"А з а т т ы к" м е й м а н д а

Азимбек Бекназаров:
Конституциялык Сот Бакиев каалагандай чечим чыгараарын бөркүңдөй көр
- Маегибизди мындан төрт жыл илгери башталган тарыхый окуялардан баштасак. 2005-жылдын 28-февралына парламенттик шайлоо белгиленип, Кыргызстандагы ошол кездеги эң таасирлүү күчтөрдүн бири болгон Кыргызстан элдик кыймылы күчүнө кирип калган мезгил эле. Мына ошол февралдын соңку күндөрү кандай чечимдер кабыл алынган?
- Эң тарыхый чечим деп мен 25-февралда, раматылык Жусуп Бакиевдин үйүндө 2-3 мартта Жалал-Абад шаарында Кыргызстан элдик кыймылынын биринчи эң чоң саясий акциясын өткөрүү чечими кабыл алынганын атайт элем. Бул чоң тарыхый окуя болуп калды. Бирок, ошол 2-3 мартка белгиленген акциябыз өтпөй калып, ал 4-мартта болуп, эл ошол убактагы губернатор Жусуп Шариповду кууп чыгып, Жалал-Абад облусуна 4-мартта элдик бийликти орноткон. 2005-жылдын март ыңкылабынын башталышы жана биринчи жеңиши деп мына ошол окуяны атайт элем.
Бирок, 28-февралда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоо ал кездеги өкмөт башчысы Николай Танаевдин "Жирный крест" деп аталган планы боюнча ишке ашырылып, оппозициядагы Исаков, Бакиев, Мадумаров, Текебаев, Садырбаев, Бекназаровго окшогондорду өткөрбөө боюнча абдан чоң аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы менен эсте калат.
- Бийлик ошондо оппозиция менен сүйлөшүүдөн баш тарткан мезгил эле. Азыркы кезде да ошол кездегидей окуя кайталанып жаткан жокпу?
- Мен ошол кездеги Танаев башында турган "Жирный крест" деген материалды кечээ күнү окуп чыгып, азыр Данияр Үсөнов башында отуруп алып, "оппозицияны басып салыш керек, жок кылыш керек, иш козгош керек" - деген багытта опурулуп жатканы оп-окшош экенин байкадым. Эки тамчы суудай окшош. Бийликтин аракеттери, жер-жерлерде жүргүзүп жаткан саясаты, саясий куугунтуктоолор ошол 2005-жылдын февраль, март айындагы жагдайга кадимкидей окшоштугуна бир жагынан таң калып жатам.
- Азимбек мырза, бул бийликтин табиятынын ушундайлыгынанбы, же бизде ыңкылаптан кийин тең салмактуу саясий системанын түзүлбөй калганынанбы?
- Ошол эле Акаевдин убагындагы саясий системанын өзгөрбөгөнүнөн. Ошол эле ыкма менен мамлекет башкарылып жатканынан, же болбосо үй-бүлөлүк башкаруу, ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн айрымдары мамлекеттик саясатты жүргүзүп жатканынан ушундай болуп жатат. Бизде Акаевдикиндей үй-бүлөлүк башкаруу калып, саясий система өзгөрбөгөнү тастыкталып жатат.
- Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбеков Конституциялык Сотко кайрылып, президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктап берүүнү өтүндү. Сиз штаб башчысы болгон БЭК мындай арыз менен кайрылбоого СДПКага сунуштаган эле. Анда бул кандай чечим болуп калды?
- Ал жигиттин мындай иш-аракеттерин мен эл катары эле уктум. Социал-демократиялык партиянын жетекчиси Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшсөм, "биз андай ишке барбайлы деп чечим кабыл алганбыз, Жээнбеков биз менен кеңешпей туруп берип салыптыр" деп жооп берди. Жээнбеков партиянын ички тартибине баш ийбей, өзүм билемдик кылып берсе, мен ойлойм, анда Социал-демократиялык партиянын ичинде эч кандай ынтымак жок, партиялык тартип жок экени тастыкталууда. Социал-демократтар береби, башка береби бул бийликке түзүлгөн оңтойлуу шарт. Конституциялык Сот ким кандай деп арыз бергенине карабайт, ал Бакиев кандай айтса, Бакиевге кандай чечим керек болсо, ошондой чечим чыгарып берет.
- 2009-жылдын күзүнө президенттик шайлоо белгиленип калса, оппозицияда даярданууга убакыт жана мүмкүнчүлүк болобу?
- Бизде убакыт бар. Биз да ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Биз ар кандай учурда даярбыз. Эң башкысы - эл даяр. Бакиевдин ким экенин азыр эл билет. Биз мурдагыдай бурмалоо жолу менен каалагандай чечим кабыл алабыз дегенге каршы турушубуз керек. Ошого жол бербешибиз керек. Негизи, шайлоого даяр болуу деген мына ошол.




