салып берип, түнкүсүн чыгармаларым менен иштеп жатпаймынбы. Талант деген өжөрлүктү талап кылган убаракерчилик. Кыйналасың, чарчайсың, ошого карабай издениш керек.

Жүрөктү титиретет
- Балдарымдын жамандыгын көрбөсөм экен деп тилейм. Капыстан келген ажалдан, бөөдө кырсыктардан "элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дегендей, азыр болуп жаткан кырсыктардан корком. Мындай коркунучтар адамга баш ийбейт. Бул табияттын зор күчү да, ушундай күчтөрдү укканда жүрөгүң титирейт. Андан сырткары эл ичинде маданиятсыз, бөтөн элди туураган, ээрчиген караңгы, ата салтын, наркын билбеген, үрп-адатын сактабаган,кыргыз экенин өзү тааныбаган кыргыз жарандары бар, мына ушулар эртеңки келечекти эмне кылат деп коркосуң.

Аял заты жана анын бактысы
- Күчтүү аял заты болуш абдан оор. Андай аялдардын баары абдан акылман, эмгекчил, мээнеткеч, абийирдүү, эстүү, сабырдуу, адамгерчиликтүү болот. Аялдын эң чоң бактысы жана вазыйпасы- бул эне болуу касиети. Эне болуу эң бактылуу тагдыр. Балдарды жакшы тарбиялап өстүрүү, нарк- насилдүү, абийирдүү тарбиялоо эненин, коомдун колунда. Азыркы учурда кыргыздын билимдүү, абийирдүү, күчтүү кыргыз кыздары мамлекеттик түрдүү кызматтарда иштеп, элге кызмат кылып, цивилизацияны жаратып атышат. Коомдогу көп жакшы нерселерди энелер жасоодо. Кээде ошолорго дагы татыктуу орун берилбей, күчтүү аялдарды артка сүрүп таштап, билимсиз, тажырыйбасы жок, жердешчиликке таянган кадрлар кызматка келип жатышпайбы. Күчтүү аял заты болуу деген өмүрдөгү чоң күрөш. Аялдар күрөшкө түшүп күрөшпөйбүз, акыл-эс менен жеңебиз. Аялдардын дагы бир өзгөчөлүгү- бул анын тубаса таланты. Бир нерсеге шыктуу, таланттуу болсо бул аял үчүн чоң жеңиш.

Сүйүү жана үй-бүлө
- Сүйүү деген адамдагы эң күчтүү сезим. Ал эгер адамга келсе, адамды жабырлантат, таасирлентет, адамды оору кылат, кайгыга салат, өкүнтөт, кубантат, жанар тоодой жандырат, асманга учтурат, өмүр бою азапка салган сары оору кылат, кыскасы сүйүү деген адамдын ички сезиминин чоң толкуну. Сүйүшкөн адам арзып жүрүп жетип, жашап, өмүрүндө сүйүүсүн сактап калуу деген чоң маселе. Адам беш-алты жолу эмес, бир эле жолу сүйөт. Жактыруу, көңүл табышуу деген сүйүүгө кирбейт. Чындап сүйгөн кишинин көзү көрбөйт. Мен дагы жаштыкта сүйүүгө кабылгам. Бирок, турмушта сүйүү эле жетиштик кылбайт, өмүрлүк жарды туура тандаш керек. Кыздарды ала качуу, кудалап берип коюу дегендерге каршымын. Сүйүү жан-дүйнөдө жанып турган жанар тоо. Сүйүү ыйык, кайталангыс, эч нерсе менен алмаштырылгыс ыйык сезим. Чыгармаларымда дагы сүйүүнү көп жаздым. Сүйүүнүн маңызына жашың өрлөп калганда тереңирээк түшүнүп, терең ойлонуп калат экенсиң. Азыр сүйүүнүн кадырын жоготушту. Байлык, бийликке алмашуу модага айланды. Кол жеткис ыйык сезимди тебелеп-тепсеп, алдап сатып алып жатышат. Ыйыктык жоголгон жерде Ата Мекенди барктабайт. Жашоо ата-энеден башталат да. Болочоктогу энелердин жатынын талкалап жатсак, сатып жатсак, эртең улуттун энеси ким болот?! Бул өтө чоң маселе. Азыркы жаштарга айтаарым сүйүүнү, ыйык сезимди өмүр боюу кастарлаш керек, аны сактай билүү зарыл.

Өч, кек, көралбастык
- Адамдагы эң жаман сапат көралбастык, өчөшүү, кектөө, эрегишүү. Колдон келсе булардан алыс болгон жакшы. Өчөшүүнүн кесепетинен улут менен улутту, адам менен адамды талкалап, маданиятты, цивлизацияны жокко чыгарууда. Азыр дүйнөдө идеологиянын, диндин эрегиштери болуп жатат. Адам өтө аяр, кечиримдүү, болуш керек. Өзгөчө үйбүлөдө, достукта. Өч, кектин арты жакшылыкка алып келбейт. "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" деген кыргыздын нускасы бар.

Сырдаш курбу
- Ата-энеңе, күйөөңө, кесиптештериңе айтпаган сырыңды айта турган жакшы курдаштарым бар. Алар Байма Сүтөнова, Бактыгүл Чотурова, Бүбүкан Досалиева, Гүлжамила Шакирова, дагы көп. Булар менен сүйлөшүп, сырымды төгүп алсам черим жазылып калат. Айткан сырыбыз ошол жерде калат, сырга бекем сырдаштар.
Маектешкен,
Айсулуу ЭСЕН кызы
"Ачык саясат"