П и к и р

"Репортер-Бишкек" гезитинин саясий баяндамачысы, Сыргак Абдылдаевди белгисиз адамдар бычактап кеткени тууралуу сиздин журналисттик көз карашыңыз жана кесиптештер буга окшогон кырсыктардан кантип сактана алат?

Алым Токтомушев,
"Агым" гезитинин башкы редактору:
- Сыргакты мен журналист катары сыйлайм жана өтө жакшы көрөм. Өзүн да жакшы тааныйм. Ал эми бул окуянын себептери такталып, далилдене электе ал - бул деп айтуу кыйын. Ошентсе да, өтө татаал маселе болуп калды. Журналисттерди уруп- сабап кеткен учурлар көп болуп жатат. Менин жеке оюмда, журналисттердин коопсуздугу тууралуу атайын мыйзам кабыл алынса туура болмок.

Кенжебек Арыкбаев,
"Айгай" гезитинин башкы редактору:
- Мыйзам иштебеген мамлекетте көп учурда акыйкаттыкты ачык айтып, жазган эркин журналисттер запкы жеп калат. Өзгөчө бизде, бийликти көзгө сайып сындаган эркин гезиттерде иштеген калемдештеримдин өмүрү менен байланыштуу. Анын ачык далили-бүгүнкү Сыргактын башына түшкөн кырсык. Сыргактын тагдырын эртең башка журналист кайталап калбайт деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан биз, журналисттер, бири-бирибизди келекелеп шылдыңдабай, жамандабай атайын коом түзүп, бир муштумдай бириксек. Анан калса, алдыда бизди "Президенттик шайлоо"- деген чоң саясий майдан күтүп турат. Шайлоодо эркин журналисттер чындыкты айтпай кое албайбыз. Мына ошондо, Сыргактын тагдыры кайталанып калышы мүмкүн.
Ар дайым бир бололу, бар бололу кесиптештер!

Кыяз Молдокасымов,
"Кыргыз туусу" гезитинин
башкы редактору:
- Журналисттерге карата зордук-зомбулук башка өлкөлөрдө көп эле болуп келет. Бирок, Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүнүн биринде мындай окуя болуп өткөнү өтө өкүнүчтүү. Сыргак ооруканадан батыраак сакайып чыкса экен деп бушайман болуп турам. "Азаттыкта" иштеп жүргөндө ар кандай коркутуу -үркүтүүлөрдү өз башымдан өткөргөм. Ошондуктан, чогуу иштеген жамаатыма ар дайым сак болууларын эскертип турчумун. Ал эми журналисттердин коопсуздугу жөнүндө жакында эле министр Молдомуса Конгантиев жакшы ой-сунуштарын билдирди. Демек, биздин коопсуздукту милиция кызматкерлери камсыз кылууга тийиш да.

Сапалкан Арипов,
"Аалам" гезитинин башкы редактору:
- Биздин кесиптешибизге эмне себептен кол салуу болгонунун чын-төгүнүн биле элекпиз. Ошондуктан, бир беткей айтууга али эрте. Бирок, 4- бийликтин адамдарына биринчи бийликтин адамдары мамлелерин түздөбөсө, 4-бийликтин адамдары жазган макалаларынын, жасаган иштеринин курмандыгына айланып кете берет. Журналисттер да өзүбүздүн абийирибизди сатпай, эл алдында баарыбыз жапа тырмак ак ниет кызмат кылышыбыз зарыл. Журналисттердин артында коргоно турган эч нерсеси жок. Биздин колубузда жалгыз куралыбыз- калем сабыбыз гана бар. Ошол калем сабыбыз, ар кимдин жеке амбициясын көздөбөй, мамлекетке, элибизге кызмат кылыш керек. Менин кесиптешимдин башына түшкөн бүгүнкү кайгы бир гана анын-үй бүлөсүнө тиешелүү эмес. Бул окуя Кыргызстандын жалпы журналисттеринин эртеңки келечегине түшүп жаткан кара көлөкө деп ойлойм.

Жылдыз Мусабекова,
"Айат пресс" гезитинин
башкы редактору:
Учурда Кыргызстандагы журналисттердин коопсуздугуна коркунуч туулуп, куугунтуктоо, коркутуп-үркүтүү, сабап кетүү фактылары көп кездешүүдө. Гезитке чыккан материалдар үчүн Жогорку Кеңештин аттуу-баштуу депутаттары редакцияга телефон чалышып "мен сени бир бүркүп жок кылам" деп коркутушат. Эл өкүлдөрү менен бийликтегилер массалык маалымат каражаттарына карата орой мамиле жасагандан кийин, журналисттердин коопсуздугу жөнүндө сөз кылууга мүмкүн эмес.

Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат" гезитинин кабарчысы:
Кесиптешибиз Сыргакка кол салуунун сыры көпчүлүккө белгисиз. Бирок, логикалык жактан алганда бул кол салуунун арты - анын курч материалдарды тайманбай бергендигине байланыштуу десем жаңылышпайм. Ушунун өзүн "эркин журналисттердин тагдырын күтүлбөгөн кырсыктар күтүп турат"-деген ишарат катары эсептесек болот. Башка өлкөлөрдө мындай зордук-зомбулук коомчулук тарабынан айыпталат, а бизде бийликке сын айткан ар бир адамдын артында түрдүү кысымдар, куугунтуктоолор бар экендигин ушул окуядан эле түшүнсөк болот. Маселе болуп өткөн окуяда гана эмес, бул кылмыш ачылабы же жаап- жашырылып, басылып калабы, мына ушунда.
Гүлниза МОЛДОКУЛОВА


Бул иштин тамыры тереңде

Сыргак Абдылдаевди саясат таануучу катары да, журналист катары да жакшы билем. Ал гана эмес, мен жакында эле Нью-Йорктогу Колумбия университетинде дарс окуп, Кыргызстандын бүгүнкү саясий абалы жөнүндө баяндама жасаганымда Сыргактын иликтөөлөрүнө бир нече жолу кайрылып, өзөктүү ойлорунан мисал келтирген элем.
Бүгүнкү интернет-сайттардан С.Абдылдаевге кол салуу болгонун окуп аябай кыжаалат болдум. Өз оюмду гезит окурмандарына жеткирүү үчүн атайын силерге телефон чалып отурам.
Окуя кандайча болгонунан жакшы кабардырмын. Мындай нерсе жөн жерден болбойт. Бул, биринчи иретте, С.Абдылдаевдин профессионалдык иши, саясий көз караштарына байланыштуу. Ал бир чоң ишти баштаган, анын иш-аракеттери каршылаш тараптын нааразычылыган жаратып, токтот десе токтотпогон соң, алар анын көзүн тазалоону чечишкен.
Бул канкорлордун бетин ачыш көп деле түйшүктү талап кылбайт. Бирок, ага саясий эрк, бийликтин катуу позициясы, укук коргоо органдарынын чечкиндүүлүгү керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саясий кырдаал менен криминалдык топтордун бийлик менен мамыр-жумур иш жүргүзүшү - С.Абдылдаевди өлтүрүүгө аракет кылгандардын табылышына үмүт жандырбайт. Бул кылмыш иши катардагы көп кылмыштын бири катары ачылбай калат деп корком.
Бирок, дагы бир жолу кайталап коёюн: бул иштин тамыры тереңде. Бийлик кызыкса, кылмышкерлерди эртең эмес, бүгүн эле таап коюу мүмкүнчүлүгү бар.
Равшан Жээнбеков,
АКШ





Обращение
к народу моей страны
Кыргызстанцы, давайте зададим себе вопросы:
Каким по счету журналист Сыргак Абдылдаев стал жертвой дерзкого нападения уголовников за свою профессиональную деятельность?
Кто стоит за всем этим нечеловеческим избиением нашего соотечественника?
Кто защитит нас от страшных действий власти против тех, кто имеет иное мнение, чем мнение высокопоставленных чиновников?
Когда власть ответит за преступления против собственного народа?
Нет сомнений в том, что это очередная расправа с журналистом при помощи физической силы направлена на подавление свободомыслия, попытка посеять страх среди нашего народа с тем, чтобы не смели перечить власти, которая перешла все границы дозволенного и использует криминальные методы в отношении честных и порядочных людей страны.
Мы постоянно пополняем список тех, кто пострадал от жестокости власти, от неконституционных решений судов, от действий правоохранительных органов, СНБ!
Как долго будем пополнять этот список скорби?
Сколько журналистов, честно выполняющие свой долг и не идущие на поводу у заказчиков, не желающие подчиняться давлению, творчески работающих, подвергаются серьезному риску? За последние 3 года, как никогда раньше, вырождается журналистика в условиях политического давления и вынужденной самоцензуры.
Покушение на убийство Сыргака Абдылдаева, это прямой, неприкрытый вызов всем тем, кто смеет открыто говорить и писать о негативных действиях сегодняшней власти.
Официальные лица страны, не предпринимают серьезных мер по поводу криминальных расправ с инакомыслящими, по поводу политических убийств и исчезновения политиков, по поводу устрашения тех, кто не "с ними".
Сегодняшней власти нужны журналисты, которые покорно исполняют прихоти безнравственных граждан в окружении президента. Они не гнушаются использовать против политиков самые грязные технологии опорочивания и под диктовку могут писать циничные, грязные статьи и при этом у них не просыпается совесть и элементарное чувство собственного достоинства. Цена их деятельности грязные денежные и иные знаки.
За последние годы громких убийств, исчезновения политиков, выезда за границу наших граждан, преследуемых за их политическую деятельность, мы убедились в том, что власть не гарантирует гражданам безопасность проживания в своей собственной стране. Ни одно убийство по политическим мотивам не раскрыто. Политические убийства "превращаются" в уголовные и делается это намеренно. Прямой террор кыргызстанцев выполняется с ведома высокопоставленных чиновников. Иначе, как понять бездействие правоохранительных органов, вот уже четвертый год?
Дальше терпеть "удавку на шее" народа Кыргызстана невозможно, да и опасно! Это может привести к необратимым процессам в развитии нашего общества.
Мы требуем уже не расследования этого дела, а требуем выдачи заказчиков и исполнителей!
Мы требуем наказания тех, кто задумал и организовал избиение Сыргака Абдылдаева!
Асия Сасыкбаева