Спорт дүйнөсүндө
Кикбоксинг
Кумар Жалиев-Евразия чемпиону!
26-февраль күнү Москванын атактуу мушташ борбору "Арбатта" мекендешибиз Кумар Жалиев кикбоксингдин WBKF версиясы боюнча Евразиянын чемпиондук наамын жеңип алды.
76 киллограм салмактык категория боюнча Орусиянын, Азербайжандын, Эстониянын жана Кыргызстандын мушташ чеберлеринин ортосунда өткөрүлгөн бул беттеште "Калкан" каймана атынын ээси, Кумар Жалиев жарым финалдык беттеште Эстониянын 3 жолку, Европанын 2007-жылкы, дүйнөнүн 2008-жылкы чемпиону Александр Берняковду 3:0 эсебинде "баш көтөртпөй" баш ийдиртсе, финалдык беттеште азербайжандык "Кобра" Парвиз Абдуллаевди да каалашынча тепкилеп, орустардын чириген байлары чогулуучу "Арбатта" Кыргызстандын атын дагы бир жолу даңазалоо менен, 2009-жылкы Евразиянын чемпиондук курун тагынууга жетишти.
Кошумчалай кетсек, Кумар Жалиев кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпионатынын эки жолку байге ээси, WBKF боюнча Евразиянын 2008-жылкы чемпиону, WAKO версиясы боюнча Азия чемпиону жана Кыргызстандын бир нече жолку чемпиондук наамдарын жеңип алган.

Футбол
"Сыйкырчы Хиддинктин" Англиядагы ийгиликтери
Лондондук "Челсиге" насаатчылык кызматка жаңы орношкон Гуус Хиддинк "аристократтарды" Англия чемпионатында экинчи орунга илүүгө жетишти.
Машыктыруучулук кызматта өзгөчө таланты менен айрымаланып, "сыйкырчы Хиддинк" атка арзыган "Челсинин" убактылуу башкы машыктыруучусу Гуус Хиддинк Англия чемпионатында дагы бир жолу өзүнүн "сыйкырчылык" талантын көргөздү. "Уиган" менен болгон беттешти 2:1 эсебинде утуп алуу менен, көч артында калган "Челсини" алдыңкы катарга кошууга жетишти.
Хиддинк машыктыруучу болгону "Челси" Англия Кубогу үчүн болгон беттеште "Уотфорду", премьер-лиганын оюндарында "Астон Вилланы" жана Чемпиондор Лигасынын 1/8 бөлүгүндө италиялык "Ювентусту" талкалоого жетишип, бир да жолу жеңилүү ызасын тарта элек.

Орусиялыктардын
УЕФАдагы кош жеңиши
Өткөн жуманын экинчи жарымында УЕФА Кубогунун кезектеги 1/16 финалдык оюндары жыйынтыкталды.
Бразилиялык машыктыруучу Зиконун баштоосу менен мындан эки жума мурун "Астон Вилланын" үйүнө "конокко" барып, 1:1 эсебинде тең кайтышкан москвалык "ЦСКА" 26-февраль күнү бирмингемдиктерди өз үйүндө кабыл алды.
"УЕФА Кубогуна карганда, Англиянын чемпионаты биз үчүн маанилүү"-деген "Астон Вилла" командасы Маскөөнү көздөй күчтүү оюнчуларын жөнөтүшкөн эмес. Бирок, өз талаасында ойногон "цскалыктарга" каардуу каршылык көрсөтүп, татыктуу беттеш өткөрүп беришти. Оюндун 60-мүнөтүндө европалыктар көзүн кызартып жүргөн атактуу чабуулчу Юрий Жирковдун айып аянтчасынан тепкен тобу өз максатына жетип, эсеп тактасын орустар ачышты. Ал эми оюндун негизги бөлүгү соңуна чыгып, оюн калысы тарабынан берилген кошумча убакытта "Астон Вилланы" өз үйүндө сыздаткан Вагнер Лав айырмаланып, эсеп тактасын дагы бир голго көбөйттү.
Ошентип, 2:0 эсебинде бирмингемдиктерди утуп алган "ЦСКА" УЕФА Кубогунун 1/8 бөлүгүнө татыктуу түрдө өтүү менен, 16-мартта англиялык "Тоттенхем" командасы менен беттешмекчи.
Ал эми 1/16 финалдык оюндарынын жооптук беттешин өткөргөн дагы бир орусиялык "Зенит" командасы немистердин "Штутгартын" 2:1 эсебинде "элеп" келишти.
Петербургда өткөн биринчи оюнда да ушундай эсеп менен немистерди узатышкан Дик Адвокаттын жигиттери "Штутгарттын" жеринде да татыктуу оюн көргөзүүгө жетишти. Игорь Семшовдун жана Виктор Файзуллиндин киргизген голдорунун аркасында "Зенит" УЕФА Кубогунун 1/8 бөлүгүнө ийгиликтүү өтө алды. Ал беттеште "Зенит" италиялык "Удинезе" менен ойнойт.


Бокс
Дүйнөнүн мыкты мушкери чемпиондук наамынан баш тартты
"Дүйнөнүн эң мыкты мушкери" - деп таанылган филиппиндик Мэнни Пакьяо 61 кг салмактык категория боюнча бокстун WBC түрү боюнча (Дүйнөлүк бокс Кеңешинин) чемпиондук наамынан расмий түрдө баш тартты.
Мындай чечимин филиппиндик мушкер 61 кг салмактык категориядан 63 кг салмактык категорияда мушташууга өткөндүгү менен түшүндүргөн.
Эске сала кетсек, Мэнни Пакьяо 63 кг салмакта эң алгач 2008-жылдын 6-декабрында америкалык атактуу Оскар Де Ла Хойяа менен беттешип, аны техникалык нокаут менен жеңип алууга жетишкен. Эми минтип, жаңы салмакты багынтууну көздөгөн Мэнни Пакьяо эски салмактык категориясы боюнча жеңип алган бардык наамдарынан баш тарып, жаңы таймаштарга кызуу даярдыктарды көрүүдө.
Эрнис БАЛБАКОВ
"Ачык саясат"