presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  С а я с а т

Эл эмнени
эңсейт?
- Топчубек ага, алдыда боло турган окуялар жөнүндө пикириңизди айтсаңыз?
- Кыргызстан бүгүн эки жолдун айрылышында турат.
Биринчи жол - бүгүнкү ириген-чириген бийлик оодарылат, о-омийин болот. Авторитардыктан ашып, тоталитардык диктатурага айланган мамлекеттик башкаруу түптамырынан талкаланат, тукумкурут кылынат, тарыхтын таштандысында калат. Кең келечекти, өлкөнүн өркүндөшүн, өйдөсүн өстүрө турган мамлекеттик жаңы түзүлүш түптөлөт, Кыргызстан демократияга, татыктуу турмушка багыт алат.
Экинчи жол - эски жол.Үй-бүлөлүк-мафиялык бийлик дагы бир нече жыл элди эзип, өлкөнү соруп турат. Шылуундук, шумпайлык, шүмшүктүк ого бетер күчөгөндөн күчөйт. Калктын калың катмары, 90-95 пайызы көрбөгөн азапты ого бетер көрөт, көпчүлүгү жакырланат. Бирок, бул бийлик элге жакшылык кылбайт, өмүрү кыска, жок болот.
- Президент К.Бакиев экинчи мөөнөткө калуу үчүн шайлоого катышам деп жарыялады. Бул маселенин кандай жагдайлары бар? Кыргызстанга кандай башчылар керек?
- Сөз башчылардын сапаты жөнүндө болуп жатат го? Ооба, сапат десе болот, менимче, касиет деген дал келет.
- Кайсы касиеттер?
- Коомдук кандай гана чөйрөдө болбосун бардык башчылар, өзгөчө бийлик мунарасындагы башчы бир нече керемет касиетке ээ болуу зарыл.
- Тактап айтсаңыз?
- Эң биринчи, ыйманы таза, демек, адилеттүүлүктү, калыстыкты, теңдикти ыйык туткан адам болсо дейм. Мындай башчы өзү да мыйзамды көздүн карегиндей сактайт, башкалардан да ушуну талап кылат. Өлкөгө оомат алып келет.
Экинчи, башчынын дагы бир касиети- көсөмдүк, күжүрмөндүк, демек , ишбилгилик. "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" - деген акылман сөздү биздин эл байыртан бери айтып келатканы бекер эмес. Иштин майын чыгарып жасагандарды дөөгер, өнөрпоз, уста, билерман деп коет го.
Үчүнчү, мекенчил атуул, жарандык сапаты бийик адам, элдин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон башчы гана өлкөгө ополтоодой пайда келтирет.
Ыйманы таза, мекенчил башчы казынага колун салбайт, бийликтин, байлыктын албарсты азгырыгына алданбайт. Ал улуттун улуу мурасын сактай да, байыта да билет, жалпы адамзаттык байлыкты да баалайт.
Төртүнчү , даанышман, кыраакы, келечекти алдын - ала көрө билген, демек, акылдуу, андан да аркысы-акылман адам башчы болсо элдин кутуна кут, үзүрүнө үзүр кошот, бириктирет, өлкөнү дүркүрөгөн өсүү багытына багыштайт.
Ушул касиеттери бар башчыны эл жолбашчы улуу ишмер деп атайт. Коом ыдырап, эл тозокко түшүп, мамлекет туңгуюкка такалып турганда ушундай башчылар келсе өлкөнү азаптан алып чыгат, нурлуу заман орнойт.
- Бүгүнкү Кыргызстанда ушундай башчы барбы?
- Жок. Жок болгон үчүн куурап атпайбызбы. Мындай башчы Кыргызстанда көптөн бери жок.
- Башчылар арасында мындай касиеттүүлөр жок дейсиз, а коомдо барбы?
- Бар. Элдин уучу мындай касиеттүү адамдардан эч качан, эч бир мезгилде куру болгон эмес. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" саясатын жүргүзгөн, бийликти элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке өзүнүн айныган максаты, арам байлык топтоо үчүн пайдаланган башчы чыгаандарды жанына жолотпойт. Ага кошоматчылар, дүжүрлөр, журт бузар жуукур, калк бузар куйтулар, шылуундар, анын чөнтөгүн толтура турган шүмшүктөр керек. Ал эми мыктылар эл арасында толо.
Мына, бүгүнкү бийликтин бети так ушундай.
- Айтыңызчы, президент К.Бакиевдин сиз жогоруда белгилеген касиеттери барбы?
- О, кайдан бар дейсиң, жок! Ошондуктан элдин шорун шорподой кайнатып атпайбы. Куру сөз болбосун, кел, талдап көрөлү. Эгерде ал ыймандуу, адилеттүү болсо, анда айланасына ушунча көп шылуундарды топтомок беле? Уулун, инилерин, туугандарын тайраңдатып, бийликтегилердин үстүнөн бийлетип коет беле?! Эгерде жарандык эркиндиктердин, укуктардын конституциялык кепили болом десе, оппозициялык аракеттеги саясый күчтөргө, оппозициялык мүнөздөгү калктын алдыңкы катмарына бардык жерде тоталдык саясый куугунтукка кеңири жол ачып, бийликке ачык каршы чыккандардын, сындагандардын, наалат айткандардын сары изине сая чөп салмак беле?!
