presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ыймандай сыр

Окурман менен баарлашуу
Биринчи баар
Редакцияга келген каттар-гезит менен окурмандын ортосундагы мамилени аныктаган "барометр" экендиги талашсыз. "Түү-түү" деп коёлу, бул жагынан алганда "Ачык саясаттын" кат куржуну күн санап өсүүдө.
Дагы бир көңүл буруучу жагдай - келген каттардын басымдуу көпчүлүгү өлкөбүздүн түштүгүнөн, анан барып Талас менен Чүй облустары.
Каттардын мазмуну да ар кандай, түштүк тараптан келгендери негизинен укук коргоо, сот, прокуратура, бийлик өкүлдөрүнүн ишине ичтери чыкпаса, таластыктар менен чүйлүктөр президентиңди баш кылып бүгүнкү бийликти жөн эле тирсегинен асып коюуга азыр десең азыр кетчүдөй. Бакиевдин бийлигинин азабы менен тозогун ушул эки облустун эли көрүп жатабы деп да ойлоп кетесиң.

Ысык-Көлдүктөр кээде үн салып коюшат. Нарындыктар анда-санда. Коймаарек эл эмеспи.
Бул менин "шпиондор" үчүн берген маалыматым.
Кандай болгон күндө да, ар бир каттын артында ар кандай тагдырлар, бийликтин бир да бутагынан оңдуу чечилбеген көйгөйлөр кылтыйып, бечара эл биздин "Ачык саясатты" эш тутуп, "муну жасап бергиле, тигини бүтүрүп бергиле" деген талаптарын коюшса, коомдук пикирдин кудуретине таазим кылбаска аргасыз болот экенсиң.
Дагы бир кызыгы, айрым окурмандар өзүнүн иш-аракети мыйзамга да, адамгерчиликке да сыйбастыгын билип-билбей туруп, редакция жамаатын дүрбөткөнүчү…
Откөндө телефон шыңгыраганынан көтөрсөм Кара-Суунун Садырбай айылынан Бакиров Карамали экен. "Ачык саясатты издеп жүрүп окуйбуз. Карапайым адамдарды колдоп, маселелерин чечип берет деп ишенебиз. А бирок, менин маселемди көтөрбөй койдуңар" - деп нааразычылыгын билдирет.
"Эмне материал экен?"-деп бөлүмдөн алдырдым. Көрсө, 2007-жылдын 5-апрели күнү Алимбаев Салмоордун үйүндө Бакиров Карамали экөө чатакташа кетип, биринчиси экинчисин сабап коюптур. Уят сөздөр менен да ашата сөккөн окшойт. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомунда ошондой жазылып жүрөт.
Сабап койгон факты боюнча К.Бакиров Алимбаев Салмоордун үстүнөн арыз жазып, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Милиция кызматкерлери арызды каттоодон өткөрүп, К.Бакировдун денесине келтирилген жаракат барбы, болсо кайсы деңгээлде экендигин аныктоо максатында Кара-Суу эмес, Озгөн райондук (Садырбай айылы Озгөнгө жакын жайгашкандыктан окшойт) сот-медициналык экспертиза бөлүмүнө жолдомо берген. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Бакиров Карамалинин денесине ден-соолуктун бузулушуна алып келбеген жеңил жаракат келтирилиптир.
Мына ушул себептен Алимбаев Салмоордун үстүнөн кылмыш иш козгоодон баш тартылган. Ал боюнча токтомду Кара-Суу РИИБнин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын лейтенанты У.К.Узаков 2007-жылдын 25-апрелинде кабыл алган.
Токтомдо К.Бакировдун жеке арыз менен түз эле сотко кайрылуу укугу бар экендиги түшүндүрүлүп, анын дарегине тергөөчү тарабынан атайын кат да жөнөтүлгөн.
Бирок, тергөөчүнүн мындай мыйзамдуу аракеттерин эмнегедир кабыл албаган К.Бакиров Ош областтык прокуратурасы менен республиканын Башкы прокуратурасына чабуулга өткөн. Ортодо чуулганга бир топ прокуратура , милиция, экспертиза кызматкерлери аргасыз тартылган, канчалаган убакыт коротулуп, канчалаган адамдын нерви жукарып отурат.
