Төргө өтүңүз

"Отузда отчет берсе болбойбу?"
ЖЕҢИШБЕК ЖУМАКАДЫР:
Туулган күнү: 9-май 1977-ж
1992-97-ж.ж. Нарын музыкалуу драма театрында актер
1997-2001-ж.ж. Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайы (Москва)
2001-2004-ж.ж. "Учур" телетеатры, "21-кылым" радиосу
2004-ж. бери-эркин акын
Кесиби: кино жана театр актеру
Өнөрү: жыгач устачылык, куудулдук, актерлук, төкмөлүк, улуттук маданиятты өркүндөтүүчү
"ЖЕТИ НУР" чыгармачыл борборунун негиздөөчүсү

БРЮС ЛИ - МЕКТЕПТЕГИ ТЕҢИРИБИЗ ЭЛЕ
Мектепте аябай эле бейбаш болуп чоңойдум. 5 чакырым жерге чуркап машыкчыбыз. 8-классты аяктап жатканда 20 балага 5 бала каршы болуп, мүрзөнүн жанына барып, алгач куран окуп, анан мушташты баштаган күндөр болгон. Командамдын аты "Тайфун" эле. Бир бала катуу жаракат алып, милийсалар келип, ата-энелер аралашып жатып араң тынчыганбыз. Жыгач усталык окууга киргенде да тентектигим токтогон жок. Театрга кандай кирдим-тентектигим тык токтогонун апам такай айтып жүрөт.

АЛГАЧКЫ КЕСИБИМ-ЖЫГАЧ УСТА
Атам Жумакадыр мен алты жашымда каза болуп калып, чоң атам Токтобек тарбиялады. Ал киши чоң жыгач уста эле. Ак-Сайдагы, айылдагы көп үйлөрдү, сарайларды салган. Мен болсо балдардын кыздарга жазган каттарын ырлар менен кошумчалап берчимин, ар кандай кароо-сынактардан калчу эмесмин. Чоң атам "эмне, артист болосуңбу? Жок, менин жолумду уланткан эч ким жок, сен уста болосуң " деди да, 8-классты бүткөндөн кийин Нарындагы эжемдин үйүнө жеткирип, жыгач устанын окуусуна кийирип койду. Ал жакта 2 айдын ичинде мык какпай эле кружокторду уюштуруп, өзүмчө эле артист болуп кеттим. Мага эми бул окуу жайы да тардык кылып калды. Эжемдин үйүнөн "сабакка кеттим" дейм да, Нарын театрынын сыртынан акмалап айланып жүрөм. Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Тамара Жумакаева деген залкарларды сыртынан көрүп суктанып коем.
Бир күнү Керезбек Тургуналиев деген обончу бар эле, ошол кирип баратыптыр, көздү жумдум да "Байке, ыр жазып жүрөт элем, окуп көрөсүзбү" дедим. Театрга ээрчитип кирип,ырымды окуду, фортепьяно ойноп ырдатты. Мен негизи пародияга жакын элем, алардан аткарып жибердим.Баары жактырып калышты. Аманбек Жапаров деген режиссер (азыр "Азаттыкта" иштеп жүрөт) директорго ээрчитип кирип, ал ишке алууга макул болду. Бирок, паспорт жок кантип алабыз,- дешип, акыры бир жолун табышты окшойт. Ошентип, 5-6 айдан кийин менин жыгач уста окуусуна барбай жүргөнүм ачыкка чыкты. Чоң атам Эмгекчилден атайы келди, бирок урушкан жок.