Эгерде, ал президенттин деңгээлиндеги ишбилги, көсөм башчы болсо, анда элди караңгыда калтырып "тезек тергиле" деп мамбашчы айтпай турган сөздү айтып, Кыргызстанды Тезекстанга айлантып, башка элдерге шылдың кылдырмак беле?! Тоону томкоро турган, ойду омкоро турган миллиондогон кыргыздар өз өлкөсүндө иши жок, башка өлкөлөрдө, көпчүлүгү кор болуп жүрмөк беле?! Жүз миңдегендер үйү жок, жери жок болмок беле?!
Эгерде К.Бакиев Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын, жеринин бүтүндүгүн камсыз кылган башчы болсо, анда Кыргызстанда гана эмес, бүт жер жүзүндөгү эң керемет жер соорусунун керемети, "Манаста" даңазаланган айтылуу Каркыраны, Ысык көлдүн ыйык жээктерин казактарга кармата берип, конституциялык антты бузмак беле да, улуттун кызыкчылыгын сатмак беле?!
К.Бакиевди даанышман, кыраакы, акылдуу башчы деп ким айталат? Эч ким! Ырымга бир кишиден угалекмин.
- Анын экинчи мөөнөткө да калуу максатын кандай дейсиз?
- Биринчи мөөнөттө кыйынчылыктарды кыйратып, элди жыргатып койгонсуп К.Бакиев экинчи мөөнөттү эңсегени акылга сыйбаган нерсе, ыймансыздык.
- Мен "президент болгондон бери бир катар жакшы иш кылдым" - деп жатпайбы?
- Кайдагы жакшы иш, катыгүн?! Бая күнү, ал экинчи беш жылдыкка шайланууну каалайм дегенде, "Азаттык" радиодон мен минтип айттым эле: "ооба, экинчи мөөнөткө шайланууга анын юридикалык укугу бар. Бирок, ал өлкөнү ийгиликтүү башкарууга жөндөмсүз экенин төрт жылга жакын мезгилде даана көрсөттү, президенттик ыйык милдетти аткаралган жок, күнөөсү айасмандай. Ошондуктан анын мындан ары башчы болуп калууга моралдык укугу жок.
Курманбек мырза, 2005-жылдагы Элдик революциянын башында тургандардын улуусу, сени сүрөп, колдоп, коргоп жүргөн адам катары менин сага кеңешим- "эсиң барда этегиңди жап" дегендей, "жаңылдым, жаздым, тобо кылдым" деп элден кечирим сурап, ушундайыңда бийликтен токтоосуз кетип кал. Элге жок дегенде бир жолу жакшылыгың ушу болсун, "дагы болом"- деп элди ого бетер кыйнаба. Калктын бери жагы 90-95% сага нааразы, көбү жек көрүп, атүгүл каргап, тескери бата берип атат. Элдин каргышына калдың. Акаев да элдин каргышына калган, аягы алаамат болду го. Бу дүйнөдө элдин, ата - энелердин, жетим-жесирлердин, мусапыр болгондордун каргышынан жаман нерсе жок. Кетпей отура берсең, сенин да келечегиң күмөн, өтө күмөн. Мен сага, Акаевдин тагдырын каалабайм. Эгерде эл менен эсептешпей, кеңеш укпай экинчи мөөнөткө калам десең, анда бир эле жолуң бар- 2007-жылдын декабрындагыдай, шайлоонун шайын кетирип, мандемын чыгарып, ботала кылып бурмалап, демек, бийликте элдин эркин узурпациялап гана калышың мүмкүн. Азыр сени 10% шайлоочу да колдобойт. Өз элибизге да, эларалык коомчулукка да маалым. Мамлекеттик органдарды, өзгөчө жетекчилерди каратып туруп калп айтканга, шайлоону теңирден тескери бурмалап, акты кара дегенге мурдагы президент сөрөй экөөңөр ойда үйрөттүңөр, биротоло дасыктырдыңар. Ал жагынан сен баш болгон бийликтин кара жолтой касиети, иренжиткен тетири тажрыйбасы ого бетер арбындады.
Ошондо элибизди, Кыргызстаныбызды бүт дүйнөгө дагы бир жолу шерменде кыласың.
"Тил ал, тез кетип кал. Кетип калсаң эл эңсеген жаңы Кыргызстанды калыптоого жол ачылат".

Дүйнөлүк
геосаясый майдан: Кыргызстандын орду
- Кыргызстан башка өлкөлөр менен кандай мамиледе болуу керек?
- Бардык элдер, өзгөчө өнүккөн, адилеттик жолуна түшкөн өлкөлөр менен пайдалуу, "сиз, биз" деген бийик деңгээлде мамиле куруу Кыргызстандын стратегиялык геосаясаттык максатына туура келет.
- Дүйнөлүк саясаттын чордонундагы улуу өлкөлөрдүн кимиси менен биз стратегиялык шериктеш болсок дейсиз?