Эгерде Бакировдун колдоо издеп, акыркы инстанция катары кайрылган "Ачык саясат" гезитинен жашырган башка бир жагдайлары, документтери болбосо, биздин колубуздагы документтер, анда баяндалган жагдайлардын негизинде тергөөчү У.Узаковду күнөөлөөгө негиз жок экендигин айтып коюу биздин адамдык милдетибиз.
Арзыбаган иш деп айтсак аша чапкандык болор, канткен күндө да Карамали Бакировдун адамдык укугу тебеленип, денесине жеңил жаракат келтирилгендиги тергөөчү тарабынан деле тастыкталып отурбайбы. Бирок, бүгүнкү Кылмыш-жаза кодексинде мындай иш-аракеттер кылмыш катары эсептелбесе, С.Алимбаевдин ишин сотко ашырууга тергөөчүнүн да укугу жоктугун К.Бакиров деле туура түшүнүп, райондук, областтык, республикалык органдар өз жоопторунда байма-бай көрсөткөндөй райондук сотко жеке айып менен кайрылууга тийиш эле да.
Ага болбостон, К.Бакиров редакцияга "Акыйкат издеген кат" жөнөтүп, ушул эле кат "Кылмыш жана жаза" гезитинин 2007-жылдын июль айындагы №42 санына "Менин милициям мени коргойбу, же кордойбу?"-деген ат менен жарык көргөнүн, бирок андан эч натыйжа чыкпаган соң бизге кайрылып жатканын жазат. Ал гана эмес, "Кылмыш жана жаза" аттуу гезит чыгаарын билбеген Кара-Суулук укук коргоочуларга таарынычын билдирип, "ал гезитти окубагандан кийин Кара-Суулук укук коргоочулардан эмнени күтсө болот? Мына ушундан эле алардын саясий деңгээли эмес, өз билимдери да кандай жолдо экендигин оңой эле байкаса болот"-деп, "тарс" эттире бүтүм чыгарып салыптыр.
Эмне дейли? Сөз эркиндигин тыюуга эч кимдин акысы жок, ал биздин конституциялык укугубуз болгон күндө да, өзүбүз чыгарган гезитти жан этибиздей, жан балабыздай көрсөк дагы, "Ачык саясатты" көрүп туруп, окубай басып кеткендерди жемелөөгө, өпкөлөөгө акыбыз жок экенин жакшы түшүнөбүз. Демек, биз аларга бир жерибизден жакпай калганбыз, же бечара калктын аны сатып алып окууга мүмкүнчүлүгү жок.
К.Бакиров Кара-Суу районунун прокуратура, милиция кызматкерлеринен "адилеттикти талап кылып, кеңселеринин алдында таң аткандан эл уктаганга чейин жалдырап турган күндөрүм болду. Бул учурда мен көп бурмалоолорго, мыйзам бузууларга күбө болдум. Айрыкча, тергөө бөлүмүндө буга далилдүү фактылар менде бар"-деп жазыптыр. Бирок, бир дагы фактыны келтирбегенден кийин, биз ал кишинин катын гезитке баса албадык.
Себеби, биз "Ачык саясатты" бирөөлөрдүн ачуусун, бугун чыгарып алуучу "отстойникке", же бирөөлөрдүн өз каршылашынан кегин, өчүн алуучу куралына айланткыбыз келбейт.
Гезиттин биз акырындык менен калыптандырып, жолго салып келаткан позициясы, максаты бар. Алар-чындыкты туу тутуп, алакандай Кыргызстаныбызда чыныгы сөз эркиндиги орносо, адам укуктары кастарланып, коррупция деген желмогуз түп-орду менен жоголсо, өлкөдө байлыктын, бийликтин, карөзгөйлүктүн мыйзамы эмес, мыйзамдын бийлиги өкүм сүрсө деген аруу максаттар. Бүгүнкү Бакиев бийлигинин айткандары халвадай ширин болгону менен, жасагандары кыргыз элинин кызыкчылыгына карама-каршы келип, Кыргызстан деген мамлекет түп-орду менен картадан жок болууга жакындап баратканы үчүн биз ар бир саныбызда коңгуроо кагып, добулбас уруп жатабыз.
