П о э з и я

Куттуктоо

Ак элечек мээрими күч энекелер,
Үй-бүлөнүн кутун туткан берекелер.
Ак бата, аруу тилек арнап дайым,
Уул-кыздарга бакыт тилеп келесиңер.

Түгөйүм-түбөлүктүү алган жарым,
Сени сыйлайм, анан дагы калгандарын.
Калыс карап, жүрөктөгү дилди сезген,
Алыстасам, жол караган жалжал жарым.

Энелердин ордун басып жеңекелер,
Агаларды алга сүрөп келесиңер.
Капа болуп, тагдырлар татаалдашса,
Таттуу үмүт бүлөгө дем бересиңер.

Ак пейилдүү, дайым камкор эжекелер,
Түгөйүңөр төп келишкен жеңекелер.
Сагынып туулуп өскөн айлыңарды,
Ат арытып алыстан келесиңер.

Кара каш карындаштар, карындаштар,
Жүрөгүмө жүрөгүңөр жалындаштар.
Күйөө балдар, жээнтайлар силер дагы,
Жакшы ишке, ийгиликке салымдаштар.

Кыздарым кырымдагы, урумдагы,
Күйөө балдар, жээндерим эрке баары.
Жалжылдаган көздөрүңдөн айланайын,
Кудалардын ак кушусуң туурундагы.

Керилген кермаралдай келиндерим,
Инилерге балдай таттуу эриндериң.
Кем-карчын, барын-жогун билгизбеген,
Сыймыгы болгон төркүн, ата-эненин.

Бал тилдүү, баркым билген балдыздарым,
Жыты аңкыган суу жээгинде жалбыздарым.
Жылуу сезим жүрөгүмө арнап турган,
Асмандагы жымыңдашкан жылдыздарым.

Кут конгон, кулпурушкан кудагыйлар,
Сыйым көрүп, сыйлар мени убагыңар.
Төрүбүздүн көркү болуп жакшылыкта,
Оор күндө жөлөп-таяп турасыңар.

Кулпунган, бойго жеткен кудачалар,
Көңүлдөрүн жигиттердин бурасыңар.
Шаңга бөлөп, шайыр күлкү, ыр тартуулап,
Тойлордо таң-тамаша курасыңар.

Ак көңүл, үйдүн куту-аяштарым,
Жакшы санаа, жарым ырыс санаштарым.
Достордун оорун дагы, жеңилин да,
Мойнуна талбай артып алат баарын.

Куттуктадым 8-мартыңарды,
Аялзаты ак пейилдүү жалпыңарды.
Кабыл алып койгула гүл ордуна,
Жазган ушул куттуктаган ыр саптарды.
Нурдан Кожогулов,
Каракол шаары




Ышкы ойготкон селкилер!

Жаш кезиңде азын өппөй-көбүн өп!
Байкоо салып кыз, жубанын көрүп өт.
Жымыйышып так алдыңан чыкканы
Жөн көрүнбөй- айдай болуп көрүнөт!..

Сөз айтканда каймагынан калпып айт!
Барып эле дал тийгендей тартып айт.
Аялзаты жан кумарың ашырып,
Жөн жаркыбай-жылдыз болуп
жаркырайт!..

Дал ортого сөздүн нугун бура кел!
Жорго болсо, жол арбытсын кула кер.
Селки болсоң, жан ышкыны козгогон,
Ошол бойдон өзгөрүлбөй тура бер!..
Аскарбек Чонтаев,
Аксы району

* * *

Гүл бакчада булбул сайрайт

Булбул сайрайт, гүл бакчаңа жакындыр,
Ал да мендей ашык болгон акындыр.
Жүрөгүңдү учурунда нурланткан,
Купуядан миң айтылган атыңдыр!

Күкүк сайрайт, чарбагыңа жакындыр,
Ашыгынан алыс жүргөн акындыр.
Назы күчөп, жагым берген өзүңдөй,
Гүлгө теңеп койгон назик атыңдыр!