- Баары менен.
- Эмне үчүн?
- Биз Борбордук Азиянын борборундагы өлкөбүз. Бул жер АКШ, Бириккен Европа, Орусия, Кытай, ислам күчтөрүнүн кызыкчылыгы тогошкон эпиборбор. Кыргызстан чакан, азыр алсыз, бирок табигый байлыктары мол, гидроэнергетикалык, өзгөчө таза суу боюнча элинин санына ченегенде дүйнөдөгү эң бай он өлкөнүн бири. Бүгүн дүйнөнүн элүүгө жакын өлкөсүндө, анын ичинде Европада таза суу жетпей абдан курч маселеге айланды. Жакынкы келечекте бул көйгөй дагы көптөгөн элдерди каптайт. Таза суу алтындан да, андан да кымбат байлыктардан кыйла кымбат болору азыр эле ачык боло баштады. Баса, бизде бир нече өлкөнү бага турган тоодон аккан эң таза булак суулар, дарыялар бар, бирок ушу күнгө чейин 1300гө жакын айылдарда таза суу тартыш, чыла суу ичишет. Бишкектеги жаңы конуштардын көбүндө да жетпейт.
- Демек, Кыргызстанга көз арткан өлкөлөр көппү?
Ооба, Кыргызстанга көз артып тургандар, биздин асыл жерлерибизди ээлеп, улуп-жулуп алып аткандар, колбала кылам дегендер арбын. Ошондуктан, өлкөбүздүн эки тизгин, бир чылбырын колдон чыгарбай, башкаларга ээ кылбай эгемендүүлүктү, элибизди ыйык сактап калып, ошону менен бирге жакынкы, алыскы, улуу, чакан бардык өлкөлөр менен жакшы мамиледе болушубуз зарыл.
- Европалыктардай болуп кошуналар, түрк элдери биригишибиз мүмкүнбү?
- Бул тарыхый зарылчылык. Келечекте болушу ыктымал. Бирок, бүгүн мүмкүн эмес.
- Неге?
- Европадай бирикме түзүү үчүн эң негизги шарт азыр жок.
- Кандай шартты айтасыз?
- Бузулбай турган, бардык өлкөлөргө пайдалуу бирикмеге мамлекеттик түзүлүшү демократиялык асылдыктарга негизделген өлкөлөр кирсе гана бекем, келечектүү болот.
- Түрк өлкөлөрүнүн түзүлүшү андай эмеспи?
- Кеп ошондо, андай эмес. Көпчүлүгүндө диктатуранын ар кандай түрлөрү үстөмдүк кылып турат. "Башкаларга башчы болсом, бассам, ал түгүл жутсам" - дегендери бар.
- Сиз айткан жол - жоболорду эске алып, "Ганси" авиабазаны кетирүү жөнүндө эмне десек болот?
- Бул маселенин биз үчүн өтө коркунучтуу, олуттуу жагдайлары бар.
Биринчи, бизде четөлкөлүк эки авиабаза турат- бири Кантта, Орусияныкы; экинчиси- эларалык терроризмге каршы өлкөлөр бирикмесинин "Ганси" авиабазасы. Эң кубаттуу, өнүккөн демократиялык Батыш, Чыгыш өлкөлөрү, анча-мынча демократиянын, көбүрөөк тоталитаризмдин үлүштөрү аралаш Орусия империясынын стратегиялык, геосаясаттык максаттары тогошкон. Бирин кетирип, экинчиси калса, анда бул мейкиндикти экинчиси толук көзөмөлдөп калат, стратегиялык тараза бузулат. Кыргызстан бир жактама, көзкаранды мамлекетке айланат.
90-чу жылдардын башында, Союз ыдырап баратканда президент Б.Ельцин "эгемендүүлүктү канча кааласаңар ала бергиле" деп жарыялады эле. Путин-Медведевдин заманында, шериктеш аттуу бирикмеге кирген өлкөлөрдүн эң алсыздарын, эгемендүүлүктү анчейин баалабаган президент аталган нигилисттерди колго алып, империялык экспансия саясатынын кучагына Москва кайрадан имерип атат. Эң оболу Кыргызстанды.
- Ошондо эгемендүүлүгүбүзгө шек кетет дейсизби?
- Ооба. Биз жалаң гана Орусия менен болсок, эгемендүүлүктүн эки тизгин, бир чылбыры колдон чыгышы ажеп эмес.
Тарыхый чындык - 2005-жылы Элдик революция жеңгендин эртеси, 28-мартта, Орусиянын ошондогу коргоо министри С.Иванов "кыргыз-оппозициясын танка менен тебелетип таштайбыз!" деп өкүргөн. Бизди басуу үчүн алгачкы эки ИЛ -76 самолету Канттагы авиабазага келген, Орусиянын кийинки самолеттордогу негизги баскынчы күчтөрүн биздин коргоо министрибиз И.Исаков көкжалдык, тайманбастык кылып жолдон кайра кайтарткан.
(Уландысы 12-бетте)










??.??