presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"А ч ы к с а я с а т" т а й м с
Аксылыктар тынчып калды,
Абышкаев сыйлык алды
Каргашалуу Аксы окуясы боюнча айып тагылган(кантип кутулганы белгисиз), мурунку Башкы прокурор, азыркы Чүй облустук сотунун төрагасы Абышкаев Чубак ажобуздун жаңы буйругуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" наамына татыктуу болду. Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов кайсы бир гезитке маек берип жатып, "Бекназаровду камоого мага буйрукту ошол кездеги Башкы прокурор Чубак Абышкаев берди"-деген эле. Акыйкат таппаган, аягына чыкпаган Аксы окуясы боюнча соттук териштирүүлөр бүтө электе, ажобуздун Абышкаевге наам ыйгара салганы кызык. Мурунку Башкы прокурор Азимбек Анаркулович убагында Абышкаевге Аксы окуясы боюнча айып такканда, ажобуз өзү арачага түшүп, "үй-бүлөлүк катышыбыз бар эле, ушуну камабай эле койчу"-деген экен. Аксы окуясына тиешеси бар адамдардын акталганы аз келгенсип, минтип баркталып жатканын көргөндөн кийин, акыйкат жөнүндө айтпай деле койсок болчудай.

"Ак жолчулар" сапарга чыкты
Акүйдөн команда болдубу же Ордо Кеңештин түзүлүшү чоочутуп койдубу, айтор, "ак жолчулар" Кыргызстанды кыдырып кетишти. "Ак жол" фракциясынын жаңы лидери Улугбек Ормоновдун айтымында, депутаттар түзүлгөн график боюнча шайлоочулары(мамлекеттик кызматкерлер. авт.) менен жолугушат экен. Депутат Динара Исаева баштаган депутаттар тобу Чүй облусун, Шарипа Садыбакасова баштаган топ Бишкек шаарын, Раиса Сидоренко баштаган "ак жолчулар" Талас облусун кыдырышат имиш. Байкадыңыздарбы? Топтордун баарысын топу кийгендер эмес, жоолук салынган айым депутаттар жетектешет. "Ак жолдун" эркектери кайда кеткен? "Ак жолчу" депутаттар аким менен айыл өкмөттөрү чогултуп койгон "ата-энелердин" чогулушуна барбай, мал базарларга, той-тамаша болгон жерлерге барса болмок. Ушу тапта оппозициялык БЭКтин мүчөлөрү жер-жерлерди кыдырып жүрүшөт. Эл чогулган жерлерге чогуу барып калса, кандай сонун болмок. "Ак жолчулардын" графигин тапканыбыз менен, өздөрүн таппай жатабыз. Чалып сурасак эле, "көргөн жокпуз" дешет. Түнкүсүн кыдырып жүрүшкөн жокпу?

Акылбек агынан жарылды
Экономикалык өнүгүү жана соода министрибиз Акылбек Жапаров мамлекетибиздин стратегиялык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн Улуттук Кеңештин жыйынында агынан жарылып, абалыбыздын начар экенин ачык айткан. Алдыга анализ жасоо боюнча алдына ат салдырбаган Акылбек мырза, жакынкы үч жылдын ичинде Кыргызстан макроэкономикалык өнүгүү боюнча кыйла кыйынчылыктарга дуушар болоорун айтып гана тим болбостон, алдыдагы күтүп турган кризистерди атап өткөн. Энергетика тармагын улуттук байлыкка теңеген Акылбек мырза, Орусиядан келе турган 300 миллион долларды айыл чарбасына багыттоого чакырган. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт" дегендей, министр Жапаров алдыдагы кыйынчылыктарды кытмырланбай ачык айтты. Ага болбой эле, мамлекет башчыбыз менен өкмөт башчыбыз башты айлантып жатышат, "баардыгы жайында", "телегейибиз тегиз" кыязында. Жапаровдун айткандары Акүйдүн айрым чиновниктерине жакпай калышы мүмкүн. Ажонун администрация башчысы Данияр Үсөновдун Жапаровго кандай мамиледе экенин, "Учур" гезити өткөндө жазып чыкпадыбы. Андыктан, Акылбек мырзанын артынан узун-узун ушактар ээрчиши толук мүмкүн.

Ордо Кеңеш(коомдук палата) ордун тапты
Ажобуздун жарлыгы менен жарык көргөн Ордо Кеңеш Бишкектин чок ортосундагы Тарых музейинен орун алды. Болгондо да, Жогорку Кеңештин жогору жагына жайгаштырылды. Ордо Кеңештин төрагалыгына Чүйдүн мурдагы губернатору Кубанычбек Сыйданов, орун басарлыгына Замира Акбагышева дайындалды. Жакын арада бул уюмдун регламенти бекитилип, комитеттери, комиссиялары түзүлмөкчү. Президентибиз Ордо Кеңешти эмнеге түздү? "Акжолчулардан" куралган парламентине алымсынбай калдыбы же таркатайын деп калдыбы, айтор, ажобуздун мындай кадамына түшүнүп болбойт. 45 адамдан турган Ордо Кеңеш эмне иштерди аткарат? Билишибизге караганда, алар коомчулук менен иштешип, ажобузга ар кандай сунуштарды келтирет экен. Алтургай, мыйзам долбоорлорун дагы изилдешет имиш. Анда, Жогорку Кеңештин эмне кереги бар? Баса, "Ак жол" партиясынын тизмеси менен депутат болушуп, кийин мандаттарын тапшырган үч экс-депутат ушул уюмда. Кадимки Үсөн ака дагы булардын катарында. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дечү эле, жанаша отурукташып калган эки Кеңештин эртеңкиси эмне болоор экен?
"Ачык саясат" пресс