ЖООКЕРДЕН ЧЫККАН ТӨКМӨ
Театрга иштегениме бир жылдай болуп калган. 1992-жылы Нарындагы танк аскердик бөлүгүнөн Кокоев деген капитан театрга "Кыргыз армиясынын бир жылдыгы болуп жатат, сахнада ойной ала турган 3 жоокердин ордуна 3 бала берип, жардам кылбасаңар болбойт" деп келет. Токтор, Максат жана мен болуп бара турган болдук. Командир жөнөтүп жатып "Эң негизгиси, уят болбой келгилечи" деп суранды. Конкурс Кыргыз-славян университетинде өттү. Мен балдарга "төгөм" дедим. Алар алгач таң калышып, анан макул дешти. Сахнага чыксак калыстар тобунда ыраматылык Алмаз Сарлыкбеков бар экен, бизди көрөөрү менен эле күлүп жиберди. (Ким экенибизди билет да.) Төгүп баштадык. Жаштык дем менен токтобой төгө берген экем-Токтор мени сахнадан көтөрүп алып кетти. Зал "дуу-дуу" эле болуп, кол чаап жатат. Кийин калыстардан бирөөсү айтып жатпайбы-"жоокерлерден төкмөнү биринчи көрүп жатабыз, баш байгени бербесек болбойт" деп.
Нарынга келип, Токтор менин төкмө өнөрүм бар экенин сүйүнчүлөптүр. Ошондо Табылды Актанов "Ак таңдай" конкурсуна жалгыз жөнөп жаткан экен, мени да "барасың" деп калышты. Мен тартынып, "баралбайм" десем, "анда арызыңды жазып, театрдан кете бер" дешсе болобу. Айла жок, ал конкурска да мойнунан байланган тайгандай болуп келип, бирок жыйынтыгында ал жерден да 1-орунду албадымбы.

КЫТАЙЛАР ӨЛҮКТҮ ӨРТТӨЙТ ТУРА
Токтобек Асаналиев болуп Кытайга, Үрүмчүгө барып калдык. Жатканыбыз 5 жылдыздуу мейманкана. Тамакка деп колубузга талон берип койгон. Ашканага кирсек тамактын түр-түрү, бирок адалы кайсы, арамы кайсы экенин билбейбиз. Жумурткадан алайын деп жатсам Токтобек мени колго чаап, "птичий грипп болосуң, жебе" деп тамашалайт. Ошентип жүрүп өзү грипп болуп, кан басымы көтөрүлүп жатып калды. Доктур чакырсак, аныбыз " чаң-чуң" деп бир нерселерди айтат, же тил билбейбиз. Уйгур жигитти таап эптеп түшүнүштүк. Токтобектин колго чапканы эске түшүп, уйгур жигиттен "кытайлар өлүктү кантип коет?" деп сурап калдым. "Өрттөйт" деди ал. "Токо, сенин проблемаң жеңил экен" десем "Эмне болду?" дейт. "Сенин күлүңдү эле алып кетет экенбиз" десем айла жок күлүп жатпайбы. Ооруган адамды күлдүргөндүн өзү да дарылоонун бир түрү да.

НАРЫНДЫН
КАРА БӨЛКӨСҮ
Нарын театрынын тушунда дүкөн бар эле. Артисттер айлык тийгенде беребиз деп жаздырып коюп эле кирип-чыга берер элек. Бир күнү Токтор Бекбоев экөөбүз нан алалы деп кирип калдык. Ак нан алалы десек, дүкөнчү "кара нан алгыла" деп бербейт. Анда мен "Куураган Нарын өлкөбүз, Капкара чыгат бөлкөбүз, Ушундай нанды сатканча, Муунуп эже өлсөңүз" десем эле, эжебиз 2 ак бөлкөнү кармата салган.

АЛГАЧКЫ ТУФЛИ
Биринчи айлык тийгенде туфли сатып алсам чоң келип, башы бир топ артып калды. Ичине кебезден тыгып, айылга кийип барсам, чоң атам аны көрүп, "сен кеткенче оңдоп коем"- дебеспи. Эски бут кийимдерди кийип жүрүп, кетээрде жаңы туфлини кийсем чоң атам анын ашып калган жеринен үстүнөн мык менен уруп, таманынан чыга түшкөн мыктардын учун кайрып коюптур. "Муну кантип кийип барам" деп ыйлактасам, "биз мындан да жамандарды кийгенбиз" деп урушуп койду. Айла жок Нарынга кийип келсем, Күмөндөр, Табылды, Аманбек аябай каткырышып, алигиче айтып жүрүшөт.

КАПАР МЕДЕТБЕКОВДОН КОРКУП ЖҮРДҮМ
Театрга орношоюн деп жүргөн күндөрдө чоң атамдын парторгдор кийчү эски көк пальтосун кийип жүрчүмүн. Астымдан тепкичтерден чачы апсайып ийиндерине түшкөн, колунда 20 чакты ачкычтын байламын кармаган бирөө чыгып калды. Капар Медетбеков экенин тааныдым. Учурашсам, "эмнеге келдиң" дейт. "Ырчы болоюн деп" десем, "ы-ы-ы, ырдаса эле ушул жакка келе бериш керек бекен" дейт. Эртеси жолугуп калсам дале баягы сөзүнөн жазбайт. Анан ал кишини көргөндө качып кетчү болдум. Кийин, 1993-жылы "Ак таңдайдан" баш байгени утуп келсем, "Капар ава чакырып жатат" деп калышты. "Дагы эмне болуп кетти" деп коркуп барсам, алдымдан тосуп чыгып кучактап, "алдыңа кетейин, сени көк пальто кийип жүрсөң эле келесоо экен деп жүрүпмүн" деп кечирим сураган. Актерлук жактан Сейтказы, Капар өңдүү таланттардан тарбия алганыма сыймыктанам.