Биз Карамали Бакиров жазган бүгүнкү Ош областынын прокурору Ж.Сулайманов дагы, Кара-Суу районунун милиция начальниги К. Асанов дагы, ошол эле милиция бөлүмүндө иштеген тергөөчү У. Узаков дагы Курманбек Бакиевге да эмес, Жаныш Бакиевге да эмес, Максим Бакиевге да эмес, жада калса кечээги "ноль бизнесмен", бүгүнкү Жалал-Абадда "жарым падышалык милдетти аткарып" жаткан Бакиевге да эмес, кыскартып айтканда Бакиевдердин үй-бүлө, бала-чака, бир туугандарына эмес, биринчи кезекте мыйзамга кызмат кылып, кара таман элдин кызыкчылыгын коргосо экен деп калемибизди канжарга айлантып отурабыз.
Анан биз иштин чоо-жайын көрүп-билип, мыйзамды түшүнүп туруп Карамали Бакировду жактап чыксак, ошол эле тергөөчү жигит биз жөнүндө эмне деп айтат? Айтар сөзүн, мейли, ичине катсын, эмне деп ойлойт? Башкы редактор катары жеке мен эмес, жалпы эмгек жамаатыбыздын да тилеги ушул: "Ачык саясат" гезитине жарыяланган ар бир материалдан чындыктын, адилеттиктин илеби уруп турсун.
Биз сот да, прокурор да, тергөөчү да эмеспиз. Биздин жазгандарыбызды Бакиевдерди мындай кой, Ак үй, Көк үй, губернатор, акимдерин айтпай эле коёлу, кээде жөнөкөй эле "Ак жолчусу" да укпай коюшу мүмкүн. Себеби президенттин жаңы түзгөн секретариаты (О.Малеваная) менен басма сөз кызматы (А.Турдумаматов) ачыктан-ачык эле "билгениңерди кылып алгыла" кыязында 11-февралда өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жалпы жыйынына чакырбай эле коюшпадыбы. 13-февралдагы "Ачык саясатка" ушул маселе боюнча жазган кайрылуубузга да эч ким көңүл буруп да койгон жок. О.Малеваная менен А.Турдумаматов биздин гезитти өздөрү билип эмес, улуу урматтуусунан бийленип чакыра албагандыгын билип эле турабыз.
Бакиевдин пресс-конференциясына катышкан гезиттердин тиражы күтүүсүздөн өсүп, биздики төмөн деле түшүп кетпеди. Кудайга шүгүр, "Ачык саясат" болуп эле, кыргыз тилдүү гезиттердин алды болуп эле келатабыз. Көрсө, элге чындык керек экен. Гезитке жарыяланган материалдар боюнча бүгүнкү бийлик олуттуу чара көрөрүнө деле ишеним аз. Биздин эң чоң жеңишибиз-чындык, адилеттик үчүн күрөш сөзсүз керек, чындык чыркырап жерде калбаш керек деген бүткүл элдик ишенимди жаратуу. "Ачык саясаттын" бүгүнкү милдети ушул.
Мен муну эмне үчүн айтып отурам?
Гезит бетине бир нерсе жарыялап, аның он миңдеген адамдарда пикир жаратып жаткан соң биз сөзгө маани берип, сөздүн салмагын сезе билгенибиз оң. Биз ар бир айткан сөзүбүзгө жооп бере алгыдай деңгээлге көтөрүлө албасак, орустар айткандай биздин гезитке "грош цена".
Мына ушул өңүтттөн, гезитке жарыяланган ар бир макала, ар бир сөздүн жоопкерчилигин моюнга алып, Карамали Бакиров өңдүү окурмандарыбыздын "акыйкат издеген каттарын" жарыялай албастыгыбызды дагы бир жолу ачык айтып коюшубуз парз.
Ошол себептен, сенин бизге жазган ар бир фактың далилдер, документтер менен коштолсун, урматтуу окурман! Анда биздин жолубуз да, багытыбыз да, издеген нерсебиз да бир. Ал албетте - чындык жана адилеттик.
Бабырбек Жээнбеков,
гезиттин башкы редактору










??.??