Кайрадан караңгылык каптайт
Жарыкты жалпы өчүрүүдөн жадаган жарды калкыбыз жазга жеткени менен, кашайгыр караңгылыктан кутулуп кете албаптыр. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөндөп кеткендиктен, кайрадан жарыкты жалпы өчүрүүлөр жанданат экен. Түшкө кирген "Түндүкэлектронун" билдиргенине караганда, март айында февраль айына салыштырмалуу 300 миллион киловатт электр энергиясы аз берилет. Мисалы, Талас облусу февралда 46 миллион киловатт алган болсо, эмки айда болгону 22 миллион киловатт алат. Демек, мурункудан эки эсе көп караңгыда калышат. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азыркы күнү 6 миллиард 985 миллион кубду түзөт. Эгерде суунун көлөмү көтөрүлбөсө, апрель айында мындан дагы жаман акыбалга барышыбыз мүмкүн. Азыртан эле казактар менен өзбектер өкүрүп жатышат, "бизге жайкыга суу калтыргыла" кыязында. Ким билет? Балким топтоп туруп, "оптом" сатышканы жатышкан чыгар. Бул деле эчтеке эмес. Энергетика боюнча көз карандысыз эксперт Николай Кравцовдун айтканы "опасный" болуп жатат. Анын айтканына ишенсек, өкмөт электр энергиясына болгон бааны 1-апрелден баштап 85 тыйынга көтөргөнү жатыптыр. Өкмөт башчыбыз Игорь Витальевич айтпады беле, "жакынкы арада баа көтөрүлбөйт"-деп. Газ көтөрүлдү, суу көтөрүлдү, коммуналдык төлөмдөр көтөрүлдү, азык-түлүк көтөрүлдү. Эмне калды көтөрүлбөгөн? Эл эле калса керек.

Аскат кайсы Маратты угат?
Бишкек шаардык сот департаментинин мурдагы башчысы Кочкорбаев Иманга акыркы кездерде "дүжүр беренеге" айланган 304 берене менен кылмыш иши козголуп, иши Свердлов райондук сотуна өткөзүлгөн. Аталган кылмыш иши үч айдан бери каралбай жатат. Айрым маалыматтарга таянсак, Свердлов райондук сотунун судьясы Сыдыков Аскатка ажобуздун иниси Марат менен баласы Марат тарабынан кысымдар болуп жатыптыр. Иниси "актайсың" десе, баласы "камайсың" деп, Аскаттын айласын кетиришиптир. Эсиңиздерге сала кетчү жагдай, ажонун Германиядагы элчи иниси бир кездерде соттук департаментте иштеп кеткен. Ушундай эле беренелер менен айыпталган экс-министрлер И.Исаков, А.Жекшенкулов, Р.Жеенбековдорго дагы, ушундай эки тараптуу кысымдар болсо, оппозиционерлер оңуп калышмак экен. Чын эле ушундай болуп жатса, чындыкты издеп эмне кылабыз? Акын Тургунбек Бекболотовдун, "Чыңгыз эмес, чындык келип кетсинчи, чыркыраган айылыма бир жолу"-деген ыр саптары бар эле. Чыдабаган чындык байкуш, Чыкеңдин аркасынан сапар тарткан жок беле?

"5-каналдын" беш өрдөгү кулады
7-февралда АКИпресс менен "5-каналдан" Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Талас шаарында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны таап чыккандыгы тууралуу маалыматты тараткан. Анда кырсыктардан жабыр тарткандарга бөлүнгөн 150 миң сомдук кредитти Талас шаардык мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн жетекчиси жана шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы менен бирге Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов сол чөнтөгүнө салып, өз кызыкчылыктарына пайдаланган деп, шектүү катары көрсөтүлгөн. "Бул маалыматтын баары жалган жана жакында сотко кайрылганы жатабыз"-дейт, Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов "Азаттык" үналгысына берген маегинде. Эрки күчтүү Эркинбек сотко чейин барабы же жарым жолдон арызын кайра алабы, азырынча ашыкпай туралы. Азыр ММКларды сотко бергендердин баарысы эле миллион сурашат, Эркин мырза "5-каналдан" канча сурайт болду экен? Бийликчил ММКлардын соттолгонун уккан эмес элек. Байкап туралычы.

Асылбек эмне шашылды?
СДПК фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктап берүү үчүн, конституциялык сотко кайрылуу жолдоду. Асылбек мырзанын айтымында, эгер шайлоолор 2010-жылдын күзүндө өткөрүлө турган болсо, анда Бакиев өз мөөнөтүндө бир жыл ашык отурган болуп калат. Андыктан, конституциялык сот жаңы президенттик шайлоолордун мөөнөтүн тактап бериши керек экен. Ажобуз экинчи мөөнөткө бара турганын ачык айткандан кийин, Асылбек арыз менен кайрылбаган күндө деле, конституциялык сот акыры барып аныктама чыгармак. Ал турган иш болчу. Асылбектен көрө, "акжолчу" Кабай Карабеков же УТРКнын директору Мелис Эшимканов кайрылса болмок. Аз да болсо алардын "тажрыйбасы" бар эле. Жээнбековдун жекече кайрылуусу желге сиңип кеткени менен, анын фракция лидери Бакыт Бешимовду президентикке көргөзгөнү көөдөнүмдү өйүп турат. Андан көрө ачык эле айтса болмок, "биз ажолук шайлоого аттанабыз"-деп. Анан да, Асылбек өзү айтып жатпайбы, "бул менин жеке укугум"-деп. Жээнбековдун жекече укугу бар экенин билебиз, жең ичинен ким менен сүйлөшкөнүн кайдан билебиз? Тандемин таба албасам да, мандемин байкап турам.










??.??