  Өмүрбек Текебаев:

Жалал-Абадда үй-бүлөлүк башкаруунун "ажайып" жагы арбын
"Ата Мекен" партиясынын лидери Жалал-Абад облусун кыдырып келди. Облуста бийлик жана оппозицияга элдин пикири кандай экени тууралуу Ө. Текебаев "Азаттыктын" таңкы маегинде кеп салып берди.

- Өмүрбек мырза, Жалал-Абад облусунда кайсы райондордо болуп, кандай жолугушууларды өткөрүп келдиңиздер?
- Менин сапарым партиялык багытта болду. Облустагы партиялык уюмдун активисттери, райондордун активисттери менен жолугушуулар болуп өттү. Ошондой эле карапайым жарандар менен да пикир алмашуулар болду.
- Мына ушул жолугушууларда сиз кандай баамдадыңыз, бийлик жана оппозицияга элдин маанайы кандай экен? Сиз өзүңүз Жалал-Абаддан колдоо таптыңызбы?
- Жылдан-жылга убакыт өткөн сайын карапайым калк кырдаалды туура түшүнүп келатат. Бүгүнкү бийликтин туруктуу багыты, өнүктүрүү концепциясы жок экени көпчүлүккө даана болуп калган. Өзгөчө, жалал-абаддыктар, сузактыктар үй-бүлөлүк башкаруунун "ажайып" жактарын көрүп, "тоюшуптур".
Бакиевдин саясатын колдобой, нааразы болгондордун саны менин оюмча 60% жетип калган. Ал эми Бакиевди колдоочулардын саны кескин азайып, 20% түзүп калган. Бирок эң негизгиси бул сандык өзгөрүү эмес, сапаттык өзгөрүү. Эгер эки-үч жыл илгери "Ата Мекенди" колдоочулар автобустабы, башка жердеби үнүн чыгара албай калган. Анткени, Бакиевдин тарапкерлери кыйкырып, агрессия менен туура-туура эмес болсо дагы баарын басмырлап, басынтып, өздөрүнүн моралдык артыкчылыгын көрсөтүп келишкен.
Эми, тескерисинче, оппозициялык маанайдагы жарандардын үнү бекем чыгып, алардын сөзү орундуу болуп, ал эми "Ак жолду", Бакиевди колдогондор үн чыкпай отуруп, пассивдүү болуп калган. Мына ошентип бийликтин 20% колдоочулар, өжөрлүгүнө, көптүгүнө салган адамдар өздөрүнүн жаңылышканын мойнуна албастан, баары бир эмне болсо дагы өзүбүздүн жигит дегендей регионалисттик көз карашка алдырган адамдар жана мамлекеттик кызматка көз каранды болгон адамдар гана түзөт. Алар Бакиевдин бийлигин мурдагыдай колдой алышпайт.
- Демек, оппозициянын март айына белгилеп жаткан акциясы Жалал-Абаддан колдоо табат экен да?...
- Март айындагы эле эмес, бардык эле убактагы оппозициянын чакырыктары Жалал-Абаддан колдоо табат деп ойлоймун.
- Мындан төрт жыл илгери Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, мына ошол кезде февраль айында Акаевдин бийлиги "Азаттыкты" жапкан эле. Азыркы мезгилде "Азаттык" кайрадан кеңири обого чыга албай, жабылып турат. Ошол мезгил менен азыркы мезгилдин айырмасы кандай сиз үчүн?
- Ошол кезге салыштырмалуу баары ылдамдатылган темпте жүрүп жатат. Эгерде, чындыкты билүү үчүн элдерге мурда 10-15 жыл керек болсо, азыр бир нече жыл жетиштүү болуп калды. Мен Жалал-Абад облусунда жүргөндө бардык райондун адамдары "Азаттык" радиосунун угулбай калгандыгы жөнүндө айтышты. Маалымат жок. Бирок ошого карабай бүгүнкү байланыштар заманында маалымат элге тез тарайт экен. "Азаттык" ультракыска толкундарда чыгып, эски атам замандагы ящиктей болгон радиокабылдагычтарды оңдоп алып, угуп жаткандар бар экен. Чындыктын баркы, баасы ал жок болгондо, мына ушинтип билинет экен.
- Жалал-Абадды кыдырууга чейин Таласта болдуңуздар эле. Эми башка региондорго да сапар болобу?
- Жакынкы пландарымда Ысык-Көл жана Чүй облусундагы партиялык активдер менен жолугам. Бул партиялык гана иш эмес, бул "Бириккен Элдик Кыймылдын" алкагында да жасалып жаткан иш. Анткени БЭКти партиялар жана башка уюмдар түзөт. Эгер партиялар күчтүү, оперативдүү болсо Бириккен оппозициялык кыймыл да күчтүү болот.
Айданбек Акмат уулу