Мактоо үчүн айтылган бир атыңдыр,
Ышкы отун күчөткөнгө жакындыр.
Өзүң келип сагынычты жазгыча,
Жиберип тур ырларыңды, катыңды!..
Суранбаев М.
Аксы району

* * *
Өмүрдүн сездим өчтүгүн

Жаштыктын өзү керемет,
Жамгыры төксө себелеп,
Жалынга салбай сен мени,
Жалжалым өзүң келе кет.
Жаштыкты эске түшүрүп,
Жакшына сүйүү бере кет.

Өмүрдүн өзү керемет,
Өткүнү өтсө себелеп,
Өкүткө салбай сен мени,
Өзүң бир анда келе кет.
Өмүрлөш болуп жүрөлү,
Өчпөгөн сүйүү бере кет.

Айлар да жылга алмашты,
Кундуздай чачты кар басты,
Жаштыкты бүгүн эстесем,
Жара бир чайнайм бармакты.
Жаштыгым кайда калды деп,
Жалдырап тиктейм жан жакты.

Кайрылбай учуп мезгилим,
Капаны бүгүн сезчү ким?
Өйдө-ылдый турмуш өткөрүп,
Өткөрдүм өмүр өткүнүн.
Өх аттиң! Ушул жашоодо
Өмүрдүн сездим өчтүгүн.

* * *
Сен бар үчүн

Сенин көзүң күйүп турат жылдыздай,
Сени гана жандасам дейм жылгызбай.
Сен бар үчүн бул дүйнөдө мен бармын,
Сен бар үчүн бул ааламда жылдыз бар.
Көздөрүң - ай, күйүп турган шам болуп,
Көкүрөгүң толукшуган ай болуп,
Сен бар үчүн бул дүйнөдө күн чыгат,
Сен бар үчүн бул ааламда ай толук.

* * *
Түн караңгы, айлана
муздак эле

Ээрчишели эгиздей, калышпайлы,
Көңүлгө кир эч качан алышпайлы.
Тумар кылып сүйүүнү, тумар кылып,
Туу туталы жүрөктө намысты, арды.

Эки айрылыш айылдын четиндеги,
Бөпөлөдүк сүйүүнү сезимдеги.
Эстен чыкпайт, эч качан эстен чыкпайт,
Эзилишкен ал ирмем кечиндеги.

Мен жакаңдан акырын жыттап эле,
Сен да мага акырын ыктап эле.
Экөөбүз тең алоолоп баратканда,
Түн караңгы, айлана муздак эле.
А.Буудайчиев, Нарын району

* * *
Сен мага бүгүн келчи…

Ак жаандан тоборсуган
Жер-Эне жытын искеп.
Ай болуп жашырынсам
Анда да келе берчи
Издеп, издеп.

Сен мага бүгүн келчи…
Айдарым салкын желге
Ак көкүл, жумшак чачың сапырылсын.
Асманда ак жылдыздар
Уяңкы булуттарга жашырынсын.

Сен мага бүгүн келчи…
Гүл сүйгөн мүнөзүңө
Гүл болуп тагылайын.
Жытымды искеп алчы
Уялып, жүрөгүңө жашынайын.

Сен мага бүгүн келчи, суранамын
Көктөмдө, жамгыр болуп төгүлөйүн
Тамчыдай эриниңе назик тийип,

Жок болуп, бир бар болуп өбүлөйүн.
Тарам-тарам булутка жашырынган
Жылдызың, Айың болуп көрүнөйүн.
Сен мага бүгүн келчи…
Жылдызай Израилова,
Бишкек шаары

* * *

Карындаш

Көөдөнгө сырлар сыя албас,
Көксөгөн жүрөк кыя албас.
Көптөгөн кыздар ичинен,
Көңүлүм түштү карындаш.

Кайырма:
Өрт болуп барат жалын жаш,
Өзгөчө белең карындаш?
Өмүргө түгөй издесем,
Өмүрлөш сендей табылбас.

Өкүттөн маңдай айрылбас,
Өткөн күн кайра кайрылбас.
Сага айтпай калган махабат,
Санаадан чыкпас карындаш.

Күйгөндү билбей сенсиң жаш,
Сүйгөндү билбей серпип каш.
Сендикмин деген жүрөктү,
Сезсеңчи сулуу карындаш.

Төлөмүш ОРОЗБАКОВ,
Талас району