АШЫКЕМДИН КОМУЗУ
1995-жылы Ташкенге айтышка Тууганбай аксакал менен бара турган болуп калдым. Анда комузу жок ырдачымын. "Ашыке, айтышка Ташкенге кетип баратам" десем "Илгери поездде баратып домбра менен ырдасам Осмонкул домбрамды ыргытып жиберип, комуз ал деп урушкан. Комузуң жок болсо, меникин ал. Чийдирбей жакшы барып кел" деп өзүнүн комузун берген.
Автобуска түшсөк ыраматылык Тукам "бул комузду каяктан көрдүм эле?" дегенсип улам карап коет. Ташкенге барганча укчуккан жокмун. Анан чертип көрүп, кимдин комузу экенин боолгоп билип, бирок айталбай жатат. Айтсам, "окшошкону окшош, бирок айталбайм" деп күлгөнбүз. Ташкенде жүргөндө Шаршендин жоруктарын айтып да, туурап да берип аябай күлгөм. Андай өмүрүмдө күлө элек болчумун. Тууганбай авам менен насип буйруп, кийин ажыга да бирге барып келдик.

ЩЕПКИНГЕ ӨТКӨНДӨ
Таластагы гастроль бүтүп, Бишкекке жөнөөр алдында, мен кассир элем, Нарынга телефон чалып, ал-жайды айтып калдым. Режиссерубуз Алмаз Сарлыкбеков "Бишкектеги драмтеатрда Щепкинге кабыл алып жатышат, ушинтип жүрө бермек белең, барып катыш" деп калды. "Окубайм, орусча билбейм, акын эле болом" десем болбойт. Эртеси бардым. Комиссия бүт орустар. Комузду алып чыгып төгөйүн десем, "анын кереги жок" деди, Дмитрий Георгиевич деген профессор. "Монолог билесиңби?" дешти. "Жыландар ханышасында" ойноп жүргөн балдардын монологдорун билчи элем,ошолорду айтып кирдим. Анан "эми бийлечи" дешти. Афонин деген өздөрүнүн музыканты орусча бир музыканы ойноп кирди эле, мен болсо Нарын театрында сатиралык ырларды бий менен коштоп бийлеп жиберчи элем, ошолорду бийлеп кирсем комиссиянын баары күлүп жатып калышты. Кечинде тизмени карасак эле мен өткөндөрдүн арасында жүрөм.
Илим-билимге аралашкандан кийин адам улам жаңы нерселерди билсем, тигини антсем, бул жерин минткенде болмок деп умтула берет экенсиң. Мунусуна да кудайга шүгүр дейли.

НАМАЗДЫ МОСКВАДА БАШТАДЫМ
Кудайдын амири мененби-намаз окуганды Москвадан баштап, окууну бүтүп, Кыргызстанга келгенде бир катар аалым, устаттардан таалим-тарбия,илим алып, ушул жактан кадыресе, толук кандуу намаз окуп, Кудай жолуна баш койдум."Отуз жашымда силкинип-тазаланып алсам, ажыга барсам" деп тилек кылып жүрчү элем, Кудай ал тилегиме да жеткизип, 2007-жылы декабрда ажылык вазийпаны аткарып келдим. Отуз жашыма чейинки жүргөн-турганымды, ырдаганымды, жашоомду өттү-кетти деп, отуздан кийин жаңы кадамды баштадым. Мен азыр башка Жеңишбекмин. Жаңы көз караш, жаңы чыгармачылык, жаңы нук, дүйнөгө башкача жол ача турган чыгармачылык изденүүлөрдүн үстүндө жүрүп жатам. Кудай тилегиме жеткизсе, эл-журт колдосо, ушул ойлорумду ишке ашырсам деп жүрөм.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ,
"Ачык саясат"